Альбина Бейшембиева, актриса: «РОЛУМДУ ОЙДОГУДАЙ ЖАРАТЫШ ҮЧҮН БААРЫНА ДАЯРМЫН»

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

«Коомчулук актриса десе эле жеңил ойлуу кыз деп кабылдайт. Буга макул эмесмин. Кандай чөйрө болбосун, өз өзөгүн жоготпой жүргөн адамдар жок эмес. Ал адамдын дээринен, ата-эненин тарбиясынан» дейт бүгүнкү каарманыбыз, актриса Альбина Бейшембиева. «Сүйө бил», «Мурас сыры» тасмалары аркылуу таанылган каарманыбыз жан дүйнөсү менен бөлүшөт.

КААРМАН ТУУРАЛУУ...
Бишкек шаарында төрөлгөн.
26 жашта.
Он бир туугандын улуусу.
Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана башкаруу факультетин аяктаган.
Учурда Москва шаарында жашайт.
Орусиядагы Заманбап Искусство институтунун студенти.

– Альбина, алгачкы суроону кино тармагына кантип аралашып калганыңдан баштасак...
– Кичине кезимде актрисалыкка аябай кызыкчумун. Бирок абдан уялчаак болгондуктан көп нерседен куру калгам. Актрисалыкка кадам капысынан башталды. «Кыргызфильм» киностудиясына киного тартылгысы келген сиңдимди колдоо үчүн баргам. Ошол жерден режиссёр Болот Шамшиев менен таанышып калдым. Ал киши мени «Жаңгак токоюнун элеси» аттуу тасмасына тартмай болду. Оюмда киного тартылуу деген жок эле да, нес болуп калыптырмын. Тилекке каршы, тасманын 60 пайызы тартылып калганда кандайдыр бир себептерден улам токтоп калды. Ошентсе да Шамшиевдей залкар адамдар менен иштешкениме кубанычтамын.

– Сени көпчүлүк «Сүйө бил» тасмасы аркылуу тааныйт эмеспи...
– Болот Шамшиевдин тасмасына тартылып жүргөндө таланттуу каскадёр, режиссёр Адилет Акматов менен таанышып калгам. Адилет үч кыздын жашоосу, сүйүүсү баяндалган «Сүйө бил» фильмине чакырды. Менин жүзүм элге ушул тасма аркылуу таанылды. Кийин «Мурас сыры» тасмасында да роль жаратып калдым.

– Модель катары өзүңдү сынап көргүң келбейби?
– Чынын айтсам, ал кесип жакпайт. Мурун тааныш модельерлер суранганда гана көргөзмөлөргө чыгып койчумун. Бирок эч качан өзүмдү модель деп эсептеген эмесмин.

– Кебетеӊди кыргызга окшоштурбагандар көп, гениңде башка улуттун каны барбы?
– Бар десем туура болот го. Атамдын чоң энеси казак кызы болгон экен.

– Бир нече жылдан бери Москвадамын дейсиң, ал жакка качан кеттиң эле?
– 3 жарым жылдан бери Москвада жашайм. Бул аралыкта сулуулук салонунда визажист жана татуаж боюнча мастер болуп иштедим, андан кийин бир ресторандын жүзү болуп жарнамаларына тартылдым. «Из», «Аары» аттуу орус детектив сериалдарында костюм боюнча сүрөтчүнүн жардамчысы болуп да иштедим.

– Буга чейин баласы бар деп уктук эле. Турмушка чыгыптырсың, жолдошуң актрисалыгыңды колдойбу?
– Балам болсо жашырмак эмесмин. Кудай буюрса, эми күтүп жатабыз. Жолдошум таланттуу, чечкиндүү, интеллекти жогору адам. Эркекте кездешчү сапаттардын баары бар. Ал мени бардык жагынан колдойт, менин кылчу ишиме эч качан каршы болбойт.

– Ата-энең чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
– Ата-энем экөө тең 48 жашта. Атам сүрөтчү-архитектор, апам дарыгер, экинчи кесиби модельер, дизайнер.

– Геннадий Базаровдун фильминде башкы ролду жаратып жатыптырсың. Тасмага кастинг аркылуу өттүңбү?
– Мен эч качан кастингге катышпайм. Геннадий Базаровдун «Ноктюрн» деген фильмине кастингди уюштургандар өздөрү чакырган. Жыйынтыгында башкы ролго бекитишти. Негизи, чач жасалгам, кийимим жарашып турабы жокпу, ырайым суукпу мага баары бир, образды жеткиликтүү аткарсам менин жеңишим ошол. Ролду ойдогудай жаратыш үчүн баарына даярмын.

Альбина Бейшембиева катышкан «Сүйө бил», «Мурас сыры» тасмаларын super.kg порталындагы «Кинозал» бөлүмүнөн көрө аласыздар.

«Кичинекей кезимде бокс менен машыкканым үчүн «Сүйө бил» тасмасында мушташкан эпизоддорду ойноо кыйынга турган жок».


Сүйүн Кулматова
Лев Бабенко
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
08.09.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супсулушкада. . . Ийгилик. Анан "катышпайм,жакпайт" озун укмуш сезгендей туюлуп кетти.
08.09.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калдым
08.09.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогон экем,бул кыз катышкан кинолорду,коруш керек экен.
08.09.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды корсом "ххх" болом
Модератор admin_superstan түзөттү 08.09.2014 13:01
08.09.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, сен такыр эле болбой калыпсын го.
08.09.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, этика нормаларын сактаңыз.
08.09.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kinosun korgom umei lyubit degen ayabai jakwy atkargan. suluuluguna soz jok. suroolorgo joop bergeni jakty tak tak joop beriptir. iwinizge iygilik.
08.09.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сулуу кызыбызга!
08.09.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото таланттуу жана сулуу кыз экен. Алдыда чыга турган дарамети да бар окшойт, эгер туура пайдалана билсе
08.09.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына, жеке турмушуна ийгилик.Сулуу кыз экен.Бир жери жакты,"супер модельер","кино жылдызымын"деп тошун какпаганы .Болбосо азыр озун жылдыз атагандардан куйуп буттук го...
08.09.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулугунда айып жок, чындыгында жонокой айым экен.Азыр адамгерчилиги жогору, инсан деген атты алып жургонго татыктуу белгилуу айымдар аз эмеспи,сурашса мен укмушмун,"келечектин легендасымын"деп курулай тошун каккандар,озунду-озун мактабасан эч ким мактабайт деген созду принцип туткандар кооп,ошолорду карап олтуруп тунулосун.Ал эми бул айымдын эмгек жолун карсан мактанса болчудай экен,бирок адамдык сапатынын бийиктигин корсотуптур,бар болсун ушундай кыргыздын айымдары...
08.09.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба чынында сулуу кыз, жангак токоюнда тартылган киноу куттук эле акырына чыкпай калыптырда
08.09.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу айым
08.09.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жолу көрүшүм бу кызды...
09.09.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альбина Москвада Чахона деген ресторанда хостест болуп иштеп жургонун коргом .
09.09.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
художник жигитти сүйүп калган кыз аябай жагат мага. ошол кыз жөнүндө да жазгылачы сураныч...
11.09.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу,таланттуу кыз.Ийгиликтер боло берсин
12.09.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ochen krasivaua i vse filmy nravitsya!vy bolshaya molodes
19.06.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноктюрн тасмасында да ойнойт, Салам Нью-Йорктогу кызга да окшош экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо