Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЗДЕЙМ СЕНИ

№615 15-август-21-август, 2014-ж

«КАЙРАТ, КАЙДАСЫҢ?»
– Кайним Кемелов Кайрат Оболкановичти издейм. Ал 1985-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 2010-жылы 12-августта Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча аймагындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ата-эне, бир туугандары үмүт үзбөй күтүп келебиз.

Жеңеси Жазгүл, 0709 93 20 82

«АСКЕР КЫЗМАТЫН БИРГЕ ӨТӨГӨН ТЕҢТУШУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1969-71-жылдары Орусиянын Приморский крайынын Тынч океан посёлогунда бирге аскер кызматын өтөгөн Жаныбек Турдумамбетовду издейм. Ал жакта айдоочулук кызматта болгонбуз. Жерлиги Таластан болот. Көрүп-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.

Камчыбек Аламанов, 0700 79 53 64

«АПАБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Апабыз Батыш Ырысалиеваны издейбиз. Ал 1959-жылы Нарын облусунда туулган. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер аймагынын Фрунзе көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Психикалык жактан оорулуу болчу. Аны көрүп-билгендер же тааныгандар болсо кайрылып коюшуңуздарды өтүнөбүз.

Уулу Айбек Усеинов, 0551 59 89 80

«ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
-Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Токтоналы Кермакунов аттуу тургунун издейм. Ал экөөбүз 1977-78-жылдары Германияда бирге аскердик кызмат өтөгөнбүз. 1985-жылга чейин байланышып турдук, андан бери дайынсыз. Жазган каттарым жетпей жатабы билбейм, жооп келбейт. Аялынын аты Сайрабүбү, кесиби мугалим. Айгүл, Уланбек, Батыркул аттуу балдары бар болчу.

Азимжан Бурканов, 0772 20-70-58

«ВЕНЕРА МОМБЕКОВА, БАРСЫҢБЫ?
– 1994-1996-жылдары Жа­лал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Комсомол айылындагы (азыркы Жалгыз-Жаңгак айылы), Көк-Арт мектеп интернатында 10-11-класста бирге окуган жакын курбум Венера Момбекованы издейм. 11-классты бүткөндөн кийин ал Орусияга кеткен, ошондон кийин аны көргөн жокмун.

Гүлнара, 0773 61 02 74
nurakova.gulnara@mail.ru

«КАЙДАСЫҢ, АЙДАНА?»
– Досум Омарбек кызы Айдананы издеп жатам. Каратайдан болот, Алайга турмушка чыккан. Айдана, окуп калсаң байланыш!

Элизат,+89258579478

«Асел эже, окуп калсаңыз чалып коюңузчу»

– Салам, «Супер-Инфо»! Мен 1989-жылы туулган Асел эжемди издейм. Ал атамдын биринчи аялынын кызы. Фамилиясы Адилова, Бакирова же Кожоакмат кызы болсо керек. Апасынын аты Замира, Токтогул районунан болот. Асел эже, окуп калсаңыз чалып ко­ю­ңузчу.

Айгерим,
89655453904

«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Орусиянын Новый Уренгой шаарынан таа­нышкан курбум Назираны из­дейм. Ал 1987-жылы туулган, Нарындан болот. Бакуля аттуу сиңдиси бар. Окуп калсаң бай­ланышып койчу.

Курбуң Жыпара, +79254821903

«ЖЕҢЕМ МЕНЕН УУЛУ МУРАТТЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Саламатсыздарбы, «Су­пер-Инфо»! Менин агам 1990-жылы көлдүк кызга үй­лөнгөн. Анан жеңемдин боюнда бар кезде ажырашып кетишкен. Кийин агам менен жеңем жо­лугушканда, «Уул төрөдүм, атын Мурат койдук. Таятасынын колунда чоңоюп жатат, сенин кичине кезиңе аябай окшош» деп айткан экен. Агамдын аты Алмаз эле, кайтыш болуп кетти. Жеңем менен анын 1991-жылы туулган Мурат аттуу уулун издейм. Учурда Москвадамын.

Атым Аязбек, +79251560582

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн бол­соңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
18.08.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админдер меники чыга элек эээээээ???????
21.08.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz, эгер издегенииз болсо, koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз. Сизди издегендер болсо, гезит бетине жарыяланат.
21.08.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ электрондук почтага кантип жазат тушунбой жатам
22.08.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul.kg.ru, Саламатсызбы!
Өзүңүздүн электрондук дарегиңизге кирип "Написать письмо" баскычын басасыз. "То" же "Кому" деген сапка koom@super.kg электрондук почтасын жазып, издеген адамыңыз тууралуу кененирээк маалымат берип жөнөтүп коёсуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо