Арман:«ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАГАНЫМА ӨКҮНБӨЙМ»

№616 22-август-28-август, 2014-ж

Cахнага жарк деп чыгып, жалп өчкөн таланттуулар көп. Бүгүнкү коногубуз «мындан 2 жыл мурун Бишкектин көчөлөрүндө эркин баса албай калган элем, учурда мени бир аз унутушуптур» дейт. Акыркы жылдары Москвада иштеп жүргөн ырчы Арман август айында эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине келип, кеңсебизге баш багып кетти. Кеп нугун «Break up», «Sexy-sexy», «Сенсиз мага» деген белгилүү ырлардын аткаруучусу Арман өзү уласын.

– Салам, Арман. Акыркы жылдары Орусияда эмгектенип жүрөсүң, чыгармачылыкты да ошол жактан улантам дедиң эле?
– Саламатсыздарбы? Ооба, чыгармачылыгымды улантам дегем. Акыркы жолу «Сенсиз мага» деген ырыма клип тарттырдым. Дагы бир-эки чыгарма жаздырып ырчылык карьерамды жыйынтыктайын деп жатам. Негизи, ырчылык менен жөн гана хобби катары алектенчүмүн. «Сен таланттуусуң, ырчылыкты улантып кет» деп айткандар болууда. Бирок мен башка жолду тандадым.

– Кызык, сени ырчылыктан баш тарттырган кандай жол болду экен?
– Ислам жолун тандадым. Шариятта ырдоо күнөө катары эсептелет эмеспи, мен буга чейин туура эмес ырларды ырдап, клиптерди тартып жаштык кылып коюпмун. Катамды оңдоо али кеч эмес, андыктан ырчылык менен болбосо да, элге көбүрөөк пайдасын тийгизе турган кино тармагына аралашсамбы деп жатам. Ырчылыкты таштаганыма өкүнбөйм, анын ордун баса турган башка тармакка ыктап жатам. Адамдарды таалим-тарбия, тартипке чакырган таасирдүү тасма тарткым келет. Мен 18 жашымда медреседе билим алгам, андыктан дин тууралуу түшүнүгүм кенен эле.

– Кыргызстанга жакында эле учуп келипсиң, 2 жылдын ичинде шаар өзгөрүптүрбү?
– Учакта учуп бара жатканда эле кайсы шаар кандай экени билинет. Мисалы, Москва шаарын үстүнөн карасаң, көз жоосун алган бийик имараттардын жарыгы күнү-түнү күйүп турат. Ал эми Бишкекти карасаң, бирин-серин жарыктар көзгө урунбаса, дээрлик караңгы.
Келгенден бери маршруттук таксилерде жүрөм. Бир нерсени байкадым, башкаларга салыштырмалуу биздин элге бир аз маданият жетишпейт. Сүйлөө, кийинүү, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданиятынын жоктугу аябай билинет экен. Анан бири-бирибизге өтө орой мамиле кылабыз. Бизде биримдик, ынтымак жок. Алсак, Москвада башка улуттар алыстан учурашып, бири-бирине болушуп турушат. Биздин кыргыздар башка улуттар менен эмес, бири-бири менен эле мушташа беришет, кыргыздын кыргызга эле алы жетет.

– Орусияда эмне иш кыласың?
– Москвада Федералдык миграция кызматында иштейм. Туристтерге документ, мигранттарга жумушка уруксат кагазын жасап беребиз. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгып, атайын апамды көргөнү келгем. Азыр үйдө апама эркелеп жатам.

– Сыртыңдан аябай назик жигит көрүнөсүң?
– Сыртымдан ошондой көрүнүшүм мүмкүн, бирок ичимден катаал элемин. Назик болгонум атасыз өскөндүгүмдөн да болсо керек. Анткени атам кичинемде эле каза болуп, иним экөөбүздү апам чоңойткон. Ошон үчүн да апама аябай жакынмын.

– Улутуңа көп кызыгышса керек?
– Орустарга кыргызсыңбы, казаксыңбы баары бир, баарыбызды азиат улутундагылар дешет. Өзүм иштеген мекемеде жалгыз кыргызмын. Анан да орустар дүйнөдөгү акыркы окуялардан кийин мигранттарга болгон мамилесин бир аз жумшарткан.

– Качан апаңдын колун узартып келиндүү кылайын деп жатасың?
– Буюрса, бир жылдан кийин үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым бар, бирок ага үйлөнөмбү, жокпу, Кудай билет. Бир жылда эмнелер гана өзгөрбөйт. Негизи, жеке жашоого деле убакыт бөлгөнгө чамам келбей калат. Убакыт ушундай бат өтөт, чоң шаарда ар бир мүнөтүң акча менен эсептелет.

– Өзүңдү кандай кыздардан алыс тутасың?
– Жаман кыз болбойт, кыздардын баары жакшы. Мисалы, мырзалар кыздарды алдашат, ичимдик ичирип өз максатына жетүүнү каалашат. Кыздар бузулуп кетти дешет, аны бузган ким? Ошондой мырзалар ал кыздын ордуна өзүнүн жакынын же карындашын коюп көрсө жакшы болмок.

– Кыргыз ырчыларынын жаңы ыр-клиптерин көрүп баам салып турсаң керек?
– Ооба, SUPER.KG порталынан кыргыз ырчыларынын жаңы ырларын угуп, клиптерин көрүп турам. Биздин шоу-бизнесте жаңычылдык, өзгөчөлүк жок, мурункудай эле. Тескерисинче, ырлардын деңгээли мурункуга караганда төмөн түшүп кеткендей туюлду. Кыргыз эстрадасы учурда жаңы агымга муктаж. Муун алмашып башкача ой жүгүрткөн, үнү, таланты бар жаштардын агымы келсе жакшы болот эле. Анткени ырлар деле, клиптер деле бири-бирине окшошуп бара жатат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(37)
25.08.2014. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
азамат , исламды тандап туура кыласын, бул ар бир мусулмандын парзы, ошону тушунгонуно Аллах ыраазы болсун.Аминь!
25.08.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ырчылык колумдан келбеди. деп эле айт
25.08.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mahabat., ушинтип эле жарга такап турасынарда .Башка ырчыларга салыштырмалуу уну ,он келбети мактаарлык,чыгармачылыгын улантса бир топ ийгиликтерге жетишээри анык эле.Башка тармакты тандап кетсе ,ал озунун чечими ,озунун жашоосу!!!
25.08.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лааааапочка! Аябай жакшы бала ))
25.08.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыныгы мырзанын созун суйлоптур !!!Кыздар жонундо айткан оюн , ар бир жигиттен уга бербейсин .Ушундай ою туз ,кыздарды,апа эжесин сыйлаган кыргыз жигиттерибиз кобойо берсин !!
26.08.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak_gulum, оюмдагыны жазыпсын, аял затын аяныздарчы МЫРЗАЛАР!
25.08.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек бериптир.туура айтыптыр баарын.
25.08.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат,ислам учун ырчылыкты ташташ ар кимдин эле колунан келе бербейт
25.08.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энрикени туурап журо бергиче ФМСте кыргыз элине кызмат кыл. Кудай жолунду ачсын.
25.08.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, эн туура жолду тандапсыз. Сизге окшогон кыргыз жигиттери кобойо берсин. Иншаллах!!!
25.08.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргыздар жонундо туура айтыптыр. Мен Кыргызтсанга барган сайын шок болуп келем.
Бул жерден да кыргыздар менен жолуккум келбейт. Тарбия бербейт экен кыргыздарда ата-энелери, балдарына башка адамдар менен кандай мамиле кылыш керектигин айтпайт. Озулору да улгу боло албайт.
06.09.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allkill, созунузго кошулам мен да шок болуп келдим базарларга барсан малды турткондой эле туртуп отуп кетишет...
25.08.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура суйлоптур! Биздин эл абдан эле карангы.
25.08.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун маек. Туура айтыптыр, кыргыздар кыргызга гана алы жетет. Бул жактан барсан, таксиге отурайын десен биринен отуп бири талашат жапайычылык.Туну кондук эле Шаарда жолдор карангы.
25.08.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Bul yr4yny taanybait ekem. Bawka mamleketke 4ygyp allaany estep kalyptyrgo.
26.08.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oceana, Bashka mamlekette Allax jok beken
26.08.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Armanga kowulam, een tuura aitkan baaryn jana kino tartpai ele akter bolchu, saga jarawat!!! allkill sagada kowulam )))
26.08.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ыйман жолуна тушуп туура кылыпсын секси секси деп энрики иглесиасты туураганча ар бир адам озуо жарашкан жана колунан келген нерс
26.08.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нерсени кылганы он
27.08.2014. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ма ша Аллах. Аллахым ыраазы болсун, дагы бир бир тууганыбыз дин жолуна тушуптур.
27.08.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маеги аябай жакты, ачык эч кандай жасалмасы жок.
27.08.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын ушунан кайтпа аллах ыраазы болсун кыргыз элибиз жонундо эн туура айткан мен мисалы туну бишкекте кичине коркуп журом эгер озум болсом а моссквада анчалык коркуу сезим болбойт
28.08.2014. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жигит аябай назик, мен ххх деп ойлоп жүрчүмүн көрсө атасыз өскөн турбайбы,дин жолун тандаганын жакшы бирок өтө фанат болуп кетпе, сакал коюп арабдардын шалбарларын кийип,дин жолунда түшкөндө кыргызча эле кийингилечи айланайындар, качан эле ата-баба,энелерибиз шалбар, хиджаб кийинишчү эле...
Модератор admin_superstan түзөттү 28.08.2014 09:47
28.08.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bela77, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
06.09.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bela77, оюнуз жаман экен!
28.08.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"...кеңсебизге баш багып кетти"
Ырчылыкты таштаса, анда эмнеге гезитке маек берип, кеңсеге баш багып жүрөт болду экен... Жаңылыгы менен бөлүшүү үчүнбү, аны расмий жарыялоо үчүнбү... Менимче, таланты ташкындап турса, баары бир таштай албайт,деги эле таштоо зарылбы, эгер эл анын ырын уккусу келип, анын ырына суусап турса.Ортозаар, чабал аткаруучулар таштабаска аргасы жок болот да, аны эч ким укпаса, жак
28.08.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"...кеңсебизге баш багып кетти"
Ырчылыкты таштаса, анда эмнеге гезитке маек берип, кеңсеге баш багып жүрөт болду экен... Жаңылыгы менен бөлүшүү үчүнбү, аны расмий жарыялоо үчүнбү... Менимче, таланты ташкындап турса, баары бир таштай албайт,деги эле таштоо зарылбы, эгер эл анын ырын уккусу келип, анын ырына суусап турса.Ортозаар, чабал аткаруучулар таштабаска аргасы жок болот да, аны эч ким укпаса, жак
28.08.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арман башка тармактан өзүн сынайт экен, кайда болсо да ийгилик жарата берсин.
28.08.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Кеңсебизге баш багып кетти"...
Ырчылыкты таштаса, анда эмнеге гезитке маек берип, кеңседе жүрөт... Жаңылыгы менен бөлүшүү үчүнбү, аны расмий жарыялоо үчүнбү...
Кайсы тармакта болсо да ийгилик жарата берсин эми...
30.08.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри, "Кенсебизге баш багып кетти" -дегени ал супер инфого келип менден интервью алгыла дегени эмес. Армандын жергебизге келгенин угуп, супер инфо интервьюга чакырганын, учурдагы коз карашы, пландары мн ой болушту дегени. Эч бир ырчы озу келгенин уккан эмеспиз интервьюга, чакыруу мн гана атайын убактын болуп келип берет. Элге таанымал, маданиятка салым кошкондордон интервью албай анан сиз мн бизден алмак беле?!
29.08.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АРМАН кыргызымдын чыныгы жигити екен исламды дандады еки дуйно бактылу болсун ийгилик
30.08.2014. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун ен туура жол ананда чындыгында бизге кичине онугуу керек
06.09.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жолуна отконун жакшы. Бирок кыргыздар жонундо андай соз айтыштын кереги жок беле дегеним. Себеби ошол маданияты, ынтымагы жок кыргыз сенда болуп жатпайсынбы.
06.09.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мен аябай кубанып калдым негизи бул жашоо бизге сыноо Аллах сени Ислам жолунан чыгарбасын ийгилик эки дуйно бактылуулук каалайм жакшы жигит! адамгерчиликтуу. характери аябай соонун жигит !Аллах ыраазы болсун!
06.09.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мен аябай кубанып калдым негизи бул жашоо бизге сыноо Аллах сени Ислам жолунан чыгарбасын ийгилик эки дуйно бактылуулук каалайм жакшы жигит! адамгерчиликтуу. характери аябай соонун жигит !Аллах ыраазы болсун!
06.09.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мен аябай кубанып калдым негизи бул жашоо бизге сыноо Аллах сени Ислам жолунан чыгарбасын ийгилик эки дуйно бактылуулук каалайм жакшы жигит! адамгерчиликтуу. характери аябай соонун жигит !Аллах ыраазы болсун!
06.09.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мен аябай кубанып калдым негизи бул жашоо бизге сыноо Аллах сени Ислам жолунан чыгарбасын ийгилик эки дуйно бактылуулук каалайм жакшы жигит! адамгерчиликтуу. характери аябай соонун жигит !Аллах ыраазы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо