Фотороман… ЭНЕ ТИЛЕГИ

№616 22-август-28-август, 2014-ж

Мурунку сандарыбызда куудул ЖАКУТ СЫДЫКОВдун бакма бала болуп чоңойгондугун, кийин ырчы болом деп шаарга келип, батирде жашап, кожоюндун кызын сүйүп, ага үйлөнгөндүгүн баяндаган элек.

Алладан сурап тапкансыз,
Алдейлеп мени баккансыз.
Уйкусуз жашап уулум деп,
Аз эле кирпик каккансыз.

Айылда жалгыз апакем,
Асырап алган жан элем.
«Алдыңа кетейиним» деп,
Ал кезде, апа, бар элең.

Айрылган кезде ыйлагам,
Анда да сизди кыйнагам.
Кечигип баарын кеч билдим,
Кечиргин, апа, суранам.

Апа деп сизди тааныгам,
Апаке, сизди сагынам.
Бар кезде баркың билбеген,
Эң жаман экен баарынан.

Азыркы жайың караңгы,
Ага мен чырак жагамбы?
Үзүлдүң эле уулум деп,
Үмүтүң актай аламбы?

Кечиргин эрке балаңды,
Тынчытпайт элем санааңды.
Акырет күнү жолуксак,
Жүзүңдү карай аламбы?

Апаке, карап сүрөтүң,
Арманда жүрөм, билесиң.
Мен сизге дуба кылууга,
Меккеге баруу – ниетим.

Бейиштин кандай экенин,
Билгиңер келет нечениң.
Энеге кызмат кылгандар,
Көрүшөт кандай экенин.

Бейиш дейт эне таманы,
Энелер сүйөт баланы.
Биз болсо тирүү кезинде
Урматтап-сыйлап алалы.

Батасын алып эненин,
Бейишке бирге баралы.

P.S. Фотороман чыныгы окуянын негизинде тартылды. Фотороманда баяндалган окуя актёр, актрисалардын жеке жашоосуна тиешеси жок.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(2)
25.08.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тушунсом олойун!
25.08.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сооонун саптар, ишинизге ийгилик бактылуу болунуз уй- булонуз м.н
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо