Айнура Салахидинова: «КЫЗЫМ ДА, УУЛУМ ДА БИР КҮНДӨ ТӨРӨЛДҮ»

№615 15-август-21-август, 2014-ж

Эне жүрөгү – кереметтердин бүтпөс булагы. Турмушка чыккандан кийин көпчүлүк ырчы айымдар үйүндө отуруп калса, Айнура тескерисинче чыгармачылыкта активдүү иштеп келет. Каарманыбыз бүгүн биз менен энелик милдет, карьера менен чыгармачылыкты айкалыштыруу сырлары менен бөлүшөт.

– Куш келипсиз, Айнура, адатта ырчы айымдар турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин чыгармачылыкта бир топко тыныгуу жасашчу эле, сизде тескерисинче күүлөнүп иштей турган мезгил болду окшойт?
– Негизи кичинеңде эмнени кыялдансаң, ошол нерсе аткарылат экен. Мен «күйөөм түшүнүктүү, мени сыйлаган, сүйгөн адам болсо экен» деп тилечүмүн. Азыр ал кыялым эки эсе орундалды. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, мени сүйгөн адамга жолуктум. Турмушка чыкканда «ырдатпай койсо эмне кылам?» деп корко берчүмүн. Тескерисинче, азыр жолдошум түрткүлөп жүрүп ыр жаздыртат. Кызыгы, күйөөгө чыкканга чейин 6 жыл сахнада жүрүп 6 эле клип тарттырыпмын, турмушка чыккандан кийин бир жылда 5 клип тартып салыпмын.

– Балалуу болгондон кийин баары бир чыгармачылыкта кыйналсаңыз керек?
– Боюмда бар кезде ай-күнүмө жеткиче эле тойлордо ырдап жүрдүм. Кайсы тойго барбайын такай Султан Садыралиев экөөбүз жолугуп калчубуз. Мени көргөн сайын «Айнура, тээтиги ичиңдеги бала ызы-чуу, катуу музыкадан коркот, дагы бир жолу тойдон көрсөм шашпа сениби» деп сөөмөйүн кезеп койчу.
Төрөгөндөн 20 күн өткөндөн кийин эле тойлорго чакыруулар түшө баштады. Башында баламды көтөрүп тойлорго барып, кезегим келгенде официанттарга кармата коюп ырдап жүргөм. Азыр апам каралашып жатат.

– Эне болуу сезимдери кандай экен анан?
– Ал сезимди эне болгондо гана билесиң. Өзүм мурун деле эжемдин кичинекей балдарын баса калып өпкүлөп аябай жакшы көрчүмүн. Бирок өзүң төрөгөн балага болгон сезим башкача экен. Мен аны сөз менен айтып жеткирип бере албайм. Уулубуз Дари 8 айлык болуп калды, кылыктары чыгып, атасы экөөбүздү бакытка бөлөп жаткан чагы. Жөрмөлөп, менин оозумдагы тамакты талашып жеп, бир жакка кетип баратсам ээрчип ыйлап кала турган болду. Азыр баламды эмизем, ошон үчүн да бир жакка кетсем көпкө жүрө албайм, оюмдан балам кетпей туруп алат. Чынын айтайын, балалуу болгондон кийин турмушка кеч чыкканыңа өкүнөт экенсиң. Мен да «бул жашка чейин эмне кылып жүрдүм, 17-18 жашымда турмушка чыгып катар-катар төрөп албай» деп кейип кетем.

– Биринчи наристеңизден кийин мунусунда да кооптонсоңуз керек?
– Ии, айтпа, ал окуядан кийин аябай коркуп калгам. Биринчи наристебиз кыз болчу, 5 күн жашап эле чарчап калды. Уулум боюмда бар кезде күндө эртең менен «балам турабы?» деп ичимди кармай берчүмүн. Кудайдан баламдын амандыгын эле тилеп калгам. Таң калычтуусу, чарчап калган кызымды 17-декабрда төрөгөн элем, бир жыл өтүп, ошол эле күнү Дарини төрөп жатпаймбы. Күйөөм сүйүнүп «көрдүңбү, сабыр кылыш керек, Кудай берем десе ушинтип эле берип коёт» деп мени жубаткан. Кудай бизге кызыбыздын ордуна уулубузду белекке берди.

– Жолдошум мени колдойт деп жатасыз, гастролдорго да чыгара береби?
– Бойдок кезде гастролдордон калчу эмесмин. Бирөө гастролго чыгып баратса жабышып «мени да кошуп алыңызчы» деп ээрчип алчумун. Анткени канчалык сени эл көргөн сайын жүзүң тааныла баштайт эмеспи. Азыр чыгармачылыктагы сиңдилерди, инилерди гастролго чакырсаң «канча бересиң?» деп эле сурашат. Учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу гастролду азайтып калдым.

– Санжар мырзанын берген эң кымбат белеги деп эмнени айтмаксыз?
– Биринчиден, жолдошумдун мага берген эң кымбат белеги өзү (күлүп). Анан жакында эле уулум экөөбүзгө Mercedes-Benz Е-класс үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылган, зуулдатып айдап жүрөм.

– Шоу-бизнестеги курбуларыңыз Азиза, Роза Шакирова менен жакын дос, үй-бүлөлүк катышта экениңизди билебиз. Достугуңуздар качан башталды эле?
– Азиза, Роза эже үчөөбүздүн дос болуп жүргөнүбүзгө быйыл он жыл болот. Кээде өзүбүз да «кантип ушунча жылдан бери бири-бирибизден тажабай жүрөбүз?» деп таң калып коёбуз. Алдыда болчу концертибизге даярдык көрүп акыркы кезде үчөөбүз күнүнө 5-6 жолу көрүшүп жатабыз. Роза эже шайыр, баскан-турганы эле күлкү жаратат. Азиза да адамды кызыктырып сүйлөп өзүнө тартып турат. Роза эже мени «сенин уюштуруучулук жөндөмүң күч, сенден коркуп эле Азиза экөөбүз студияга өз убагында келебиз» деп калат. Айтор, жылдар менен сыналган достугубуз жылдан жылга бекемделип келет.

– Сизди бир-эки кыргыз кинолорунан эпизоддук ролдордон көрүп калган элек?..
– Ооба, 1-2 кинодо 2-3 мүнөттүк эпизоддук ролдорду ойноп калдым. Кичинемде актриса болом десем апам «койчу, көрүнгөн менен кучакташып жүрмөк белең» деп кагып койчу. Бирок мен сүйгөн сериалдардын башкы каарманынын ролдоруна өзүмдү коюп фантазиямда клибимдин сюжетин түзгөндү жакшы көрөм. Эрнест Бөрүбаев «Атаңдын чокусу» комедиясын тартып жатканда «Эрнест байке, мага эпизоддук роль болсо да бериңизчи, шыпыргы кармап чуркап өтүп кетейинчи» деп аябай суранган элем. Суранычымды аткарып, 3 мүнөттүк роль берген.

«Кээде үчөөбүз кантип бири-бирибизден тажабай жүрөбүз деп күлүп калабыз».

«Бойдок кезде сахналаштарым гастролго чыгышса «мени да кошуп алгылачы» деп ээрчип алчумун».

«Жолдошумду башынан сиз деп көнүп калгангабы, азыркыга чейин сен деп айта албайм».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айнура Салахидинова: "Кызым да, уулум да бир күндө төрөлдү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(60)
18.08.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактынызга коз тийбесин. Балдарыныздын бир кундо торолгонуно караганда куйоосу эсепке так неме окшойт.
18.08.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayakosya, Адамды айласыз жылмайтасын да:).
18.08.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол
18.08.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий десе кызы жонундо эми угуп атам окунучтуу бирок Алла таалаи куру койбой так ошол куну кайра уулдуу кылганына шугур. Негизи Айнура аракетчил кыз экен ошонун артынан озунун ордун тапты уну да жагымдуу. Иий айтса азыр эле Айнуранын поппурисин кайталап журуп угуп аткам сайтка кирип эле бул макаланы окуп атам. Ийгилик каалайм уулун омурлуу болсун!
18.08.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнуранын мурду жагатта
Модератор admin_superstan түзөттү 18.08.2014 13:55
18.08.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз болчу, турмушка чыгып андан да сулуу болуп кетиптир. жездебиз мн бактылуу өмүр сүрсүн! уулу өмүрлүү болсун!
18.08.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мая эжекебизди карап "жыртайып" аткан жигит киим? че то көзүм түшүп калды.
18.08.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919, Жаныбек Алыкуловдун тун уулу Алмаз Алыкулов.
18.08.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УУлунуздун артынан катар катар торой бериниз, дагы деле жашсыз го. Аябай шайыр, жонокой, татынакай экенсиз. Унунуз аябай жагат, угуп жатып ушундай эс алып калам. Дагы дагы жаны ырларынызды кутобуз. Уулунуз болсо эзигеп эле обо бере турган экен. Кинодо болсо шыпыргы кармап чуркап отуп кетпей)) башкы рольду ойноп калыныз!
18.08.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз омуру Узун болсун.
18.08.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу менен Айнуранын мурдулары окшош экен.
18.08.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Отурган кыз ордун табат.Бактылуу экени корунуп турат.Коз тийбесин!!!!
18.08.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайм!
18.08.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз торогон экен да ээ биринчисин, мен турмушка чыгып кечирээк тороду деп ойлоп жургом. Омурун берсин жигиттин, артынан ини-карындаштарын ээрчите келсин!
18.08.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Позитивная айым Айнура эже. Жылдызы, нуру жузунон тогулуп турат. Жакшы маек болуптур. Ылайым периштелер алып кеткен кызынардын омурун калган балдарынарга берсин кудайым. Бактылуу болунуздар.
19.08.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ejeke ui bulooluk bakyt chygarmachylyk iygilik kaalaim ununuz ech kachan ochposun aldydagy bere turgan konsertiniz jakwy maanaida otkozup alynyz
19.08.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Suluulugunuz kelbetinizge jarawkan
Konul ysyit sizdi tike karawtan
Kelbetinizden ech bir kemtik tappadym
Ai chyraidy ayabaptyr jaratkan..)))))
Koz tiybesin.....
19.08.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура эже жаман корбонуз бирок сиз бир эле сунуш айтайынчыыыы,оо чачыныздын причёскасын бир аз озгортуп корсонуз кандай болооот....
20.08.2014. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
vive8, Оз козум менен кордум, чачы озгорулуптур, боелуп, кыркылып. Бирок кандай болсо да Айнура эжем сулуу. Баарй жарашат!
19.08.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылууу эле болуп жүрө бер! Көөп балалуу бол!
SUPER.KG видео
20.08.2014. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баласы буйруса соонун болуп торолуп калыптыр. Уй-булоосуно бакыт каалайм! Жагымдуу маек куруп бериптир.
SUPER.KG видео
20.08.2014. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эмгекчил, жонокой супер ырчы айым! Куйормандарыныз ар дайым сиз менен Айнура! Эн сонун маек! Дари Кыргызымдын чыгаан жигиттеринен болсун!
20.08.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы макияж жасап калыптыр, бактылуу болсун. Роза эжебиз да ачылып кетиптир.
20.08.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик.дайыма кулуп жайнап сахнада кызмат кылып журо бериниз.
20.08.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кыздын агынан емес багынан деген ушул Бактылуу болсун ийгилик!
SUPER.KG видео
21.08.2014. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а че нос у нее красный??
21.08.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларын такыр укпайм,жарытылуу ыры жок, бирок адам катары мыкты айым...Бар болунуз, клип тартканыныз жакшы бирок хит ыр жаратып анан тартынызчы сураныч)
21.08.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйоого тийгени ачылышты ушулар. онолуп дегендей. бактылуу болгула
22.08.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уулунуз омурлуу таалайлуу болсун!
22.08.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланынздын омуру узун болсун.. супер мага жагат..
22.08.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура эже ишинизге ийгилик,сиздин ырларынызды аябай жакшы коробуз
SUPER.KG видео
27.08.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер адамдар сиз туралуу жаман соз суйлошсо, сизди жакындан тааныгандай сындашса, эч кандай маани бербениз. Себеби ит бейтааныш адамга уроорун унутпаныз.
Медиа-портал
25.12.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! 5
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо