Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПОМИДОРДУ АЛГАЧ УУЛУУ ӨСҮМДҮК ДЕШКЕН...

№616 22-август-28-август, 2014-ж

Ар жылы жер төлөдөн сыйлуу орун алып, дасторкондун көркү болгон жашылча-жемиштер көп. Алардын катарына «кызыл көйнөк» кийген помидорду кошсок болот. Төмөндө помидор тууралуу кызыктарга орун бермекчибиз.

ПОМИДОРДУН «ӨМҮР БАЯНЫ»
Помидор итальянча «pomo d'oro» сөзүнөн алынып, «алтын алма» дегенди билдирет. Ал эми туура аталышы ацтектердин «томатль» сөзүнө такалып, аны француздар өз тилине ыңгайлаштырып «томат» деп алышкан. Бул өсүмдүктүн 10 000ден ашык сорту бар. Мекени болуп Түштүк Америка эсептелет.
Алгач помидор декоративдик өсүмдүк катары пайдаланылган. Аны тамак катары колдонбой, уулуу өсүмдүк деп эсептешкен. Бул тууралуу америкалыктардын ботаника китебинде кыскача окуя баяндалат. Анда бир чыккынчы ашпозчу помидор кошулуп жасалган тамагы менен Жорж Вашингтонду (АКШнын 1-президенти) ууландырууга аракет жасаган. Бирок Вашингтон тамак ичип бүткөндөн кийин куландан соо ордунан туруп душмандарын таң калтырган. Помидордун ашканадагы сырларын, анын пайдасын орус окумуштуусу, агроном Андрей Болотов ачкан.

ЖЕМИШПИ ЖЕ ЖАШЫЛЧАБЫ?
Помидорду жемиш деп ботаниктер талашса, салык тармагында иштегендер ага бажыдан өткөндө жашылчаныкындай салык салынарын эскертишип, жашылча дешкен. Бул маселеге 1893-жылы АКШнын Жогорку Соту кайрылып, помидор – жашылча деген жыйынтык чыгарган. Муну «помидор башка жемиштерге салыштырмалуу тамактан кийин десерт катары эмес, тамактын алдында же тамак менен кошо берилет» деп түшүндүрүшкөн.

ПОМИДОР ТАБИТТИ АЧАТ
Курамына А, В1, В2, С, Е витаминдерин, фолий кычкылын, калий, кальций, магний, натрий, фосфор, глюкоза, фруктоза, темир, йод, фтор жана башка пайдалуу заттарды камтыйт. Аз кандуулукта, эс-тутум начарлаганда, кант диабетинде, гипертонияда помидор жакшы жардамчы болот. Андан сырткары мээнин иштешин жакшыртып, жүрөк-кан тамыр жана простатит ооруларынын алдын алып, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Помидор табитти ачып, суукка урунууда жардам берет.

Эскертүү! Помидор аллергиясы барларга, артрит, ревматизм, өтү ооругандарга сунушталбайт. Бул өсүмдүктү ашыкча жесеңиз, бөйрөктө таш пайда болуусу мүмкүн.

КОСМЕТОЛОГИЯДА

  • Косметологияда помидорду пайдалануу менен бетиңизди тазартып, агартып да алсаңыз болот. Бет териси майлуулар үчүн помидор табылгыс азык.
  • Бетиңизге безетки чыгып жүдөтүп жатса, ширесин сыгып алып сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп салыңыз.
  • Орточо помидорду майдалап туурап, ага 2 чай кашык быштак, 1 аш кашык сүт, 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп эзип ботко даярдап алабыз. Бетке боткону тегиз кылып жаап, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салабыз. Бул ботко бардык терилер үчүн жарамдуу.
  • Андан сырткары жарылып кеткен согончокко помидорду майдалап туруп жаап, 20-25 мүнөттөн кийин жууп коюңуз.
  • Помидордун ширесин чачтын түптөрүнө сүйкөп, 20-25 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул чачтын бат өсүүсүнө жардам берет.

АШКАНАДА

ПОМИДОР ШИРЕСИ
Керектелүүчү азыктар (1 литрлик банкага):
Помидор – 1,5 килограмм (жакшы бышканы)
Туз – 30 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду жууп-тазалап, эт туурагычтан же шире сыккычтан өткөрөбүз.
2. Сырдалган мискейге даяр боткону салып, кайнагыча (кайнатпайбыз) отко коёбуз.
3. Эгер эт туурагычтан өткөрсөңүз, анда элекке салып терисинен жана данектеринен бөлүп алабыз.
4. Бөлүнгөн ширени сырдалган мискейге куюп, туз кошуп, 10-15 мүнөт үстүндөгү көбүгү кеткиче кайнатабыз.
5. Ширени алдын ала бууланган банкаларга куюп, капкакты жаап (толук бекитпейбиз), чуңкур идишке салып сыртынан 10-15 мүнөт кайнатабыз.
6. Банканын оозун бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

ӨЗ ШИРЕСИНДЕГИ ПОМИДОР
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банкага):
Помидор – 2 килограмм
Туз – 2,5 аш кашык
Кумшекер – 3 аш кашык
Помидор ширеси (2 килограмм помидор кетет) – 1,5 литр
Кара тоголок мурч – 5 даана
Лавр жалбырагы – 2 даана

Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду жууп, алдын ала бууланган банкага салабыз.
2. Банкага кайнаган сууну куюп, оозуна капкак жабабыз (толук бекитпейбиз).
3. Помидор ширесин даярдайбыз: Помидорду эт туурагычтан өткөрүп, татымына жараша туз, кумшекер кошуп, 15 мүнөт кайнатабыз.
4. Банкадагы сууну төгүп салып, ордуна помидор ширесин куябыз.
5. Банканын оозун бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

КЫЗЫКТУУ
1986-жылы АКШнын Эдмонд шаарынан Гордон Грэм аттуу адам 3 килограмм 510 грамм помидор өстүрүп «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген.
Испаниянын Буньоль шаарында августтун акыркы жумасында помидор майрамы белгиленет. Анда аянтка мамы орнотулуп, ал май менен шыбалат. Сынактын шарты боюнча, каалаган адам мамыга чыгып, мамынын башында илинип турган этти алып түшүшү керек. Бирок тегеректеп тургандар мамыга бара жаткан адамга помидорлорду ыргытып тоскоолдук жаратышат. Бул үчүн атайын бир нече тонна помидор алынып келинет.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
25.08.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ысырапчылык дегенди да конулго алыш керек!
25.08.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимге пайда кимге зыян!
25.08.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо кызыктар коп да
25.08.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
испанияга барып ойногум келип жатат
25.08.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курамында никотин бар деп уктум эле
26.08.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамат жасоо жонундо да маалымат бере кетсенер алдын ала рахмат
27.08.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысырапкерчилик.
28.08.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенещтер бар экен озгочо косметологияда.
29.08.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыы рахмат супер инфо супер гезит
30.08.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырыскыны тебелеп тепсо ашынгандык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо