№616 22-август-28-август, 2014-ж

Жакында ырчы Айпери Кубик кызы күйөрмандарына өзгөчө клип тартуулады. Анда Айпери кан соргучтун кейпин кийип, асманда учат. Мындай оригиналдуу клип тууралуу ырчы айым менен маек курдук.
Тартылган жери – Бишкек шаарынын чети
Убактысы – 4 мүнөт 51 секунд
Сарпталган каражат – 5000 доллар
Башкы каармандар – Айпери Кубик кызы, Максат Орозумбетов
Режиссёру – Кубат Шамшиев.
Тартуу иштери 2 күнгө созулган
– Айпери, клиптин идеясы «Күүгүм» тасмасын сүйгөн адамдыкы окшойт, ээ?
– Идея клиптин режиссёруна таандык. Алгач эч кандай кан соргучтун кейпин кийбей эле, узун столдо кыз менен бала отуруп алып бири-бирин карай учушмак. Ойлонуп көрсөк, учканга жараша кан соргуч болуп учуш керек экен (күлүп).
– Клипке айтылган комментарийлердин арасында «Каныкейдин стилин туураптыр» дегендери да болууда...
– Ырдын стили – альтернативдүү рок. А рок стилинде ырдагандардын кийимдери дээрлик окшош болот. Болгону, буга чейин бул стиль Каныкей эже аркылуу элге жетип калбадыбы. Негизи, рокту ал жараткан эмес да? Мурун деле «Эпос» аттуу рок тобу бар болчу. Болгону, ал учурда элибиз аны кабыл албай койгон. Ар бир көрөрман менин клибимди өзүнүн дүйнө таануу деңгээлине жараша кабыл алат. Мен ырчы катары жаңы образда өзүмдү сынап көрдүм.
– Мындай образды жаратып жатып коркуу сезими жаралбадыбы?
– Элестетсең, түнкү саат үч, шаардын чети, токой... Анан Максат экөөбүз дарактын башында кан соргучтун кейпин кийип алып асылып турабыз. Чынын айтсам, бир учурда өзүмдөн өзүм коркуп кетип жаттым. Бирок жаңычылдык жаратпадыкпы. Буга чейин эч бир ырчы мындай сюжеттеги клип тарткан эмес. Минтип адамдарды да учурбаган. Акыркы учурда клиптердин баары окшош, кайталанма болуп кетти.
– Өзгөчө клип менен көрөрмандарга эмнени жеткиргиңиз келди?
– Бул клиптин тамырында баягы эле сүйүү жатат. «Эркек сүйсө алат» деген кеп бар эмеспи. Ошонун сыңарындай, кан соргуч эмес ким болсоң да, кечирилгис ката кетирсең, эркек киши сүйсө баарына чыдайт жана сенин жаныңда болот деген ойду жеткирейин дегем. Менин оюмча, ойлогон оюм ишке ашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
25
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=23199
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз: http://www.super.kg/media/video/125051/
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Kanikeyden bawka duynodo rock yrdagan jokbu dep oilonup kaldim))) negizi bul yr tolugu mn rock stiline kirbese da...