Роза Шакированын иниси Бекалы: «ЭЖЕМДИН АТЫН КОЛДОНУП ДАЛАЙ МАСЕЛЕМДИ ЧЕЧТИМ»

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

«Агадан артык агам бар,
Алдыга мени сүрөгөн.
Иниден артык иним бар,
Жыгылып кетсем сүйөгөн»,- дегендей, өмүрүңдө колун сунар бир тууганың болсо бул – чоң бакыт. Мындай темадагы маек ырчы айым Роза Шакирова жана анын иниси БЕКАЛЫ менен улансын.

БИР ТУУГАН ШАКИРОВДОР:
Нурматаалы,
43 жашта, шахтёр
Ханталат, 41 жашта, үй кожойкеси
Салтанат, 38 жашта, үй кожойкеси
Роза, 36 жашта, ырчы
Эркинай, 34 жашта, жеке ишкер
Шералы, 28 жашта,милиция кызматкери
Бекалы, 27 жашта, убактылуу бош

«АТАМ КЫЗЫМ ЫРДАЙТ ДЕП КӨБҮНҮН ООЗУН ЖАПКАН»
– Роза эжем экөөбүздүн ортобузда 9 жаш айырма бар. Мен 1 жашка чейин ооруп ооруканага көп жатчу экенмин. Ошондо эжем үйдөгү жумуштардын майын чыгарып, мага да тамак ташып, жумуштардын баарына жетишкенин үйдөгүлөр көп айтышат. Өзү да «сени мен эле чоңойтком» деп калат. Көйгөйлүү маселем болсо ата-энеме жеткизбей эжем менен кеңешем. Эркекке окшош тарс-турс мүнөзү менен кандай гана маселелеримди чечпеди. Жакында эле муштумдун айынан милицияга түшүп, кайра эле Роза эжемдин тынчын алдым. Кыңк этпей ал жактан да сууруп чыкты. Бирок жини келсе аяп отурбайт. Эсимде, мен мектепте окуп жүргөндө дос балам менен бирөөлөрдү коркутабыз деп бетибизди боёп алганбыз. Бизди көрүп ачуусу келип сарайга камап салган, «бетиңерди тазалаганда чыгасыңар» деп. Бирок өзү деле жаштыгында жан алгычтын кийимин кийип алып, бутуна консерва банкаларын байлап адамдарды коркутчу экен. Анысын унутуп койгон окшойт (күлүп).
Роза эжемдин мындай мүнөзгө ээ болушуна, менин оюмча, атам түрткү болду. Себеби ал эжем төрөлөрдө аябай уул күткөн экен. Бирок уулдун ордуна таланттуу кыз жарыкка келиптир. Биздин үйдө эч качан кыз бала ырдабашы керек деген маселе болгон эмес, атам кызынын ырдаганын аябай колдогон. Бир жолу Роза эжем коңшу айылга кыздар менен барып, бир мааракеде ырдаган эле. Анан ал жердеги ак сакалдар «ырдаба» деп кагып коюшуптур. Ызаланган эжем атама келип арызданса, «менин кызым ырдайт» деп тиги кишилер менен урушуп, оозун жаап келген.
Үйдө эң шайырыбыз. Калган 4 эжеме караганда Роза эжеме жакын чоңойдум. Мага анын эрктүүлүгү жагат, ичине бук толуп, өзүн коёрго жер таппай турса дагы сыртынан жылмайып коёт. Элдин кыздарындай апама арызданып,»күйөө балаңыз менен таарынышып калдык» же «мени капа кылды» дегенин кулагыбыз чала элек. Анан айылга келсе апам «ырчы-пырчыңды билбейм» деп туруп баарыбызды кара жумушка салат да. Эжем жеңин түрүп жумуштун майын чыгара жасайт.
Тартынбастыгынын айынан эжемди көптөр жактырышпаса керек. Себеби бир нерсе жакпай турса балп эттирип бетине айтып коймою бар. Мисалы, жанындагы кишиден жагымсыз жыт келип жатса «бар, жуунуп келчи, эмне мынча жыттанасың, таза жүрбөйсүңбү» деп айтып салат.

«ЭЖЕМДИН АТЫН КОЛДОНОМ, АНЫ ЖАШЫРБАЙМ»
– Бир тууганымдын ушундай эл тааныган адам экенине чексиз сыймыктанам. Чынында, анын атын колдонуп далай жумушумду бүтүргөм. Жакында эле Ош шаарына досторум менен барып, жатарга жер таппай калдык. Анда дагы эжемдин атын колдонгонго туура келди. Анан «Роза Шакированын инисимин» деген сөз айылда МАИ кызматкерлерине кармалганда көп жардамы тиет. Көпчүлүк сурай беришчү «кыздар менен таанышканда дагы Роза Шакированын инисимин деп айтасыңбы?» деп. Бирок бул маселеге келгенде, тескерисинче, анын иниси экенимди билишпесе дечүмүн. Эми үй-бүлө куруп, кыздарды унутпадыкпы.

Ырчы айым тууралуу анын иниси менен кобурашып отуруп, РОЗА айымдын өзүн да кепке тарттык.

«БАКАЛАРДЫ СОЮП САЛЧУМУН»
– Мен кичинемден жаным тынбаган кыз элем. Короодогу тооктордун көпчүлүгүн доктур болом деп өлтүргөм. Мурун темир шприцтер бар эле, ага арыктагы сууну толтуруп тоокторду эмдесем бир метр баспай эле тырайып өлүп калышчу (күлүп). Акырын эч кимге көрсөтпөй кошуналардыкына ыргытып жиберчүмүн. Аябай доктур болууга ашыкчу окшойм. Биздин айылдагы байкуш бакаларга да тынч жашоо жок эле. Бакаларды кармап союп, ичеги-карынын чукуп чыгып көрүп, кайра ичине таш салып туруп тигип коёр элем. Ошондо эң улуу эжем артымдан урушуп эле чыйпылыктап жүрчү. Азыр деле ошол эжем «көп күлбө, көп сүйлөбө» деп көп айтат. Жанында «ооба» дейм да, эки кадам баскан соң унутуп коём. Бир туугандарымдын ичинен агама абдан жакынмын. Жан адам билбеген сырымдын баарын ошол билет. Ал эч качан кеңешинен куру коюп же кайдигер жооп кайтарбайт, ошондуктан ага көп эркелейм.
Инилерим болсо дале көзүмө кичине бөбөктөрдөй көрүнөт. Аларды эркелеткенден тажабайм. Той-топур болуп бир туугандар чогулганыбызда бүтүндөй Кыргызстан чогулгандай эле туюлат. Мисалы, мен маданият кызматкери катары тойдун музыкасын моюнума алгам. Ханталат эжем салт-санаага жоопкер. Ал биздин үйдүн эң авторитеттүү адамы. Куда-кудагый, үрп-адат дегенди мыкты билет. Кичүүлөрү тамак-аш, очоктун башында дегендей.
Жаштайымдан ырдап эле жүрөт экем, байкасам. Мени көргөндөрдүн баары эле «ии, ушул кызыңдын колунан ырдагандан башка нерсе келеби?» деп кейий беришет эле. «Турмушка кантип чыгат, бул кара кызга ким үйлөнөт болду экен?..» деп деле ойлонушса керек. Азыр болсо бир үйдүн жарыгымын, бир туугандарымдын сыймыгымын. Көп бир тууган болгон кандай керемет. Мен да уулумду бир туугандуу кылсам дейм.

"Бул сүрөттө улуу агамдан башкасынын баары бар. Ал анда аскерде кызмат өтөп жүргөн".

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


Роза Шакирова: "Баламды жалгыз кылгым келбейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
30.08.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы маек болуптур Роза эже Аман болунуз уй булоонуз мн бактылуу омур сурунуз чымчыктарды элестетип жылмаю мн коруп жаш чагыма барып келгендей болдум.
SUPER.KG видео
30.08.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат эже !!!Ачык айрым,супсулуу ырчыбыз,бар болунуз!!Алтын унунуз очпосун!!!
SUPER.KG видео
30.08.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ачык, жонокой айым. Унунуз жагат.
SUPER.KG видео
30.08.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх, бир туугандарына эмне жетсин! Азамат Роза айым, жонокой, элге жакын ырчы. Уй-булолук бакыт, чыгармачылык ийгилик!!!
SUPER.KG видео
30.08.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Макияжы жакты
SUPER.KG видео
30.08.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тилегинизге жетиниз
SUPER.KG видео
30.08.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жонокой жакшы маек болуптур.
SUPER.KG видео
31.08.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жердешим да :)
SUPER.KG видео
31.08.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эже абай жонокой,анан жасалмасы жок эже да,ошол учун сыйлайм,эже аябай тамашакой коруно берет ошонусу да жагат....АМАН БОЛУНУЗ!!!!!
01.09.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун да биртууганын коп болсо)!
01.09.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур
01.09.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Роза айым.
01.09.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylynda uulunuzdu kop bir tuuganduu.
02.09.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча эжемдин аты менен коп иштерди бутуром деп элге жарыялаш жакшы эмес.
02.09.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо сонун маек,булар баары ушундай ачык айрым адамдар,жасакерленишпейт,уй-булосу дагын ушундай,синдиси дагын кем калбай ырдайт
SUPER.KG видео
02.09.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокойлугунуз жакты. Коптогон чыгармаларды жаратыныз
02.09.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГАИге кармалганда эжеме чалам дегени бул Кыргызстанда коррупция, тааныш-билиштин ролу жеткен чегинен ашкандыгын билдирет. Бул интервьюну коргон оспурум балдарда жакшы тааныш менен маселе чечсе болот деген ой калыптанат. А бул материалды даярдаган журналисттер да бул нерсени норма деп билишет окшойт.
02.09.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
youngyoung ооба туура айтасын.
02.09.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
youngyoung туптуура(
02.09.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакалы Жакшы бала простой озун эч Качан которбойт Аны весь айдаркен билет.ар ким ар нерсе дей бербегилечи билбей туруп,жамандаштын эмне Пайдасы бар!
03.09.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза азаматсын карындашым,сени менен сыймыктанабыз,бир туугандарын аман болсун!Сага оомат тилеп,дагы мыкты чыгармаларды жаратып бизди кубантасын деп ишенебиз.
03.09.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13, саламатсызбы!
Ката оңдолду. Рахмат!
03.09.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык маек куруп бериптир иниси)))
04.09.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кынк этпей сууруп чыкты деп, милицияга тушконуно чейин айтат ко, бир тууганын ким таштап койсун.
06.09.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эжеге окшогондор аз мага жагат !!! талантыңыз ташкындай берсин! балаңызга өмүр берсин!! ийгилик сизге!!!
21.09.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир адамдар улгу алчудай сизден,чын эле жонокойлук адамдан адамга мээрим ойготот,РОЗА эже чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
16.11.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сизге?ырлары аябай жагат
SUPER.KG видео
02.12.2014. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын журогумон ыраазы болдум маегин коруп.Азамат!!!!жонокой кыргыз кызы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо