Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назира Бердигулова: «СУЛУУ БОЛГОНУМ ҮЧҮН КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН РОЛУН ОЙНОБОЙ КАЛДЫМ»

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

Жаркылдаган жүзү менен көрөрмандын да, баарлашкан адамынын да көңүлүн алган телеалпаруучу, актриса Назира Бердигулова бүгүнкү деңгээлге жетүү үчүн көп мээнет жумшаганын айтат. «Жалгыз бой айымдарга ар кимди жабыштыра беришет экен. Ошондуктан маалымат каражаттарына жолдошум бар деп коём» дейт. Чындык төмөнкү маекте.

– Салам, Назира. Учурда тасмага тартылып жатыптырсың, кимдин ролун жараттың?
– Жаныш Кулмамбетовдун жаңы тасмасында дарыгер айымдын ролун ойнодум. Негизи, мага көп эле режиссёрлордон сунуштар түшөт. Мурун эртерээк элге таанылсам экен десем, азыр кандай роль, мага ылайыктуубу, ачып бере аламбы деп ойлоном. Анткени турмушка олуттуу мамиле кыла турган жашка келип калдым.

– Бир эле учурда актриса, телеалпаруучу катары жүзүң элге таанылды. Өзүңдү кайсы чөйрөдө жакшы сезесиң?
– Мурун эфирге чыгарда чачымдын жасалгасына, кийимиме, макияжыма көңүл буруп, ошого басым жасачумун. Азыр болсо коноктордун ички дүйнөсүн ачып берүүгө, элди кандайдыр бир ойго түртүүгө аракеттенем. Көрсөтүүдөн көрүүчүнүн жакшы таасир алышы мен үчүн маанилүү.
Ал эми кино бул тарых. Андыктан киного тартылганда образымды ачып берүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Эки чөйрө мен үчүн бирдей, эки тармакта тең өз ордумду таап кете алам деп эсептейм. Каныбек Иманалиев «мен сени актриса катары көбүрөөк баалайм» деген эле. Мага ушундай сөздөр дем, күч-кубат берет.

– «Курманжан датка» тасмасынын кастингине да катышкан экенсиң. Өтпөй калдыңбы?
– Ооба, катышып 1000 кыздын ичинен Элина Абай кызы, Гүлнур Асанова үчөөбүз калганбыз. Отургандардын баары эмнегедир ролго мени татыктуу деп ойлошуптур. Өтпөй калганымда режиссёрдон «эмне үчүн мен өтпөй калдым?» деп сурасам, «Курманжан датка сендей сулуу болгон эмес» деп айтты. Ошентип сулуу болгонум үчүн Курманжан датканын ролу мага тийбей калды. Айрымдары датканын эрининде калы болгон эмес дешти. Башка эпизоддоруна деле катышсам болмок. Аны тартыш үчүн, балким, Алайга барып, бир топ күн жүрүп калмакпыз. Менин балам бар, түз эфирлерди алып барам, Садык агай ушул жагын да ойлосо керек.

– Балдарың тууралуу айтып кетсең, интернеттеги өздүк баракчаңа бир кыз менен баланын сүрөттөрүн илип жаттың эле...
– Ал клиптеги кадр болчу. Өзүмдүн кызымдын сүрөтүн интернетке көп жүктөбөйм. Бул баланчанын кызы деп элдин таанышын каалабайм. Үйгө келген конокторго да кызымды сүрөткө тарттырбайм. Эжекелерим кызыңдын сүрөтүн жиберчи дешсе үйгө келип эле көрүңүз дейм. Кызым беш жарым жашта, азыр даярдоочу класска барат.

– Өзүн баалаган, сулуумун дей алган айым экениңди байкадым, чын эле ушундайбы?
– Адам өзүн сыйлай алса гана башкалар аны сыйлашат. Мен эч качан өзүмдү бирөөдөн өйдө сезбейм. Бирок өзүмдү баалайм, анан сулуу сезем. Сулуу эмес аялзаты жок. Болгону сулуулугуңду баса белгилеп жана туура кам көрүү керек деп ойлойм. Күнүмдүк жашоомдо боёнбойм, эфирге чыгарда гана боёном. Көздүн тегерегине эрте бырыш түшөт эмеспи, аны алдын алуу үчүн ромашканы кайнатып, муздаткычка тоңдуруп алып, көзүмдүн тегерегине сүртөм. Күлгөндө да бетим бырышпасын деп алаканым менен басып күлөм. 35-40 жашка келгенде бир топ акча коротуп операция жасатпай, карылыктын алдын алыш керек.

– Жолдошуң менен ажырашканыңа төрт жыл болуптур. Дагы турмуш куруу туурасында ойлондуңбу?
– Турмушта өйдө-ылдый болот экен. Мен ал адамдын артынан эч жаман сөз айткан эмесмин. Кантсе да кызымдын атасы. Ар бир адамга сый-урмат кылыш керек. Арадан төрт жыл өтсө да турмушка чыга элекмин. Эркектерден көңүлүм сууп калыптыр.
Мен да бирөөнү сүйүүгө, бирөөнү күтүүгө, бир үйдүн жарыгы болууга татыктуу айыммын, анткени колумдан баары келет. Жашымда турмуш куруп, төрөп алышым керек, убакыт өтүп баратат деп кээде жүрөгүм кысылып, көзүмө жаш тегеренет. Ошентсе да «жакшы аял эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт» деген макалга таянып келем. Күйөөдөн чыксам да элдин кызы болдум, ушул менин жеңишим. Алдымдан чыккан беш адамдын үчөө таанып, салам берсе, бул да сыймык, менин ийгилигим. Бул ийгиликтерге мен өз аракетим менен жеттим.
Жүрөгүмө канчалаган мыктар сайылды. Ал мыктарды сууруп чыкканда деле жарааттары калып калат экен. Мени түшүнбөгөн, колдой албаган эркек менен жашай албайм. «Баланча менен киного тартылыпсың, ортоңордо бир нерсе болсо керек» деген сыяктуу кептерди да уккум келбейт. Кыскасы, мен учурда бактылуу аялзатымын.

– Жолдошуң кайрылып келип, чогуу жашайлы деп айткан учуру болдубу?
– Кызым үчүн аракет кылып көрдүк, болгон жок. Анткени эки башка ойлонгон адамдардан экенбиз.

– Ажырашканыңда ата-энеңди аралаштырып, ушундай болуп жатат дедиңби?
– Албетте, айттым. Бирок ыйлап, баламды багып бергиле деп барган жокмун. Кызымды бербегенимдин себеби кызым үчүн жашайын дедим. Күнү-түнү талаалап жүрө бербей кызымды бала-бакчадан алайын, жанында болоюн деп үйгө шашып тургум келди. Апам «балам, белиңди бекем буу, турмушуңду гүлгө айлантчу да, чөлгө айлантчу да өзүң» деди.

– Бир турмуш көргөн башы бош айым деп сени менен ымала түзгүсү келген мырзалар болбой койбосо керек?
– Тийишкендер болот. Бирок мен сыртыман караган адамга өтө сүрдүү көрүнөт экем. Муну курбуларым да көп айтышат, «сен жөнөкөй көрүнсөң эчак турмушка чыгып, 4-5 балалуу болмоксуң» деп. Адам үчүн анын ден-соолугунан кийин эле намысы турат. Кашыктап чогулткан баркымды чөмүчтөп төккүм келбейт. Мен бардык адамга бирдей күлүп-жайнагым келет. Ошондой сапатымды айрымдар «мага тийишип жатат, жеңил ойлуу окшойт, бул менен мамиле курганга болот турбайбы» деп ойлошот экен. Менин мындай мамилемди жогорудагыдай түшүнгөндөр жаңылышат. Менин адамдарга жылуу сүйлөгөнүм маданияттуулуктун белгиси.

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол.

«Мен өзүм теңдүүлөр менен жакшы тил табыша албайм. Гүлбү Орозкул кызы жана Турсунбай Бакир уулунун жубайы Нуриза менен үй-бүлөлүк катыштамын».

«Эрнест Бөрүбаевдин «Сиз жөнүндө» деген ырынын клибинде сүйүүгө туруксуз айымдын ролун жараттым».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Кызымды элге көрсөтүүдөн корком" дейт Назира Бердигулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(201)
16.09.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер гулнур асанованы тандаса кинону кормок эмесмин
16.09.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Психиатр оорулуу адамдарды дарылайт, психолог жан дуйносу жабыркаган адамды айыктырат Назира айым! Ооба сулуусуз, бир кыздын энеси жашоо коргон айым болсо дагы акыл-эси калыптана элек, чочное элек кичинекей кыздай ...
16.09.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул айым да ото так суйлойт экен. Сулуулугуна да соз жок... анан мен сулуумун деп эмес бетимде калдар коп болгондуктан деп айтканго ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 16.09.2014 17:34
16.09.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Penguin95, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
16.09.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jenil oyluusun da, toktoosun da jakshy katyra oynoyt. kyrgyzdyn talanttuu kizdarinin biri! Iygilik Nazira!
16.09.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сулуу актрисаларга жылдыз ооруусу келгенби?Өткөндө да бирөө чыкты эле.Сулуу болсом пластика жасатайынбы деп.Таттыбүбү эжебиздей сулуу болсоңор жаныңар калмак эмес экен!
16.09.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим оз кызын мактоонун ордуна кайдагы укмуш нерселерди жазганынар адамдык жакшы сапатка жатпайт, Мезгил жана Алыкул, Президент жана Бомм деген кинолордо аябай жакшы роль жаратып элдин суймончулугуно ээ болгон бул кыз, Тубаса талант да бар, Ар ким оз жашоосун жакшылап тактап алып анан сын таксаныздар жакшы болоор эле, Кемсинтип мазактоо акыретте аябай чон кунолордун бирине кирет туугандар.
17.09.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элина бардык жагынан топ келишкен кыз, бой десе бою,келбети десе келбети, фигурасы келишкен, таланттуу кыз.Бирок бир да жолу Элинанын "мен сулуумун" деген созун уга элекмин.Элина она такая грациозная девушка!
17.09.2014. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naziranyn sozun super info korkomdop jazyptyrda myndaicha aitkanda
17.09.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktygul Badyeva Aijamal Kabylova jana Anjelikalar ayabai ele suluular go birok ech birinin menin suluulugumdun aiynan d suilobogon
17.09.2014. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааииий мынча адамдар, биринчи маегинин видеоверсиясын корсонор, соонун маек бериптир, бактылу бол ылайым!!! Ишине ийгилик!!!
17.09.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба,сулуу,бирок Датканын ролуна туура келбейт,козундо кыраакылык,курчтук жетишпейт.Уйдо отурган назик аялды ойносо дал озу болот.
17.09.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озун мактагандан оло кач деп Кастингде да мен сулуу деп мактанса керекта,сулуу экенсин деп албай койгондур.Чындында Элинага тенелбей эле кой Элинанын чанында эле каласын Элина Кыргыз эли сыймыктанган кыз.
17.09.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кайсы киного тартылган айтып койгулачы
18.09.2014. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде Назира эмес эле Элина тууралуу создор "кызыган" го)))Экоо тен кыргыздын ай чырайлуу кыздары,мисалы:мен бизде ушундай кыргыздын атактуу актриса кыздары бар деп башкаларга сыймыктана алам,бирок экоону тен улуу инсан Датканын ролуна татыктуу деп айта албайм!Тарыхта Датка сурдуу,ото кыраакы,анын жузундо кайрат мн эрктуулуктун,баатырдыктын,кок жалдыктын,акылмандуулуктун,косомдуктун белгиси болгон!А бул 2 кызыбыз тен назик,режиссерлор балким издесе эл арасынан Датка ролуна башкалары чыкмак.
19.09.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошодо
19.09.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курманжан даткадан озун жогору сезип алганбы дейм да бечара байкуш аа, созду суйлогондо да этияттап суйлош керек да мен бул кызды уже тоготбой калдым
19.09.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманжан датка энебизге соз тийгизип кеткени мага жаккан жок.
SUPER.KG видео
19.09.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлогону жасалма, калпты аябай айтыптыр,бул жонундо баарын билебиз!
20.09.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин билишимче Назира 2-3 киноголе тартылган а Элина коптогон кинолорго тартылып Орусиянын мыкты актерлору мн иштешкен тажрыйбасы бар эгер Курманжандатканы ушу Назира ойносо кинону кормок да эмесмин Назира андай бийик ролду аткаралбайт ххх хххх
Модератор admin_media түзөттү 20.09.2014 02:22
22.09.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210, мазактоодн алыс болуңуз.
20.09.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина чурокго мунун жанында тажрыйбасы да мол!
20.09.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билишимче бул келин 2-3 эле тасмага тартылган эл да анча тааныбайт муну ой ой ой азыр балээ болдуго бир киного эптеп тартылып алып мен сулуу атата патата деп асмандын башын суйлошуп Кудай сактай кор!
SUPER.KG видео
20.09.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой башым ооруп калды утур точкасы жок суйлойтго бул кыз(((
20.09.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне Элина сулуу эмес бекен?
SUPER.KG видео
21.09.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элина Абай Кызы сулуу
22.09.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oleg.kgz, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
23.09.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Сулуулугумдан кастингден отпой калдым" деп озун соороткондогусу, аны эмне анчалык талкуулап атасынар? Чынында эле сулуу айым Назиранын сулуулугуна жетпей, суктанып жургон кыздар канча? Соз деп эле суйлой бериптирсинер адамдын сырткы келбетине шек келтирип... Ал эми жасалмаланды десенер ал эл адамы, жасалмаланабы башкы кылабы эл алдына чыгып жаткан сон жагымдуу коруунуго аракет жасайт да ботом. Жашоодо "мындай-тигиндей эле суйлойт" дегенинер туура эмес. Анткени жашоо башка бул жак башка...
SUPER.KG видео
30.09.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакында эле башка газетага маек бериптир го куййом бар деп, калпычы экен!
07.11.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул деле сулуу бирок элинага жетпейт. курманжандын ролун ачып бере алмак эмес. чын элина сулуу эмес бекен. бул картан корунуп калмак
18.11.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
вот сочиняют сулуу болгонумдан деген жери жок го болгону калым бар учун деди
03.04.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элина абай кызы красотка сооннун аткаргаан соз жок.эч ким андай аткара албайт
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо