Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«BEELINE`ДАН ЖЫЛДЫЗДАР ТУРУ»

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

Сентябрдын алгачкы күндөрүндө Кыргызстандын аймактарында көрүүчүлөргө жаркын маанай жана жагымдуу таасир калтырган «Beeline`дан жылдыздар туру» өттү. Кыргызстандын уюлдук рыногунун лидери уюштурган концерттерде ата мекендик эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Курал Чокоев, Иса Өмүркулов, «Кыз-Бурак» тобу жана башкалар эл сүйгөн композицияларын тартуулашты.

Эл аралык оператордун демилгеси менен Жалал-Абад, Талас, Ош, Нарын жана Баткен шаарларынын борбордук аянттарында өткөн концерттердин кызыктуу жана каныккан программасы жашоочуларга эстен кеткис таасир калтырды. Көрүүчүлөр ырахаттануу менен сүйүктүү ырларды коштоп ырдап жатышты, ал эми тапкыч алып баруучулар элди улам сүрөп турушту.
«Beeline`дан жылдыздар туру» өлкөнүн аймактарын бир жумага жакын кыдырды. Кыргызстандыктар сүйүктүү ырчыларын чыдамсыздык менен күтүшүп, иш-чара өтө турган жерге эртерээк келип, сахнага жакын орун ээлеп жатканы кубандырбай койгон жок.
Beeline компаниясынын өкүлдөрү белгилегендей, концерттер абоненттерге майрам тартуулап, сүйүктүү ырчыларын жакындан көрүп, жандуу угууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн уюштурулду.
– Ишеним артып, Beeline`ды өз байланыш операторлугуна тандап алгандары үчүн ыраазычылык иретинде биз абоненттерибизге бул жылдыздуу турду уюштурдук. Биз кыргызстандыктардын концертке келип, ырахаттануу менен көрүп кайтышканына абдан кубанычтабыз. Бардык абоненттерибизге биздин компанияга берилгендиктери үчүн рахмат айткым келет. Биз мындан ары дагы байланыш сапатын, тейлөөнү жакшыртууга, жеткиликтүү жана пайдалуу сунуштарды ишке киргизүүгө, бардыгы жакындары менен ар дайым байланышта болушу үчүн жогору ылдамдыктагы интернетти өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз. Beeline менен болуу пайдалуу,- дейт Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко.
Көрүүчүлөр өз кезегинде эмоцияларын жашырышкан жок. «Beeline`дан жылдыздар туру» убагында аянттарда кубаныч, дүркүрөгөн кол чабуулар, жаркын таасирлер өкүм сүрдү. Ошондой эле алар кызыктуу оюн-зооктор жана популярдуу ырлардан ырахат алып, кечти достор, жакындары менен чогуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бергени үчүн Beeline`га ыраазычылык билдирип жатышты.
«Beeline`га ийгиликтерди жана өнүгүп-өсүүнү каалайбыз. Кыргызстандыктарга кам көрүп, колдогонуңар үчүн рахмат» деп көрүүчүлөр өз таасирлерин журналисттерге жана Beeline компаниясынын өкүлдөрүнө билдиришти.
«Beeline`дан жылдыздар туру» салтанаттуу, майрамдык салтка ылайык жаркын салют менен аяктап, кыргызстандыктардын эсине жагымдуу таасир калтырды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
15.09.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан коро тарифти, интернети арзандат ошондо колдойт эл сени
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо