Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЕНИН МЭЭРИМИҢ

№617 29-август-04-сентябрь, 2014-ж

Үнсүз үлбүрөк шам... Кипкичине болсо да бөлмөгө жарык чачып жатканын көр. Шамдын жанында отурган сен жана мен. Узак көрүшпөгөн убакытта өзгөрдү деп ойлогом, жок, узун кара чачтарың, кел­бетиң, жүзүң, кийген ки­йи­миң да өз­гөрбөптүр. Болгону ка­ректериң гана мурункудай жалын чачып, кишини куйкалап ийчүдөй кумарлуу тиктебей калыптыр. Суз, муңайым... Ийинден тына улутунуп алдың. Телефондон кыйкырышкан сөздөрдүн бири жок, дудуктай тымтырспыз.
Мен күнөөлүүмүн... Сени кыйнадым, чайнадым, ыйлатып алыска кеттим. Алыста жүрүп да кызганып жаныңды койбодум. Чыдамыңды сынап жүрүп өзүмдүн бактымдан айрылганымды сезбей калыптырмын. Көп сөз айткым келген, бирок агылып айтам деп келген сөздөрүм ичимде калып кетти. Жөн гана сени тиктеп оту­ра бердим. Колумду да тийгизгим келбеди, анткени колумду силкип жиберсең же кучагымдан тура качсаң жаным мындан да жаман сыздаарын сездим. Көзүң баарын айтып жатты. Үнсүз сүйлөштүк. Сүйүүбүз ошол үн­сүздүктө калды...
– Жан, сен менден башканы таап алыптырсың, ээ?
– Ооба, мээрими ысык, жакшы адамды таптым. Сенин ка­туулугуңдан жабыр тарткан жүрөгүм мурункудай сыздабай калды.
– Хм, мени катуу деп ой­лой­суңбу?
– Ашкере катуусуң. Ошол мүнөзүңдөн улам өзүңдү чыныгы эркекмин деп ойлойсуң. Бирок чыныгы эркек мээрим да бере алат, тизе бүгө алат.
– Мен сени менен күчтүү экенмин. Cенсиз мен эч ким эмесмин...
– Ошону түшүнгөнүңө тобо... Мына бул шамдын да, романтиканын да кереги жок эле. Баары бекер... Кеч... Мен кетейин...
– Кетпе...
– Мен аны сүйөм!
– Бир кезде мени да сүйчү элең...
– Сүйгөм, бирок түбөлүк сү­йөм деп убада берген эмесмин. Сүйүү бакпаса соолуп каларын билдиң бекен? Сени сүйгөндөн, сени күткөндөн, сенин чар жа­йыт ой-тилектериңден, сенин куру кыялдарыңдан, ам­би­цияң­дан тажаганымды билдиң бекен? Деги аял, аялдын жүрөгү тууралуу эмне билесиң? Эки диплом колуңда турганына карабай, кыйын экениңе карабай чыныгы, жөнөкөй турмуштун эрежесинен кабарың жок... Ойлогонсуң акча баарын чечет деп, ал ой каныңа сиңип калган. Майдаланып кеттим ошол ойлоруңдан...
– Кетпечи, суранам...
– Алаканыңда тургам, өзүң коё бердиң. Кетишим керек...
Айттың да, туруп чечкиндүү басып кеттиң. Сенин ушул мү­нөзүңдү жек көрөм, кайра сүйүп да кетем. Оюңа эмне келсе ошону жасайсың, мендей тогуз толгонуп эзилип жүрбөйсүң.
Сен узап бара жат­тың. Биринчи жолу алсыздыгымды моюнума алдым. Анткени сени кармап кала тургандай менде дарман жок. Узап кетип бара жаттың, колуңдан мурунку­дай жулка кармап кучагыма кыса албадым. Мурункудай таарынтып алып кайра кытыгылап же белек берип, же өпкүлөп таарынычыңды жаза албайт элем. Чекит койдуң да, басып кеттиң.
Аз убакыттан кийин сенин турмушка чык­ка­ның­ды билдим. Бармагымды кырча тиштеп кала бердим. "Аттиң, ошондо эмнеге токтотуп калба­дым? Токтотушум керек эле" деп өзүмдү жеп салдым. Өзүң айткандай, сендей кыздар толуп жатат. Сенден сулуусу, акылдуусу, кыйыны, ымдап койсом жетип келчүсү да бар. Бирок алар сен эмес. Сенин жадыраган кабагың, сенин күл­күң, сенин көздөрүң эмес... Жан дүйнөмө тааныш да эмес. Коркконум, сенин мээ­ри­миңди издеп таппай жү­рүп өтүп кетпесем экен...

Алим
Асия Алиева
 lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(20)
01.09.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
baaryn oz ubagynda barktai bilse kana adamzat
01.09.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдо бар алтындын баркы жок деген ушулда.
01.09.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун жазылыптыр...
01.09.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
menin tagdyryma okshosh eken..... menin da jigitim meni syzdatchu.... 3kun boldu eki jolgo tushtuk((((
01.09.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tipu, андан жакшысына жолугушуна тилектешмин....
02.09.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tipu, тоок сүйүү болгон экен каап...
01.09.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан жакшысына жолугушуна тилектешмин....
01.09.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mn da jurogum oorup ketti otkondu estep...
01.09.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jakwy jazylgan
01.09.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы создорду мен да бироодон уккан элем ...
"Колдо бар алтындын баркы жок"
02.09.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала болот Алимге.Кыз азамат экен бактылуу болсун.
02.09.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да бир кыз 3 жылдан бери кутуп, суйуп журот...а мен дагы деле билбейм...суйомбу аны же жокпу?????
02.09.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
X-peria, ал кыздын убакытын кетирбей чечиш керек да. кое бериш керек же кармаш керек. ал дагы оз бактысын тапсын да. дайыны жок куто бербей
03.09.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркконум, сенин
мээримиңди издеп таппай жүрүп өтүп
кетпесем экен... a tak suluusu, jyluusu da bar...
03.09.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу, суйуу таттуу да ачуу да
03.09.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тагдырыма окшош экен анча мынча бирок мен турмушка чыгып кеткен жокмун журогумдун тупкурундо аны куто берем((((
05.09.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени дагы экс жигитим катуу кармачы аябай.керек болсо окуума кетип баратсам телефон чалып эмне кийим кийдин, окууна жеткенде чал,сабакка киргенде чал,туалетке барсан чал деп тажатчу.баарына чыдадым,анан озу бутту деп жоголуп кетти,а мен дагы эле умутумду узбой жарым жыл куттум.Анан тааныштардан уктум уйлонду деп. Азыр кудайга шугур мен да турмушка чыктым балалуу болдум.Азыр эстесем жиним келет.кийин дагы келди мен сенсиз жашай албайм, ажырашам деп.а бирок баары кеч эле.Азыр бактылуумун.
10.09.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жазылыптыр,
01.10.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хмммм менин жашоомо бир аз окшоп кетет экен.Кудайга шугур Аллахым мага ушундай жакшы куйоону насип кылганына ага окшогондун ону келсе да куйоомо алмаштырбайм бирин да жаным менин жашоом барым го.
19.10.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырас кылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо