Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БЕЛЕК» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛДЫ

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

7 МИЛЛИОН СОМ ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ
Бир жылдан ашык убакыттан бери миллиондогон байге фондусу менен өлкөбүздүн калкын кубандырып келе жаткан «Элдик лотерея» соода маркасы кезектеги жеңүүчүлөрүнө утуш тапшырып кубантты. Тагыраак айтканда, 26-август күнү 15-августта ойнотулган «Белек» лотереясында утушка ээ болгон бир нече адам байгелерин алышты.
Кезектеги миллионер ким болгонуна кызыгып жатсаңыз, анда ийгилик жылмайган ардактуу эс алуудагы аскер кызматкери Бактыбек мырзанын кубанычына ортоктош болуңуз.

Чүй облусунун тургуну БАКТЫБЕК мырза:
– 15-августта үй-бүлөбүз менен сыналгынын алдына чогулдук. Оюн учурунда чыгып жаткан сандар менин лотереямдагы сандарга дал келип жатты, бирок ишене албай турдум. Акыры утуш биздин үй-бүлөгө тийиштүү болуп чыкты. Алгачкы ийгиликти сөз менен айтып берүү кыйын экен. Бүгүн бадырая 7 000 000 деп жазылган сертификат менен жыйылган акчаны көрүп жүрөктүн согушу басаңдап калды окшойт. Жубайым Төлөбүбү экөөбүз ишене албай, ал акчаны эмнеге жумшоону пландоодо кооптонуп жатканбыз. Балдар биздин келечегибиз да. Кыймылсыз мүлктөн өтөөр мурас жок, балдарыма үй алсакпы деп турабыз.
Мен Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылынан Чүй облусуна 1992-жылдары келгем. Ага чейин көп жылдар бою үй-бүлөм менен Кыргызстандын ар кайсы облустарында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн бир нечесин кыдырып, аскер кызматында эмгектенип жүрүп, ардактуу эс алууга чыккам. Мамлекет тарабынан биздей кызматкерлерге турак жай жаатында жардам болушу керек эле. Бирок, андай жардам болбогондуктан, өзүбүз эле балдарга деп там тургузуп алганбыз. Эми минтип ойдо жок жерден каражаттуу болуп, Кыргызстандагы миллионерлердин катарына кошулуп калдык. Ойноңуздар, утуңуздар! Биздикиндей кубанычты башка адамдардын жүзүнөн да көргүбүз келет.

Кезек 400 000 сомдук утуштун ээлерин сыйлоого да келип жетти. Ар башка кыялдары жана кубанычтары менен бөлүшкөн бакыт ээлери жалпы кыргызстандыктарды лотерея ойноого жана оңой утушка ээ болууга үндөп өтүштү.

Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочусу АСЫЛБЕК аттуу мырза болгону 2 билет алып, анын бири 400 000 сомдук утушту алып келгенин айтат:
– Иним Нурлан Бишкек шаарындагы «Дыйкан» базарынан 2 лотерея билетин сатып алган экен. Кантсе да иним алып келген билеттер эмеспи, өзү да күбө болсун деп ээрчите келдим. Колго тийген каражатты жакшы нерсеге жумшайлы деп турабыз. Буюрса инимди күркүрөгөн күздө үйлөнтөбүз. Өзүм тамашакөй жанмын, сүйлөшкөн кызың болбосо мен таап берейин, эртерээк үйлөн деп тамаша-чынын аралаштырып шаштырып жатам. Келинибизге «сени бизге «Элдик лотерея» келин кылып берген» деп айтып тамашалап жүрөбүз го эми...

ЖАЙНАГҮЛ айым дагы 400 000 сомдун ээси болуп кубанычы коюнуна батпай турган чагы:
– Өзүм Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Покровка айылынан болом. Алгач 1 лотерея алып, коргоочу кыртышын сүрсөм 200 сом утуш бар экен. Уткан акчама дагы 2 лотерея сатып алдым. Ошол алган лотереянын бири утушка ээ болду. Абдан кубанып жатам. «Элдик лотереяга» чоң ыраазычылык билдирем. Канчалаган эл утушка ээ болуп, жетпеген мүдөөлөрүн аткарып жатышат.
Мен өзүм ооруканада медайым болуп иштейм. Айлык акы менен эле балдарды багып келебиз. Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан жер там алуу биздин башкы кыялыбыз болчу. Эми бала-бакыра, неберелерибиз кенен ойноп калышса деген тилекте турабыз.

Кезектеги утуштун бактылуу ээси Талас облусунун тургуну ЖОЛУНБЕК мырза:
– Мен дыйканчылык менен алектенип, үй-бүлөлүк капчыкты толуктап келем. Кудай да сүйгөн пендесине ийгилик берет деп ойлойм. Таман акы, маңдай тер менен өз эмгегибизди жумшап тиричилик кылып келген карапайым элдин арасынан минтип бизге окшоп жеңишке жеткендер көп болуп жатканын көрүп эле жатам. Ал башка оюндарда эмес, «Элдик лотерея» соода маркасы уюштурган лотерея оюндарында деп белгилеп кетер элем. Азыр уткан каражатыбызды кайда жумшаарыбызды да билбей турабыз. Менимче, бул толкундануунун белгилери. Азыр колго тийген 400 миң сомдун жугумдуу болушун тилеп жаткан чагым. Ойногула, уткула!

«Элдик лотерея» соода маркасынын байге фонду жыл сайын эмес, ай сайын улам жогорулап баратканын байкоого болот. Кезектеги ойнотулуучу лотереянын башкы байгеси 8 миллион сомду түзөт. Аталган байге 31-август күнү ойнотулмакчы. Андыктан ийгилик фортунасы сиздин колуңузга конуп калышы толук мүмкүн.

Гүлжан Асанкожоева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
01.09.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee kim bilet bizge echnerse chykait ko umuttonup ele jurobuz.
01.09.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай эле адамдар лотериялан утуп алышат
01.09.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Утушунарды жалан жакшылыкка жумшагыла.
01.09.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда утуп алсам жакшы болот эле эми качан болот экен.
02.09.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kara_koz, буйруса сенда утуп каларсын
04.09.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле ээч утпадымгоо
04.09.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
12 билет сатып алдым 1200сомго, болгону бироонон 200 сом утту. утпайт экен сатып албагыла.
06.09.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан еле Бишкектен алгандар уткан го Оштон алсак кандай болот екен
06.09.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу бул утушту берет бекен же алдайбы ташыны тер деп а ишенич кыйын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо