АПА, МЕН БАКТЫЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ...

№614 08-август-14-август, 2014-ж

Мен аны кантип унутушум керек? Алгач телевизорду койдум, башка сүйлөп жатса деле экрандан сен тиктеп тургандай сезилдиң. Аны өчүрүп, музыка койдум, ырдап жаткан адамдын ыры эмес, «мен сени сүйөм» деген сенин добушуң угулуп жаткандай. Көзүмдөн жашым сызылган боюнча тасмадай тартылган элестердин дүйнөсүнө баш бактым.
Бир кечеден сени көрүп, таанышып калдык. Тез тил табышып кеттик, анткени сен мен үчүн жаралып калгандай элең. Ойлоруң, табитиң, жашоо образың баары окшош болчу. Атүгүл анча-мынчаны ойлонбой бетке айтып салганың да окшош.
– Айым, мен тууралуу баарын билишиң керек. Сени алдагым келбейт, мен үйлөнүп ажырашып кеткем,- дедиң.
Кимдир бирөөнү, балким, ушу сөз токтотот эле. Мени токтоткон жок, тескерисинче, жалындай баштадым. Мен оңой менен тутанбайм, бирок бир күйсөм аягына чейин эч нерсем калбай өрттөнүп кетмейим бар. Жакында үйлөнөбүз деген күн да аныкталган. Болгону ата-энелерибизди тааныштыруу калган эле. Кептин баары ошондо башталды.Чакан кафеде жолугуштук. Башында эле жактырышпай тиктешип алган апаларыбыздын маанайы аталарыбызга да жукту. Билип-билбей жатып эле кудалар бири-бирине жакпай калышты.
– Айымка эки университетти артыкчылык менен бүттү. Иштеген иши да жакшы, Кудайга шүгүр,- деген сөз башталып кетти. Ушуну эле күтүп тургансып Таалайдын апасы да уулун мактап кирди.
– Менин уулум ичпейт, чекпейт, бизди кыймылдатып жаткан ушул бала. Алтын баламдын мүнөзү да жакшы.
Андан ары жагын айтпай эле коёюн, эки жак өз балдарынын артыкчылыгын айтып, мактап-жактап эле жатып калышты. Кудайга тобо, ар ким өз баласын жакшы көрөт дечи, бирок ортодо биз тууралуу сөз болбой, ким баласын кантип чоңойтту, кантип ушу даражага жеткирди, ошол маселе болуп калды. Кудум биз алардын алдында товардай, ар ким өз өндүрүшүн мактап жаткандай сезилди.
– Андай мыкты балаңардан келинчеги эмнеге кетип калды экен?- деди атам. Ох, атам ай, ушинтип тарс эттирген мүнөзү бар. Бул Таалайдын да талуу жерине тийди.
– Ал деген тагдыр, а силердин кызыңар мыкты болсо эмнеге ушуга чейин турмушка чыкпай жүрөт?- деди болочок кайын энем чакчырыла.
Бара-бара эки жак кызаңдашып урушканга киришти. Ошол учурда аларды селейип тиктеп турган Таалай менен мени карап да коюшкан жок. Кандай келесиңер? Үйлөнүү той качан болот? Кызды кайсы жерден узатып, кайсы жерден тосуп алабыз? деген суроолордун баарына эки жактын пикирлери эки ача чыга берди. Талаш-тартыш бир топко созулду.
– Ит турбайбы булар, ушулар менен куда сөөк болгончо... Болду, жетишет!- деп тура калып атам басып кетти.
– Биз дагы силерге суусап турган жокпуз,- дешти алар.
Апамдын дегдеңдете жетелеген жетегинде кетип бара жатып артыма кылчайсам, нуру өчкөн көздөрү менен Таалай бизди тиктеп турган экен.
Ошону менен даярдык көрүлүп турган той токтоп калды.
Шолоктоп ыйлап жаттым. «Эч нерсе эмес, кийин ошол бүлөгө кор болгончо азыр ыйласын»,- дешип ата-энем жайыма коюшту. Бирок менин жүрөгүм Таалайсыз бир да мүнөт сокпой каларын, ал менин бактым экенин түшүнө албай жатышты. Сүйүү кишини алсыз да, күчтүү да кылат экен. Абалым оор болсо да, өз бактым үчүн күрөшкүм келди.
Эптеп ордуман туруп, Таалайга жолугуу үчүн бардым. Ал дагы кыйналганы көрүнүп турат, кандай кызга жолуккансың деп кулак мээсин жегени айтпаса да белгилүү.
– Качып кетелиби баарынан,- дедим эрдимди тиштей.
– Балким бир аз жолукпай турабыз, эки жактын тең ачуусу тарагыча. Кийин баары жакшы болот, ордуна келет,- деди ал.
Кучагында туруп көзүнө тиктедим. Мага бул сөздөр жалынсыз, жөн гана айласы кеткен адамдын сөзүндөй туюлду. Жүрөгүм сыздап кетти. Азыр заман ушундай болуп калганбы же эркектер ушундай тез жеңилеби? Мүмкүн, кыздар башкача ойлонуп жүрбөсүн. Мисалы, мен азыр ата-энесине, баарына карабай жетелеп кетет деп ойлогом. Анткени мен ошол кадамга даяр элем. Алчы?
Жолдун ортосунда туруп алып «сенин ата-энең, менин ата-энем» болуп талашып-тартыштык, кайра кучакташып ыйладык. Бирок бир чечимге келе албадык. Мен ушуга чейин түшүнбөйм, менин көз жашым кимге керек болду? Эне баарын сезет дешет, апам менин абалымды кантип түшүнбөй жатат. Биз түнү уйку көрбөй, күчүбүздү СМСтен чыгарып жатканда, жанымды сыздаткан алсыздыктан өлгүм келгенде апам кантип тынч уктап жатты.
Ата-энелердин амбициясы балдарынын бактысынан жогору болуп кеттиби?
Мен азыр ушуларды ойлоп жаттым. Эрксиз куюлган көз жашым жаздыгымды суулады. Бир убакта телефонума СМС келди. «Мен сенсиз баары бир жашай албайт экем. Колуман келбеди. Эми баарына ыраазымын, ата-энем кайсы бир күнү мени түшүнөт. Мен азыр сага барам, бүгүн экөөбүз кетебиз». Көзүмдү чала-була аарчый ордумдан ыргып турдум. Колдорум калчылдап же кийимдеримди сала албайм, же документтеримди ырастай албайм. Ошентип чар көпөлөк айланып жатсам, бөлмөмдүн жарыгы жарк дей түштү. Босогодо апам мени кейип тиктеп турган эле.
– Апа?
– Кетесиңби?
– Кетем.
– Бизди кечир, кызым, ойлогом, унутуп калат, башкага алаксыйт деп. Арадан канча убакыт өтсө да унута албай койдуң, көз алдымда күндөн күнгө чөгүп бара жатасың. Баргың келсе бар, бактыңдан көр. Сенин сүйүүңө татыктуу жигит болсо болду.
– Атамчы?
– Атаң жинденип басылат.
Апамдын кучагына боюмду таштадым. Саамайымдан сылап өпкөн апама көз жашым аралаш жылмая бердим. Сыртка чыксам Таалайдын да көздөрү жайнап туруптур.
– Сен менин бактымсың. Мен эми сени эч кайда коё бербейм,- деди ал кулагыма шыбырай.
– Мен дагы сени коё бербейм.
Биз ошентип, эч нерсеге карабай, үйлөнүп алдык. Таалайдын ата-энеси азырынча бизди кечире элек. Бирок бир күнү алар да баласынын бактысы экенимди түшүнүшөт. Акырында ата-энелерге кайрылгым келет, урматтуу ата-энелер, силер балаңарды багып, азап-тозогуна чыдап чоңойтосуңар. Бирок алардын бактысы силер алып берген кийимде же билимде эмес. Алардын бактысы өздөрүнүн колунда. Канчалык оор болсо да балдарды коё берүү керек, ошондо гана алар силердин сүйүктүү балаңар жана бактылуу адам болуп кала алат.

Айым

Асия Алиева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
11.08.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодец эркек экенсин
11.08.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунай маанилуу окуяларды окуп кээ бир ата энелер .жаштар улгу алса дейсин.
11.08.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хеппи энд :)
11.08.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула.
11.08.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ жанагы Таалай деген неме да ымтырабай чечкиндуу болбойбу. "Балким бир аз жолукпай турабыз, эки жактын тең ачуусу тарагыча. Кийин баары жакшы болот, ордуна келет" дегени коркоктугу. Эркектер ЛОХ болбойлучу.
11.08.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tentek_jigit, кыз табылат, ата эне табылбайт.
11.08.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Begimkyz, Туура айтасын. Созсуз! Бирок олуттуу себеп жок эле, калп эле бири бирин жактырбай жатса кантет? Амбициялары куч алып. Анда Таалай чечиши керек да.
11.08.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай окуялар 10 нун 2синде хеппи энд менен аяктаса, 8и өкүнүчтүү бири-бирине жетпей арман менен бүтөт
11.08.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akyry baktyluuluk m.n aiaktagany jakshy boldu.Taalai chechkinsizdik kylyp koiobu dedim ele.Turmushtada ushundai baktyluular koboisun!
11.08.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бонально.
11.08.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таалай эркектик кылып ататко.Азамат суйуусун колдон алдырбай сактап калыптыр коп балалуу болгула ата энеси кечирээр бир кун баласынын бактысы учун
11.08.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы жакшы бүтүптүр,эми бактылуу болушсун!Тескерисинче болгондо азыр ушул жерге жигиттер кыздарга,кыздар жигиттерге каршы билдирүүлөр келмек.Тааныбай туруп бири-бирин капа кылчу,таарынтчу,талашчу тамгалар жазылмак.Кимдир бирөөлөр "банга"кетмек.
13.08.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk, :))
11.08.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай окуялар кинодо эле болот экен десе... :(
11.08.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жапайычылык
12.08.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ДАААА тууура айтат
12.08.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх суйуу!
12.08.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо эро бекет жонундо жазбайсынарбы
13.08.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудаааай жакамды кармадым. Мындай эч кимде болбосун...Бактылуу болгулачы алтындар!!!!!!!!!!
13.08.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таалай азамат. Бул шансынды кое берсен омур бою озунду жеп журуп отмоксун. Бактылуу болгула.
13.08.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кырдаалдар эки адамдын ортосундагы сезимдерди суутат. Бирок кыз менен бала кучтуу болушу керек. Кыз алсыздык кылса да Таалай женилбегени жакшы болду. Таалай молодец. Эгер женилгенде омурундун аягына чейин окунмоксун. Мындай суйуу баарына келе бербейт.
13.08.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Таалай эркек экенсин бактынды колундан чыгарбапсын, эми ошончолук качкан экенсинер уят болбой бутка тургула уй машина жумуш дегендей.
13.08.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы аяктаптыр. бирок динге туура келбеген иш болуптур окунучтуу
14.08.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eh suiuu suiuu...oz baktynar uchun kurowkulo dostor.ata-ene degen baary bir kechiret da oz balasyn
14.08.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ей деп сенин жигитин жакшы экен баарын туура тушунуптур. Моладцы мен да бироону абдан суйом. Бизге да уйдогулор каршы. Качып кетели десем. Ата- энесинен коркуп эатабы билбейм. Унчукпайт. Мага жардам бергилечи сураныч силерден. Не кылышым керек?
15.08.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахты суйгуло ошондо силерди суйот башкасы!!!
15.08.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх суйуу, а мен ата-энем учун алар жактырган адам менен жашап жатам. Азыр мага жашоо кызыксыз бирок ата-энем учун гана жашайм.Балким бир кун жакшы болуп кетээр деген умут менен
16.08.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала деле чечкиндуу эле экен баары баланын чечкиндуулугунон кыз эч качан качмак эмес
16.08.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу кайненелер балдарын келининен кызганышат,баласы суйсо эмне каршы болушат жиндилер
17.08.2014. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Menin apam owol jerden utuktop koiso kerek ele?! Ech kim jakpait. Apama jakkan balaga turmuwka chygyw uchun jomoktor duinosono baryw kerek da, tuz ele hanzaadany chabyw kerek.
22.08.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуш корбогондор жаза беришет ар балээни, а бирок баарын коруп башынан откондор менимче унчукпай кутулса керек. Жаман кундордо кубанып жакшы кундор да бар деп, жакшы кундордо жаман кундорду эстен чыгарбаш керек. Баар отот кетет бирок жаман аттуу болуп калбоого аракет кылуу абзел.
23.08.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бактылуу жашап жатат болду бекен?
28.08.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягы бир болушуптур =))
25.08.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго кинодогудай болуптур бактылуу болгула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо