Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАСТОРКОН КӨРКҮ – САЛАТ

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

Берекелүү күз жергебизге баш багып, той-топурлардын сезону ачылды десек болот. Конок тосордо ар бир кожойкенин баш оорусу болуп келген дасторкон жаюу маселеси чыгат. Анда эмесе, кожойкелердин маселесин жеңилдетип, даамдуу, ошону менен катар жөнөкөй салаттардын рецебин сунуштайбыз.

«БЫШТАК ШАРИКТЕРИ»
Керектелүүчү азыктар:
Быштак – 100 грамм
Бадыраң – 2 даана
Помидор – 1 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Алмурут – 1/2 бөлүгү
Сарымсак – 1-2 тишче
Петрушка, укроп
Лимон ширеси – 2 чай кашык
Зайтун майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. 1 бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп, туз кошуп, 5 мүнөт коюп коёбуз.
2. Бадыраңдын ширесин сыгып алабыз. Быштак (кургак болсо каймак кошуңуз) менен бадыраңды аралаштырып, 1 чай кашык лимон ширесин, мурч кошуп шар формасына келтиребиз.
3. Бадыраң, помидор, болгар калемпирин жана алмурутту өзүңүз каалагандай формада туурап алсаңыз болот.
4. 1 чай кашык лимон ширесине туз, мурч, майда тууралган сарымсак, петрушка, укроп жана зайтун майын кошуп аралаштырабыз.

5. Азыктардын баарын аралаштырып, тарелкага салып, быштак шариктерин үстүнө коюп коёбуз.

«УЙДУН ТИЛИ»
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун тили – 300-400 грамм
Картошка (орточо) – 3 даана
Сабиз – 1 даана
Жумуртка – 3 даана
Туздалган бадыраң – 3 даана
Көк пияз – 3-4 тал
Майонез

Даярдоо ыкмасы:
1. Уйдун тилин бышырып алабыз (шорпосуна сарымсак, лавр жалбырагын, туз кошобуз).
2. Картошка менен сабизди сууга бышырабыз.
3. Жумуртканы сууга бышырып, кабыгын аарчыйбыз.
4. Бардык азыктарды чарчы формасында туурап, майонез кошуп аралаштырабыз.

«КАРУСЕЛЬ»
Керектелүүчү азыктар:
Ышталган тоок эти – 150-200 грамм
Жүгөрү (консерваланган) – 0,5 банка
Пияз – 1 даана
Катырак нан – 100 грамм
Сабиз (корей сабиз салаты) – 200-250 грамм
Майонез

Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин чарчы формасында кесебиз.
2. Пиязды майдалап туурайбыз (пияздын даамы ачуу болуп билинип калбаш үчүн кайнак сууга чайкап койсоңуз болот).
3. Азыктардын баарын аралаштырып, салатты дасторконго коёрдо майонез жана катырак нан кошобуз. Өзгөчө даамдуу салат даяр.

«НУР»
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 150 грамм
Жумуртка – 2 даана
Пияз – 100 грамм
Сыр (катуу) – 100 грамм
Грек жаңгагы – 50 грамм
Майонез

Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин сууга бышырып, майда туурайбыз.
2. Жумуртканы сууга бышырып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Пиязды өсүмдүк майына кууруп алабыз.
4. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.
6. Тарелкага азыктарды кезеги менен тизебиз. Ар бир катмардын ортосуна майонез сүйкөөнү унутпаңыз.
7. Акырында салаттын үстүнө грек жаңгагынын калганын майдалап себелейбиз.
8. Майонез сиңиши үчүн салатты муздаткычка 1 саатка коюп коюңуз.

Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же
kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
15.09.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы рахмат!
15.09.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun salattar eken rahmaat
15.09.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмааааат
17.09.2014. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун
17.09.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндердин туйшугу уфф конок тозуу
17.09.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун супер дагы аялдар учун эн керектуу сайт ачсаныздар касметика, бойону, массаж кылуу бетке, кыскасы эн керектуу нерселер жонундо адистерден ар апта кенеш алып гезит бетине чыгарсаныздар сураныч
17.09.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, саламатсызбы!
Гезиттин "Пайдалуу кеңеш" рубрикасы жума сайын чыгат. Ушул рубриканы окууну сунуштайбыз:
http://www.super.kg/article/?theme=20
17.09.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы бул маалыматы Анжелика айымдын салонунан алсаныздар болмок деп ойлойм
18.09.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо шакек манжалардан чыкпай калганда дагы машинанын ачкычы ичинде калып кеткенде колдонулуучу амалдар жаздыныздар эле ошону кайсыл беттен таба алабыз сураныч алдын ала рахмат
18.09.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы. Рахмат.
19.09.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун салаттар экен. Эми жасап кором.
19.09.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ышталган тоок эти -копченый бы? Базарда даяр сатат го
20.09.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат супер, сонун салаттар .
26.11.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсакты ачырдыңар мен кетим жасап жейм
11.06.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат соонун салаттар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо