№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
Атактуу Арнольд Шварценеггер кайрадан кино дүйнөсүнө кайтты. Учурда ал «Терминатор» тасмасынын 5-бөлүгүндө башкы каармандын ролун жаратууда. Тасма тууралуу учкай кеп козгосок, режиссёрлук милдетти Алан Тейлор аркалап, экс-губернатордон тышкары Эмилия Кларк, Жейсон Кларк, Жай Кортни, Мэтт Смит, кореялык Ли Бён Хон сыяктуу актёрлор өз дареметин көрөрмандарга тартуулашмакчы. Азырынча тасманын жаратуучулары бет ачар аземин 2015-жылдын 1-июлунда өткөрүүнү убада кылышууда. «Темир кишинин» «саякаты» бул менен эле токточудай эмес. Себеби 2017-жылы тасманын 6-бөлүгү, ал эми 2018-жылы 8-бөлүгү экранга чыгары азыртадан айтылып жатат. Ал эми Арнольд кийинки бөлүктөрүнө тартылар же тартылбасын азырынча айта элек.
Асхат Субанбеков
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |