Жоодарбешим, «2013-жылдын супер дебюту» наамынын ээси: «ЭЖЕЛЕРИМЕ КЕЛГЕН ЖИГИТТЕРДИ ТАШ МЕНЕН УРУП КУБАЛАЧУМУН»

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

Чыгармачылыкта бийиктиктерди багындырам деген ырчылардын катарында Жоодарбешим да бар. Учурда ал жаңы ырларды жаздырып, угармандарына жеткирүүдө. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары тууралуу баарлаштык.

– Өнөр адамы болгондон кийин сөзүбүздү чыгармачылыктан баштабасак болбос. Бул жаатта кандай жаңылыктар бар?
– Жаңы ырларды жаздырганды эске албаганда, чыгармачылыгымда жаңылыктар көп. Жакында Бишкекте тушоо кесүү концертимди бергени турам. Мен бул концертимден пайда таабууну көздөгөн жокмун. Баасын карапайым элдин, студенттердин капчыгына жараша эле коёбуз. «Жоодарбешим биринчи жолу концерт берсе да мыкты болду» деп айткыдай болсун дейм.

– Продюсериң менен иштешпей калдың эле. Кайра кайтууга эмне түрткү болду, же өз алдыңча иштеп кетүүгө чыгармачыл дареметиң жетпедиби?
– Туура, биз бир кезде иштешпейбиз деп чечкенбиз. Анда деле экөөбүз катуу урушкан эмеспиз. Эркекче кол алышып, бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга ийгилик каалаганбыз. Бирок ырчыга продюсер керек экен, иштешүүнү туура көрдүм. Анткени чыгармачылыгымдын ушул деңгээлге жетишине Каниеттин (ред. Жыргалбеков) да салымы бар.

– Күз келди, тойлор башталды. Тойлорго чакыруулар болуп жаткандыр?
– Ырчыларды жакшылыктын жарчысы дешет го. Чакырган жерден калбай барганга аракет кылам. Бирөөнүн ийгилигине күбө болуп, элдин маанайын көтөрүп туруу жакшы нерсе. Ар бир ырымдын өзүнүн угарман, сүйөрмандары бар. Мен ырдап жатканда эс алуучу адамдын маанайы жаркып, ырдан таасир алса эргүү алам.

– Атаандаштык өсүүнү жаратат. Азыркы ырчылардан кимди атаандашым деп эсептейсиң? Дегеним, Нурлан Насип экөөңөрдүн ортоңордо атаандаштык бар деген кеп канчалык ынанымдуу?
– Мен өзүм атаандаштыкты жакшы көрөм. Чуркасам алдыга озгонду, мелдеште алдыга чыкканды жактырам, машина айдасам да жарышып айдайм. Чыгармачылыкта да ошондой, жакшы ырларды жаздырайын, өсөйүн деп аракет кылып жатам. Мен Нурланга же башка бирөөгө атаандашып жамандык жасагым келбейт. Жакшы нерсе жаратайын деп атаандашкандын менимче жаман жагы болбосо керек.

– Атың чыга баштаганда айланаңда дос да, душман да көбөйөт. Ырчы болгондон баштап сенде да ошондой адамдар пайда боло баштадыбы?
– Атактуу болгондон кийин дос болом дегендер чыныгы дос эмес. Алар атыңды же акчаңды пайдаланып, учуру келгенде сатып кетет. Социалдык тармактарда да досторго баймын. Бирок кээде биздин эрке, таарынчаак кыздарга жооп бере албай таарынтып алам. «Бой көтөргөн адам турбайсыңбы» деп сөгүп калгандары да болот. Айтор, ырдап чыккандан кийин досум да, касым да көбөйдү.

– Жеке жашооңду сурабасам күйөрман кыздарың таарынып жүрбөсүн. Жүрөгүңө тынчтык бербеген бир сезим барбы?
– Жеке жашоо тынч эле. Сүйүү деп жан үрөгөнгө убактым жок. Азыр менин сүйүүм – бул чыгармачылыгым. Учуру келсе сүйүүмдү да айтармын. Күйөрман кыздар тынчсызданбай эле койсо болот, жүрөк бош.

– Азыркы курагыңды го билебиз. Жоодарбешимдин кичинесиндеги жоруктары кандай болду экен? Тентек кылгандарың эсиңде калган чыгар?
– Кичине кезимди эстесем, эркелик кылган күндөрүм көз алдыма тартылат. Атам трактор айдачу. Негедир атамды ээрчип, трактордо жүргөн мага жагат эле. Эртең менен эрте үнүн угарым менен уктап жаткан жеримден кийимимди да кийбей ыргып туруп, дыргаяктап атамды ээрчип жөнөчүмүн. Эгерде калып кетчү болсом жерге жата калып ыйлап, жер тепкилеп чоң тополоңду салат элем. Атама кошулуп талаа-түздө трактордун ичинде далай ирет уктадым.
Эжелерим мектепте болгон концерт, кечелерге барарда менден жашырынып кетишчү. Эгерде байкап калчу болсом жолун тороп кетирбей коёт элем. Аларга келген классташ балдары же башка жигиттериби таш менен уруп кубаламай адатым бар болчу. Классташтары болсо акча же шоколад берип мени алдап, эжелеримди ээрчитип кетишчү.

– Эрке баланын мектеп босогосун алгач аттаган күнү да кызыктуу болсо керек?
– Мектепке апам ээрчитип барган. Бардык балдарды ата-энеси менен класска киргизип, окуучуларды эки-экиден отургузушту. Ата-энелер сыртка чыга баштады. Апам да мени таштап, класстын эшигин жапканда кыйкырып ыйлаган боюнча артынан ээрчип чыккам. Класс жетекчибиз «сен деген чоң жигитсиң, карачы кыздар ыйлаак бала экен деп сага күлүп жатышат» дегенде намыстанып отуруп калгам.

– Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?
– Бокс менен машыгып келем. Мындан сырткары денемди калыбында сакташ үчүн спорт залга барып турам.

– Күчүңдү пайдаланып, маселени муштум менен чечип койгон учурлар болобу?
– Андай учур боло элек. Мектепте жүргөндө көп эле мушташтым. Ким короз, ким тоок деп балдар кайраштырып койсо өзүмдөн улуу балдар менен да мушташа берчүмүн. Бир жолу айылда Адилет аттуу бала менен урушуп кеттим. Кыш болчу, ал бутуна кирза өтүк кийип алган экен. Мен анын бутуна тепсем өтүгүн тосо коюп бутум сынып калган.

– Жоодарбешим стилине көңүл бөлсө жакшы болмок деген сындар дарегиңе айтылып жүрөт. Эмне үчүн стилист менен иштешпейсиң?
– Ушул жагын колго алганга аракет кылып жатам.Жакшы стилисттерибиз бар, буюрса, иштешебиз. Биздин ырчылар стилине шумдук көңүл буруп жатат деп айта албайм. Күйөрмандарым менин стилиме эмес, ырдаган ырларыма карашат.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Жоодарбешим: "Сүйгөн кызымды ала качып кетти"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(72)
SUPER.KG видео
22.09.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerim94,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
22.09.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылдыз оорусу менен ооруйт го бул
22.09.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Нурлан Насип бул балага караганда ото эле жонокой. Сындыгында бой которгон бала экен. Создорунон эле билинип турат. Эмнеси болсо да ийгилик.
22.09.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жерге туш
22.09.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерде эле жургон жонокой бала! Кыргыздар буттан таткандан коро россиядай болуп колдосок ошондо бизден мыкты ырчылар чыгат.Азаматсын маанилуу ырларды ырдайсын
22.09.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурланды бул балага атаандаш катары мен корбойм,Нурландын ырлары мыктынын мыктысы ,андай болушка коп бар Жоодарга .
SUPER.KG видео
22.09.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол боюндагы деп ырдады го ошол ырды ким ырдайт билгендер барбы.
22.09.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достор Нурланга тенебегиле да! Нурлан номер бир ырчы го азыр кыргызстанда! Жоодарбешимдин дагы оз куйормандары бар,жаны чыгып жатса дагы азамат.
22.09.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан Насип жопжонокой жигит !!! Мен билемго бул жигитти тим эле адамды тоготопойт койчу ай ырчы деп да эсептегим келбейт кичине жерге тушсо боло бизге ырлары керек бой которгону эмес!
22.09.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип жопжонокой жигит !!! Мен билемго бул жигитти тим эле адамды тоготопойт койчу ай ырчы деп да эсептегим келбейт кичине жерге тушсо боло бизге ырлары керек бой которгону эмес!
22.09.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип жопжонокой жигит !!! Мен билемго бул жигитти тим эле адамды тоготопойт койчу ай ырчы деп да эсептегим келбейт кичине жерге тушсо боло бизге ырлары керек бой которгону эмес!
22.09.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип жопжонокой жигит !!! Мен билемго бул жигитти тим эле адамды тоготопойт койчу ай ырчы деп да эсептегим келбейт кичине жерге тушсо боло бизге ырлары керек бой которгону эмес!
22.09.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип жопжонокой жигит !!! Мен билемго бул жигитти тим эле адамды тоготопойт койчу ай ырчы деп да эсептегим келбейт кичине жерге тушсо боло бизге ырлары керек бой которгону эмес!
22.09.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman bolsun
22.09.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын))ырларынды суйуп угабыз онорун осо берсин ))
22.09.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну жагымдуу жакшы ырдайт. Бирок Нурлан Насипге жетишине коп бар, жогорудагы окурмандар айткандай...
22.09.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтат биз алардын ырларын угуп баалайбыз,стилин эмес.
23.09.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
It uro beret,kerben juro beret,el suiloi beret!albette,baardyk adamga jaga albaisyn,senin ichki duinondu bilbei turup syrtynan suiloi beriwet,jakyndan suilowo kelsen uwundai belen dep oozdorun achywat!Chygarmachylyk iigilik!
23.09.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынында уну аябай жагымдуу бирок нурланга жетпейт
23.09.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоодарбешим уну сооонун, Нурлан деле кичине спорт залга барса болмок ))
SUPER.KG видео
23.09.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат...созду оорду менен эле суйлойт экен,акылдуу эле корунот,таланты жакшы ырлары жагат,эл астында аздан бери журсо да,башын тырмап мурдун шырк тартып оолтурбайт экен,келечегин кен болсун иним,ийгилик...
23.09.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Звезда в шоке" девалба,жоодар.
23.09.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Парень ушел из деревни,но деревня не ушла с парня дегендей эле экен фотосуна караганда.
26.09.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466, эми деревня болсо эмне экен.айылдын жигиттерине эле жетпеейт.
24.09.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,ырларында уккулуктуу,мага жагат.,,,,,,
25.09.2014. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык Ийгилик ) Сонун ырдайт
SUPER.KG видео
25.09.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан насипке жетпейт кандай болсода!!!!!!
26.09.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешим чыгармачылык ийгилик.Концертинди ийгиликтуу откозуп ал.
27.09.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан ай , ХХХ ХХХ ХХХ... турасын, ХХХ ХХХ ХХХ,наоборот ХХХ ХХХ ХХХ эжени.
Модератор admin_superstan түзөттү 29.09.2014 09:33
29.09.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
draude, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
SUPER.KG видео
28.09.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы уч торт Адам бул жакка да улгургон го!
SUPER.KG видео
28.09.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо, Бактыгул Бадыевадан да интервью алыныздарчы!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо