Асхат Норузбаев: «КӨЛДҮ ЖАМАНДАГАНДАРГА АРДАНЫП «НА ИССЫК-КУЛЕ» ДЕГЕН ЫРЫМДЫ ЖАРАТКАМ»

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

«Жалгыздык – мага эргүү берет. Жаздырган көп ырларым бар. Аларды көңүлүм чапканда элге чыгарам. Болбосо архивде чаң басып жата берет» дейт Асхат Норузбаев. Ырчынын атын айтсак көп тааный бербейсиз. Эгер «Это будет в июле, на Иссык-Куле, на Иссык-Куле» деген саптарды ырдасакчы? Дароо ырды эстей түшкөндүрсүз. Демек, жайында көлгө барганда сиздин бийлегиңизди гана келтирген хит ырдын автору ким экенин таанып алыңыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери –
Фрунзе шаары
Туулган жылы, күнү – 1972-жыл, 23-декабрь
Билими – Алматыдагы Жургенев атындагы театралдык-көркөм институтун аяктаган
Репертуарындагы ырлары – «На Иссык-Куле», «Я уехал из Фрунзе», «Волшебная неделя», «Прощай, иссык-кульское лето» жана башкалар

– Саламатсызбы, Асхат мырза? Сиздин «На Иссык-Куле» деген хитке айланган ырыңызды угабыз да, өзүңүз тууралуу маалымат билбейт экенбиз. Ошондуктан өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Кайда төрөлүп, кайда өстүңүз дегендей...
– Саламатчылык. Мен өзүм Фрунзе шаарында төрөлүп, балалыгым Талас облусунун Жерге-Тал айылында, Кировкада өттү. Кайыңды айылынан даярдоочу класска, 1-класска баргам. 1980-жылы Ысык-Көлгө, Түп районуна көчүп келдик. 10-класска чейин Николаевкада окуп, 11-классты Түптөн аяктадым. Бала кезден эле актёр болгум келип, ою-түшүмдөн кетчү эмес. Бирок апама менин тандоом жакпай, жакшы көргөн кесибимден баш тартып, Каракол университетинде бир жылча окудум. 1991-жылы баары бир өзүм кыялданган тилегиме жетип, Алматы театралдык университетине тапшырдым.

– Анан кантип ырчылыкка кызыгып кеттиңиз?
– Досум менен Алматыда окуп жүргөндө «Неровное дыханье» деген аталыштагы музыкалык жамаатты чогултканбыз. Аныбыз көп ийгиликтүү болгон жок. 1997-жылы кайра «Бублики» деген топ ачтык. Топ аябай популярдуу болуп «Биринчи казакстандык бойс-бэнд» деген атка кондук. Элди катуу дүрбөткөн тобубуз 2004-жылы тарап кетти. Мен да ошондон бери ырдаганды токтотуп, эч жакка чыкпай калдым.

– Сизди Кыргызстанда ресторандарда, сезон кезинде көлгө барып ырдап калат деп уктук эле. Бул кептин канчалык чындыгы бар?
– Мындай кепти сизден угуп таң калып отурам. Чынында, мен жогоруда айткандай, мына, 10 жыл болуптур, ыр жаратуу, ырдоо менин хоббиме гана айланып калды. Бишкекте же көлдө мени ырдап жүрөт деген калп сөз. Балким, менин атымды жамынып бирөөлөр ырдап жүрүшкөндүр, ким билсин.

– Көлдүн хитине айланып калган бул ырыңыз кандайча жаралып калды эле?
– Бир жолу интернетте отуруп бир макалага көзүм түштү. Анын маанисине деле көңүл бурбаптырмын, астында жазылган көлүбүздү жамандаган негативдүү комментарийлерди окуп, аябай жиним келди. Ошол сөздөргө арданып азыркы сиз айтып жаткан «На Иссык-Куле» деген ырымды жараткам. Ал ырды 2011-жылы Астанада жаздырып, Бишкектеги радиолорго сунуштасам албай коюшкан. Бирок башка ди-джейлерге көптөгөн копияларды жасатып таратып, бат эле эл оозуна алынып кетти.

– Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетпесеңиз болбос.
– Үйдө төрт бир тууганбыз. Атам эрте каза болуп калып, апам атанын да, апанын да ролун аткарып бизди чоңойтту. Эжем менен карындашым турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп калышкан. Иним Астанада иштейт. Өзүм мурун үй­лөнгөм, бир кызым бар. Азыр бойдокмун, жакын арада үйлөнөйүн деген оюм жок.

– Учурда эмне менен алектенип, кайсы жакта турасыз?
– Мен жалаң чыгармачыл жаатта эмгектенип келем. 1996-жылы «Сезам» аттуу театр ачтык. Андан кийин Алматыда 31-каналда юмордук программаны алып чыктык. 2007-жылдан баштап Казакстандын Маданият министрлигинде коммерциялык директор болуп иштеп жүрдүм. Учурда тыныгуу алып, эс алуудамын.
Ал эми өзүмдүн кайда жашашым менин маанайымдан көз каранды десем болот. Акыркы кезде бир жерде көпкө тура албай калдым. Быйыл Жаңы жылды Бишкекте, апамдын жанында тостум. Бир нече жумадан кийин Астанага барып, андан ары дос­торум менен Сауд Арабиясына сапар тарттык. Учурда Бишкектемин. Буюрса, жакында Талас­ка, ата журтума жол тартайын деп жатам. Мындан ары жылына бир жолу чет өлкөгө барып келүүнү салтка айландырганга аракет кылам.

– Рахмат маегиңизге. Сизден дагы башка хит ырларды күтөбүз.

Казакстанда ийгиликтүү болгон «Бублики» тобу.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


 Кыстарылган аудио 

Асхат Норузбаев - На Иссык-Куле

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(23)
01.09.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик брат.мы на иссык куле отдыхаем.
01.09.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulutu kyrgyz beken
01.09.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо атасы кыргыз болобу бул жигиттин .....
02.09.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырды укканда жаш бала ырдайтго деп элестетиптирмин)))) чон эле байке турбайбы))) калеминиз курчуй берсин жыл сайын Колго барганда сиздин На Иссык Куленизге бийлеп келебиз))
04.09.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, мен да 17-18 жаштагы бала ырдайт деп ойлочумун)))
03.09.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча деле мыкты ырларды жаратса болот. Орусча эле ырдай бербей.
03.09.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ыр, өзгөчө Көлгө барганда "Кыргызское взморье" деп кыңылдап ырдап калабыз)) Мен да алгач укканда жаш бала ырдаса керек деп ойлогом. Көрсө чоң эле байке экен. Ишиңизге ийгилик!
04.09.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info na yssyk kule degen yryn juktop koigulachy, bizda ukkubuz kelip jatat, aldyn ala rahmat.
04.09.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo, саламатсызбы!
Ал ыры жүктөлгөн:
http://www.super.kg/media/useraudio/67919/
04.09.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
test "[moderated]"
test2
04.09.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
test [moderated]
test [moderated]
04.09.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
test namba
test [moderated]
04.09.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
test [moderated]
04.09.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
test [moderated]
[moderated]
04.09.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Чолпон атада иштеп жургондо Россиядан орустар келип ушул ыр менен аябай орудук Кайра уйубузго кеткенде ырды таппай нтернет аркылуу издеп бир жыл угуп кайра Ысыкколго келдик деп айтышкан эле Бул ырсыз Ысыкколду жайында элестетуу кыйын болуп калды Гимн болупкалды окшойт рахмат байкеге ийгилик каалайм
05.09.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото чон хит жаратыпсыз баракелде
05.09.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eng sonun yr, respect!!!
05.09.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчынын 1 дагы клипи жок. Баары эле мр-3.
05.09.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырды биринчи жолу укканда Кыргызстандык орус чыгарса керек дедим эле.Баракелде жакшы ыр чанда жаралат. Асхат дагы жакшы нерселерди кутобуз сенден.Орусча кыргызча менталит менен жарат.
06.09.2014. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ишиние ийгилик байке!
06.09.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да кыргызстандык орус болсо керек деп ойлочумун.корсо озубуздун жигиттерден экен,ийгилик мындан да жакшы ырларды жаратып журо беришине тилектешпиз.
06.09.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ушул 'ыр, бирок берилбеген сурогоо деле жооп бере бериптир да
08.09.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul yr menen jaman oorup jurgom maga ayabai jagat. ununon jawyrak bala yrdasa kerek dep oilogom ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо