Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

KЫШКЫ CАЛАТТАР

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

Кышта чоңдор да, кичинелер да талашып жечү салаттарды жасоонун кызуу кези. Андыктан элдин шарынан сиз да калбай жасап, үйүңүздөгүлөрдү кубантыңыз.

«КАЙНЕНЕНИН ТИЛИ»
Керектелүүчү азыктар
(3 литр үчүн):
Баклажан – 2 килограмм
Помидор – 5 даана
Болгар кызыл калемпири – 5 даана
Ачуу калемпир – 3 даана
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Сарымсак – 50 грамм
Уксус – 1,5 аш кашык
Туз – 1 аш кашык
Кумшекер – 70 грамм
Лавр жалбырагы, тоголок кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Баклажандар 2 сантиметр калыңдыкта тегерекче түрүндө кесилет. Баклажандарга туз сээп, 30 мүнөткө тыныктырабыз. Анан ачуусу чыгыш үчүн сууга жууйбуз.
2. Ачуу жана таттуу болгар калемпирлерди уругунан арылтып, сарымсакты тазалайбыз.
3. Помидорлордун үстүнө кайнаган сууну куюп, 1-2 мүнөт коюп, анан кабыгын аарчып алабыз.
4. Помидорлорду, ачуу жана таттуу калемпирлерди, сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз.
5. Маринадды даярдайбыз. Бул үчүн кумшекер, май жана уксусту кошуп аралаштырабыз.
6. Маринадды баклажан менен эт туурагычтан өткөзүлгөн жашылчалардын үстүнө кошуп, 30 мүнөт кайнатабыз. Лавр жалбырагы менен тоголок мурчту да кошуп жиберүүнү унутпаңыз.
7. Алдын ала бууга кармалган банкаларга салып, капкагын бекитебиз.

«КҮЗДҮН ӨҢҮ»
Керектелүүчү азыктар
(7 литр үчүн):
Помидор – 2,5 килограмм
Бадыраң – 1 килограмм
Болгар кызыл калемпири – 1,5 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Капуста – 2 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Туз – 4 аш кашык
Уксус – 5 аш кашык
Өсүмдүк майы – 700 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Петрушка – 1 боо

Даярдоо ыкмасы:
1. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, бадыраң, пияз, помидорлорду жарым тегерекче, ал эми капуста менен болгар калемпирин ичке, узун туурайбыз. Петрушка майда тууралат.
2. Эми баарын чоң идишке салып аралаштырабыз.
3. Май, кумшекер, туз, уксусту аралаштырып маринад даярдайбыз.
4. Тууралган жашылчалардын үстүнө маринадды куябыз.
5. Салатты бууланган банкаларга бөлүштүрүп, мискейге салып, сыртынан кайнатабыз (1 литрлик банкаларды 30 мүнөт, 0,5 литрликтерди 15 мүнөт).
6. Капкактарын жаап коёбуз.

«КЫШКЫ ЖОМОК»
Керектелүүчү азыктар
(4 литр үчүн):
Помидор – 2 килограмм
Бадыраң – 2 килограмм
Болгар кызыл калемпири – 7 даана
Сарымсак – 200 грамм
Туз – 2 аш кашык
Кумшекер – 130 грамм
Уксус – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Тоголок кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду, болгар калемпирин жана сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Булардын үстүнө туз, кумшекер, уксус жана өсүмдүк майын куюп, тоголок мурчту салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз.
3. 10-15 мүнөт кайнаган соң жарым шакекче тууралган бадыраңды салып, дагы 5 мүнөт отко кармайбыз.
4. Даяр салаттарды алдын ала бууга кармалган банкаларга салып, капкактарын бекитебиз.
Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот.

Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же
kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
08.09.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат
08.09.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайнененин тили дейби?)))
08.09.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышында организмибизде витмаиндер тугонуп баштаганда кайнене эмес кайнатанын тилин да жейбиз. (тамаша) рахмат.
09.09.2014. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнененин тилин жасап коруш керек экен
10.09.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнененин тили деп ким койду болду экен.бирок жакшы кенештер экен.
10.09.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнененин тилиндей ачуубу же ширинби?
12.09.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
той маарекелерге юбилейлерге
арналган ыр саптарын каерден тапсан болот тууугандар
13.09.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sossuz jasap koruw kerek eken, sonun bolot boluw kerek. 4on rahmat!
14.09.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kainenenin tili ukmuw go ;))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо