«АСКЕРГЕ БАРЫП МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫМ»

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

Аскердик кызматын өтөп келүү кайсы бир деңгээлде өзүнчө сыймык эмеспи. Бирок азыр мөөнөтү бүткөнчө ашканада жашылча тазалап, улуулардын ур-токмогуна алынып жүрүп эптеп мөөнөтүн өткөрүп келишерин угуп жүрөбүз.Төмөндөгү Аскар аттуу 19 жашар жигит ал жактагы жашоо тууралуу кеп кылып, ур-токмоктон улам майып болуп калганын айтат.

«БАРГАН КҮНҮ ЭЛЕ ООРУКАНАГА ТҮШТҮМ»
– Ушул жылдын 12-май күнү Бишкектеги №702-аскер бөлүгүнө түштүм. Ага чейин деле улуу чакырыктагы аскерлердин ар түрдүү «фокус» көрсөтө тургандыктарын угуп жүрчүмүн. 5-6 балага кошуп, чачыбызды бир эле устара менен, лезвиесин алмаштырбай эле канталатып алып салышты. Кеч кирди, жатып уктап калыптырбыз. Бир убакта бир нече жигит кирип келип, колго тийгенин муштап, сабап жатып калышты. Аңгыча эле бирөө үстүмө буту менен чыгып алып, 3-4 ирет секирип жиберди.
Эртең менен ичим такыр чыдатпай ооруганынан дааратканага барып, заара кыла албай койдум. Ошол жерден жыгылып калыптырмын. Мени аскер бөлүгүнүн дарыгери Талант Наматовго алып барышыптыр. «Тез жардам» чакырып, алар мага ооруну басаңдатуучу дары сайып, Республикалык хирургиялык борборго алып барып жаткырышты.
Хирургия борборунан дарыгерлерге заара кыла албай калганымды айттым. Ошол учурда Талант Наматов жана мени жаракатка кабылткан Нуралы Эркинбеков дагы жүрүшкөн. Борбордун дарыгерлеринин баарына эле менин аскер кызматын өтөгүм келбей жатканын айтышып «бул бала өзүн-өзү көк ала кылды» деп жатышты. Дарыгерлер «телефон колдонгонго болбойт, дароо операцияга кир» деп, мага «операцияга макулмун» деген тил катты жаздырып, ишти башташты.
Операциядан кийин палатага которушуп, аскер бөлүгүнөн келгендер үйдөгүлөргө байланышууга мүмкүндүк бербей аңдып туруп алышты. Эртеси ийне сайганы келген бейтааныш медайым «кароолчулар» жокто телефонун бергенде апама чалып, операция болгонумду жана даректи айтканга үлгүрдүм.

Жабырлануучу Аскар Айтбек уулунун апасы Максат Өскөнбаева: «ӨЗҮ ИЧИН ЖАРЫП ӨЛДҮ ДЕП КОЮШМАК ОКШОЙТ»
– Аскар жалгыз уулум. Мындан кийин 3 кызым бар, өзүм жалгыз бой энемин. Балдарымдын атасы өзүнчө жашайт. Аскар аскерден ата тарбиясын алып, бышып келсин деп өз каалоосуна каршы болбой жибергем. Азыр оң бутун сүйрөп, сылтып басат. Бир нече ирет заара кармай албай, ушатып койгон да учурлары болду. Анан калса азыр уулумду аскер комиссариатынан кайра-кайра «оорусунан айыкса кызматын өтөөнү улантсын» деп келип жатышат. Ичине эмне операция жасашып, эмнесин кесип салышты, билбейбиз. Эгер медайым балама телефон бербесе, ичин жарып кайра тигип, госпиталына сүйрөп барып салмак окшойт. Кудай сактасын, бир нерсе болсо «кызмат өтөгүсү келбей жаткан, өзүнүн ичин өзү жарып өлдү» деп чыгарып берип коюшмак окшойт.

Жабырлануучунун жактоочусу Динара Медетова төмөнкүлөрдү билдирди: «АСКАРДЫКЫНДАЙ ОКУЯЛАР КӨП»
– Аскер кызматына барып бирок, кызматын аягына чейин өтөй алышпай токмоктолуп же каза таап калган аскерлер көбөйүп баратат. Менин ишимде эле бир нечеси каралып жатат. Аскарды ушундай абалга алып келген адам жазасын алыш керек. Себеби адамдын өмүрүнө кол салынып, анын денесине жаракат келтирилип жатат. Азыр аскер прокуратурасына арыз жаздык. Жыйынтыгы кандай болорун тергөө аныктайт деңизчи, бирок кооптоно турган нерсе, бардык иш экспертизанын жыйынтыгын кароо менен башталып, ошого жараша негизделет жана корутунду чыгарылат. Ал эми экспертиза баланын оор абалын жашырууга далалат жасап, улам бир текшерүүгө алган сайын мурункусунун жыйынтыгындагы ооруну жокко чыгарып жүрүп отурган. Азыр кылмыш ишин козгогонго негиз жок деген жыйынтыкка келишиптир. Аскер прокуратурасы чыгарган корутундуга жараша өзүмдүн да далилдеримди кошуп, андан аркы процесстерди уланта бермекчибиз.

«АСКЕР КЫЗМАТЫН УЛАНТУУСУ КЕРЕК»
Аскар кызмат өтөгөн Ички аскер бөлүгү Улуттук гвардиянын курамына кошулган. Улуттук гвардиянын басма сөз катчысы ТААЛАЙБЕК МЫРЗАБАЕВ бул жерде чуулуу нерсе жок деп эсептейт:
– Катардагы жоокер Аскар Айтбек уулу 12-майда 702-аскер бөлүгүнө Ленин райондук аскер комиссариатынан барган. Ал жерден аскердик антын бере электе эле ушундай окуяга туш болуп, аскер бөлүгүнөн 1 айлык мөөнөттөгү өргүү алып, дарыланууга жиберилген. Ага улуттук госпиталдан дарыланууга шарт түзүп берели десек ал жакка ишенбей, учурда ар кайсы жакта стационардык дарыланууда болуп жатат. Мыйзам боюнча жоокер улуттук госпиталда дарыланып, аскердик дарыгерлер комиссиясынан текшерүүдөн өткөрүлүп, алар чыгарып берген чечим менен гана кызмат өтөөнү улантуу керекпи же жокпу аныкталышы керек. Өзү барып ошол жактан таза же оорулуу деген маалым кат алып келсе, анан ошого жараша аракет кылат элек. Мыйзам деген мыйзам, Айтбек уулуна 3 ирет өргүүсүн узартып бердик. Тиешелүү маалым каты болбогондон кийин мыйзам боюнча кызматты улантуусу керек. Эгер дагы деле аскерге келбей же өзүнүн ден соолугу тууралуу маалымат берүүчү документтерин толуктоого мүмкүндүк бербесе, анда аскер прокуратурасына тиешелүү берененин негизинде арыз жазып, чара көрүүгө Улуттук гвардиянын укугу бар.

Улуттук гвардия жабырлануучу тарапка 25 миң сом жана Эркинбековдун туугандары 1000 АКШ долларын бергенин Аскардын апасы билдирди.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(28)
01.09.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай адамдар бээ куно адамды сабай беришет.Байкуш бала
01.09.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Krda kaisy.zakongo iwense bolot.degi aitkyla4y dostor.?slujbaga barbai ele koigonu on.eger bara turgan.bolso bul jigitti tribunalga jiberip salywat.
01.09.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
урдум ушундай армияны!
01.09.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армияга мамасы эмнеге жиберди? Жалгыз балам деп алып калса болмок.
01.09.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш бала ,кудай дазасын берсин кунолуулордун
02.09.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ппц кыргыз калкым бири бирибизди кырып жок кылат окшойбуз))))))
02.09.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барыш керек армияга
02.09.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
erlan.90, Сен барып майып болгонунда корот элем кандай суйлоорунду? Уйдун жалгыз уулу майып болуп отурса ал апасын, карындаштарын баккандын ордуна озу аларга жук болуп отурат жазыксыз жеринен... Армиянын мактагандар акылсыз деп ойлойм, анткени армияда мактанаарлык эч нерсе калбады. Армия илгеркидей патриоттулуктун, кужурмон кайраттын символунан кыйноо, азап-кордук, унижениянын символуна айланды... Акылынар болсо барбагыла армияга, барманар майып болсонор наалатынарды озунорго айткыла...
02.09.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
армия бул турмуштун мектеби,ал жакта кыйналган балдар кобунчо бардар уй будодон баргандар,анан бош озун карай албагандар,эгер сен чыкыйып таза болсон,уставдарды жакшы билсен тормоз болбосон сага эч ким тийбейт,дедовщинасы жок армия болбойт ,бул болуп келген жана эч ким токтото албайт эркек эркекти тарбиялайт
02.09.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
армия бул турмуштун мектеби,ал жакта кыйналган балдар кобунчо бардар уй булодон баргандар,анан бош озун карай албагандар,эгер сен чыкыйып таза болсон,уставдарды жакшы билсен тормоз болбосон сага эч ким тийбейт,дедовщинасы жок армия болбойт ,бул болуп келген жана эч ким токтото албайт эркек эркекти тарбиялайт
02.09.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
restreppo,

Ал жакка бардар уй-булонун балдары барбайт. Ал жакка кобунчо жетишпеген уй булонун, акча толой албагандардын, анча-мынча хулиган болуп, ан сезими артта калгандар эле барышат азыркы кезде.
02.09.2014. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип армияга баргандарды ур токмокко алып,майып кылып же олтуро берсе кимдин баргысы келет?! Кайра армияда жакшы шарттарды тузуп берсе,дедовщинага каршы чараларды корушсо,жаштарыбыз бош журбостор кызматын отошмок.
02.09.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
атка минерлер каякка карап олтурат ххх.ушул окуяны айтып чыкпайсынарбы, барып оюн билбейсинерби ххх.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.09.2014 11:37
02.09.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Survey, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
02.09.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эркекче менда урдум мындай армияны, чондорубуз конул бурбагандан кийин кызмат отобой эле оз турмушумду судурогонум жакшы, Закондо бар элего жалгыз бала болсо армияга барбашка, менин тагамды Армияда оз ременине турнике асып олтуруп койушкан ал да оз каалоосу менен барган эле, жайы жанаттан болсун ото жакшы адам эле, кылмышкерлер табылбады жок жер жутуп кетти, армияга барсам ошо дедтерди олтуром же озум олом
03.09.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бизге армиянын эмне кереги бар жаштардын баары россияда журушсо биз служба кылып кайсы чек араны карайбыз праходной двор болуп жатса мекенибиз
03.09.2014. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мекенибизде закон кучтуу иштеп армяны жакшы карап шарттарды тузуп дедавшинаны ваше жок кылып ийбеседа азайтып конул бурушса анан жаштар армяга баратда барары менен екинчи кунундо ушундай кунду коргозуп олтурушса закон деген закон армяны улантыш керек дейт закон дегенин закон болсо кылмышкерлерди табып жазасын бер ачык еле азыр армядан каза тапкан адамдарды озун кунолоп ишти жабып ташташат
03.09.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

мекенибизде закон кучтуу иштеп армияны жакшы карап шарттарды тузуп дедавшинаны ваше жок кылып ийбеседа азайтып конул бурушса анан жаштар армияга баратда барары менен екинчи кунундо ушундай кунду коргозуп олтурушса закон деген закон армияны улантыш керек дейт закон дегенин закон болсо кылмышкерлерди табып жазасын бер ачык еле азыр армиядан каза тапкан адамдарды озун кунолоп ишти жабып ташташат
03.09.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кордук корсоткондордун жазасын жараткан Алла берсин, абдан кейиштуу окуялар коп болуп жатат кр.да, оо кудай элибизге акыл эс, биримдик ынтымак бер!

03.09.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman0296 атасы тируу ошо учун барды да армияга ал эми алып калайын десе акчасы жетпейт жалгыз бой эненин(((
03.09.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен инимди буюрса армияга жиберем озу жоош тын бол деп урушам 2 жыл болду бокс мн машыгып атат))) бирок ата энем каршы армияга баруусуна мен барып келсин деп атам барат буюрса)))
04.09.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwintip urup tokmoktoso kim barat armiyaga. Ananda uwundai kabarlardy okup alyp ata-eneler j0notkusu kelbeitta,ar nerceni jan.k kyla berbesh kerek.
05.09.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам деген мыйзам деп коёт бетин табактай кылып.. 19 жаштагы бала омур бою майып болуп калды урматтуу Таалайбек мырза.. Эгерде мыйзамды бек сактасаныз анда куноонулорлу салып бересиз деп ойлойм..
06.09.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да баламды аскерге жөнөтпөйм, бирок турмушка бышыш керек да баары бир. Андан көрө аскер кафедрасына окутканым жакшы, келишим акчасын төлөп. Бөпөлөп баккан баламдын кор болушун каалабайм.
06.09.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда служба кылгандар мал болот мал катары эсептейт чындык жок армияга баргычы рассияга баргыла кыргызстанда армия болбойт камандирлер да адамча мамиле кылбайт эшек болот ошондой
02.10.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
геноцид кыргыз армиясында башталып жататко дейм. озунун бир тууган кыргыз элин уруп согуп кайф алышып . ошондой кыргыз балдар жана офицерлерди колдоп турган аларды жашынтып... атып салыш керек
05.12.2014. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maksim Bakievdi 2 syrtynan jolu erkinen ajyrattyk dep maktangan Kara kyldy kak jargan kyrgyzymdyn adilettuu bolup korungusu kelgen uluu urmattuu sot okuldoru,koldon kelbegen iwterdi jyiywtyryp uwul syiaktyuu maselelerdi 4e4ip koisonor karapaiym kalk arasynda Jeti kabat jerdin tubundogu abroyunar biraz bolso da kotorulmok bele degen oy kelet eken 4irkin!!!!!
05.04.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армия эмес эле , озунчо эле колония го .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо