Айжамал Осмонова: «ӨЗҮНӨ ИШЕНГЕН МЫРЗАЛАР ГАНА МОДЕЛЬ КЫЗДАРГА ЖЕТЕ АЛЫШАТ»

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

«Большие люди» теледолбоорундагы Айка, Бема деген чунак кыздарды таанысаңыз керек. Аталган долбоордо эрке кыз Айканын ролун аткарган актриса, модель, алып баруучу Айжамал Осмонова көп кырдуу талант экенин билдик. Чыгармачылык деген узун жолго түшүп, өзүн ар тармакта сынап жүргөн ал өзүнүн кызыктуу жашоосу тууралуу кеп салып берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Айжамал Осмонова
Туулган жылы-күнү – 1992-жыл, 2-февраль
Туулган жери – Балыкчы шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү
Тартылган клиптери – Тынай Алыбаев «Ар дайым», Арсен «Аткан ай».
Кыялы – Чыгарма жазуу
Жетишкендиги – Бир нече сулуулар сынагынын жеңүүчүсү
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Параметри – 86-60-90
Популярдуу «Большие люди» теледолбоорунда Айканын ролун аткарган

– Кандайсың, Айжамал? Сени көптөгөн жарнамалык роликтерден, клиптерден, мода көргөзмөлөрдөн көрүп калабыз. Ал эми өзүң көксөгөн кесип кайсы?
– Саламатсыздарбы? Ооба, жаш эмесминби, энергия толуп ташкан убакта өзүмдү ар тармакта сынап көргүм келет. Актрисалык, моделдик кесип менен жөн эле хобби катары алектенем. Анткени бизде эки тармак тең начар өнүккөн, ушул тармак менен кетип карьераңды түптөө мүмкүн эмес. Өзүмө жакканы, албетте, журналисттик кесип. Быйыл университетти бүтүп, учурда жаңы ачылган телеканалдардын биринде алып баруучу болуп иштеп жатам. Журналистикада интеллектуалдык жактан дайыма өсүп турасың, мен үчүн бул нерсе өтө маанилүү. Мага модель болуп подиумда кийим көрсөткөнгө караганда, журналист болуп коомдогу көйгөйлөрдү талкуулаган пайдалуураак.

– Демек, моделдик кесиптин эшигин жаптыңбы?
– Көргөзмөлөргө калтырбай катышкан курактан өтүп калдым деп ойлойм. Анын үстүнө азыркы мода көргөзмөлөрүнүн уюштуруу иштери, шарттары канааттандырбайт, акчасы да аз. Негизи эле мен Кыргызстан менен чектелгим келбейт. Алдыңкы пландарда жумушум менен АКШга, Кытайга сапар тартабыз. Өзүмө да саякаттап, билбеген нерселерди таанып-билген жагат, учурда өз кайыгымды таап отурдум деп ойлойм, болду, мындан ары сүзүп эле жүрө бериш керек .

– Модель болуу үчүн сулуу болуш керекпи?
– Модель – бул подиумга чыкканда кийип турган кийимин сатуучу адам. Көрүүчүлөр ошол кийимди алам десе, демек, ал моделдин милдетин аткарганы. Модель болуу үчүн сөзсүз сулуу болуш керек эмес, көбүнчө өзүнүн үстүнөн туура иштеш керек болуп калат. Анан да сатып алуучуларды имерип ала турган «фишкасы» болсо эле жетиштүү.

– Дүйнөдөгү көптөгөн ийгиликтүү адамдардын, спортчулардын, саясатчылардын, олигархтардын сүйүктүүлөрү моделдер. Мындан улам моделдерде жигиттерди өзүнө имерүүдө өзгөчө ыкма бар го деген кызыгуу пайда болуп жатат?
– Хе-хе, ооба, Николя Саркози, Роман Абрамович, Криштиану Роналду, Орландо Блум сыяктуу атактууларды моделдер «чаап» алышкан. Анткени моделдер сулуулуктун эң бийик эталону катары эсептелет. Көпчүлүк мырзалар модель кыздарга сөз айтууга даап бара алышпайт, алар да кол жеткис деп ойлошот. Өзүнө ишенген, бутуна турган мырзалар гана модель кыздарга жете алат деп ойлойм.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең, секелек кезде кандай кыз элең?
– Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, эжем жана иним бар. Атам аскер адамы, апам университетте мугалим болуп иштейт. Кичинемде өтө тентек кыздардын тизмесин толуктачумун. Бала бакчада балдар менен урушуп, ар жерин тиштеп жүрөт элем. Эстесем, ошондо аябай тиштенчээк экенмин. Бир жолу бала бакчадагы бир баланы тиштеп алганым үчүн тарбиячыбыз мени ажатканага камап койгон. Атам өтө эмоционалдуу адам, ал келип чыр кылып, анан мени бала бакчадан биротоло чыгарып кеткен.

– Кебетең корей кыздарына окшош, таза кыргызсыңбы?
– Мага ушул суроону көп беришет. Ата-энем экөө тең кыргыз. Бир жолу Кытайга сынакка барганда да кытайлар мага кытайча сүйлөп эсимди оодарышкан (күлүп).

– Атактуу болгонго умтуласыңбы?
– Жок, умтулбайм, жумушум аркылуу белгилүү болсом мейли, бирок жеке жашоомо аралаштырбайт элем. Негизи эле Кыргызстанда өзүн жылдыз сезүү бул акылсыздык.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Учурда жүрөгүм бош. Жакында эле командировка менен түштүк жергесине барып келдим. Жашымды сурашып, күйөөгө тийишиң керек, жаш курагың келип калыптыр дешти. Азыр менде жигит жандамак түгүл үй-бүлөмө көңүл бурганга убакыт жок.

– Өзүңдү турмуш курууга даярмын деп эсептейсиңби?
– Ооба, азыр моралдык жактан толугу менен даярмын. Сүйүктүүмдү тапсам турмушка чыга бермекмин. Биздин коомдо мынча жашта чыгыш керек деген стереотиптер көпчүлүк кыздарды адаштырып коёт. Мен 40 жашта турмушка чыгып, бактылуу болгондорду деле көрүп жүрөм.

– Кандай жигиттер сенин көңүлүңдү бурдура алат?
– Ата-энесинин эмес, өзүнүн күчү менен бутуна турган мырзаларды баалайм. Анткени өзүм да ошондоймун. Көп сүйлөгөн жигиттер жакпайт, себеби менин жумушумда ошондой жигиттер көп (күлүп). Жигит деген сөз менен эмес, иш менен далилдеши керек.

– Кыздар арасына достук болбойт дегенге ишенесиңби?
– Жок, ишенбейм, анткени бул түшүнүк туура эмес. Мындай кепти курбулардан жолсуз болгондор ойлоп тапса керек. Курбуларым өтө көп, баары менен жакшы мамиледемин. Көрө албастык кылып, курбусунун жетишкендиктерине көз артуу бул адамдын өзүнөн. Адам ичиндеги терс сапаттарын тизгиндесе эле мындай көрүнүштөр болбойт. Курбусунун жакшылыгына кубана билген адам гана чыныгы дос деп эсептейм.

– Мырзаларга көп боёнгон кыздар жакпайт экен, косметиканы ченемине жараша эле колдоносуңбу?
– Көчөдө жүргөндө макияжсыз эле жүрөм. Бирок жумушума байланыштуу, айла жок, боёнгонго туура келет. Бирок косметикам бар деп эле боёно бергендерден эмесмин, чеги менен колдоном.

Норвегиялык «Илвис» тобунун кыргызча сөгүнүп ырдаган «Жаным» деген ырынын клибине тартылган элең. Ал ырдан улам чыккан чуудан кабарың барбы?
– Ооба, кабарым бар. Башында ырды укканда сөгүнгөн жерлери жок болчу. Аталган комедиялык топ бизге жакшы эле максат менен келип клип тартышкан. Кыргыздарды мазактап, шылдыңдап кетейин деген ою жок болчу. Биздикилер юморду туура эмес түшүнүп алышты деп ойлойм. Клип тартуу учурунда норвегиялыктар биздин тоолорубузга, боз үйүбүзгө суктанышып, мактап кетишкен.


«Апам 47 жашта, бирок менден жаш көрүнөт».

«Тынай Алыбаевдин клибине тартылып жүргөн кезим».

«Большие люди» долбоорунан улам досторум Айка деп чакырышса жиним келчү, азыр Жама деп эркелетип калышкан».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Большие люди" теледолбоору аркылуу таанылдым" дейт Айжамал Осмонова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
30.08.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз тилин уйронойун деп жатам дейтго шерменде.
SUPER.KG видео
30.08.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу назик жылдыздуу кыз екен.
SUPER.KG видео
30.08.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kyrgyz tilin uironup jatam degeni albette kyzyk,birok aita ketchu nerse kyrgyz bolup turup kyrgyzcha bilbegen ata-enenin tarbiasy dep oiloim jalpy
SUPER.KG видео
31.08.2014. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бар жогу жасалма
SUPER.KG видео
31.08.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча жакшы суйлой албаганы аябай тан калтырды.
SUPER.KG видео
31.08.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жасалмаго. Кирпиги кантет? Озун укмуш сезет экен! Уялбай кыргызча уйронуп атам дегени эмнеси? Кыргыз болуп Кыргызстанда жашап кантип билбейт? Анан бизде бир киного катышып же клипке катышып калса эле сразу АКТРИСА статусун алышат.
SUPER.KG видео
31.08.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элина Абай кызы, Гулнур Асанова мына ушул кыздар чыныгы актриса. Алар табигый сулуулукка ээ.
01.09.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а бема кайда.ошол кыздан кабар берсениздер.супер инфо
01.09.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
01.09.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamarik, ал кыз баягы видеодон кийин озун элге чыгаргысы деле келбей калдыго...
02.09.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, Ал виде0ну кайдан тапса болот
03.09.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak_gulum, ал видеону очурушкон, 1-2 айдай ххх жургон, азыр аны таппайсын
Модератор admin_superstan түзөттү 04.09.2014 09:45
04.09.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, курамы окшош сайттарды жарыялоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
01.09.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АИИИЙЙДА апасын подружкасы деп ойлогом
01.09.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ozun abdan biyik sezet eken. Birok modelderdey korunboyt eken. Jakkan jok maga.
04.09.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tipichniy ele kiz.narinskaya kiz okwoyt.
01.09.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бай жигиттерди жактырат окшойт
01.09.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Бема эле жагат
01.09.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда озуну жылдыз сезуу акылсыздык дейт го. Бироонун элинде султан болгуча, оз элинде ултан бол дейт. Кичине туш чыккан жеринден!
02.09.2014. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Собчакты кумир тутат окшойт
02.09.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0зун бийик сезип аябай кесе суйлоптурго.
02.09.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интервьюсу жакты.Болгон нерсени айткан кээде карасан элге тааныла элек адамдар жылдыз болуп кокту суйлошот.Кыргызстанда жылдыз болдум деп озун сезуу акылсыздык дегени туура эле.Башка элди багынтып Кыргызстанды таанытканда эл озу эле ал адамды жылдыз дейт.
02.09.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаккан жок мага жигиттердин байлыгына карайт экен! Жигит жандаганга убактым жок деп коюп турмушка чыга бермекмин дейби))))) бай жигит издеп журот окшойт мактанчаактай сезилди мага
SUPER.KG видео
02.09.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апеей бул кыз ждо жашыруун видеону коруп тан калдым эле,интернеттен.Ошондон кн да ушундай шайыр болсо молодец кыз экен!Чунчуп кетпей.
02.09.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар анан кытайча сүйлөбөй башка тилде сүйлөшү керек беле?)
SUPER.KG видео
02.09.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyrgyzcha jakshy ele suilop jatat go, emnesin uironot, tushunbodum...
02.09.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
модельдерге окшобойт...
SUPER.KG видео
04.09.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аххх го
04.09.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлыка кызыккан кыздар коп
04.09.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беманын видеосу уят сайтарда журбойбу!!!
05.09.2014. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узунурак юпка жок бекен
07.09.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да Бема аябай жакчу!Эмне видеосу бар эле,айтып коюнуздарчы)))
07.09.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып таштайм десе дагы албайт болчум бул кызды,аябай мактанчаак кыз экен.
08.09.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maktanchaak kyzdai korunotko modelge dele okwoboit
08.09.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bemanyn kandai videosu bar ele aityp koesuzdarby suranych
16.10.2014. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozuno iwenip, ar bir sozun tochkasy mene suiloit eken, koptu korup takwalgany korunup turat, bizdin elde koroalbastyk ayavai onukkonda, bir adam oido jylyp baratsa any butunan tartyp tuwurup almai adatyvyz bar,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо