ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗЫ РЭЙ ХОРТОН «СУПЕР-ИНФОГО» МАЕК БЕРДИ

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

Европанын эң романтик ырчысы катары таанылган, «I cry», «Tell my heart», «I remember the time», «Because i love you», «Lonely» жана башка көптөгөн хит ырлары менен популярдуулуктун туу чокусуна жеткен Рэй Хортон 9-сентябрда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде чыгармачылык кечесин тартуулады. Концерттен соң биздин гезитке эксклюзивдүү маек куруп берүүгө да жетишти. «Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, бет маңдайымда жөнөкөй, тамашакөй адам отурду.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы – 1965-жыл
Туулган жери – АКШнын Майами шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы
Учурда – Германиянын Нюрнберг шаарында жашайт, АКШнын жараны
Чыгармачылыкта – Учурда жеке ырчы, продюсер жана бир топ чыгармалардын автору. «Nana» дуэтинин, «Movetown», «Fun Factory» топторунун экс-солисти, «Backstreet boys», «N Sync» топторунун, Сара Конордун вокал боюнча устаты, C.C.Catch жана Майкл Жексондун бийчиси болгон

– Саламатсызбы, Рэй? Билишибизче Кыргызстанга үчүнчү ирет келип жатасыз. Өлкөбүз тууралуу эмнелерди айта аласыз?
– Саламатчылык. Мага силердин жериңер аябай жагат. Кыргыз элинин маданияты өзгөчөлүктөргө бай. Улуттук кийимдери, музыкалык аспаптары сонун. Мындан тышкары кыргыз ашканасы, улуттук тамактары жакты. Моюнга алыш керек, кымыз иче элекмин. Ичим ооруйбу деп коркуп жатам, бирок кеткиче сөзсүз ичкенге аракет кылам.

– Кыргызстанда клип тартууга эмне себептен белсендиңиз?
– Бишкекке концерт менен келмекмин. Келерде эмне үчүн бул жактан клип тарта кетсем болбосун деп интернеттен Кыргызстандын жаратылышын, мындан тышкары бул жактагы клипмейкерлердин эмгектерин карап чыгып, акыры «Gamma Media» продюсердик борбору менен иштешүүгө токтолдум. Менин Кыргызстанга келишимди уюштурган Ислам Сатаров мага туура жолду тандап берет деп ишенем. Келечекте чогуу иштешүү тууралуу жакшы максаттарыбыз көп. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо кыргыз вокалисттеринен сабак алгым келет.
Клип тартылчу ырым «Мени сындаба» деп аталат. Бардык адамдарды сөз ээрчийт эмеспи. Мисалы, талантымды, ийгиликтеримди көрө албай мен жөнүндө ушак чыгаргандар, менин жашоомду талкуулагандар болот. Ырдын мааниси да мени жайыма койгула деген сыяктуу. Ыр угармандардын жүрөгүнөн түнөк табат деп ойлойм.

– Ырчы болушуңузга кандайдыр бир деңгээлде ата-энеңиздин да таасири тийсе керек?
– Ата-энем ырчы болорумду билчү эмес. Себеби мен аларга билдирбей, өз бөлмөмө жашынып алып радио угуп, өз алдымча ырдап даярданчумун. Ырдап баштаганда ата-энеме айтсам мени анчалык колдогон эмес. Себеби ар бир ата-эне балдарынын доктур, мугалим же юрист болуусун каалашат эмеспи. Кээде ата-энем менен шаар ичинде машинада баратып ар кандай көрнөк-жарнактарды, кастингдерди окуп алчумун. Бирок катышарымды аларга айткан эмесмин. Качан гана кеч кирип, алар уйкуга киргенде терезеден качып чыгып, кастингдерге катышып, утуп алган учурларым болгон. Мен элге таанылган соң гана алар чыгармачылыгыма жардам берип, колдоп башташты. «Мындай болорун билгенде мурдатан эле жардам бермек экенбиз» деп калышат.

– Популярдуулугуңуздун себеби эмнеде?
– Менин бардык жетишкендиктериме, албетте, Кудай жардам берди. Мен «керек учурда керектүү жерде болуш керек» деген ураан менен жашайм. Ошол керек учурду колдон чыгарбай кармап калган окшойм, атым элге таанылды. Болбосо аябай таланттуу, бирок белгисиз адамдар көп.

– Сизди «Европанын эң романтик ырчысы» деп аташат. Чындыгында эле романтиксизби?
– Музыкант деген бир багыттагы эле ырларды аткарып чектелбеши керек. Мисалы, мурда угармандар жай ыргактагы, романтикалуу ырларды жактырышса, азыр, тескерисинче, бийге ылайыктуу, шаңдуу музыканы жактырышат. Эгер сиз менин концертимди көрсөңүз, ал жакта романтика аз да, көбүнчөсү клубга ылайыктуу, бийлей турган ырлар. Ошентсе да мага жогорудагыдай комплимент айткандарга ыраазычылык билдирем. Балким, алар да жөн жеринен айтышпаган чыгар.
Бир окуя айтып берейин. Бир жолу жактырып жүргөн бир кызга арнап ыр жазгам. Ал кыз ырды радиодон угуп, өзүнө арналганын сезиптир. Анын айтымында, аталган чыгарманы экөөбүз чогуу отуруп жазгандай болуптур. Жашоомдогу эң романтикалуу кадамым ушул окуя болсо керек.

– Жаныңызда отурган айымды сиздин жубайыңыз деп уктук. Экөөңүздөр кантип таанышып калгансыздар?
– Аялзаты кантип таанышканын, үйлөнгөндөрүнө канча болгонун баарын эстеп жүрүшөт эмеспи. Келинчегимден сурасаңар, өзү айтып берсин. Мен азыр бир нерсени туура эмес айтып алып, башыма мүшкүл үйүп албайын (күлүп).

Жанатан бери бизге тилмеч болуп жаткан ырчынын жубайы, украиналык модель ЕВГЕНИЯ ГОЛЬДШТЕЙН сөзгө аралашты.
– Рэй экөөбүз мындан 4 жыл мурун Украинанын Киев шаарындагы түнкү клубдардын биринен таанышканбыз. Ал мени бир көрүп жактырып калыптыр. Жаныма келип таанышып, чай ичүүгө чакырды. Мен макул болдум. Ошондон тарта ортобузда мамиле тутанды.
Экөөбүз таанышканга чейин Рэйди 1 жыл мурда такыр башка өлкөдө, башка шаарда жүргөнүмдө көргөм. Түнкү клубга курбуларым менен эс алганы баргам. Күтүүсүз жерден алып баруучу чыга калып «бүгүн сиздер үчүн сюрприз бар, атактуу ырчы Рэй Хортон бизде конокто» деп айтып калды. Аңгыча ал сахнага чыгып ырдай баштады. Мен жанына барбастан алыстан карап турдум. Ошол көз ирмем азыркыга чейин эсимде. Түтүн, ортодо Рэй ырдап жатат, толтура кыздар аны тегеректеп бийлеп жатышты. Мен ичимден «вау, кандай таланттуу, келбеттүү мырза» деп суктанып калгам. Көп өтпөй эле тагдыр бизди жолуктуруп койду. Алгач чын эле бир кездеги мен кыялданган мырзабы деп көргөн көзүмө ишенген эмесмин.

– Маегиңиздерге чоң рахмат!

Ырчы жубайы менен.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Дүйнө жылдызы Рэй Хортондон эксклюзивдүү маек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
20.09.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жаш корунот экен,мага да романтикалуу ырлары жагат.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары соонун, мага да аябай жагат.
концертти кайдан корсок болот админдеер???
SUPER.KG видео
20.09.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анаркан азаматсын!!! Мындай атактуу адамды кармап, калып интервью алыш оной иш эместир да. кыска жана нуска сонун маек.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыныгы Рейби же эгизиби ишене албайм. Себеби, европа ырлыларынын 3 тон эгиздери бар экенине маалыматым бар. Кайсы бир жылдары бир орус ырчысын алып келем деп эгизин алып келгенинен кийин ишенбейм.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат экен,үч жолу Кыргызстанга келсе анда биздин мекенди сыйлап,жакшы көрөт экен.Көрүп абдан сыймыктандым.Эми клибин көрүп андан да сыймыктанып,кубанат экенбиз да.Ырлары мыкты,сөз жок.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун маек болуптур, эми биздин жер дуйнолук хит ырдын клибинен корунот экенда Рейге рахмат бизди башка элге тааныштырышына клип аркылуу биздин кооз жерлерди копчулук коро алат экенда, чыдамсыздык менен кутобуз клипти. Аялы орус бекен я? Сулуу кыз экен негрлер орустарга ашык болгону кызык.
22.09.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men ishenbei jatam, egizi okshoit.
SUPER.KG видео
22.09.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jusupova,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
22.09.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайы татынакай экен,торт баланы торосо да татынакай формасын сактаптыр
22.09.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aku, каяктан 4 балам ар кайсы аялдан деватпайбы.
22.09.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo jakwygo KR.ga kelgeni.
23.09.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эконун жашап жатканына торт жыл болсо торт балалуу болмок беле озу жапжаш го
24.09.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodec .
26.09.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо __ чын эле суперсинер.Бирок Рэйге кобуроок Кыргызстан жонундо суроо берсенер болмок..... . Клибин кутуп жатам....
SUPER.KG видео
18.11.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле жургулочу карыганда калчандабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо