БИР КЕЗДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЫРЧЫЛАР АЗЫР КАЙДА?

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

Мезгил агымынын шары менен келип, жанга жугумдуу, кулакка угумдуу ырлары, өзгөчө стили менен элдин эсинде калган чыгармачыл адамдар арабызда арбын. Бир кездерде популярдуу болуп, күйөрман күткөн айрым ырчылар кайда жүрөт деген ойдо жүрсөңүз, макаланы окуп маалымат алыңыз.

Максат Сулайманкулов, «Максат Бишкек» тобунун жетекчиси: «УЧУРДА ЫРЛАРГА АРАНЖИРОВКА ЖАСАЙМ»
1992-жылдары кыргыз сахнасында «Максат Бишкек» аттуу жаңы образ менен чыккан топ чыккан болчу. Алар учурунда эл жүрөгүнөн орун алган «Kyrgyzstan girls» («Кыргызстандын кыздары»), «Махабат жөнүндө ой», «Сагындым», «Эй, балалык» деген ырларды жаратышкан.

«Сен жөнүндө ойлой берем,
Сени таппай издей берем,
Түшүмдө да сени көрөм»,-
деген саптары бар топтун «Махабат жөнүндө ой» аттуу ыры учурда орус, казак, түрк тилдерине которулуп ырдалып жүрөт.
Аталган топ 1997-жылдардан кийин көрүнбөй кеткен болчу. «Бул топ азыр кайда жүрөт? Эмне менен алек?» деген суроолор менен топтун жетекчиси Максат Сулайманкуловго кайрылдык:

– «Максат Бишкек» тобун Искусство институтунда окуган балдардан түзүп, өзүм жетектеп чыккан болчумун. Учурунда көптөгөн ийгиликтерди багынтып, жеке концертибизди көп жолу бердик. Тилекке каршы, андан кийин ишибизди уланткан жокпуз. Себеби топтогу балдар турмуш шартка байланыштуу башка жолдор менен кетишти. Эки жигитибиз каза болуп калды. Экөө чет мамлекетте өз иштери менен алек болуп жүрүшөт. Мен болсо дагы деле чыгармачылык менен жүрөм. Улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейм. Менден улуу болсо дагы Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов өңдүү ырчыларды окуттум. Жаштардан Мирбек Атабеков, Айя Садырова өңдүү жаш ырчылар сабак алышты. Мындан тышкары студиям бар, ырчылардын ырларына аранжировка жасап, кинолорго музыка жазып берип жүрөм. Жеке жашоодо болсо мурунку жубайым менен жолум болбой ажырашып, жакында эле жаңы турмушту баштадым.

«Максат Бишкек» тобу менен көптөгөн ийгиликтерди багынттык».

Самандар: «КЫЗЫКЧЫЛЫК ҮЧҮН ЭЛЕ ЫРДАП ЖҮРГӨМ»
2005-жылдары САМАТ АБДЫКАДЫРОВ Самандар деген ысым менен элге алынып, «Глупая ложь» аттуу ыры хит болгон эле. Өзгөчө стиль менен чыгып, сахнада бийлеп далай кыздардын көзүн күйдүрчү. Жылдызы жанган ырчы сахна айдыңынан 2007-жылдан кийин жылан сыйпагандай эле жок болуп кеткен. «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» дегендей, өз мезгилинде күйөрмандарын тапкан бул мырза бүгүнкү жашоосу тууралуу төмөнкүлөрдү бөлүштү:
– Ал кезде, чынында, кызыкчылык үчүн эле ырдаган болчумун. Бирок күйөрмандарды тапканыма кубанам. Эми күйөрмандарым мени сахнадан күтпөй деле коюшса болот. Анткени сахнадан биротоло кеткем. Азыркы күндө намаз окуп, дин жолунда жүрөм. Мадина аттуу кызга баш кошуп, эки балалуу болдум. Ырдап жүргөнүмдө эле машина сатып иштечү элем. «Эки талдын башын кармаган сууга агат» болбоюн деп бир жолду тандадым. Учурда машина алып саткан бизнесим менен алек болуп жүрөм.

«2006-жылдары сахнада ырдап жүргөн кезим».

«Азыр үй-бүлө күтүп, эки баланын атасы болдум».

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
15.09.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер Инфо сиздерден сураныч Бекчоро жоголуп кетти. ошол ырчы жонундо да жазып койгулачы
15.09.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mersedes2013, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
15.09.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самандардын ыры менен эн копко ооруп журдум эх уну соонун да озун издегем ырдап журсо ырларымдан береин деп бирок братишкасы билбейм ырдайбы жокбу дегенинен издегенимди токтотуп койгом даа ГОЛОСУ СУПЕР !!! Дин жолуна тушуп ырчылыкты таштаганы жакшы болуптур ! Уй булолук бакыт каалайм!!!
15.09.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samandar birinchi jolu uguwum uwundaida yrchy bar bele
15.09.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
САМАНДАРДЫН глупая ложь деген ырынан башка дагы ырлары болсо жазып койгулачы сураныч
15.09.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alibekova94, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/?search_term=Самандар&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
15.09.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, Рахмат чон ))
15.09.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekchoro, aidinwer, mirbek imanbekov uwular kai jakta juruwot maalymat berip koesuzdarby
15.09.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naaazka, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирдик. Рахмат!
15.09.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naaazka, Айдин Шер москвада ,настольгия денег клубда иштейт
15.09.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам инфо Майрамбек Осмоновдун ырларын аткарган Наргиза Исакова азыр кайда экен?билип бериниздер сураныч.
15.09.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
15.09.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87, Менда ушул кызды кээде эстеп калам чындап эле кайда экен? Суйун Жусупбаев дегенда кайда журот?
15.09.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекчоро байкебиз дагы дин жолуна тушкон, иниси айтканына караганда
15.09.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо Бактыгул Бадыева жонундо да жазып койунуздарчы жок эле болуп кеттиго
15.09.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akus, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
15.09.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bandsun деген группа жонундо жазгылачы урматтуу Супер инфо
16.09.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elli_88, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
16.09.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да Айдиншер диджей болуп кеткен)))
16.09.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samandar vapwe ozgoruluptyr...))
16.09.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимай Карабаева деген да кыз бар эле го. Андан да кабар алып коюнуздарчы.
17.09.2014. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"chagylgan" degen yrdy atkargan Kunduz attuu yrchy jonundo jazyp koesunarby suranych.
17.09.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_sulushka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
17.09.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul yrchynyn juzun korboi armandamyn
17.09.2014. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Islam Satarov d yrchy bar ele oshol kaida jurot?
17.09.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самандарды суйчу элемда...аран унутканда супер инфо кайра эстетип койдунар да(((( балдары озуно окшогон шириин шириндер экен
19.09.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
глупая ложь деп ыры сонун эле эхх озу да крассавчик
21.09.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер 90жылдары самара деген топ бар болчу,ошонун ырларын кайдан тапса болот маалымат берип коюнуздарчы?
22.09.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76, саламатсызбы!
Андай маалымат бизде жок. Эгер болуп калса, кабарлап коёбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо