ЭКИ КОЁНДУ БИР ОК МЕНЕН АТКАН ЖЫЛДЫЗДАР

№614 08-август-14-август, 2014-ж

Жай, мээ кайнаткан аптап... Мындайда тезирээк чемоданыңды алып, жумуштан эс алууга качып кутулгуң келет. Жайлоодогу салкын төрлөр, суусу жылуу Ысык-Көл көздөн учат. Мындай мүмкүнчүлүктү ырчылар да колдон чыгарбай, чыгармачылыкка жаңы дем топтоп жатышкан чактары. Кайсы ырчы кайда эс алгандыгын өз ооздорунан угалы.

Чолпонай: «БЫЙЫЛ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧЫКТЫМ»
– Бул жайда иштердин көптүгүнөн улам Ысык-Көлгө же тоого барып эс алып келүүгө убакыт тартыш болду. Тасмага тартылып жаткандыктан ошол иштерге байланыштуу июнь айында курбум Назгүл Токтакунова менен Германиянын Берлин шаарына бардык. Иштерибиз бүткөндө ал жактагы мекендештерибизге концерт коюп, андан соң эс алууга да жетиштик. Бул жактан кетип жатканда Берлинде тарыхый жерлер көп болуш керек деп ойлогом, кадимки эле заманбап шаар экен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тарыхый жерлердин көпчүлүгү талкаланып жок болуптур. Ошонусу бир аз көңүлдү чөктүрдү. Эсте калганы, шаардагы эң чоң зоопаркка барып, өмүрүмдө көрбөгөн жаныбарларды көрдүм.
Андан соң Чехиянын борбору Прага шаарына бардык. Мага ал шаар аябай жакты, укмуштуудай кооз экен. 18-кылымга таандык тарыхый имараттар, көчөлөр жакшы калыбында сакталыптыр. Учурда продюсерим жана башка досторум менен Түркиянын Анталия же Кемер шаарларына барууга камынып жатабыз.

 

 

 

Жоодарбешим: «ТАҢ АТКАНЧА МЕЙМАНКАНА ИЗДЕДИК»
– Июнь айында Кадыралы Артыковдун «Барам сага» аттуу ырында даңазаланган Токтогул өрөөнүндөгү Ой-Алма жайлоосуна барып, досторум менен 10 күн саамал ичип, кой союп жеп, сонун эс алдык. Жайлоодо досторум менен көк бөрү тартып, суук экенине карабай түнү менен от жагып, коңшу боз үйдөгүлөрдүн бардыгын чогултуп алып гитара, аккордеон менен ырдап отурдук.
Учурда Ысык-Көл өрөөнүн тегеренип түнкүсүн гастролдоп, күндүзү сууга түшүп чардап жүрөм. Көлгө биринчи барган күнү сууга караңгы киргенче моокумубуз канбай түшө берип кечинде жатканга жер таппай, таң атканча машина менен мейманкана издедик. Акыры таң атканда бир үй таап, ошол жерде уктадык.

 

 

 

 

Арсен: «КӨЛДҮН ПЛАНЫН ТОЛТУРДУМ»
– Былтыр жумуштардан кол бошобой Көлгө бара албай калгам. Быйыл болсо досторум менен эки жолу барып эс алдым. Негизи мага көлдүн аурасы жагат. Ал жактан сууга түшпөстөн жээкте жөн гана сууну карап отуруудан ырахат алам. Экинчи жолу барганда 4 күн тең аба ырайы аябай ысык болуп, караңгыга чейин сууга түшүп жаттык. Эс алуу аяктаганда кеткибиз келбей, араң Бишкекке келсек, бул жак суук, калың кийинип жүрүшкөн экен.
Андан соң Латвиянын Юрмала шаарына сапар алдык. Ал жакка эң негизгиси «Style Mix» триосуна колдоо көрсөтүү үчүн барган элек. Эс алууга 1 күн убакыт беришти. Чогуу шаарга чыгып сейилдеп, сүрөткө түштүк. Буюрса, август айынын ортосунда да досторум менен Көлгө барып, быйылкы сезонду жаап келейин деп жатам.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
11.08.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы жакшы...
11.08.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанганды койгулачы
11.08.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол деген эн кооз менда барсамбы деп даярданып жатам:-)
11.08.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон турмушка чыкты беле же адаштымбы
11.08.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nagi82, Чыга элек
11.08.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nagi82, продюсерине турмушка чыккан.
12.08.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Alai.kyzy, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 13.08.2014 10:15
12.08.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok, Чолпонай продюсерине турмушка чыккан. Инеттен издеп карасан табасын. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 13.08.2014 10:15
13.08.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Murok, Alai.kyzy - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.
11.08.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nagi82, турмушка чыга елек.
11.08.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina-janka, Чыксын анда)))
12.08.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MMA_1, Мага баары бир
12.08.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, продюсери сунуш кылган, чолпон макулдугун берген, тойу боло элек.
12.08.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ханбийке, ооба, чон тою боло элек. Бирок макулдугун бергенден кийин чогуу жашап жатышат гоо. Демек, уйлонушкон дегенди билдирет да чогуу жашагандан кийин))) . Жогорудагылар билишпейт окшойт.
13.08.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Alai.kyzy, емне талаш чыга елек болсо чыксын, чыккан болсо бактылуу болсун. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 13.08.2014 10:14
13.08.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamchy_0119 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
11.08.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эс алганга не жетсин. Бул мактаныч эмес, сурашты, жооп беришти.

11.08.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашашты билгендер жашап атышат.Мага окшогондор журобуз иштеп.
11.08.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздардын эле турмушун айта бербестен саясий ишмер,же андан башка да толуп жаткан ырчылардын турмушунан да маек курсанар жакшы болмок мисалы азыркы жаны чыгып аткан ырчылар эмес мурдакы ырчылар да барго.
11.08.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек иманбеков кайда эс алыптыр
12.08.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эс алуу кандай сонун. Мен алдейимди карап кучактап опкулосом эн сонун эс алам быйылкы эс алуум бобогум менен отуп атат
12.08.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулдорго аарылары конгон кезде, Бал чобун Ой-Алманын соргон кезде, Баарам сага... Ой-Алма кандай кооз жайлоо сагындым....
12.08.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго
12.08.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болсон. эле жылдыз болуш керек екен
13.08.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо чоон сураныч акындардын ырын концертин жана жаш чыгып кележаткан акындарды чыгарып элге тааныткылачы бул ырчылар таарынбасын иши кылып эл билет сураныч жооп кутом
13.08.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rk.kazaliev, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
13.08.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуш менен эс алууга да жетишууну бир ок менен эки коен атуу дебейт го.
13.08.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешим Сууга катуу тушосуз го байкеси))) бизди унутпай жаны ыр чыгарып турунуз)
14.08.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооу сонун го, эх ырчылардын жашоосу!!!
14.08.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чоон рахмат супер кутом
15.08.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эс алуу сонун да Колдун Туштугу болбой калыптыр,тазалыгы ото начар.
15.08.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тынч болгулада кыскасы.
15.08.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мммм,артистер жыргапаткан турбайбы,оло мактанып алышыптыр го
16.08.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы
21.08.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонай соонун кыз ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо