№616 22-август-28-август, 2014-ж

«Супер сулуу-2009» сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева социалдык тармактагы өздүк баракчасына келишимдүү жигит менен кучакташып, эркелешкен сүрөттөрүн жүктөгөн. Сүрөткө калтырылган «силер кыз-жигитсиңерби?» деген комментарийге моделдин «ооба» деп жооп бергени көпчүлүктүн күмөн оюн чындыкка жакындатты. Маалыматты тактоо үчүн Жамиляга байланышканыбызда, ал: «Ооба, Тауекел Мусилим экөөбүз сүйлөшчүбүз, бирок учурда кыз-жигит эмеспиз. Ал белгилүү казакстандык актёр, алып баруучу жана модель. Жакын арада ырдап чыгам деген пландары бар. Ал Казакстанда, мен Кыргызстанда, аралыктын алыстыгына байланыштуу мамилебиз уланбай калды. Анын жумуштан колу бошобойт, мен болсо Испанияга окууга кетем. Азыр дос дагы, кыз-жигит да эмеспиз»,- деп жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Эскертүү!
Эскертүү! Билдирүүңүз өчүрүлдү.