Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асем Токтобекова: «КӨК ЖАЛ» ТУУРАЛУУ ЖАМАН СЫН УГА ЭЛЕКМИН»

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

Ырчы катары таанылып, эми тасма талаасындагы режиссёрлук түйшүктү жон териси менен сезүүгө билек түрө киришкен Асем Токтобекова менен бул ирет «Көк жал» тасмасы тууралуу баарлаштык.

ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ
Аталышы – "Көк жал"
Узактыгы – 1 саат 15 мүнөт
Тартылган жерлери – Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустары, Тажикстан мамлекети
Жанры – Криминалдык драма
Башкы ролдордо – Асем Токтобекова, Азат Кусеинов, Муслим Демиржан (Түркия)
Режиссёру – Асем Токтобекова

– Саламатсызбы? Режиссёр катары биринчи тасмаңыздын жарыкка чыгышы менен куттуктайм.
– Саламатчылык, рахмат. Өзүм да толкунданып бүтө элекмин. Бардык кыйынчылыктар артта калып, элиме мааниси терең тасманы жеткиргениме кубанып турам. Кыргызстанда «Көк жалдын» бет ачары болгон соң чет элдеги мекендештерибиз да бизди чакырып жатышат. Буюрса, жакын арада Лос-Анжелеске, Москвага сапар тартууга камынып жаткан кезибиз.

– Ар бир режиссёр тасмасы аркылуу көрөрмандарга бир ойду жеткиргиси келет. Сиз кандай оюңузду жеткиргиңиз келди?
– Тасма адамдардын түрдүү тагдырларын чагылдырат. Өзүм кайрымдуулук иштерине катышып жүрүп көйгөйлүү көп адамдарга жолуктум. Кинодо жашоодогу түрдүү маселелерди чагылдырууга бел байлаган элем. Турмуштагы түйшүктүү маселенин дээрлик бардыгы акчага барып такалат экен. Кароосуз балдар, аялдардын тагдыры, акча, баңгизат, айтор, бул фильмде баары бар. Анан көрүп отурган адам сөзсүз түрдө өзүн же таанышынын тагдырын көрсө дегем. Максатыма жеттим деп ойлойм.

– «Даяр ишке сынчы көп» дейт эмеспи, «Көк жалга» кандай сын-пикирлер айтылууда?
– Азырынча, Кудайга шүгүр, сын уга элекмин. Айтылган сөздөрдүн баары мактоолор болууда. Бирок ошол пикирлердин арасынан Нуртай Борбиевдин «бул катардагы жеңил тасмалардын бири эмес, өзүнчө бир дүйнө» деген ою, Эрнест Абдыжапаров агайымдын баш бармагын көтөрүп, «супер» деген белгини көрсөтүшү өзгөчө эсимде калды.

– Тартуу мезгилинде кыйналган учуруңуз болдубу?
– Башкы каарман Умардын образын жараткан Азат Кусеиновду көпүрөдө атып кеткен эпизодду тартуу кыйынга турду. Себеби оюбузда атайын эффекттерди колдонуп, ошол жерин мыкты чагылдырып берели деген элек. Тилекке каршы, биздин мыкты эффекти жасоочуларыбыз Казакстанда иштешет экен. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, актёрубуз дагы акырында бул эпизоддон баш тартып, жакшы чыкпай калды.

– «Көк жал» деген аталыш эмнеден улам келип чыкты?
– Алгач фильмдин аталышы башкача эле, негизги ролдо да мен болчумун. Бирок монтаж учурунда алдыңкы планга Умар аттуу каарманды чыгарууну туура көрдүм. Ал негизги каарман болгондон кийин тасманын атын өзгөртүш керек болуп, Эрнест Абдыжапаров «Манастын көк жал аттуу колдоочу карышкыры болгон, ошонун атынан койбойсуңбу?» деп калды. Ошентип «Көк жал» аттуу жаңы тасма жарыкка келди.

– Сиздин фильмди көрүү алдында турган адамдарга эмне дээр элеңиз?
– Бул тасмага акырындан сүңгүп кирип, терең маанисин түшүнүүгө аракет кылыңыздар. Ар бир тагдырга кайдыгер карабаган курч сюжеттүү фильм. Купулуңуздарга толот деп ойлойм.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
– Буюрса, азыр "Асем-продакшн" аттуу чыгармачылык борбор ачканы жатам. Анда улан-кыздар үчүн бардык ийримдер болот. Ал аркылуу мен келечектеги муунга мүмкүнчүлүк түзүп берип, өзүмдүн изимди калтыргым келет.

– Маегиңизге ыраазычылык.

«Режиссёрлукту гана колго албай, жакшы образды да ачып бере алдым»

«Тасмадагы негизги каармандар Умар менен Кванч элдешкис душмандардан»

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Ырчы Асема "Көк жал" тасмасын сунуштайт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
30.08.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оюмча сонун кино окшуйт))) Асема эже ге ийгилик !!!! Дагы дагы сонун кинолорду жаратат деген ойдомун.....
SUPER.KG видео
30.08.2014. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу кызганбайт бекен,бирок кызык кино корунот,кантсе да ийгилик.
SUPER.KG видео
30.08.2014. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kutobuZ
SUPER.KG видео
30.08.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Асема! Дагы коп ийгиликтерди багынт демекчимин
SUPER.KG видео
30.08.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кино окшойт.
Асемага ийгилик!
SUPER.KG видео
30.08.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик кирешелу кин болсун!
SUPER.KG видео
30.08.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооо Динара Абдыкадырова мен жакшы көргөн журналист эже келип калыптырго.
SUPER.KG видео
30.08.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кино болсун
SUPER.KG видео
30.08.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оператор эзет экен го )))))
SUPER.KG видео
30.08.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргыздар сындаганды кана билебиз куйоо урсат бергендир озунор кыла албайсынар кылганды коро албайсынар
SUPER.KG видео
30.08.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Oi iiiiy dese demir go ... manasta okuchu elek hazirlikta chogu.azamat kinogo da tartyluuga jetishipsin.
SUPER.KG видео
31.08.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба бул Асемага негизи ырдаган такыр жарашпайт. Же эн башында чыкканда актриса катары таанылган учунбу билбейм...жеке озумдун оюм. Актриса болуп улантканына мен кубанычтамын... алга деп айтмакчымын...
SUPER.KG видео
31.08.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jenewkabyzgo bizdin!Uygilik!
SUPER.KG видео
31.08.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турк бала кыргыз тилин так суйлогону жакты. Озу башка улуттан болсо да аябай жакшы суйлоптур. Биздин озубуздун коптогон кыргыз кыздарыбыз балдарыбыз кыргыз тилинде суйлой алышпайт.
SUPER.KG видео
31.08.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асема сага ийгилик! Дайыма ушундай сулуу айым болуп журо бер!
SUPER.KG видео
01.09.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асемада чыныгы актерлук талант бар. Менин суйуктуу актрисаларымдын бири. Эми бул кинону биз качан коробуз? жакында коро албайбыз го. Эмне учун дегенде кыргызстанда эмеспиз. Москвага да келип кинону койуп кетсенр жакшы болмок. Билеттерди базарга алып келип сатышса жакшы болмок, базарда кыргыздар коппуз.
SUPER.KG видео
01.09.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мумкунчулук болуп убакыт болсо бир жолу коргонго болот
SUPER.KG видео
01.09.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматту админ актриса Асема жонундо атайын макала даярдабайсыздарбы анын уй булосу ата энеси бир туугандары жонундо алдын ала рахмат
SUPER.KG видео
03.09.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Асема,ийгилик мындан кийинки кинолорунду да жаратып журо бер.
SUPER.KG видео
04.09.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бул кинону толугу менен кордум. Мага жакты. Асеманын чыныгы талантты бар.
15.09.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик,кинону коргондон сон ой пикирибизди айтабыз.
16.09.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asem dese taanybai jattym eie.
Iygilik!
16.09.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино окшойт толугу менен коруп анан баамдайбызда калганын бирок корунгон кыскача жерлери кызык эле экен, туштук жергеси качан коробуз кабар бере аласыздарбы, Бишкеке барганга шарт жок.
17.09.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо эми Асем продакшн не болот казакстанга кеткени жатам деп интервью берген экен элего
19.09.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ким баягы Асемабы?кайсы кино эле аа кок салкын ошолбу?
20.09.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ariet7, балам кайсы доордо журосун. "Боз салкын"
SUPER.KG видео
03.11.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асеманын негизи тасмаларда аткарган образдарына соз жок. Чыныгы таланттын ээси! А режиссерлук дебюттук эмгеги абдан жакшы башталгыч болду. "Кок жал" тасмасын бир эмес 2 жолу коруп келдим кесиптештерим менен барып. Чынын айтканда ушунчалык социалдык коптогон темаларды которуп чыккан, бир гана "Азаматсын, Асема!" деген создон башка мактоо соз таба албайсын!. Тасманы коруп отуруп, эркек башым менен коз жаш алып, жан дуйно таасирленген учурлары дале болсо эсимде. Ушундай кинолор коп болсо кана...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо