Темир Назаров: “ЫРЧЫЛЫК ДЕП ЖҮРҮП БАЛДАРЫМДЫН КАРАЛБАЙ КАЛЫШЫН КААЛАБАЙМ”

№615 15-август-21-август, 2014-ж

Маектешимдин аткаруусундагы “Туулган жер” ыры убагында кандай хит болгону эсиңиздедир. Кийин сахнадан бир аз алыстап калганы да белгилүү. Ырчы акыркы учурда катарынан ырларды жаздырып, чыгармачылыкка киришти. Ага чейинки тыныгуусун “ата-энеме, балдарыма арнадым” дейт. Анда кеп учугун Темир өзү уласын.

– Темир, чыгармачылык тыныгуудан чыктың окшойт, жаңы клиптериңе күбө боло баштадык?

– Туура айтасыз, учурда чыгармачылыкка шымалана киришип турган чагым. “Гүлбаржаным” деген ырымдын клибин бүтүрүп, биринчи эле SUPER.KG порталына бердим.
– Буга чейин көпкө көрүнбөй кеттиң, эмне менен алектенип жүрдүң?
– Быйыл Ош шаарындагы үйүмө ремонт жасадым. Анын арты менен курулуш деген эмне экенин да түшүнүп калдым. Жакындарыма, балдарыма көңүл буруп, ата-энемдин ден соолугуна кам көрүп, ооруканага көрсөтүп дегендей.
– Балдарды энеси карайт деп түртө салбаган аталардан окшойсуң да?
– Мен чыгармачылык деп эт-бетимден кетип жүрө берип, балдарым каралбай калышын каалабайм. Чоңойгондо уулумдан же кызымдан “ата, рахмат, эч кимибиз ооруган жокпуз, жакшы чоңойттуңар” деген сөз уксам мен үчүн төш белги болот. Кызым Аман беште, уулум Ырыскелди төрттө.
– Үйдө кандайдыр бир маселе жаралса, жубайың менен кеңешесиңби же мен кожоюндукка саласыңбы?
– Жубайымдан мурун ата-энем менен кеңешем. Алардын турмуштук тажрыйбасы чоң, эмне кылса кандай жыйынтык чыгарын билишет.
– Сюита Соурбаева ОшТВ телеканалына директор болуп жумушка орношкондо сен дагы продюсер болуп кызматка келдиң эле. Ал киши кеткенде сен дагы кеттиң. Ошондон уламбы, экөөңөрдү жакын мамиледе деген кептер чыккан, өзүң эмне дейсиң?
– 2010-жылы Сюита эже “Темир, мен саясат жагын карап, музыка берүүлөрүн тейлегенге убактым болбой жатат. Кайсы убакта кандай ыр кетиши керек? Көрсөтүүлөрдүн сеткасын түзүүгө көмөктөш, кандай болгон күндө да музыкалык билимиң бар эмеспи” деди. Ошентип телеге аралашып, анан берүүлөрдү тартканды, монтаждаганды үйрөндүм да, оюн-зоок программалар бөлүмүнө продюсер болуп көтөрүлдүм. Андан сырткары “Эсте калган кайрыктар”, “Майрамдык маанай” деген автордук көрсөтүүлөрүм дагы чыгып жүрдү.
Аты кичине чыгып калган кишини ушак-айың ээрчибей койбойт турбайбы. Мырза менен иштешсең дагы, аял менен иштешсең дагы бирдеме ойлоп табышат экен. Эже менен устат-шакирт гана мамилем бар. Ал мага теленин ашканасын үйрөттү. Силер сурап жаткан кеп туурасында бир гезит жазып чыккан. Мен редакциянын кызматкерлери менен байланышып “бул эмне кылганыңар?” десем, “заказ” деп гана жооп беришкен. Ошол учурда директордун орду башкага керек болуп, Сюита эженин репутациясын бузганга аракет жасашкан. Болгон маселе ошондо. Андан башка сөз жок. Заказ экенин билгенден кийин алар менен соттошуунун деле кажети жок болчу.
– Сени ажырашып кетиптир деген да кеп чыккан. Элге тараган сөз жубайыңа да жетти беле?
– Мындай сөздөр жубайыма эч кандай таасир берген жок. Анткени ал турмушка чыгып жатканда эле кимге чыгып жатканын, мен жөнүндө ушак-айың боло берерин билген. Кимге кызык ушул сөздөрдү таркатуу, түшүнбөйм. Үй-бүлөм бул – менин жеке жашоом. Кимдир бирөөлөрдүн сөз кылышын каалабайм.
– Анда кайра чыгармачылыгыңа кайрылалы, кол тамга сураган күйөрмандарыңды, катуу дүңгүрөп турган чагыңды сагынасыңбы?
– Албетте, сагынам. Кээде көчөдөн, кафеден кыздар келип “билесизби, ошол концертте мындай болбоду беле?” деп айтып беришсе “аа, ошондой болду беле?" деп сүйүнүп, артта калган күндөр көз алдыма тартылат.
– Темир Назаров деген аттын элге таанылышына кимдердин салымы чоң?
– Эс тарта баштаганда эле атам мага "сот, укук, тартип багытындагы кесипти танда" деп айта берчү. Мен болсо күнүгө Жараткандан эл керегине жараган адам болоюн деп суранчумун.
“Туулган жер” деген ырым менен Ошко жаңыдан тааныла баштаганымда апам мени Рыспай Абдыкадыровдун күмбөзүнө ээрчитип барды. Куран окуп, ошондо да маданиятка салым кошкон, Рыспайдай тарыхта кала турган ырчы болсом экен деп тилек кылгам. Менин ырчы болушума биринчиден, Аллахым, экинчиден, ата-энем көмөкчү. Атам бир жолку айлыгын берип “балам, ыр жаздырып көр, окшошсо ажеп эмес” деп менин ой-тилегимди колдоп, ырчы болушума макулдугун берген.
– Борбордогу ырчылардын көбү той менен жан багышат, сен дагы Ошто болгон тойлорго барасыңбы?
– Азыр ырчыларды багып жаткан чын эле той. Биздин көчкө чейин ырчылар тойдон эмес, гастролдон акча таап келишкен. Чакыруу болсо тойлорго кээде барам.
Биздин мамлекет көп жактан артта калган. Казак, өзбек мамлекеттеринде чыгарылган дисктериң, ырларың патенттелип, канча бир пайызы ырчыга берилгендиктен тойго барбай деле жан бакса болот. Формаларына, ыр жаздырууга, клип тарттырууга, концерттерге баарына өздөрү чуркашат. Чет өлкөдө кандай? Алар эртең менен турса кофеси даяр, аны ичип алып машыгуу залына, бассейнге барышат. Кыскасы, өзүнө гана кам көрүшөт. Формага, клипке продюсери башын оорутат.
– Соңку жаздырган ырларыңдын баары тең эски ырлар экен, жаңы ырлар жаралбай жатабы?
– Бул адамдын эргүүсүнөн көз каранды окшойт. Качан эргүү келгенде жаңы ырлар өзүнөн-өзү жаралат. Кээде жакшы ырлар жаралбай жатканда мааниси жок, жеңил ырларды ырдагандан көрө, маңыздуу эски ырларды жаңылап чыгууну туура көрөм.
– Мындан 2-3 жыл мурун болсо керек, мурунку продюсериң Канат Култаев менен кайрадан иштешип баштадың эле...
– Кайрадан чогуу иштешели деген сунушту Канат байкеге мен айткам. Өзүм ыр жаздырып, клип тарттырайын, сиз болгону теле-радиодон кетишине жардам бериңиз дегем. Ал да макул болгон, андан аркысын Канат байкеден сурасаңар жакшы болот эле.
– Эми дайыма изденүүнүн үстүндө болосуңбу?
– Бир жолу Бек Борбиев “сахнаны таштадым” деп чыкты. Ичимден катуу бушайман болдум. Рыспай агабыздан кийинки эле ушул адам эмеспи, таштабаш керек эле дедим.
Сахнадан бир аз оолак жүрүп бир хит ыр чыгарды, аты эсимде жок. Тийип-качып деле жакшы ыр жаратса болот. Мен тынбай, эс албай чыгармачылык менен алектенем деп айта албайм, аны убакыт көрсөтөт.
– Рахмат маегиңе, ишиңди ийгиликтер коштосун.

"Жалгыз отуруп алып келечек пландарымды ойлонуп, артта калган өмүрүмө саресеп салганды жактырам".

Темирдин үйлөнүү тоюндагы бактылуу көз ирмемдер.

"Бир кездеги сансыз күйөрмандарымды сагынам".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Темир Назаров: “Аялым кимге турмушка чыгып жатканын билген”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
16.08.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шоу бизнести топ жарып баштап,атактуулуктун,популярдуулуктун туу чокусуна жетти эле кезинде.Чагымчылар себеп болдубу же озу "звезданулся" айтор продюсери мн келишпей калып кээ бир ырчыларга жакшыы дангыр жол ачып берди окшойт да;)Атактуунун булосу болуу кыйын иш,а келинчеги чынында эле акылдуу корунот баарын акылдуулук менен женип, азамат!!!Албетте уй-булону караганы эн туура,талбай эмгектене бер демекчибиз Темирге!
SUPER.KG видео
16.08.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журналист кызда эмне куноо..журналист деген журналист тиешелуу болгон суроолорду беруу анын иши...
SUPER.KG видео
16.08.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурунку Темир жокко семирип алган кандай бсо да чыгармачылык ийгилик уй булон мн бактылуу более!
SUPER.KG видео
17.08.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ххх ххх ххх Темир, илгери "Марсиана" деген ыр бар эле,заманбап шөкөттөп ырдап чыксаң дурус болмок.Стилисттин кызматынан пайдалан, али жашсың
Модератор admin_media түзөттү 18.08.2014 09:20
SUPER.KG видео
18.08.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bebek, Ayday2, matatas, marat0989, ana222, Alai.kyzy, padysha, baby,
Эскертүү баарыңарга!
Сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн.
18.08.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy boluptur kaitkany.
18.08.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дайыма ушул эски суротторун корсотот, жаны суроттору жокбу деймда))) Ийгилик!
18.08.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yigilik saga yrlary aiabai jakchuu
18.08.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы бала таланты бар таанышы жоктой да бирок татаса жакшы чыгаар эле
18.08.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээде көчөдөн, кафеден
кыздар келип “билесизби, ошол концертте колунуздан микрофон ыргып кетип
мындай болбоду беле?” деп айтып беришсе
“аа, ошондой болду беле?"
20.08.2014. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Desmond, хахаха.
18.08.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
18.08.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бой которуп суйлойт го дайыма
18.08.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Гулбаржанымды" сонун ырдап коюптур го.
18.08.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротто кенже такыр башкача ээ
SUPER.KG видео
18.08.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсыз аябай соонун маек болуптур
19.08.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай карай бер балдарынды не переживай,сенден башкасы да толтура
Модератор admin_superstan түзөттү 19.08.2014 09:42
19.08.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
restreppo, мазактоодон алыс болуңуз.
SUPER.KG видео
19.08.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Базардан келген Адам эмесминда деп озунду Пир тутуп алдынго дадин. Базардагылардын не маданияты жок дейсинби. Ошол базардагылардын маданияты жок болгондо эч кандай концерттерге кирбейт эле. КАНАТ сени менен эч качан иштешпейт, бир адашып иштеп калган экенда
SUPER.KG видео
19.08.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Karban jyro beret hi hi))))
19.08.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurperi8981, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 5 күн БАН!
19.08.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек бериптир токтолуп да калыптыр ийгилик
20.08.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Гүлбаржан" деген ыры мага жакты, бирок өзүнө колдоо көрсөткөн адамы жоктой.
21.08.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын Филипп Киркорову дегенге кгшулам.
21.08.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто базар кыдырыб елеее журо берет
21.08.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш кезинде красавчик эле, баарыбыз темир темир дечук
SUPER.KG видео
21.08.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргызбайлар качан ыраазы болмок эле! Ишинизге ийгилик дагы коптгогон чыгмаларды ырларды жандандыра бериниз!
21.08.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
durus ele...
23.08.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын биринчи орунга уй булоонду койсон чыгармачылыгына ийгилик жана уй булоолук бакыт!
SUPER.KG видео
23.08.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KURSHAB:Туура айтасыз Темир базар деп базарда жан багып эмгектенгендерди эмес. маданиятты базар менен алмаштырып алгандарды айтса керек. Мен ошону тушундум. Темирдин маегин коруп угуп отуруп анын козунон ушунчалык ар кимдин ары жок созунон чарчаганын кордум. Ийгилик сага Темир!.Келечегин алдыда.Эч ким эч качан сенин жашоонду талкуулаганга акысы жок.Сенин артында соз болсо, анда сенин ордун коомдо бар. Эн сонун маек. бул жыл ийгиликтерге мол болсун.
SUPER.KG видео
23.08.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менимче Канат Темирди эмес Темир Канатты белгилуу кылды. эгерде Темир талантуу болбогондо Канат озу ырдамак беле. Же Темир учун Канат ырдады беле. Адам жакшылык к ылып таштын туйуоно басып коюш керек.Кечке эле мен деп тош кага бербей. Темирдин адамкерчилигине ишенем. Эл Темирди кабыл албаса анда Канат куймок. Ошондуктан бир беткей абалды карабаш керек.Темирдин сырткы корунушу, ырдаганы бийлегени бул озунчо бир искусство.
Медиа-портал
05.04.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир азамат. бул жашоо ушактан куралган. сен кучтуусун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо