«13-район» деген кинону көргөн чыгарсыз. Фильмде район эч кимге баш ийбеген, баш аламан аймак катары сүрөттөлөт. «Ош базарынын» айланасы да борбордо жайгашканына карабай обочо калган аймактай туюлуп, «13-районду» элестетет . Аталган аймак тууралуу гезит бетине жазчу болсоң батчудай эмес. Ошондуктан опурталдуу деп эсептелген Заводской посёлок, Кулиев, Павлов көчөлөрүндөгү көрүнүштөрдү баян этебиз.

КӨКӨЙ КЕСКЕН АЙМАК
Кулиев, Павлов көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн манжа менен санасаң жеткен эле жашоочулары өзүлөрү жашашса, калгандарын акча табуучу булакка айлантып, мончо, батир салып, көпчүлүк үйлөрдө сойкулук кызмат көрсөтүлүп келет. Аталган көчөдө 1971-жылдан бери жашаган Алибек Курманалиев аттуу аксакал буларды айтып берди: «Кулиев көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки аймагында 37 үй болсо, 33ү мейманкана, мончо, денесин саткан кыздар иштеген жерге айланган. Сойкулар иштеген үйлөрдү жапкыла деп акимден тартып тиешелүү тармакка чейин кайрылдык. Кыздарга эне катары түшүндүргүлө деп аялдарды ээрчитип чыгып да көрдүк. Аймактык инспекторго кайрылсак, «менин гана эмес, башканын да күчү жетпейт, булардын үстүнөн жети баштуу ажыдаарлар карашат» деп ийин куушурат. Мен аны сотко берем деп жатып сойкуларды иштеткен айрым үйлөрдү жаптырдым. Бирок кээ бирлери жашырынып, түнкү 11ден өткөндө ишин улантып эле жатышат»
Аймактын түнкү жашоосуна баам салалы деп кечти күткөнүбүзчө эле үйүнөн «суточная гостиница» деген жазууну колуна алган апа дарбаза сыртына илип койду. Ападан «кыздар барбы?» деп сурасак, «эки кыз бар» деп жооп берип, биздин журналист экенибизди байкай калып, эшигин бекиткенге шашылды. Кечке жуук бул жерде базар кызуу жүрүп баштайт. Көчөдө кыздар туруп алып ары-бери өткөн эркектерге «200 сомго кыз керекпи, кирип кетпейсиңерби?» деп өздөрүн ачык эле жарнамалашат. Ичин сүрөткө тартып алуу максатында кирсек, мени танда дегенсип 5-6 кыз чыга келди. «Кечке иштебепсиңер, али пачын да ачылбаптыр» деп дептерин барактаган эненин сөзүн угуп таң калдым десем болбос, тобо кылдым.
Заводской посёлок деген аймак өтө эле башкача. Көчөлөрү дагы, үйлөрү дагы. Акча табууга ылайыкташтырып эки кабат кылып батирлерди салып коюшкан. Кээ бирлеринин эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турат. Кеч кирери менен сеп этип алышкан селсаяк адамдар көчөгө чыгышып, ары-бери өткөндөргө тийишишет.
Кинолордон көрүп жүргөн Ооганстандын көчөлөрүн ушул жерден көрүүгө болот. Эки адам кез келсе кыйгачтап өтпөсөң батпайсың. Мындай көчөлөрдү кочкор сыйбас көчө деп койсо болот.
Бул аймакта бир үйдө кеминде 5-6 бүлө батирде турушат. Айрымдарында андан да көп. «Жан жейби же жаак жейби» демекчи, көп үй-бүлө көп энергия сарптайт, көп суу коротот, таштанды да мол чыгат.
Алыс-жакындан келген көпчүлүк жолоочулардын токтоочу жери да ушул жер. Көчөлөрдүн кесилишине унааларын токтотуп койгондуктан, каттамдарда тыгындар мүнөт сайын болуп турат. Жол чыракты, эрежени жөө жүргүнчү да, айдоочу да карабайт. Кесепетинен кырсыктар да көп катталат.
Көр оокат издеп жергебиздин жети дубанынан келген тургундардын көпчүлүгү «Ош базарына» келишет. Ошол жерден жумуш, батир издешет. Базарга жакын үй ээлери акча түшүп туруучу булакты издеп, түрдүү бизнестерди ачып алышкан. Алардын басымдуу бөлүгүн батирлер ээлейт. Бир айдан бир саатка чейин берилүүчү батирлер бар.
Душ мынча сом дегендердин айрымдарына кирсең, ичиндеги жытынан демиң кысылат. Сүрөткө тартып чыкканча каңылжаарым ачышып кетти.
Павлов көчөсүндө №31-мектеп жайгашкан. Балдар билим алып, тарбия көрүп өсүп жаткан аймакта терс көрүнүштөр бар экени зээнди кейитет.
Айрым мейманканалардын керебеттери сынып, төшөктөрүнүн тамтыгы чыгып калган.
Султан Төрөбеков,
Адилет Керимбек уулу.
koom@super.kg
бироо жарым коруп калып урушрасын деп. тазалыка ундоп турушат
ал жакта эже ана кандай мусор десен жылчы жыттанбай деп чакчандашатго .