№614 08-август-14-август, 2014-ж

– Сахнанын казанында кайнаганыма көп болду. Сахна артында жүрүп көзү күлмүңдөгөн жал-жал көздү кезиктирдим. Ал менин сахналашым. Абдан шайыр, сулуу кыз. Канчалык имерилип көңүлүм түшпөсүн, анын улуу-кичүүнү көзгө илбеген эрке-талтаңдыгы зээнимди кейитет. Канча жаман кеп укпайын сени андай жамандыкка кыйбай, ал окуяларды сага жууткум келчү эмес. Бирок акыркы жолу сен тууралуу уккан кеп мени эстен тандырды.
Спорт Ордосунда кезектеги концерттен кийин гримёркада ырчы жигиттер сүйлөшүп отурушкан: «Ооба, элестет, апасы менен эркек талашып бир кафеде уят болушуптур» деп алар сен тууралуу сөз кылып жатышты. Шек алдырбай «Жигиттер, эмне тууралуу сөз болуп жатат?» десем алардын бири, «Сенин шилекейиң агып жүргөн кыз апасынын көңүлдөшү менен жүрүп кетиптир. Аны менен кафеде отурган жеринен кармалып, аябай чоң чыр болуптур. Апасы «эми менден эркек талашып калдыңбы, уялбайсыңбы?» десе, «өзүңдүн берген тарбияң» дептир. Чаң жугузбачу элең го, мына, ал кыз ушундай» дешти.
Чынында сенин туруктуу жан эмес экениңди билем. Бирок атаңдай киши менен ашыктык оюнун ойноп эмне кылганың? Карегиң менен тең айланууга даяр мага окшогон оюңа ою, боюңа бою тең жигиттер бар го? Сени түшүнбөй турам. Канча ирет ашыктыгымды айтсам теңиңе албай, шылдыңдап койдуң. Эмне, улуу киши андай сөздөрдү башкача айтат бекен? Билбейм эрке кыз, биринчи ирет сенден иренжип турам. Жүрөк кургур дале ишенгиси келбей турат. Сен эч нерседен бейкапар, өзүңдүн жеңил-желпи жашооңду улантып жатасың. Мен билем, бул катымды окуп дароо өзүңдү тааныйсың. Балким, ошондо ойлонорсуң. Сени чын дилимден сүйөм. Акыры бир күн сезимимдин таза экенине ишенип, мага да көңүл бурарсың.
Сахналашың
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
6
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Азырынча эскертүү!