Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Адилет, Талас: «ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ АЯБАЙ РОМАНТИКПИЗ»

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

«Жаңы толкун-2014» сынагында Кыргызстандын намысын коргоп келген «Style Mix» триосу бат эле жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланды. Топтун жагымдуу жылмаюусу менен эсте калган эки жигити жана жалгыз кызы бар. Илима менен буга чейин маек курганыбыз эсиңизде болсо керек. Кезек эки жигитке келип, алар менен сүйүү, жаштык, максаттары тууралуу сүйлөштүк.

АДИЛЕТ ЭРКИНБЕК УУЛУ
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 19-сентябрь
Туулган жери – Балыкчы шаары
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Хоббиси – кино көрүү, баскетбол ойноо
Үй-бүлөдө – беш бир туугандын ортончусу
Учурда – жүрөгү бош

Таласбек Амантуров
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 7-декабрь
Туулган жери – Талас шаары
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Хоббиси – күрөш менен машыгуу, китеп окуу
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кенжеси
Учурда – жүрөгү бош

– Салам, Адилет. Сен жашоодо да сахнадагыдай позитивдүү жүрөсүңбү?
– Ооба, сахнадан тышкары да шайдоот жүрүүгө аракет кылам. Сахнада деле атайын образ жаратпайм, толугу менен ачылам, кандай болсом ошондой бойдон көрөрмандардын эсинде калууга умтулам.

– Сени дайым гитара менен көрөбүз. Кандайча бул аспап менен «достошуп» калдың эле?
– Кичинемде атам мени ой-боюма койбой музыкалык мектепке алып барып киргизип койгон. Ал жактан гитара ойногонду үйрөндүм. Азыр атамдын ошол кылганы үчүн рахмат айтам. Гитаранын артынан «Тамашоу» долбоорунда «Тамадалар» командасында, «Тамашоу» курама командасында ойноп калгам. Клипке тартылдым, эми минтип трионун мүчөсү болуп сахнага кадам таштадым.

– Жакшы экен. Учурда кайда, эмне менен алектенип жатасың?
– Азыр мен үчүн сахна негизги орунда болууда. Колум бошой калса эле гитараны ала калам. Андан сырткары кошумча иш баштоо керек экенин ойлонуп жүрөм. Бирок азырынча кандай иш экенин өзүм да билбейм (күлүп).

– Кел эми жеке жашооңо да кайрыла кетели. Сага кандай кыздар жагат?
– Кыздарга келсек, бул олуттуу маселе. Турмуш курууда түгөйүңдү акылың менен тандап каласың. Жашоонун оош-кыйышына туруктуу боло турган, мени таштак жолдо таштап качпай турган, сөзүнө бекем, келбети келишимдүү кыздар жагат.

– Романтиксиңби?
– Талас экөөбүз тең аябай романтикпиз. Эсимде, бир жолу бир кыздын үйүнүн алдына рояль алып барып, оркестр менен ырдап, розанын жалбырактарын жаадырам деп пландагам. Тилекке каршы, бул сюрприз ишке ашпай калган. Себеби тиги кыз мындай кадамга татыктуу эмес экенин көрсөтүп койбодубу.

– Замандын артынан кууп, жаңы гаджеттерди колдонгон жигитсиңби?
– Ал эми жашоо шартыбызга жараша болот. Каалоо бул бир, аны ишке ашыруу башка нерсе. Ооба, замандан артта калгым келбейт, бирок капчыгыма карабай эле кымбат нерселерди ала бербейм.

– Талас, сен Адилетке караганда бир аз токтоо окшойсуң?
– Кээде абдан шайыр, тамашакөй болуп кетем. Бирок токтоолук менде басымдуулук кылат. Атасыз өскөндүктөн кичинемден турмушка олуттуу карап чоңойдум. Агам менен эжем үй-бүлө күтүп өздөрүнчө турушат. Мен апамдын жанындамын. Олуттуу жумуш баштаарда сөзсүз апам менен кеңешем. Апамдын ою, кеңеши мен үчүн өтө маанилүү.

– Жеке жашоодо деле негизги кеңешчиң апаңбы?
– Ооба. Келечекте түгөйүм болчу кызды дагы апам менен кеңешип туруп тандайм. Кыскасы, апама жаккан кызга үйлөнөм.

– Сендей жигиттин жанында кандай кыз болушу керек?
– Мага, негизгиси, ыймандуу кыз керек. Албетте, сырткы келбети деле маанилүү, бирок ал экинчи орунда. Айдай сулуу болуп туруп, жүрүш-турушу начар болсо сулуулуктун баарын кылган иши жууп кетет.

– «Жаңы толкун» сынагынан кийин сени менен достошкусу келген адамдардын саны арбыса керек. Байкалдыбы сага?
– Тескерисинче, сынактан кийин айрым тааныштарым менден алыстай түшүштү. Кээ бирөөлөр ийгилигибизге кубанса, айрымдары ичине ит өлгөндөй ич күйдүлүк кылышат тура. Ошондой көрө албагандар алыстап кетишти окшойт. «Жаңы толкун» сынагы биз үчүн чыгармачылыктагы жаңы тепкич гана болбой, турмушта да пайдалуу сабак болду.

– Учурдун талабына ылайык мода кууп, жасанып жүрөсүңбү?
– Дайыма эл алдында жүргөндүктөн жакшы дүкөндөрдөн сапаттуу кийимдерди алам. Жумушка байланыштуу сулуулук салондоруна барып, чач жасалгабызды иретке келтирип турабыз.

– Топто чогуу жүрүп бири-бириңерди жакшы билип калсаңар керек. Адилет тууралуу айта кетсең...
– Адилет аябай көп ойлонгон жигит. Дайыма бир ойдун үстүндө, башындагы максаттарын бышырып жүргөн болот. Тамашакөй, анан болгону жалкоо.

«Жаңы толкун» сынагы айланабыздагы дос-душманды калчаган, турмуштук тажрыйба топтоочу жакшы мектеп болду».

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


“Style Mix” триосунун романтик жигиттери

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
06.09.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
позитивдуу сонун кыргыз жигиттери алга!!!
SUPER.KG видео
06.09.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушуларды эле жаза бересинерби башка деле ырчылар бар го
08.09.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татына жигиттер экен. . . Пейилинерда ошондой болсун. . .
08.09.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Молодец Адилет жердеш мен сени колдойм!
08.09.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талас молодец ишине ийгилик!
08.09.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsynar iwinerge iygilik
08.09.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай жигиттер экен ийгилик
08.09.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал жактан канчанчы местаны алышты булар. жазылбаптырго? ийгилик ишинерге!
08.09.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kandaisyn, акыркыдан экинчини алды десе саал кунигираак болуп калат го :) бирок КРдан суурулуп чыгып катышкандын озу бул жениш.
SUPER.KG видео
08.09.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мейли жеке жашоодо Ата Энесин кандай атаса албетте озу билет!бирок эл алдына чыгып суйлоп жаткандай кийин Ата Эне деп атаса кандай сонун угулат!маам папанардын омуру узун болсун тарбия берген!!!
08.09.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилеттин күлгөнү жакты мага. Ии анан да тамашоудогу "ай чыкканда балбылдап" деп ырганы өзгөчө жагат да.Таластын мүнөзү да өзүнө жарашат. Ийгилик жигиттер. Супер инфо эгер мүмкүн болсо ошол "ай чыкканда балбылдап" деген ырды Адилеттин аткаруусундагы жүктөп кое аласыздарбы?
08.09.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилеттин жылмайганы аббббдан жагат да.жылмайганын коргондо аябай конулум чогуп турса ачыла калат.аябай позитивдуу бала корунот.иляз андаштын клибинде гитара чертип жылмайып турган жери сонун да.
SUPER.KG видео
09.09.2014. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смешные такие
09.09.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Места албасада супер ырдашты айрыкча кыздын уну эн сонун экен
10.09.2014. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде,жигиттер!Иштегиле,иштегиле жана иштегиле!
12.09.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага дагы кулгону жакты
12.09.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
билбейм ай... мага жаккан да жакпаган да жок. :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо