АТАСЫ 4 АЙЛЫК БАЛАСЫН ЧААП ӨЛТҮРГӨН

№615 15-август-21-август, 2014-ж

Акыркы учурларда өлкөбүздүн аймагында ар кандай үрөй учурган кылмыш иштери катталууда. Бири келини менен кудагыйын өлтүрсө, дагы биринде атасы мас болуп өз уулун бычактап салган. Төмөндө ушул сыяктуу окуялар тууралуу сөз болмокчу.

КЫЗЫНА БОЛУШКАН ЭНЕСИН КОШУП БЫЧАКТАП САЛГАН
4-августта Чүй облусуна караштуу Кант шаарынын тургуну инисинин келинчегин жана кудагыйын бычактап салган. Кылмыш ишин жасаган соң укук коргоо кызматкерлерине кабарлап коюп өзү качып кеткен. Көп өтпөй кылмышка шектүү деп Кант шаарынын 56 жаштагы тургуну кармалган. Маселе үй-бүлөлүк чыр-чатактан келип чыгып, 31 жаштагы келинине жинденген шектүү аны бычактап, кызына болушкан 54 жаштагы апасына, башкача айтканда, кудагыйына да бычак сайган. Натыйжада эне менен кызы каза тапкан.
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Дөбө айылынан өз баласын бычактап өлтүргөн жаран кармалгандыгы тууралуу маалыматты ИИМден билдиришти. Белгилүү болгондой, 4-августта 28 жаштагы жаран өз атасы сайган бычактан алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Ата-баланын ортосунда келип чыккан чыр-чатактын аягы минтип жаш жигиттин өлүмүнө алып келди. Маркумдун атасы кылмышын моюнуна алып, анын үстүнөн киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

ЫМЫРКАЙДЫ СООРОТО АЛБАЙ ӨЛТҮРҮП САЛГАН
Чүй облусуна караштуу Ала­мүдүн районундагы Малиновка айылында 4 айлык ымыркай­дын каза тапкандыгы тууралуу маалымат укук коргоо кызматкерлерине кабарланды. Чүй ОИИББ­инин маалымат кызматынын башчысы Нурбек Токтосуновдун берген маалыматына караганда окуя төмөнкүчө болгон. Кылмыш 10-августта катталган. Окуя болгон үйгө барган милиция кызматкерлери үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн жуурканга оролгон баланын жансыз денесине күбө болушкан. Сөөк соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Эксперттер баланын омуртка сөөктөрү сынып, моюнунун 1-2 сөөктөрүнүн ортосунда ажырым пайда болгонун жана катуу урунуудан улам жүлүнү шишип кеткенин аныкташкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ымыркайдын өлүмүнө атасы күнөөлүү экени тастыкталды.
10-август күнү аталган айылдын тургуну Икрамжан Купаев менен аялынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишкен. Ошол учурда экөө бир шишени бөлө тартып отурушкан болот. Аялына тишин кайраган Икрамжан аны ур-токмокко алып киргенде аялы эптеп бошонуп качып чыгып кетет. Бир нече убакыттан соң уктап жаткан 4 айлык ымыркайы ойгонуп, эмчек сурап ыйлай баштайт. Тынымсыз ыйлаган баласын соорото албай, аракка тойгон ата күч менен ымыркайды шкафка чаап салган. Наристе биротоло үнүн басканда шектүү магдырап уйкуга кетет. Тынчып калган күйөөсүн сырттан байкап турган аялы кирип, баланын кан болуп жатканын көрүп, милицияга кабар берген. Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган Икрамжан Купаев “Баланы сооротоюн деп уктоочу бөлмөгө көтөрүп бара жаткам. Мас абалында болгондугумдан чалынып кетип, баламды баса жыгылдым. Сооронуп калганынан уктап калды го деп жаткырып коюп, ортончу уулумдун жанында уктап калыптырмын. Көзүмдү ачсам эле милиция кызматкерлери келип калыптыр” деген шылтоосун айтууда. Ата сөрөйдүн үстүнөн киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(56)
18.08.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым аялга балээ барбы 4айлык баласы колунда туруп ичип мына сага эне анан жаман балдар кайдан чыгат дейбиз,албетте атасы да апасы да ичип жатса балага конул бурулбай.
18.08.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омуру откончо балага зар болуп отсун баланын кадырын билбеген акмак
22.08.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samar9220, Мындай акмака омуру тезирээк отушуно жардам бериш керек.
19.08.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темасын окуп алып еле кызыктай болдум Кудай озу сактасын!
19.08.2014. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым озун сактай кор.шумдук ушундай адамдарда барбы тоббо кылдым!адам эмес айбанда эмес мындайлар айбанда баласын коргойт.
19.08.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буга окшогон зоокурлорго эч жакшылык корсотпосун! Кудайдын алдына баргыча бизде мыйзам катуу жазаласын, бирок бизде мындай айбандардын кылыгына тен келе турган мыйзам барбы? Журокту титиреткен окуялар. Сураныч, урматтуу мыйзамчылар, бизге олум жазасын жана бычууну киргизгилечи.
19.08.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОО куда озун ынсап бер кдамдарга,бул эмне деген мыкаачылык журогум эзилипикетти баланын ыйлаганын ойлоп
19.08.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларга атайын закон чыгарып иш алып барыш керек
19.08.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ооруп кетти бирого зар бирого кор деп ушуну айт балага жетпегендер канча эх Алла мындайларга акыл эс берсинчи
19.08.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О Аллахым баарыбызга сабыр берчи. Астагфируллох ушундай да болобу. Ушунун баары динден тушунугу жоктон болуп жатат. Заманыбыз кайда баратат билбейм.
19.08.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сендей ата сыяктуу айбандар учун жер устундо орун жок.
19.08.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун ынсап бер! Адам болуп туруп айбандан жаман иш кылыптыр. Айбан да баласын коргойт.
19.08.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai saktasyn
19.08.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ Аллах баарыбызга хидаят берсин тобоо кылдым эмнелер Кана болбойтат.
20.08.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MARGO55 momun degen iwengen degendi a.e. musluman degen iwenip jana owogo karata jawagan, amal kilgan degendi tuwundurot.biz b.o musluman degen uluu statuska ee bolo albay atabiz... (
Allahim toobo kildim! Baardik balaketten saga saktanabiz! Suygonungdu suydur bizge, saga jakpagandi bizge da jaktirbay kor!
20.08.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай эмне деген шумдук.
20.08.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичпей балее ичпейби булар.
20.08.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уууф кандай Адам мындай адамды олтуруп салыш кк ит да оз баласын коргойт. ээ кудай бул эмне деген кордук
20.08.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа бобокто емне куно?
21.08.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак ар кандай жолго алып барат ушул болуп аткан жаман иштердин баары арактын айынан болуп атат да, арак озу арам да ээй арак ичкендер ушуну койгула бир кун силерге да ушундай кырсык болуп журбосун
21.08.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйосу уруп токмоктосо да биринчи баланы алып чыгып анан озу качып чыкпайбы?наристе кудайдын бизге берген белеги аны 10 коздоп карап суйуп, мээримин тогуп чонойтуш керек!!! Ошол аялды куйосу менен кошо камап анан эл алдында баштарын алып салыш керек... Арактын айынан ото кечирилгиз кылмыштар болуп атат ошол учун арак саткан магазиндерге чоон сумадагы штраф коюш керек жана арактын ценасын 4-5 эсе кымбаттатышы керек...
21.08.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ аллагым озун ыйман бер!!!
21.08.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун сактай кор бул эмне деген жорук айбан деле оз баласын коргойт булар эмне айбанчалыкда акылы жокпу...
22.08.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак
22.08.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 кун мурун мышыгым ооруп, олуп калганына ичим ачышып отурса... А бул акмактарга наристе эч нерсе болбой калган го
22.08.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ынсап берсин
22.08.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бундай адамды атуга окум чыгарыш керек болчу биздикилер кайда 2 жылдан кийн чыгарып жиберет айван да олтурбойт
23.08.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eki jubay manday teskey oturup araktan urup otursa emne menen butooru belgiluu!!!
23.08.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай ай кандай гана уройду учурган окуя! окуп алып муундарым калчылдап кетти!
ичкичтерге озу каттуу жаза бериш керек болуп калды!
24.08.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун даты Икрамжанго кыргыз эмеско прессхата мамасын коргозот
24.08.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaiym dagy uwundailarga bala berbei ele, kop jyldan beri balaluu bolo albai, jurgondorgo bala berse eken!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо