ЖАШ ЖИГИТТЕРДИ ЧААП АЛГАН АТАКТУУ АЙЫМДАР

№366 6-12-ноябрь, 2009-ж.

45-60 жаш аралыгын “Бальзак курагы” деп атап коёт эмеспизби. Мындай куракта аялдар картаюудан качышып, ар түрдүү жоруктарга барышат. Бири пластикалык хирургдун жардамына кайрылса, кээ бирлери жан дүйнөсүн жашартуу максатында жаш жигиттерди торго түшүрөт. Мындай адаттардан атактуу айымдар да куру калышпаган.

ДЕМИ МУР + ЭШТОН КАТЧЕР
2008-жылы “Woman.ru” айымдар журналынын жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча Деми Мур менен Эштон Катчер Голливуддун бири-бирине төп келген түгөйлөрү деп табылган. Булардын баш кошконуна 4 жыл болду. Бирок кыз-жигит болуп жетелешип жүргөндө экөөнүн кесиптештери “Эштон Деминин оюнчугундай” деп мазакташкан учурлары көп кездешчү. Мунун да себеби бар. Анткени түгөйлөрдүн ортосундагы айырма 15 жашты түзөт. Бирок актрисага сүйүүсүн билдирип келе жаткан Катчердин жакындары “экөөнүн ортосунда чыныгы сүйүүнүн бар экени көздөрүнөн эле көрүнөт” дешет. Атактуу айым мурун белгилүү актёр Брюс Уиллистин жубайы болчу. Экөө 3 балалуу болушкан. Бүгүнкү күндө 3 балага ата болуп, тарбия берип жаткан 31 жаштагы Катчер жубайына күндө сүйүү сөздөрүн арнап, сюрприз даярдоодон тажабайт экен.

АЛЛА ПУГАЧЁВА + ФИЛИПП КИРКОРОВ, МАКСИМ ГАЛКИН
Атактуу Алла Пугачёва кү­йөр­ман­да­рын жеке жашоосундагы сенсациялуу кабарлары менен ушул кезге чейин таң калтырып келет. Мисалы, мындан 15 жыл мурун «Пугачёва өзүнөн 18 жаш кичүү Киркоровго турмушка чыкты» деген кабар кимдин гана оозун ачырбаган. Эл арасын “өзүнүн баласы менен тең болуп турса, аны менен кантип жашайт? Киркоров ага атактуу болуу үчүн гана үйлөндү. Ал эми Примадонна болду-болбоду, карыганын сездирбейин деди” деген сөз аралаган. Эмнеси болсо да, кош жылдыз 10 жыл бирге өмүр сүрүшкөн соң эки ажырым жолго түшүштү. Буга мүмкүн башка себептер менен кошо Алланын Филипптен да жаш жигит издегени түрткү болсо керек. Себеби ошол учурда «Примадонна өзүнөн 27 жаш кичүү телеалпаруучу, пародист Максим Галкин менен ысык мамиледе» деген кептер жайылган. “Экөө жакында баш кошушат” деген ушактардын аягы бүгүнкү күнгө чейин тыйыла элек.
Филипп менен Максимден улам элде “Алла карылыкка баш ийбөө жолун жаш жигиттер менен мамиле түзүүдөн табууда” деген түшүнүк жаралган.

МАДОННА + ХЕСУС ЛУС
Үч баланын энеси, Голливуддун гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн атактуу жылдызы Мадонна учурда 51 жашта. Жаш жигиттерди торуна түшүрүүнү ал жакшы билет. Анткени жолдошунан кол үзгөнүнө аз гана убакыт болгонуна карабай, 22 жаштагы модель жигит Хесус Лусту кайырмагына илип алды. Мадонна Хесуска ушунчалык берилгендиктен, учурда ага “ай десең ай, күн десең күндү алып берем” деп турган убагы. Белегинин акыркысы болуп, жигитине үй сатып бергени эсептелет. Ырчы карыганда жаш жигитке тартылып, байлыгы, аброю менен аны тузагына түшүрдү. Ал эми Хесус Лус атактуу айымдын артынан чоң ийгиликке жетишери анык.

НАДЕЖДА БАБКИНА + ЕВГЕНИЙ ГОР
1974-жылдан бери “Русская песня” ансамблин жетектеп келген Орусиянын атактуу Эл ырчысы Надежда Бабкинаны баарыбыз билебиз. Бабкинаны көргөндөр: “Ушул айымдан өзгөчө күчтүү энергия чыгып турат. Сыягы, анда соолубаган энергия булагы болсо керек”,- деп айтышат. Келерки жазда 60 жаш мааракесин белгилейм деп турган ырчынын жан шериги – өзүнөн эки эсе кичүү Евгений Гор. 30 жаштагы Евгенийдин Надежда менен жарандык никеде жашап жатканына быйыл 6 жылга аяк басат. Бабкинанын жакындарынын айтымында, “мыйзамдуу түрдө баш кошолу” деп ырчы айым кеп козгосо эле Гор ордунан так секирип: “Паспорттогу мөөр экөөбүздүн ысык мамилебизди муздатат”,- деп жоошутат экен. Минткен Гордун оюнда эмне бар экенин өзүнөн башка эч ким билбейт. Эл арасында “жаңыдан сахнага чыга баштаган Евгенийге популярдуу бирөөдөн материалдык да, моралдык да жардам керек болчу. Ал ошондуктан Бабкина менен мамиле түзүп келет” деген кептер бар. Бирок алардын 6 жылдан бери ынтымакта жашап жаткандарын эске алгандар “экөөнүн ортосунда чыныгы сүйүү болсо керек” деп божомолдошот.

ЛОЛИТА + ДМИТРИЙ ИВАНОВ
Эч нерседен тартынбаган телеалпаруучу жана ырчы Лолита экинчи күйөөсү, ишкер Александр Зарубин менен жакында эле ажырашкан. Бирок буга кабагым-кашым дебеген Лолита бат эле жаш “бойфрэнд” таап алды. Анын курмандыгы башкалардан айырмаланып, шоу-бизнеске умтулгандардан эмес. Ал материалдык жактан бутуна турган белгилүү теннисчи – Дмитрий Иванов. «Бальзактын курагына» жакындап калган Лолитанын учурдагы сүйүктүүсү Дмитрий андан 12 жаш кичүү. Азыр секелек кыздай “мен сүйүүгө кабылдым” деген ырчынын жүзүнөн бакыт нуру төгүлүп турган кез. Өмүрү спортко кызыгып да, машыгып да көрбөгөн жылдыз бүгүнкү күндө спорт залына каттоодо. Лолита жаш мырзанын жүрөгүн ээлеп алганбы, айтор, анысы үй­лөнүү тууралуу сунуш киргизген. Учурда экөө үлпөт тойго камынышууда.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
09.11.2009. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балакет.... ушундай да болобу...
09.11.2009. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да жашоо керемет, кечинде кемпир менен керебет.
10.11.2009. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а кыргыздарда жок бекен??
20.11.2009. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ukmush!!!
25.12.2009. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abishkalarga karaganda ayaldar bolee ozdoryn jaksi alip jurot. Oshon uchun jastar syiyp atat da
02.01.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
любви все возрасты покорны!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо