Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

30 МИҢ СОМ ҮЧҮН АЯЛДЫН БАШЫН ТАШ МЕНЕН ЖАРГАН

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

Болгон кара күчүн, акыл-билимин жумшап, ак эмгек менен үй-бүлө багып, оокатын кылган мырзалар бар. Эркектер менен тең жарышып, базарда, талаада, дегеле бардык тармакта шымалана киришип, бирди эки кылган айымдар андан көп. Ак эмгеги менен тыйын таап тиричилик кылган аялдардын алсыздыгынан пайдаланып, кол салып акчасын тартып алган эркек сөрөйлөр да кездешет. Бир нече күн мурун жапжаш жигит 30 миң сом акчаны тоноо максатында айымды өлтүрүүгө аракет кылган.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛЫП, ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ:
– 26-июль күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаардык №4-ооруканадан Ызат аттуу айым оор жаракаттары менен келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды деген маалымат түшкөн. Абалы оор болуп, ошол учурда суракка алганга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Жабырлануучу өзүнө келген соң окуя тууралуу аныктала баштады. ИИМдин жана Аламүдүн РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип 1995-жылы туулган Өмүрбек Мурзабек уулу аттуу Жайыл районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү кылмышка шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 172-беренеси (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

«2 БАЛАҢДЫ ОЙЛОСОҢ МИЛИЦИЯГА БИЛДИРБЕ ДЕДИ»
Жабырлануучу Ызат Калбаева кылмышка шектүү Өмүрбек Мурзабек уулун кыштан бери жүк ташуучу катары иштетип жүргөнүн жана андан мындай кылмыш ишин күтпөгөнүн айтат:
– Өмүрбек бизге кыш айларында келди. Ага чейин иштеген бала Орусияга кетип жатып ордуна «тааныш бала, жакшы иштейт» деп Өмүрбекти таштап кеткен. Жарым жылдан ашык убакыттан бери тынч эле иштеп жүргөн. Ким ойлоптур, аны ушундай кылмышка барат деп...
Мен «Дыйкан» базарында соода кылам. 26-июль күнү Орозо айт майрамына карата жаңы товар келип, Өмүрбек кечке товар түшүрүп иштеген. Ал күнү банктан акча алганымды да билсе керек. Кечинде жумуш убактысы аяктап, кечки саат 8 болуп калганда Өмүрбек «эже, Пригородноеге досторума барып жолукмак элем, кетип баратып жолдон таштай кетесизби?» деп калды. Жаман ой жок «макул, отур» деп салып алдым. Жолдошума телефон чалып, үйгө бара жатканымды кабарладым. Пригородное айылы бүтүп, дачалар башталган жерге келгенде «токтоп коюңузчу» деди. Артта отуруп келе жаткан, түшүп кетет экен деп жатсам эле моюнума бир нерсени салып, муунта баштады. Унаанын ичиндеги баламдын оюнчуктарынын арасынан ылайыктап бир нерсе тапкан окшойт. Муунуп, дем жетишпей, каршылык көрсөтө баштадым. Колунда отвёрткасы бар экен, ошону менен моюнума сайгылап кирди.
Мен коркконум менен паникага алдырбай, эсимди жоготпоого аракет кылдым да, каршылык көрсөтүп, эптеп сыртка качып чыктым. Чоң жолдо маршруттук такси келе жатыптыр. Алдынан чыга калып токтоткуча тиги чуркап келип мени түртүп жиберди эле жыгылып кеттим. Аңгыча кырдуу таш менен башыма койгулап кирди. Демим кысылып, колдорум учтарына чейин чымырап чыкты. «Эмне керек, айт? Акчаны алып кете бер, бирок мага тийбе» дедим. «Унааңды да айдап кетем, 2 балаңды ойлосоң милицияга билдирбе» деди. Эсиме келип, бирде эсимди жоготуп жолдун чекесине чыктым. Бети-башымдын баары кан. Муну көргөн бир да айдоочу токтобой койду.
Көз байланып, айланага караңгы кирип баштаганда жол чекесинде дарбыз сатып отурган аялдар көрүндү. Алардан телефон сурап, жолдошума чалып, алар келип мени ооруканага алып барып жаткырышты. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Башым катуу чайкалыптыр, чачымды кырып, баш теримдеги терең жаракаттарды дарылашты. Ал арада жолдошум милицияга кабарлап, арыз жазып койгон экен. Көп узабай Өмүрбек колго түшүрүлдү дешти.

«ЭНЕСИНЕ БООРУМ ООРУП ЖАТАТ»
– Азыр ден-соолугум жакшыра баштаган менен дале коркуп жүрөм. Эми деле артыман бирөө келип кол салчудай сезилет. Азыркы жаштарга түшүнүш кыйын. 30 миң сом үчүн эле ушуга бардыбы деп таң каласың. Ата-энеси «бардык чыгымдарды төлөп берели, тосмо арыз жазып бер» деп жатышат. Алар деле жетиштүү жашаган жакшынакай эле үй-бүлө экен. Өмүрбекти окууга өткөрүп коюшкан, студент болчу. Баарынан да энесине боорум ооруп жатат. «Өзүң деле энесиң го, менин ордума өзүңдү коюп көрчү? Жапжаш, он гүлүнүн бири ачыла элек жатып түрмөнү көрсө, баламдын келечеги эмне болот?» деп сыздап жатат.
Денеме урган соккуга караганда жаш баланын ушундай болбогон акчанын айынан кылмышка барып, темир тор артына камалышы, энесинин сыздаганы катуураак тийип жатат. Эне, аялзаты катары баланын энесин ойлосом, алган соккум чымын чаккандай болбой кетет. Антейин десең, колу менен кылган күнөөсүн моюну менен тартыш керек. Эгер мен өлүп калсам анда менин эки жаш балам эмне болот эле? Кыскасы, ушундай мендей аёосуз чайналган абалды душманыма да каалабайт элем. Жайыма койсо күн сайын укук коргоо кызматкерлеринин чакырыктарына барбай, жада калса сотуна да катышкым жок. Мыйзам экен, өзүмдүн ошол учурдагы абалымды эстеп, кылмышкер мыйзам алдында жооп берет да деп жатам.
Эки буттап басып жүргөндөрдүн баарын эле адам деп айтыштан коркосуң. Жапжаш туруп эжесиндей болуп калган аялга кол салып, кырчындай келечегине өз колу менен өзү балта чаап отурат. Өмүрүнө кол салган кылмышкерди аяп, көзүнө жаш алып турган жабырлануучуну көрүп акыр-чикирине карабай кең дүйнөнү батырган энелердин жүрөгүнө дагы бир ирет даңк дедим.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(38)
08.09.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды олтуруп,акчасына ээ болууну ойлогон кишини эч качан кечируугоо болбойт.Жазалоо керек.
08.09.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо тан калдым муштумдай кичинекей бала адам олтургонго аракет кылса деги жаштар каяка баратабыз балким жаштык кылып жатат чонойсо ким болуп чыгат
08.09.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичкен кудугуна тукургон, жумуш берип тиричилигин берип жаткан адамга кол салган акмак, эртен оз апасына да кол салат, мындайларды мыйзамдын "по строгости закона" соттош керек, колу менен жасаганды мойну менен тартсын!
08.09.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал зоокурду кечируунун кереги жок эгер сиз олуп калганда балдарыныз жетим калмак ооба энесине кыйын бирок колу менен кылганды мойну менен тартыш керек кыскасы камап эле салыш керек
08.09.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун бир аялга кол салган,тоноп да эмес олтурууго аракет кылган баланын колунан эртен куну жакшылык келээрине ишенбейм.Бул жолу жазасыз калса кийинки жолу мындан да айбан ишке бараары толук мумкун.Эне алибетте,озунун баласынан жакшылыктарды кутот,анын келечеги учун куйот,ар бир энеге боор ооруй берсек анда эртенибиз эмне болот.
08.09.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээ эки буттуу карышкыр го бул.тоносо озун да тонош керек тиштерин жулуп,олтурсо ххх.
Модератор admin_superstan түзөттү 08.09.2014 13:07
08.09.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
josholu, провокациядан алыс болуңуз!
08.09.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар эмне болуп бара жатабыз?... Ызат эжеке, сиз эч кимдм аябаныз, ойлонбонуз дагы, Кудай бар экен аман калыптырсыз.Ал акмак ушундай ишке бараарда энесин ойлонду бекен. энесин озун сиздин ордунузга коюп корсун. Мыйзам баарыбызга бирдей.
08.09.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тосмо арыз жазбаныз демекчимин.Албетте апасы баласын коргойт,а бирок ал акмак сизди аяган жок да.Менин оюмча олтуром деп ойлогон бирок ойлогон ою ишке ашпай калган.Мыйзам чегинде жооп берсин.
08.09.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле жабырлануучу олуп калса эмне болмок? Кылмышты кылдыбы? Эми тартсын ошону. Боор ачыгандан пайда жок.
08.09.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barybyzda ele bala bar azyrky zamanda sindawtan da korkosyn jurogym ooryp ketti
08.09.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай акмактардын озун олтуруп жок кылыш керек же бычып туруп малай кылыш керек!
08.09.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak4a tabylat den sooluk tabylbait
08.09.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ызат эже сиз баатыр аял экенсиз озунузду жана балдарынызды ойлонуз башка эч кимди аябаныз бирок ал акмакта даже акмак деген созго татыбайт.тосмо арыз жаз десе анда жазыныз да куноо кылган адам оз жазасын баарибир алат озунон озу уялып жерге кирип кетсин бул дуйнодо болбосо аркы дуйнодо же кудай албетте оз жазасын берет энеси байкушка кыйын болот
08.09.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наказать надо обьязательно
08.09.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Понять и простить
09.09.2014. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазалаш керек,жапжаш деп энеси сыздаганы менен адам олтуро жаздады го аз жерден!!!
09.09.2014. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазаланса жакшы болмок эле мындайлар
09.09.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайтан азгырган да,жетиштуу уй-булодон болсо болбогон акча учун ушул ишке барабы.
09.09.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышкерге эч качан боор оруутпаш керек бир кун барибир боорго тебет, колу менен кылдыбы башы менен жооп берсин!
09.09.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боор ооруп, аяп кереги жок мындай немени!
09.09.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаза алсын бирок эртен чыгып келсе кайра очошуп калбаса эле болгону
09.09.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тосмо арыз жазып берсе анан оч алатда мен милицияга бербе деген элемго деп ишениш кыйын
10.09.2014. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча керек болсо карызга эле сураса не болот деймда. Толосо болотко карызды. Жаман атка конбой...
10.09.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча сурап эле турбайбы биротоло олтургонго аракет кылбай. ою жаман экен жазасын алсын. ичи таза болсо мындай кылмак эмес. кир арам адамдардан экен. бирге иштеп журсо акыры.
10.09.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камалсын,жазасын тартсын!Буга боорунуз оорубасын,эжекеси...адам омуруно кол салып жатат бул..
11.09.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конгон адат калабы уйга жугон салабы деген макал сыяктуу тосмо арыз жазсаныз деле ал кайрадан ошол жолду тандайт
11.09.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобо астахфируллах!
11.09.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал адамды кечируу аябай кыйын го,аны каматуу гана керек,зонаны жаштар пионер лагери деп ойлоп калышкан окшойт азыркы заманда,кылмышкерлерге каршы закондорду ужесточать этиш керек,тооба кылдым Кыямат кунунун жакын калганын белгилери кобойуп кетти,намаз окугула,ал баланы бир гана Аллах кечирсин
12.09.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дейбиз бу дейбиз эн окунучтуусу эч кимибиз билбейбиз эртен озубуздо эмне болоорун кырсык каш кабактын ортосунда дейт кыргызстандагы жакырчылык адам баласын ар турдуу кылмыштарга туртуп жаткандай.ошон учун туугандар бироону зоокур кылмышкер дегенден биринчи ойлонолу эртен озубуздо эмне болоорун.
13.09.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жигиттер кээ бири эркек эмес эле э. ошол акчаны мээнетин менен тапсан болбойбу.Ушинтип журсонор кийин кантип аял багасын.Кантип баланы багасын.билбеейм ай энесине боорум ооруп турат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо