«ТЕМИР КИШИНИН КОСТЮМУН БИР ЖЫЛ ЖАСАДЫМ»

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

Өткөндө кыргызстандык жигиттердин тобу БМВ автоунаасын кыргыздын тулпарына айлантышкан. Ага улай дагы бир мекендешибиз «Темир киши» кинотасмасындагы башкы каармандын бири Тони Старктын костюмунун көчүрмөсүн жасап чыкты.
Европада же АКШда мультфильм, фантастикалык кинотасмадагы каармандардын образын чагылдырган костюмдарды жасоо абдан өнүккөн. Ал эми КМШ чөлкөмүндө мындай иш менен алектенгендер аз. Мына ушундан улам мекендешибиз Азиз Малик костюмду жаңыдан жасап баштаган кезде жакындарынан «пайдасыз ишке убакыт коротпой, маанилүү бир нерсе кылсаң боло» деген сөздөрдү көп уккан. Себеби белгисиз нерсеге ал 1 жылдан ашык убакыт жана 20 миң сомдон ашык каражат сарптаган. Кеп кезегин кесиби боюнча финансист, учурда авиакассир болуп эмгектенген АЗИЗ МАЛИКТИН өзүнө берсек:

«ЭЧ КИМ ТҮШҮНБӨГӨН ИШТИ БАШТАГАМ»
– Костюмду жасоо идеясы «Темир киши» тасмасын көргөн соң келди. Андагы башкы каармандын образы мага аябай жаккандыктан аны жасап көрүүнү чечтим. Ошентип, былтыр 2-августта баштап, быйыл августтун соңунда жасап бүттүм. Алгачкы ирет жасап жаткандыктан көп катачылыктарды кетирип убара тарттым. Костюмдун айрым бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү бири-бирине төп келбей кыйналдым. Кетирген каталарымды эске алуу менен тырышып жатып акыркы үлгүнү үчүнчү жолу дегенде араң окшоштурдум.

«КОСТЮМДУН САЛМАГЫ 19 КИЛОГРАММ»
– Костюмду жасоого айнек пластик материалы колдонулду. Алгач кагаздан макетин жасап, анын үстүнө айнек пластик чаптайбыз. Андан кийин аны сыртынан шпаклёвкалап алабыз. Ал кургаган соң жылмалап, автоунааны сырдоочу сыр менен керектүү түскө боёлот.
Бул костюм боюнун узундугу 173-175 сантиметр болгон адамдарга ылайыкталган жана адам кийип басып жүрүүгө болот. Салмагы 19 килограммды түзөт. Ошондой эле костюмга көрк берүү үчүн жарык берүүчү бөлүктөрү бар, туулгасынын бет тарабы электрониканын жардамы менен ачылып-жабылып турат.

«САТЫП АЛАМ ДЕП КЫЗЫККАНДАР БОЛУУДА»
– Учурда Беларустан ушул эле костюмдун көчүрмөсүн жасап берүүмдү суранышты жана ал буйрутманын үстүнөн иштей баштадым. Ал эми алгачкы жасаган костюмумду орусиялыктар сат дешүүдө. Сатып жиберсемби же алгачкы эмгегимди эстелик катары сактап койсомбу деп ойлонуп жатам. Негизи мындай иш бизде көп бааланбайт. Ушундай эле костюмду АКШда 2,5 миң доллардан жогору сатышат. Кытайда болсо эптеп-септеп жасалгандары 1800 доллардан сатылса, жакшы жасалгандары 2900 доллардан турат экен. Башында хобби катары гана баштаган бул иштин аркасы менен каражат тапса болорун түшүндүм.
Ошентип, мен да костюмдарыма өз баамды коюп, электроникасы жок 1000 доллардан, ал эми электроникасы менен жасалса 1500 доллардан сатайын деп жатам.

Азиздин 1 жылдык эмгегинин жыйынтыгы.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(31)
08.09.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodec erkek
08.09.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экообуз бирге иштшсек болчудай экен.Мен да кортон бери "Халк"деген тасманы коруп ага окшоштуруп оз оюмдан костюм жазап жатам
08.09.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат !!! Мына ушундай жигиттер, кочодо самсаалап, бир нерсе кылыш керек эле деп жургондорго улгу болот !!!
08.09.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., туура айтасын
08.09.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар кыргызымдын жигиттери:-)
08.09.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат,Азиз,сага дагы да ийгиликтер болсун!Ушундай жигиттердин саны миллионго жетсин!
08.09.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ийгилик!Кыргыздын жигиттерине эч ким жетбейт го)Бир жыл эмгек кылып 1000,1500долларга сатып жиберсен ,арзан го!
08.09.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mederina11,
2500 $ деп сата бергени , пайдалуу ! ийгилик.
08.09.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ишине ийгилик
08.09.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат озу кыргыздар кыйын да.дагы бир бала бульдезор жазаптыр коруп алып шок болдум.
08.09.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ийгилик
08.09.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun !!!
08.09.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын!!! таланттын ташкындай берсин!!!
08.09.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун ийгилик
09.09.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талыкпаган, эмгектин жемишин узурун кор байке.. ойлоп табуулар жанада онуго берсин!!
09.09.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Азиз !!! Талантын оркундой берсин брат.
09.09.2014. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ушундай таланттуу жаштарыбыз кобойо берсин.
09.09.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учабы?
09.09.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын кыргызда ушундай адамдар кобойо берсин
09.09.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy eken onugo bergile kyrgyzdar.
09.09.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар,бо0рд0шторум, алга айланайындарым!
10.09.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооуууу тан калдым супер алга молодец !!! Ийгилик
10.09.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооуууу тан калдым супер алга молодец !!! Ийгилик
10.09.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!
10.09.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик. мээнетин озунду баксын.
10.09.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огооо молодец. Ийгилик !
11.09.2014. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат, коруп ишенбей да кетет экенсин))))))
11.09.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш сонун эмгек турбайбы сырттан караганда оной корунгону менен жасалыш жолун окуганда тан калат экенсин, айрыкча электрондук варианты ото сонун экен! Азаматсын мырза! Эмгегиндин узурун коруп дагы да такшала бер ийгиликтер болсун!!!
12.09.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайндын «ночной ноль» деген услугасынын рекламасынан кордум
12.09.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец э:)
Иштериңе ийгилик,дагы да жасай бер...
13.09.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Азиз дагы да алдыга умтула бер өзү бизде таланттуулар эми ачыка чыгып жатышат Баткендик жигит жүрө турган робот жасаганын көрдүм таң калдым Аллах өзү колдосун !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо