Аскат Мусабеков, ырчы: «СҮЙҮҮ КЕЛСЕ СҮЙҮП КАЛУУДАН КОРКПОЙМ»

№616 22-август-28-август, 2014-ж

Калың элге «Махабатым», «Аруузатым», «Лейли» аттуу ырлары менен таанылган мукам үндүү Аскат Мусабеков бир караган адамга олбурлуу, салмактуу көрүнөт. Чыныгы жашоодо ырчы мырза жан дүйнөсү назик, бирөөнү таарынтып алуудан корккон, жапакеч адам. Сүйлөсө жай сүйлөгөн, ырдай келсе мукам үнү жанга жуккан ырчы менен жай отуруп маек курдук.

– Сөзүбүздү сиздин балалык кездеги чыгармачылык ышкыңыздан баштасак. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарында болгонуңузду укканым бар...
– Айлана-чөйрөнүн таасиринен уламбы, негедир чыгармачылыкка болгон кызыгуум эрте ойгонду. Жайлоодо кой-уй кайтарып, ат үстүндө обон салып чоңойдум. Азыр оор басырыктуу болгонум менен, бала кезимде шок элем. Жайында эшиктин алдына сүзмөнү калтага куюп илип коюшчу. Ошол калтаны ары-бери өтүп эме берер элем. Бир аз ойноп, кайра келип эмүүнү адат кылып алгам. Апам «кой, ал чаң» десе болчу эмесмин. Негедир сүзмөнү калтадан соруп ичкенди жактырчумун. Менин бул адатымдын айынан үйдөгүлөр сүзмө куйганда калтанын сыртын жууп коюшчу.
1-класстан тартып жакшы окуганга аракет кылдым. Мектептеги ар кандай маданий, спорттук иш-чаралардан калбай катышчумун. 1-класстан 10-класска чейин класстын президенти болдум. Комузга болгон кызыгуум артып, 7-класстан баштап комуз чертип, ырдай баштагам. Айыл жергесинде, табият коюнунда чоңойгондуктан фольклор жаатына ыктасам керек. Эгер шаарда өссөм башка жанрдын ырчысы болот белем... Окуучу кезимден баштап элдин көңүл борборунда болууну жакшы көрчүмүн.

– Көпчүлүктүн көңүл борборунда жүргөн жигитти кыздар сүйбөй койбосо керек. Биринчи сүйүүгө качан кабылдыңыз?
– Балалык сүйүү же жакшы көрүү дейбизби, бул нерсе менин да башымдан өткөн. Кат жазган учурда эки-үч сүйүү саптарын чиймелей салчумун, таппай калганда китептен көчүрүп алат элем. Сөз менен эле тим болбой жүрөктүн, гүлдүн сүрөтүн тартып, үч бурчтук кылып, сыртынан скотч менен ороп инилерибизден берип жиберчүбүз. 8-9-класстарда окуп жүргөндө мектеп парламенти түзүлдү. Мени маданият министри кылып шайлашкандыктан маданий иш-чараларды уюштуруп жүрдүм. Бир жолу Ыйык Валентин күнүнө карата кече болуп, «чоң класстарга кат жазгыла» дегенбиз. Концерт аяктаганда кат көп келген балдардын арасында өзүм дагы бар экенмин.

– Мектепти аяктагандан кийин ырчылыктан башка кесипти тандоону ойлонгон жоксузбу?
– Ырчы болгум келип, филармониянын астындагы студияга тапшыргам. Студенттик кезде эле ырдай баштадым. Аны аяктагандан кийин Улуттук консерваторияга тапшырдым. Менин ырдаганымды устатым Улукмырза Полотов көрүп урушкан. Себеби ал учурда үнүм калыпка салына элек болчу. Үнүм бир багытка салынганча 2-3 жыл талбай аракет жасап үнүмдүн үстүндө иштедим, окудум.
Айрым ырчылар ырчылыкты хобби катары көрүшөт. Ошол себептен жеңил ырларды жаратып «бир карын майды бир кумалак чиритет» болуп жатышат. Ырчылык менин жашоом, кесибим менен ырыскымды таап жеп жатам. Кудай канчалык өмүр берсе, ошончолук иштеп, артыма өлбөс из калтырып кетейин деген ниеттемин. Окуп жүргөндө Улуттук филармонияда иштөөнү кыялданчумун. Былтыр «Камбаркан» ансамблине солист болуп кабыл алындым.

– Чоң сахнага качан кадам таштадыңыз? Алгачкы эл алдына чыккан күн эсиңизде болсо керек?
– Өзүмдүн курактагылар менен сахнага чыккан бир башка, дасыккан ырчылар менен чыгуу такыр башка нерсе. Мурун ар кандай сынактарга чыгып ырдап жүргөндө көп деле байкачу эмесмин. Биринчи жолу Сыймык Бейшекеевдин концертинде чыктым. Ошондогу сезим эсимден кетпейт. Сахнага чыкканда буу чыгарып, жаркылдатып жарыкты коюп салды. Элди деле жакшы көрбөйм. Айтор, бат эле ырдап чыгып кеткендей болдум.

– Элдин кишиси болгондон кийин көп сын айтылат. Сынга кандай карайсыз?
– Сын адамды өстүрөт, андыктан көз карашым түз. Айтылган сынды угуп, өсүш жасаш керек. Түгөлбай Казаковдун «чыгармачыл адам кээ бирөөлөргө акылдуу, кай бирлерге апенди көрүнөт. Чыгармасын баласын коруган энедей коруган адам гана чыгармачылык чыйыр жол сала алат» деген жакшы сөзү бар. Анын сыңары биз дагы кээ бирөөлөргө акылдуу же акмак көрүнүшүбүз мүмкүн. Музыкалык билимим бар, дүңгүрөгөн ырчы болбосом да, өз ордум менен келе жатам. Жашоодобу, чыгармачылыктабы, бир жолу кетирген катамды экинчи ирет кайталабаганга аракет кылам. Менин чыгармачылыгыма терс көз карашка караганда жакшы сөздөрдү көбүрөөк угам.

– Чыгармачыл жолдун баары даңгыр, түз кете бербейт. Бир учурларда чыгармачылык каатчылыкка кабылуу болбой койбойт...
– Ушул нерседен мен дагы коркуп келем. Ошондуктан талбай изденип, жаңы ыр-клиптерди жаздырып жатам. Концертимди жыл сайын берүүгө аракет кылам. 19 жашымдан тарта өзүмдү ар тараптан сынадым. Телевидениеге барып иштешим керек деп балдар берүүсүн алып бардым. Радио жаатында өзүмдү сынап көрүү үчүн радиого репортаж жасап келген күндөрүм болду. Бир учурда гезитте иштешим керек деп «Кыргыз туусуна» макала жаздым. Көкүрөктөгү ой толгоолорумду жазып, ырларды чиймелеп «Супер-Инфого» иштейин деген учурларым болду. Буйрук экен, мен өзүмдү ырчылыктан таптым.

– Сыртыңыздан олуттуу көрүнгөнүңүз менен, жан дүйнөңүз назик өңдөнөт?..
– Башымдан көп нерсе өткөндүр, балким, эч нерсе өтө электир. Жашоодо эч ким менен урушкум келбейт. Таарынышып кетсем жүрөгүм ооруп кыйналып кетем. Жашоодо сен мага тийбе, мен сага тийбейм деген принципте жашап келем. Капысынан бирөө менен урушуп алчу болсом, кыйнала берем. Телефон аркылуу бирөөдөн жаман сөз уксам, «эмне үчүн бул сөздү айтты, айтпай эле койсо болбойт беле?» деп өзүмө өзүм суроо сала берем.

– Бир акындын «жазыш үчүн, ырдаш үчүн сүйүп туруу керек» деген сөзү бар. Башка сүйүүнү кезиктирип калуудан коркпойсузбу?
– Бул сөздү чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсүнө карап айтса керек. Сүйүү келсе сүйүп калуудан коркпойм. Ар кандай жагдайлар түзүлөт. Көрүнгөндү эле сүйүш керек деп сүйө берсек сүйүүнүн кадыры кетип калат.

– Бирөө билип айтса, кай бирлер болжоп айтышат. Негедир сиздин артыңыздан "жубайы менен ажырашып кетиптир" деген сөз көп ээрчийт?..
– Ар бир адамдын жеке жашоосу бар. Мен жеке жашоом тууралуу эч нерсе айтпайм.

– Ажырашып кетиптир дегендерге жообуңуз жокпу?
– Комментарий бербейм, дегендер дей беришсин.

«Карышкырдын мыйзамы» тасмасынын эпизоддук ролуна тартылып жаткан учур».

«Жумуштан чарчап барганда балдарымды жыттап алсам жарпым жазылат».

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Гезитке иштейм деп "Супер-Инфого" келгем" дейт Аскат Мусабеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
23.08.2014. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур, чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
23.08.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй-булоолук бакыт балдарына жакшы жашоо ишине ийгилик бар болунуз.
SUPER.KG видео
23.08.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Чын эле ажырашып кетишкен окшойт. Кайра жарашкыла эми.
SUPER.KG видео
23.08.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат ишине ийгилик
25.08.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты инсандар. Мыкты ырчылар. Ушуларды ырчы десе болот. Онорунуз оркутдой берсин Аскат ага
25.08.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле ырчылардын жеке жашоосун сурап туруп аласынар?
25.08.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жубайы экоо кармашкан колдору узулбой туболугу туз болсун, кыз десе кыз уул десе уулу бар экен
25.08.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейли деген ыры аябай жагат.
25.08.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскат биз сиз м.н сыймыктанабыз.
25.08.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары голосу сооонун!
25.08.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айткан созуно караганда уй булоосундо че та нито окшойт болбосо так секирмек да
25.08.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушак кептер жон тарабайт эмеспи, неси болсо дагы уй-булосу менен бирге ынтымакта омур сурсун
25.08.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калуудан ким корксун. Гулжигит Сатыбеков менен Омарга окшоп жашыруун уйбуло куруп албасаныз эле болду.
SUPER.KG видео
25.08.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур чыгармачыл ийгилик сизге
25.08.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротто баласы аябай сооонууун екен,менин балама окшошуп кетет екен болбойуп.
26.08.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары уккулуктуу.
26.08.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик чыгармачылык, талантынызга таазим. Дагы да коптогон ырларды жарата бериниз... Негизи таланттуу адамды таланттуу деп айтыш керек. Окул атасы экооно соз жок, соонун адамдар... Элдин алкышына татып эле журо бериниздер.. Келечегиненр кен болуп, алдыда залкар ырчылардын катарын толуктагыла.
26.08.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар уйлонуптурбу? Эмнеге ушитип жашырышат билбейм.
26.08.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интервюну коргон жокмун бирок коммент таштай кетейин дедим. Супер инфонун тамаша торунда аялын кызганганып врачка корсотпой койгонуна тан калгам. Тушунугу ххх экен. Аял болуш мындай адамга кыйын болуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.08.2014 13:36
26.08.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat, кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
26.08.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiuu kelse suiup kaludan ka4paim deitko, jakwynakai 2 balasy, ayaly tursa,toboo. Tarynywyp ketsem jurogum oorup kyinalam deit birok jooptoru kyzyktai... Mumkun toi, poilordon kyzdar menen tanywat, anan ayaly kyzganat j.b uwul syiaktuu nerselerdin aiynan uruw 4yksa kerek uiundo... je ayaly na4ar kim bilet, degi jakwy oilongula, ajyrawpaganga araket kylgyla, baktyluu bolgula!!!
SUPER.KG видео
27.08.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uul,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
29.08.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле ажырашып кетишкен окшойт. Фейсбукта суроттору статустары жок го. Супер инфо Залинадан сурасанар айтса керек.
29.08.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын гооо дейм ушакты сыр тутканына караганда, аябай кызганчак эркек экен го ошого чыдаган эмес го
30.08.2014. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э ушулар тажатты, кичинемден баштап ырдап, анан шок элем, класста эн жакшы окуйт элем. дегендер.
30.08.2014. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаттап алгандай, жанакындай ы кол чаап койгула. жаштар барбызбы. суйгонум жок. ушундай дежур создор акыркы мезгилде тажатты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо