«КУРМАНЖАН ДАТКА» ТАСМАСЫНЫН АЧЫЛЫШЫНДА ТАЛИЕВА ТАМАДА БОЛУП...

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж

Эл эңсеп күткөн «Курманжан датка» тарыхый тасмасынын бет ачары Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгынын урматына 31-август күнү борбор калаабыздагы «Манас» кинотеатрында болду. Ачылыш аземге вице-премьер-министр Эльвира Сариева, маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият өкүлдөрү катышышты.

ТААСИРДҮҮ УЧУРЛАР ЖЕТИШПЕЙ КАЛЫПТЫР...
Акылмандуулугу, кайраттуулугу, көрө билгичтиги менен жумурай журтка баш болуп, кыргыз элинин бүтүндүгү, азаттыгы үчүн күрөшүп тарыхта аты калган Алай ханышасы Курманжан датка тууралуу көркөм тасма көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Албетте, «Камчыбекти дарга асуу учурундагы Курманжандын «Ажалга тике кара!» деген таасирдүү сөзү жок, ошол эпизод көркүнө чыкпай калыптыр. Орус империясынын баскынчыл саясаты бүгүнкү саясатка байланып калыптыр» деген өңдүү сындар айтылууда. Бирок жалпысынан тасма көпчүлүктүн купулуна толуп, премьерага келген көрүүчүлөр орундарынан туруп алып кол чаап, ыраазычылык билдиришти.
Кыргыз каскадёрлорунун тасмадагы аткарган ишин өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө арзыптыр. Анан албетте, операторлордун милдетин мыкты аткарганы кино боюнча өзгөчө түшүнүккө ээ болбогон карапайым көрүүчүгө да байкалат. Кыргыздын керемет табияты бул картинада укмуш ачылып, актёрлордун оюнуна кошумча көрк бергени көрүнүп турат.
Ачыгын айтыш керек, мамлекеттик масштабдагы тасманын ачылыш аземин көрүүчүлөр башкача элестеткен. Ачылыш аземге алгач президент Алмазбек
Атамбаевдин келери күтүлүп жаткан. Бирок ажо аталган иш-чарага катышпады. Президент катышпайт дедиби же мындай иш-чараларды өз деңгээлинде өткөрүүчү адис жетишсизби, айтор, уюштуруу иштеринин жоопкерчилигин алган Маданият министрлиги бир топ баш аламандыкка жол берди. Башында кызыл килем болот деп жатышкан, андан кабар жок. Сахнага кимдер чыгып, ким сөз сүйлөөрүн билбей, тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз абалды жөнгө салып, кино жаратуучуларды көрүүчүлөрдүн алдына чакырды. Кино жаратуучулар кубанычын бөлүшүп бүтө электе Камила Талиева микрофон талашып, сахнага Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырованы чакырып, микрофонду бошотуп берди. Эптеп-септеп тартылган тасмалардын ачылышында деле аземдин каадасын кылып кызыл килем, сүрөткө түшүүчү стенд дегендерди уюштурушчу эле, Маданият министрлиги мындай нерселерди эске албаптыр. Актёрлор «Манас» кинотеатрынын «Курманжан датка» фильми үчүн жасап сыртка коюп койгон афишаларынын жанында сүрөткө түшүп жатышты.

КӨРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Тасма тууралуу учурда социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыш жаралып жаткан кез. Мактап, «баракелде» дегендер толтура. Ошол эле учурда «Тасма 70 миллион сомго тартылгандай көрүнбөйт. Андай суммага мындан күчтүү фильм тартылмак» дегендер да чыгууда. Айрымдары болсо «массовканын аздыгынан согушкан, мушташкан эпизоддору толук ачылбай калган, спецэффекттер жетишсиз» деген түрдүү сындарды айтышууда.

Асхат Субанбеков
Нурсултан Эстебесов
star@super.kg


"Курманжан датка" тасмасы жарыкка чыкты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(48)
SUPER.KG видео
02.09.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazi_18,
Саламатсызбы! Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек, сунушуңузга рахмат.
SUPER.KG видео
02.09.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы тартылыптыр,аягында жутунсам да,ыйлабайын деп аракет кылсам да козумо жаш келип атты.Дагы бир жолу Кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанып алдым.Элина Абай кызына чон алкыш,ушунчалык суктанып отурдум...Тасманы тарткан жамаатка терен ыраазычылык.
SUPER.KG видео
02.09.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Superchik elina abay kizi jonundo jazgilachi...a surottordo kumar jaliev da jurot go..elinanin jigiti..
SUPER.KG видео
02.09.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элина Абай кызы чыныгы кыргыздын жүзү, сулуулуктун эталону! Курманжан энебиздин назиктик, сулуулугун, кайраттуу, сабырдуулугун айтоор кыргыз аялдарына тиешелүү образды укмуш ачыптыр! Суктандым, ыйладым! Назира Мамбектова болсо, чыныгы Курманжанды көрсөтүптүр, рол менен жашаптыр! Алымбектин ролундагы Азиз Мурадилаев эң сонун образын түшүнүптүр, көз карашы, жүзүн карачы. Көзүндогү мун
SUPER.KG видео
02.09.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир кыргыз ойлонсун, керектүү тасма! Анан дагы бир ачылыш Абдылдабектин образын жараткан бала болду! "Кайда барбайын жүрөгүм ушул тоолордо" кандай күчтүү сөздөр, көзгө жаш аласың! Кызыктуу актер экен. Ал жигитке ийгилик каалайм! Орустардын ким экенин мыкты ачыптыр, ар бир нюанста кыргыз жаман сапаттардын баарын орустан көчүргөн дегендей туюм калып жатты. Тасмадан сабак алгыла! эгемендүү
SUPER.KG видео
02.09.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 2 жолу кордум , канган жокмун.
SUPER.KG видео
02.09.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трейлерин коруп эле байкагам сонун фильм экенин.Тезирээк интернетке киргизишсе бизге окшогон мекенден алыс жургон кыргыздар кормокпуз.
SUPER.KG видео
02.09.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуштуудай таасирленткен кинону жаратышыптыр!!! Курманжан датканын сабырдуулугу, кайраттуулугу аябай чон таасирин тийгизбей койбойт экен!!! Садык Шер-Нияз агабыздын жогоркуу денгээлдеги профессионализимин коро алдык. Баардык актерлорунун тандалганы андан бетер тан калтырды!!! Бугун барып коруп келдик. Аябагандай чон рахат алдык бул тасмадан!!

ЧОН - ЧОН ийгиликтерди каалайм Садык Шер-Ниязга жана тартуучу коллективге!!! Ушунунардан жазбай коптогон тарыхый чыгармаларды кыргыз эли учун
SUPER.KG видео
02.09.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарата бергиле!!!

Первостепенный жана второстепенный ролдорду баардык актерлер эн мыкты ойношуптур!!!

Браво!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 03.09.2014 09:35
SUPER.KG видео
02.09.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sydyk sher niyaz aga oskarga tak ushundai filimder alynat,biz tatyktuubuz jana katyshyah kerek.En sonun taasir kaltyrgan taryxyi chygarma,baardyk kyrgyzdyn jurogu zyrk zyrk etti go ozgocho chette jurgondordun.
SUPER.KG видео
03.09.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек жакты
SUPER.KG видео
03.09.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кино начар тартылган Тарыхта андай болгон эмес да
SUPER.KG видео
05.09.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чындыгында кино мен куткондой болбосо да, мага абдан жакты.Канчалаган адамдын эмгеги, мээнети бар.Негизи биздин кыргыз киносунун жылышы.Баарынан да мага Элина Абай кызынын ойногону жакты.Азамат! Абдан таланттуу, чырайлуу, жылдыздуу актриса.Аябай суктандым.Эч кандай боексуз эле супсулуу.Жана ошондой эле Алымбек Датканы ойногон Азиз агай да мыкты образ жараткан.Дегеле баарына алкыш.
08.09.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сындаганы кыйын тим эле.Тартылып жаткан учурда каражат жагынан жардам корсотуп коюшпайбы курсагын сылап жата беришпей!
08.09.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамада болсо деле министр болсо деле элдин кызматы. Кудай буйруса тойлорго да чакырып калаарбыз.
08.09.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талиева деген озу кооз суйлошту эле кыйын билет.Качан караба "приключение" менен журот.Маданияттын "м"сын тушунбогон адамды ал кызматка кантип коюшту,билбейм.Башка эле тармакты тандаса болмок.
Ал эми тасманы коро элекмин,бирок,рекламаларынан жакшы эле тартылган окшойт деп калдым.
08.09.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdi syndatyp ele koiso ee?
08.09.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кантип кай жерден корсок болот???
SUPER.KG видео
09.09.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуштуудай кино болуптур!!!! Сапатына соз жок!! Садык шернияз агабызга алкыш айтабыз!! Ишиниздерге ийгилик!! Ар бир кыргыз жараанына коргонду сунуштайм
09.09.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо согуш массовкасы супсак дешти
09.09.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманжан Датканы 1-куйо0го берээрде жыланач кылып жуунтурганын тартпай к0йбоптур. Дуйн0лук денгээлдеги фильм болг0нд0н кийин болг0нд0 да кыргыз ханышасын тартып жатканда анын денгээлин тушурб0онун аракетин от0 кылдат ойл0нулушу керек эле. Кандайдыр бир супсак, чындыгында азыркы Россия менен саясатына караштырып к0юптур. Бирок башталышы жакшы,шугур.
10.09.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбой туруп эле сындай берген болбой калат го дейм.
12.09.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кино болуптур. Элина неге суйлобогон же тартылбай калганбы?
SUPER.KG видео
12.09.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино болуптур канча кишинин эмгеги элина Жана азиз азаматсынар ийгилик
12.09.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун да ошол ."Ажалга тике кара" деген созу жетишпей туруп алды. Себеби кино корсотулот дегенден бери ошол эпизот кандай болду экен кантип айтты экен деп аябай кызыгып аткан элем
SUPER.KG видео
13.09.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атын ким чырагым...?Атым Курманжан...
13.09.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy tartylgan kino
SUPER.KG видео
13.09.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы кино.кемчиликтер бар бирок
26.09.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тартылган тасма болуптур мага озгочо элина Абай кызы жараткан образ жакты операторлор да жакшы иштеген бироок чындыгында эле массовка жетишпей калган жана э н маанилуу создор жок олумго тике кара деген жери (50 сомдун рекламасында жакшы же ошону туурабайлы дегенби айтор)
SUPER.KG видео
17.10.2014. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супеееер кино!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо