КОЧКОРДОГУ МЕДРЕСЕ БАШЧЫСЫ БАЧАБАЗ ДЕП КҮНӨӨЛӨНҮҮДӨ

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж

«Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» дегендей, жеке эле дин жолундагы адамдардын эмес, жалпы журттун кыжырын келтирген окуя Кочкор айылында болду. 4-сентябрда Кочкор РИИБине Кочкор айылынын тургундарынан арыз түшкөн. Анда айылдагы медресенин башчысы жаш балдарга бачабаздык мамиле кылып жүргөнү айтылып, ага мыйзамдын негизинде чара көрүүнү суранышкан.

«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛСО, ИЗДӨӨ САЛЫНАТ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн укук коргоо кызматкерлерине кайрылдык. Нарын ОИИБинин маалымат катчысы МЕДИНА СУЛТАНАЛИЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– 4-сентябрда Кочкор РИИБине Кочкор айылынын 56 жаранынын колу коюлган арыз келип түшкөн. Арызда айылдык медресенин башчысы 1982-жылы туулган М.А. жана аны менен чогуу иштеген Ж.Н. аттуу жаран ошол эле айылдын 1992-жылы туулган 3 жаранына бачабаздык мамиле кылып жүргөнү үчүн мыйзамдын негизинде чара көрүп берүү өтүнүчү жазылган.
Укук коргоо кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Н., Ж.Н. жана Т.А. аттуу жарандарды суракка алганда 2 медресе окутуучусу аларга акча берип, алдап бачабаздыкка барууга түрткү бергендигин билдиришкен. Эгер чын эле аталган жарандардын бачабаздыкка баргандыгын аныктаган далилдер болсо, 10 күндүн аралыгында кылмыш иши козголот. Андан кийин гана аларга издөө салынат. Себеби күнөөлөнүп жаткан 2 жарандын тең кайда жүргөндүгү учурда белгисиз. Жергиликтүү тургундар укук коргоо кызматкерлерине кайрылганга чейин «динге каршы келген иш-аракеттерге барышкан» деп айылдан кетүүсүн талап кылышкан экен. Ошол себептен алар убактылуу жер которуп кетишкен. Ал экөөнүн биринин үй-бүлөсү бар, ал эми экинчиси ажырашкан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде мындай өңүттөгү иштерге дал келе турган мыйзамдын жок экени да маселе туудурат. Маселенин чын-бышыгы такталбай жатып аталган 2 жарандын айылынан куулуп калышы жергиликтүү бийликтин көңүлүн бурдура турган нерсе. Кочкор райондук администрациясынын коргонуу жана укук тартиби боюнча башкы адиси
Жанышбек Мамадиловго байланыштык. Ал кызматтык өргүүдө экенин айтып, «аппарат жетекчисине кайрылгыла» дегенинен улам Кайратбек Асановго кайрылсак, ал сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.

ОШто ДА МЕДРЕСЕ БАШЧЫСЫ КАРМАЛГАН
Мындан 2 жыл мурун жай айларында Ош шаарындагы медресенин окутуучусу Нурсеит Калыбай уулу «9 жашар баланы бир нече жолу зордуктаган» деп айыпталган. Жыйынтыгында күнөөлүү деп табылып, ага психиатриялык экспертиза дайындалып, Кызыл-Жар ооруканасынын дарыгерлери ага «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен. Бул иш да Чубактын чуусундай чубалып отуруп аягында Ош шаардык соту Нурсеит Калыбай уулуна «акыл-эси жайында эмес болгонуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошоп, мажбурлоо иретинде дарылансын» деген чечим чыгарган.

«БИР КУМАЛАК БИР КАРЫН МАЙДЫ ЧИРИТЕТ»
Коңшулаш жайгашкан Тажикстанда да жакында эле дин жолундагы кой терисин жамынган карышкырлар жалпы мусулман коомчулугунун кыжырын кайнатты. Дегеним, өздөрүн дем салып дартты айыктыра турган касиеттүү адам катары таанытып киши көрүп жүргөн молдо чалыштар ыплас иштерге барып жүргөндүгү аныкталып, алардын бир нечеси милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Тагыраак айтканда, бул молдо сөрөйлөр өздөрүнө көрүнгөнү келген төрөй албай же башка дарт менен жабыркап жүргөн айымдарга «тийишип» жүрүшкөн. Жашыруун камера менен тартылып, социалдык тармактарга тараган видеодо чоочун аялдарга дем салымыш болуп, алардын денесин кармалаган, кийимдерин ачып, этектерин өйдө көтөрүп ырахаттанган, ал тургай түздөн-түз интимдик байланышка барган чалдарды көрүүгө болот.
«Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, ушундай адамдар башкалардын да бетине көө жапканы зээнди кейитет. Динди бетине кармап, акылга сыйбаган иштерди кылып жүргөн «молдокелерибизден» Кудай сактасын деген сөз ар бир мусулмандын негизги дубасына айланат өңдүү.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
15.09.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген ушул да...
15.09.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Izvrawenets, maniac tar atayin kylmysyn jawyryw uchun kalp ele Moldo Bolup alganda. muftiattan kozomol Boluw kerek ,moldolordun jogorku bilimduulugu, psihologialyk test, krugozorun, den soolugun, murda sottolbogondugun tekwerup anan jumuska Koyuw kerek. wariatta da ar bir musulman ar taraptuu bilimduul Boluw. Kerek dep aytylat go. Anan mektepti da butup butpogon Adam Dinden sabak berip imam Bolup ozunon bilimduu adamdarga kantip dindi tanytat. Otkondo tv den orozo fitr boluwtugondo kozu aziz ka
15.09.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aziz kariyany bir sakalcan seni owon uchun ALLAH kozunu Kor kylganda degende be tine tukurup salgym keldi. Musulman sozu mn emes, isarat kylypda ziyan keltirbesh kk. Baska dindegilerge baardyk musulmandardy nevejda kylyp korsotup atat'. super info emne uchun muftiat jergiliktuu imamdardy konkurs boyuncha jogorkuda aytkan warttar mn iwke dayindabaysynar dép interviu alysynardy kutot élém
15.09.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
15.09.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медреседеги мугалимдер балдарда зордуктаганбы же 1992 жылы туулган балдарбы?
15.09.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бачалык деген эмне?
15.09.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alenka, бача деген кичинекей бала.
Бул статьяда Бачабаз деп жатат. Бачабаз деген голубой.
15.09.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын,ушундай шумшуктордун айынан дин жаман корулуудо!Баарыбызга Аллах ыйман-ынсап берсин!
15.09.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазасын берсин манкурттарга.
15.09.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бачабаз деген соз тажиктердин созунон келип чыккан. бачча(бала)баз(базар)(бала базары).ал жерде жаш балдарды 6 жаштан баштап сатат екен мындайча айтканда притон.шаардларында чоон рекламный шиттерине жазып суротторун илип койушат екен,бул жонундо бир журналист ошол жакка барып баарын корсоткон акчасы коп акмактар интервью беришкен 200,300 а может андан да коп балдар м-н жатканмын деп.
15.09.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл козуно аллахын айтып жакшы корунуп ал жактан эмне иш кылып жатканын куда озу билет да.Мен билгенден бир адам 15 жылдан ашык убакыттан бери дин жолунда журуп,10 жылдан бери оз айылында молдо болуп жургон бир сорой Бишкектен товар ташып иштеп журуп ушул жылы козу корбогон энесин,3-4 баласы менен аялын таштап уйунон кийимин которуп мен башка бироону суйуп калдым деп чыгып кетти.Не булардын созу эле ашыкча болбосо,адамга таандык жакшы да,жаман да сапаттардынбаары бар...
15.09.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта!
16.09.2014. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
гомосексуализм ушу тажигистандан чыкпаса болду
16.09.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушул таджиктердин видеосун каяктан корсо болот айтып койгулачы?
16.09.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooba bargan saiyn adamdar emne bolup barajatywat bular aibandan dele aiyrmasy kalbadygo. kudaiym ozun sakta myndailardan.
17.09.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эч тушунбойсун ушул чондор жакшы эле чара колдонушса. бычыш керек токтоосуз. педофилдер да кобойуп баратат. мусулман калкпыз акыры.
18.09.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы адамдар кудайга ишенбей баратышат ошондуктан ушундай иштерге баратышат. бул айткан создорумду кудай озу кечирсин. баарын бычып салыш керек.
20.09.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aali-90, тескерисинче кудайга беш маал сыйынып намаз окугандар ушундай иштерге барып жатат да. Ар бир айылда мечит ачууну токтотуу керек. Мечитке барбай эле, намаз окубай эле ыймандуу, боорукер болууга болот. Азыр ким көп, молдо чалыш кейпинднги бузукулар көп.
13.10.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бачабаз дегенди кандай тушунсо болот?
13.10.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tululuk2418, гей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо