ШУРУЛАРГА ЖАН КИРГИЗГЕН ЖАННАТА

№615 15-август-21-август, 2014-ж

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Жанната Атабаева 1992-жылы 24-февралда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика факультетинин 5-курсунун студенти. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси.

Менин бүгүнкү маектешим Жанната Атабаева айымдар тагынуучу түрдүү сөйкө, билерик сыяктуу асем буюмдарын жасоо менен алектенип келет. Алгач жеке өзү үчүн жасаса, азыр бир топ кардар таап, ишкер айымга айланып бараткан кези.

– Кандайсың, Жанната? Шуру-мончокторду биринчи жолу жасаганың эсиңдеби?
– Өзүм чыгармачыл адаммын, мурун «Агама» бий тобунда бийлегем. Турмушка чыккандан кийин үйдө тынч отура албадым. Минтип айымдар үчүн асем буюмдарын, бижутерияларды жасай баштадым.
15 жашымда бир сөйкөм бар эле, ошону жакшы көрүп көп тагынчумун. Аны сиңдим бир күнү үзүп салыптыр. Ошондо ичим ачышып, сөйкөмдүн мончокторун терип алып өзүмө биринчи жолу шуру жасагам. Кийин чынжырчаларды улаштыра турган аспап сатып алдым. Ошентип мен жасай алчу буюмдар көп экенине көзүм жетти.

– Байкашымча, бул ишиңиз чакан бизнеске айланып бараткандай?
– Кардарларым көп эле. Бир нече дүкөндөр менден шуру, шакек, сөйкө алып сатышат. Жарманкелерге катышам. Интернет-дүкөндөрдөн да заказ көп түшөт. Акырындан ырчы кыздарга да менин жасалгаларым жагып, алар да мага кардар болуп башташууда. Өзүм жасаган бижутерияларды сатып, дипломдук ишимди тартуу үчүн видеокамера алууга акча топтодум.
Күндүз үйдөгү жумуштарды жасап, кызымды карап колум бошобогондуктан, бижутерия жасоого түн ичинде гана убактым болот. Кээде үйдөгүлөр «түндөсү уйкудан калбай эле койбойсуңбу» деп калышат. Бирок мен бул жумушту жакшы көрөм, кадимкидей ырахаттануу менен жасайм.

– Бир мончокту жасоо үчүн канча убакыт кетет?
– Мен эмнени болбосун бир түн ичинде бүтүрүп коём. Эгерде убактым тар болсо, тыныгуу менен жасайм, ошондо гана эки-үч күн кетиши мүмкүн.

– Өзүңүз мындай кооз тагынчактарды такыр сатып албасаңыз керек, ээ?
– Өзүмө окшоп бижутерия жасаган адамдардан деле сатып алам. Аял эмеспизби, башканыкы көзүмө жакшы көрүнөт окшойт. Жарманкелерде дагы башкалардын жасаган сөйкөлөрү көзүмө укмуш көрүнүп, сатып алган учурлар толтура.

– Бижутерия жасоо үчүн майда-бараттын баарын каяктан алып келесиз?
– Таштарды эжем Түркиядан алып келип берет. Пластикалык шуруларды Кытайдан алдырам. Кээде кыргыз-кытай чек арасы жабылып калса, эч нерсе жасай албай отуруп калам.

– Жаш кыздарды чогултуп өнөрүмдү үйрөтөйүн деген пландарыңыз жокпу?
– Кыздарга бижутерия жасоону үйрөтүп да жүргөм. Анан тааныштарым «Эмне кыласың өзүңө атаандаш жаратып?..» дешкенинен ойлонуп калдым. Бул өнөрдү бирөөгө үйрөтүп атаандаш жараткым келбейт. Жолдошум мени гезиттер интервьюга чакырса кубанып калат, «өнөрүңдү өстүр, дүкөн ачып берем» дейт.

«Менден бижутерия сатып алып мага атаандаш болуп кеткен кыздар да бар».

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(28)
18.08.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сулуу келин экен.жолдошу бактылуу
18.08.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молдес эйй.
18.08.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаннатадан бижутерияларды кантип сатып алса болот ошол жонундо маалымат берип коесуздарбы!?
18.08.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira96, odnoklassnikiden 'jannat acsessories' dep izdep korsonuz
18.08.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira96, фейсбукка кирип Жанната Атабаева деп издеп көрсөң табасың. Ал мен окуткан студент кыз. Ошол жерде телефону да жазылып турат. Тилекке каршы админ. бул жерге телефонун жазганга уруксат бербейт экен.
18.08.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SweetLady, жарыялар үчүн тиешелүү бөлүм бар.
18.08.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, кечирим өтүнөм. Ал жакты карабаптырмын.
18.08.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сатып алдым, жакты баарына))) Рахмат. дагы -дагы ийгиликтерди каалайм!
18.08.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сатып алгам, аябай жакты мага.
18.08.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сатып алгам толтура нерселерин купулума толду сонун экен
18.08.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilgenindi bawkalarga uirotuu jakwy nerse..Azyr adamdar ozun4ul,dunuiokor,i4i tar,koro albas sapattardy ozuno sinirip algan.
19.08.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pluie, туура айтасын уйротуп койсо жакшы болмок мага да ошо жери жакпай калды........ото кейиштуу!!!!!!!!!!
18.08.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
18.08.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик fеcеbооkтан таптым менда.
18.08.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйронууну кааласанар интернетте толтура маалыматтар бар ошол жактан карап уйронсонор да болот.Бишкекте магазин бар ошол жерде сойко,браслет ж.б. нерсе жасаганга керектуу шаймандарды сатып алсанар болот.Ал жерде мастер-класс да отулот экен.Жаннаттанын жасагандары да жакшы экен.Ийгилик!
18.08.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаннатта сулууу
18.08.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жондому куч, татынакай айым экен. Мен да кызыгып калдым. Бижутерия, ожерельеге мен ла аябай кызыгам.
18.08.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'menden bijuteriya sajyp alyp, maga ataandash bolgon kyzdar bar' degeni ashykcha go deim.
Ar kim kaalagandai nerseni jasai beret da. Anan kytai menen kyrgyzstandyn chekarasy moskovskaya isanovada magazinde.
Bezpontovyi nerseleri kop.
19.08.2014. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын бир тариф коюп кыздарды уйротсо болмок экен,чач тарачтар деле окуучуларды уйротуп жатышат го атаандаш болот дебей эле.Биринчиден кошумча каражат,экинчиден устатым бул деп аты чыкса жакшы да
20.08.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Venchuk, ataiyn aga baryp oturbai internetten ele uironso bolot
19.08.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгон Камила Дуйшебаевага окшош экен. Тууганы эмес бекен.
21.08.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
g.jumabekova, тууган эмес
19.08.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно канкурент кылып эмне кылат туура эле
19.08.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам онорун башка мененда болушо билиш керек. Башкаларга уйротсон сообу тиет акча деп эле
20.08.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен интернеттен үйрөнгөм бүт баарын жасаганды.
Сатпай эле өзүмө жасап алам.
23.08.2014. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын, шакек, шуру жана дагы башкларга дагы кызыкпайм.
14.10.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmeladka, jalgyzdyk, shejinka кантип сатып алдынар жазып койгулачы сураныч, мага да абдан жакты ))) Айка
07.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Жанната чын эле онорлуу татына экенсиз мен сиз туралуу апаныз Гулжамал эжеден уккан элем биз ал эже менен Москва шаарында бирге жашаганбыз. Жазгул.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо