Аваз Акимов: «СҮЙҮКТҮҮМДҮ ЭЛ АЛДЫНА АЛЫП ЧЫККАНДАН КОРКОМ»

№614 08-август-14-август, 2014-ж

Аваз Акимов деген ысымды укканда «Айганыш» деген ырынын саптары эс тутумубузга тизиле түшөт. «Айганыштай» популярдуу дагы 3-4 чыгарма жаратсам арманым жок эле» деген ырчы бүгүн биз менен өткөн-кеткени, алдыдагы пландары, жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр менен бөлүшүп отурду.

– Кандайсың, Аваз? Көз ачып жумганча жай мезгили эстафетаны күзгө өткөрүп бергени калды, бул жай сен үчүн кандай өттү, кандай кызыктар менен коштолду?
– Саламатсыздарбы? Быйыл жай башынан эле кызыктуу башталган. Негедир жай дегенде мен Ысык-Көлдү элестете берем. Анан да менин Ысык-Көлдө күйөрмандарым өзгөчө көп, көлдүк туугандарды ошон үчүн жакшы көрөм. Ал жакта чыгармачылыгымды сыйлаган жакын адамдарым бар, гастролго чыккан сайын үйүнө барып турам, аларды ата-апа деп алгам. Оштогу өзүмдүн ата-энем Ысык-Көлгө келбегенине 20 жылдан ашып кетиптир, быйыл аларга романтикалык жагдай түзүп эс алдыртып келдим. Көлдөгү апам менен тааныштырдым, эс алганча «Ысык-Көл» деген ырыма клип тартып келдим, айтор, бул жай мен үчүн эң ийгиликтүү болду.

– Кичинекей кезиңден эле жылдызың жанганын билебиз, бирок атактуулук алып келген «Айганыш» ыры болду окшойт?
– Чынында, мени азыркыга чейин «Айганыш» ыры аркылуу таанышат. Ошол ыр популярдуу болуп турганда аябай көп тойлорго заказдар түшчү, бирок жемишин көрбөй калганыма өкүнөм. Жашмын да, жакшы сүйлөп койсо чакырган жагына барып, бекер ырдап жүрө бериптирмин.
Бул ырды элдин көбү жатка билишет. Бир жолу Ошко концерт берип, ушул ырымды аткарып баштаганда мени ырдатпай, отургандар ырдап салышкан. Ошондо жаш туруп ушундай эл сүймөнчүгү болдумбу деп ичимден өзүмө-өзүм ыраазы болуп, толкунданганымдан ыйлап жибергем. Чыгармачылыкта «Айганыш» сыяктуу дагы 3-4 чыгарма жаратсам арманым жок эле.

– Андан кийин чыгармачылыгыңда бир топко тыныгуу жасап калдың. Эмнеге?
– Ооба, ошол убакта ырчы болсомбу же болбой эле койсомбу деп жүргөм. Ал кезде чыгармачылыктагы атам Сыймык Бейшекеевдин менден башка иштери көп болчу. Андан ары кантип өсүштү билбей, эмне кылам деген туңгуюкка кабылдым. Мага жол көрсөтө турган эч ким жок эле. Кээде отуруп байкемдей сатуучу болуп кетсемби деп да ойлочумун. Бирок тырышып ырчылык жолду улантууну чечтим. Кудайга шүгүр, аракетим текке кетпей, учурда мөмөсүн берип жатат. Азыркы күйөрмандарыма, угармандарыма, чыгармаларымды жараткан авторлорго ыраазымын. Ким билет, келечекте мени мындан да бийик атактуулук күтүп тургандыр.

– Сени угуп отуруп ата-апага бай экениңди билдим. Өзүңдүн ата-энең таарынышпайбы буга?
– Жок, таарынышпайт. Ата-апаң көп болгону менен, сага чын жүрөгүнөн күйүп, жан үрөгөн өзүңдүн төрөп-өстүргөн ата-энеңден өтөрү жок экен. Башка ата-апамдар бул сөзүмө таарынышпаса керек деп ойлойм (күлүп). Атам бир сүйлөгөн адам «ырдасаң жакшы ырда, жакшы ырдабасаң
такыр ырдаба»
дейт. Чала жан ырчы болбоюн деп өзүм да аракет кылып жатам.

– Жеке жашооңдо өзгөрүү барбы? Бир кезде сүйлөшкөн кызыңды эл көзүнө алып чыгаргандан кийин ал турмушка чыгып кетти эле. Кийинкисин эл алдына алып чыккандан коркуп жаткан жоксуңбу?
– Мурунку сүйлөшкөн кызым турмушка чыгып кеткенден кийин сүйүктүүмдү эл көзүнө алып чыккандан коркуп калдым. Бирок чынын айтайын, азыр кыздар менен таанышууга да, сүйүүгө да эч көңүлүм жок. Кыздардын мамилесинен уламбы, сүйлөшөйүн десем да натыйжа болбой жатат. Алар менен таанышып жатканда эле аягы эмне менен бүтөрүн билесиң. Табышмактуу кыздар аз. Мага оор басырыктуу, акылы менен иш кылган кыздар жагат. Азыр баары эле жеңил, жиндери чукул, оома, кызганчаак, айтор, учурда кыздар менен мамиле куруу аябай кооптуу, сактаныш керек болуп калды (күлүп).

– Эгер сүйлөшкөн кызың көзүңө чөп салса?...
– Азыр айымдардын ала жипти аттоосу эркектердикине теңелип эле калды. Мен ушул нерсени акылыма сыйдыра албайм. Керек болсо башка жигит менен сүйлөшкөнүн да ала жипти аттоо деп эсептейм, кечире албайм. Тазалыгын, аруулугун сактаган кыздар жагат. Өзүм эгер бир кыз менен жүрсөм, экинчи,үчүнчүлөрүнө алагды болгондордон эмесмин.

– Күйөрман кыздарың менен жолугасыңбы?
– Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт, айрыкча акыркы күндөрү күйөрмандарыма аябай сый мамиле кылып калдым. Ошондуктан азыр күйөрман кыздардын баары менен жолугуп жатам.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

ТАТТУУ БАЛАЛЫК
– Балалык дегенде тоодо кошунанын балдары менен торпок кайтарып жүргөнүмдү эстей берем. Кошунабыздын торпогу жоош, куйругунан кармасаң да качпайт эле. Менин торпогум сайгактап качып, артынан эле кууп жүрчүмүн. Торпогум кадамдарын тездете баштаганда эле көзүмө жаш толуп ыйлаганга даяр болуп калчумун. Атама «биздин торпокту кошунаныкына алмаштырбайлыбы» деп канча айтып көндүрө албай койгом.

БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ
– 2-класста окуп жүргөндө бир кызды алыстан эле жактырып жүрдүм. Ал мектептен чыкканда көрүп алып жүрөгүм дүкүлдөп, бат-баттан согуп, башкача да басып калчумун. Негедир ошол кыздын эле көзүнө көрүнгүм келе берчү. Футболкамды атыр самын менен жууп, жакшы чайкабай эле самын жыттанып турсун деп кийип алар элем, же ал мага жакын басып койсочу (күлүп).

АТ ЖАЛЫНДА
– Ат мингенди 3-классымда үйрөнгөм, уй бадага чыкканда минип алып, тоо боорунда эле жүрчүбүз. 11 жашымда Сыймык Бейшекеев уюштурган сынактан утуп алган атымды эч кимге бербей өзүм минчүмүн. Ал аттан аябай көп куладым, бир жолу жерге башым менен түшүп, катуу жараат алгандан кийин атка көп минбей калгам.

ТОЙЛОРГО БААСЫ
– Биз ырчылар бактылуу экенбиз. Дайыма тойлордо, жакшылыктын үстүндө гана жүрөбүз. Тойлорго ставкам өтө жогору эмес, 5 миң сомдон өйдө бара берем. Ал эми ставкасын 800-1000 доллар деп айткан ырчылардыкы жөн эле пиар болуш керек, мен эч бир той ээсинин 1000 доллар берип ырчы чакырганын көргөн эмесмин. Ошол эле ставкасын көтөргөндөр 200-300 долларга келип ырдап жүрүшөт.

«Ата-энем Ысык-Көлгө 20 жылдан бери келе элек болчу. Быйыл алып барып романтикалык эс алуу тартууладым».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Ырчы болбосом, коммерсант болмокмун..." дейт Аваз Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(53)
11.08.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жонокой жигит экен.Ырлары соонун .Ийгилик!
11.08.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушка чыгып кеткен кызынын атын ким билет жазып койгулачы
11.08.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИИййй)) Жагат ушул жигит мен биринчи жолу интернеттен друзьяма кошконумда суроо бере берип черный списогуна тушуп калгам да))) уну абдан жагат ийгилик бактылуу болунуз!
11.08.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы чыккан "Ысык-Кол" деген ыры аябай жакты да мага.
11.08.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдыга дагыда онуго бериниз
11.08.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,ата-эненди дайыма сыйлап жур...иштерине ийгилик,эн негизгиси бактылуу жана ден соолукта бол...
11.08.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх маек сонун болуптур)
11.08.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торпогун алмаштыргысы келгени жакты,жонокой жигит экенсин ишине ийгилик!
11.08.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкасы жакшы болгону кыздар жонундо ото аша чаап койгондой бут кыргызстандын кыздары бирдей эмес
11.08.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
djinn, аваз жолуккан кыздын баари ошондой болсо керек да.
12.08.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz, мумкуун
11.08.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жактыыы:) торпогу кадамын тездеткенде эле ыйлагысы келгенин окуп элестетип алып аябай кулдум, сонун балакен;) бактылуу болунуз!
18.08.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-detka-, мен да аябай кулдум элестетип
12.08.2014. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
калп айтат ..
12.08.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик! Жакшы ырларды кутобуз!
SUPER.KG видео
12.08.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы,баягындай деген создорду коп колдонот экен го.Бирок азамат таланттуу жигит.Ийгилик каалайбыз!
12.08.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!
12.08.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdan jonokoy adam,azamatsyz!
12.08.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Малотчик Мужик! Кыздарды ордуна коюпсун.
13.08.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердин баарында эле ата-эне таап алган укмуш ко,эми газетадан да ата-апанды таап алсан мындан да популярный болот болушун керек.
13.08.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур мындан ары да ийгилик каалайм
13.08.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))) Соонун маек болуптур))))
13.08.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат да мага:))))))
SUPER.KG видео
13.08.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Аваз Аваз ийгилик каалайм баарынан мыктысыз!
14.08.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
14.08.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy maek
15.08.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына маек деген ушу.болгонун болгондой айтыптыр.ун десе уну бар,таланттуу,ондуу -тустуу келбетту ,тартиптуу жигит.Ырчы деген созго татыктуу.Уну барлар жети жылдан ашык деле сахнада кармалышат
15.08.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокойлуулугу мн адамга жагат да Авазбек молодчик
SUPER.KG видео
17.08.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо Аваз унун сонунда кичинекейинде жымындап аккордиондо берилип,козунду жуумуп алып ырдаганыны коруп жаман суйундуум азыркы Аваз ушул беле деп мыктысын ата-эненизге рахмат сиздей жигитти чонойтуп кичиненизден кызыгуунуз байкап колунан келген аракетин кылганына азырда аккардион менен ырдап жандуу концерт берип Ошко келинизчи кутообуууз!
05.09.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйом го сени
05.09.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гитарада ойной алат бекен ?
SUPER.KG видео
12.09.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
29.09.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жузу кандай болду экен деген суроо оло жакты да.аваздын позитивтуу жообу да ичди эзди
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо