ТОК УРУП ӨЛСӨ, ЧАГЫЛГАН ТИЙДИ ДЕШКЕН

№616 22-август-28-август, 2014-ж

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук РЭСинин Кажы-Сай аймактык бөлүмүнүн кызматкери Ишенбек Күсөгөн уулу 8-июлда токко урунуп каза болгон. Анын өлүмүнүн себебин Кажы-Сай аймактык РЭСинин кызматкерлери «чагылган түштү» деп билдиришкен. Бирок медициналык экспертизадан маркумдун ток уруп каза болгондугу аныкталган.

«ИНИМДИ ТОК УРГАНДА АЛ ЗЫМ КАРАГАЙДА САЛАҢДАП КАЛЫПТЫР»
Бир тууган инисинин өлүмүнө сыздаган БАКТЫГҮЛ ТАЗАБЕКОВА окуя туурасында төмөнкүлөргө токтолду
:
– Бир тууган иним Ишенбек Күсөгөн уулу 2009-жылы Тоң райондук РЭСинин Кажы-Сай бөлүмүнө электромонтёр болуп жумушка орношкон. Ушул жылдын 8-июль күнү Жайлообай деген бөлүм башчы, дагы башка кызматкерлер Жылуу-Булакка жумушка барышыптыр. Күндүзгү саат 2ден өткөндө светти өчүрүп, «саат 4кө чейин күйбөйт, чыга бер» деп инимди зым тартылган карагайга чыгарышат. 14:50 чамасында бир зым карагайды бүтүп, экинчисин оңдой баштаганда инимди ток уруп, ал карагайдын башында салаңдап калыптыр.
Алдын ала жардам деле көрсөтүшпөгөндөй. Инимди жерге түшүрүшүп, ооруканага алып барышыптыр. Өлүп калган аны ооруканага таштап, РЭСке барып, баары топтолуп шылтоолорду таап, кечки саат 5тен өтүп калганда келинчегине «чагылган тийип өлдү» деп кабарлашыптыр. Өлүмгө себепкер болуп, жөн эле жүрүшөт. Себеби РЭСте Жайлообектин өкүл атасы, кайын ата, кайын энеси иштейт. Мастер, башкы инженер, участканын жетекчиси баары кызматтарында отурат. Мени көрүшсө шылдыңдагансып күлүп өтүшөт. Медициналык экспертизадан өткөргөндө «ток урган» дешти. Бул иш боюнча комиссия түзүшүптүр, алардын курамын карасам, баары эле өздөрүнө караштуу адамдар экен. Кандай болгон күндө да жумуштагы шалаакылыгы үчүн жетекчиси жазага тартылышы керек эле.
Жумушун так билген адам болгондо эч качан мындай орой ката кылмак эмес. Бул кишинин шалаакылыгынын айынан каза болгон жалгыз менин иним эмес, көп адамдар ток уруп майып болуп отурат. Инимдин өмүрү башкага билинбегени менен, балдары, келинчеги, туугандары үчүн эмне деген баалуулук. Аны башына түшмөйүнчө эч ким сезбейт.

«ЖЕТИМ ӨСКӨНБҮЗ, ИНИМДИН БАЛДАРЫ ДА ЖЕТИМ КАЛДЫ»
– Инимдин артында аялы эки баласын кучактап кала берди. Атабыздан эрте айрылып, апабыз бизди пол жууп жүрүп баккан. Жетимдин күнүн жакшы билебиз. Эми инимдин балдары да жапжаш кезинде ошол күнгө кабылышты. Ишенбек 40 жашында өлүп калды. Кызы 9, уулу 7 жашта. Азыркыга чейин «атам кайда?» деп ыйлашат. Аларды көрүп отуруп жанында тынч тура албайт экенсиң. Үй-бүлөдө мен эле кызмын, калганы эркек балдар. «Жетим өссө да тартиптүү чоңоюшту» деп кубанчумун. Кандай болсо да үйдө эркек болсун, балдар ата тарбиясын алсын. Ата-энеден эрте айрылгандын Кудай бетин ары кылсын.
Ден соолугу таза, күлүп-жайнап эле жүргөн инимди шалаакылыгынан Кажы-Сай
РЭСинин жетекчилери өлтүрүп коюшту. Уялышпай кайра бизге «иниң наряды жок барган» дейт. Бутка кийип карагайга чыкчу темирди жетекчиликтин уруксаты менен гана алып, алардын көзөмөлүндө тапшырышат экен.

«БИЗДИ АЖЫРАШТЫРЫП ТЫНАСЫҢ ДЕЧҮМҮН, МЫНА ӨЛТҮРҮП ТЫНДЫ»
Маркум Ишенбек мырзанын жубайы МАХАБАТ КАСЫМАЛИЕВА жолдошунун жетекчиси кызматынан пайдаланып кол астында иштегендерди жеке жумуштарына да иштетип жүргөн дейт:
– Жолдошум РЭСте 5 жылдан бери иштейт. Ошол аралыкта үч жетекчи менен иштешти. Мурунку жетекчилеринин убагында жолдошум эртең менен 8де жумушка кетип, кечки саат 17:30да үйдө болуп калчу. Ал эми Жайлообай (ред.: Кажы-Сай аймактык РЭСинин жетекчиси) менен иштешип баштагандан бери түн жарымда келет. Бул боюнча анын өзүнө да айткам, «Жумуштан кийин коё бер, биздин үйдө да тиричилик бар. Мындай болсоң бизди ажыраштырып тынасың же өлтүрүп тынасың» дечүмүн, мына өлтүрүп тынды. Ал «силер өкмөттүн жумушун билбейсиңер» деп кутулчу. Үйүнө алып барып пайдубалын куйдурат, чөп чаптырып, аны жыйнатат. Атасынын машинасы бузулуп калса, жумушка барбай машина оңдогула дейт. Аялы балдары менен башка айылда калып калса, ошолорду барып алып кел дейт. Мына мен түшүнбөгөн өкмөттүн жумушу...
Жайлообайга караганда электр тармагын үйдө отурган мен жакшы түшүнөм. Жолдошум жокчулуктун айынан ошол жерде эле иштеп жүрдү. 2 ай кечиктирип айлыгын араң алышчу. Анда да «бир кызматкерди ток уруп майып болуптур, ага жардам көрсөтүш керек, комиссия келиптир, кой союп сыйлаш керек» деп эле кармап кала беришчү. Кажы-Сайда көп кабаттуу үйдө кайнагамдын үйүндө батирде турчубуз. Жолдошум каза болгондон кийин ал үйүн бизге берди.
Үйдө баары бир эркек киши болуусу керек экен. Эски курулуш болгондуктан канализация, суу деген жок. Сууну алыс жактан ташып келебиз. Ошонун баарына Ишенбек каралашчу. Мен жумушта, балдарым жаш, суунун жоктугунан ажаткана толуп калат, аны тазалай албай кыйналабыз. Подъездибизде бизден башка эч ким жок ээн болгондуктан аябай коркобуз. Жолдошумдун өлүмүн мага «чагылган тийди» деп алдашкандарына да ачуум келет. Ток урганда эле кабар беришсе жок дегенде акыркы көз ирмемдерин көрүп калат белем деп сыздайм. Өлүкканага алып барышкандан кийин кабар келди бизге.

«ТОК ЖОК БОЛЧУ, ЧАГЫЛГАН УРДУ ГО ДЕП ОЙЛОДУК»
Мындай маалыматтардан соң Тоң райондук РЭСинин, Кажы-Сай бөлүмүнүн башчысы ЖАЙЛООБАЙ мырзага телефон аркылуу байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Ал күнү Ишенбек байкенин жанында мен, бир электромонтёр жана электр колдонуучу бар болчу. Эжеси, аялы мени түшүнбөй, «күйгүзүп жибердиңер» деп күнөөлөп жатышат. Көмөк чордондон (подстанция) электрди өчүрүп берет. Диспетчердин өчтү деген кабарынан кийин биз ишти баштайбыз. Кайдан ток пайда болгонун биз деле билбей калдык. Бишкектен эксперттер келип баарын текшерип чыгышты. Алар да токтун кайдан пайда болгонун аныктай алышпады. Ток жок, эч ким жандырбаганынан бул кырсыктын себебин чагылгандан болду го деп ойлоп, ошол божомолубузду айткан элек. Бул нерсе менен биз аларды алдайлы деген эмеспиз.
Ал эми «жумуштан сырткары иштетчү» дегенине кошулбайм, мен бул айылда батирде жашасам кайдагы жумушума алып барып иштетмек элем? Ал киши менен достордой жакын элек. Нарядсыз барган дегени, ток линия менен өчөт, ошол учурда наряд жазышым керек эле. Менин күнөөм ошону жазбай калганымда. Бул иш боюнча райондук ИИБи, атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ар кимиси өздөрүнө тийиштүү жыйынтыгын чыгарышат. Мени да ушул ишке байланыштуу кызматымдан бошотушуп, азыр башка аймакта монтёр болуп иштеп жатам.
Кызмат учурунда каза болгон жаран туурасындагы чырдуу окуя боюнча эки тараптын тең оюн угуп, коомго чагылдырууга аракет кылдык. Жыйынтык чыккан соң бул окуяга дагы кайрылмакчыбыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
25.08.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"ток кайдан келгенин билбей калдык" деп уялбай, жаш баланы алдагансып айтканына куйосун да. Чагылган тушсо адамды кошуп, зым карагайды кулго айландырып салат. "наряд жазышым керек эле. куноом наряд жазбай калганымда" деп тушунуксуз созду айтыптыр, наряд жазылганда эмне ток урбай калат беле??? наряд жазылбаса да озу макулдук берип чыгарып жатат го. Бул жерде команда менен иштешпей, конкретно бир кызматкердин шалаакылыгы менен адам олуп жатат. эхх. чагылган имиш!!!!!! балдарын коруп эзилип кеттим.
25.08.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жайлообек мырза сиз башка аймакта монтер болуп иштебей,туалет тазалагыч болуп иштешиңиз керек болчу.
25.08.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
адам олуп жататго мал эмес эмне деген кайдыгерчилик ойлонсо боло озу деле чагылган тушсо ортоп кулго айланып калбайбы.эжеси менен аялын алдаса да Жаратканды кантип алдайт.Балдарын аяса боло
25.08.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Линияга чыкканда атайын чагылгандан сактоочу "ПЗ" деген бар,мин жолу чагылган линияга тушсо деле адамга зыяны тийбейт.Жайлообек ошону колдонууну буйрубаганы учун куноолуу.
25.08.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде,Жайлообек байкенин квалификациясынын начарлыгы болуп жатат.Техникалык мероприятияны толук аткарбаган.Наряда жок иштоого да болобу,линияны очургондо кылганда очуруу программасы аткарылбаган.Электричество катачылыкты кечирбейт.
25.08.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдары жетим калыптырда аттин.
25.08.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул жетекчини абака тыгыш керек ошол
26.08.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ажал келсе кайсы жерде болсода алып кетет балким бул агабыздын ажалы ушундайдыр.албетте балдары атасыз калганы окундурот.менин аяш атам да ушуга окшош себеп менен каза болгон
28.08.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
siezd, туура жайы жаннаттан болсун, уй булосуно сабыр берсин!(((((
27.08.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам боюнча, иш устундо олсо созсуз турдо жумуш беруучу тарабынан бир жолку жолок пул жана балдарына 18ге чыкканга чейин жолок пул толонулушу зарыл. Бирок бул жолок пулду алыш учун тонналаган документтерди топтош керек. Аны топтогуча убакыт отот. Анан соттошуш керек. Айтор бизде адамдан дагы, кагаз маанилуу!
27.08.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай озу жазалайт,ким куноолу болсо.
28.08.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура жайы жаннаттан болсун уй булосуно сабыр берсин!(((((
31.08.2014. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чагылган тушту дегени -ошол кундун аба-ырайы м-н деле далилденип калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо