ҮЧ КУРБУ (сериал)

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кандай акыбал болсо да, кандай кырдаал болсо да, мен эч качан өзүмдү жоготуп көргөн эмесмин. Машинаны учуртуп айдап баратып Назикке кандайдыр бир сезимим бар экенин түшүндүм. Бутумдан баштап башыма чыккан өрт каптап бара жаткандай алдастап бара жаттым. Азыркыга чейин Назикке болгон сезимим эмне болгонун түшүнө албайм. Сүйүү беле же орусча айткандай страсть беле? Баянга болгон сүйүүм таза, тунук, жай аккан булактай болсо, Назикке болгон сезимим эч нерсеге баш бербеген албуут кумар, акылыңа, эркиңе баш бербеген бир күч болчу. Өрт болчу... Анын илебине туруштук бергенге көп эркектин алы жетмек эмес, мен дагы ошолордун бири элем. Аптыгып кирип барган мени көрүп Назик күлүмсүрөй берди. Жакын келип көзүмө тике караганда мендеги жалын анда да бар экенин түшүндүм. Бир саамга туруп калдым да, аргасыз башымды чайкадым.
– Токтот, ушунчабызда токтотуп калалы, арты жакшы менен бүтпөйт.
– Билгем келериңди.
– Мен акмакмын, келбешим керек эле.
– Сен меникисиң, мендик болуп жаралгансың.
Жука көйнөкчөн бели бир тутам ийилген сымбаты, өз сулуулугун, күчүн билип жылмайып турушу мени бир чети коркутса, бир чети канымды дүргүтүп жиберди. Шап кучактай көкүрөгүмө кыстым. Апакай, ичке, узун колдор мойнума артылып жыландай жабышты. Экөөбүз килемге кулап түштүк.

ххх

Эмне болуп кетти? Жай турмушум Назиктин жашоомо кириши менен ала салынып калды. Мен андан аялдын таптакыр башкача түрүн көрдүм. Эрке, кежир, ошону менен бирге жароокер, кумарлуу ал мен билген, көргөн аялдардан таптакыр башкача эле. Жанын берип сүйүп, эркектен да ошондой сүйүүнү күтчү. Мурун бир жумада эки жолу жолуксак, кийинки убактарда ал бизге таптакыр эле аз көрүнүп калды. Акыркы күндөрү үйгө жолой албай калдым. Кимдир бирөөнүн сыйкырдуу колу мени таптакыр башка Дастанга алмаштырып салгандай.
Бир күнү кайненем келе жатканын уктум. Үйгө байырлай турушум керек экенин Назикке айтсам чалкасынан кетти.
– Жок дегенде бир жума чыдап тур, кайненем кетсин, анан кайра келем.
– Жок, бир жума эмес бир күн, жарым күн, жарым мүнөт да сенсиз чыдай албайм.
– Ал эмне дегениң?
– Ал ошонум.
Ары айтсам да, бери айтсам да көнбөйт. Чыдамым кетип бара жатты. Кайненемди автобекеттен тосуп алам деп Баянга убада бердим эле, улам саатымды карап чыйпылыктай баштадым.
– Назик, алтыным, мен кечигип жатам.
– Кетпейсиң!
Акыры жиним келип кетти, мойнума муунтуп ийчүдөй асылып турган колун чыгарып салып эшикти көздөй бет алдым. Бут кийимим жок, катып салыптыр, эшик да бек.
– Алып кел бут кийимимди, жинди катынсың го.
– Баяндан мындай жиндилик көрбөсөң керек, ээ?
Мындай кара өзгөйлүгү ооруп турган жериме тийди. Өз күнөөсүн билбей, периштедей асыл адамга тийишкенине жаным сыздап кетти.
– Баян экөөбүз сүйлөй турган кеп эмес. Аны оозубузга алууга акыбыз жок.
– Ооба, ал периште да,- деди какшыктай. – Сен мага чыныңды айтчы, Баян экөөбүздүн кимибизди жакшы көрөсүң?
Делдейип калдым. Эмне демек элем? – Экөөңдү бирдей,- депмин.
– Мүмкүн эмес.
– Мүмкүн эле. Бириң – оң көзүм, бириң – сол. Анан кантип бириңди жакшы, бириңди жаман көрөйүн?
– Тагыраак айтканда, кимибиз оң көзүң да, кимибиз сол көзүң?
– Көз болгондон кийин анын оңу кайсы, солу кайсы? Айырмасы барбы?
– А сен бир көзүң бир көзүңө жоо экенин билесиңби?
– Болду эми, жакшы эле шакаба чектиң, коё бер мени. Баян балдар менен күтүп отурат.
– А менчи, алар бир күн күтсө, мен сени канча күтүп жүрөм? Баяндын алаксыта турган балдары бар, а мен сенден башка эч кимди билбейм. Ааламда жалгыз сен болуп калдың мен үчүн Дастан.
– Кандай болгон күндө да үй-бүлө деген үй-бүлө.
Назик буркурап ыйлап кирди, кайра сооронду, бир маалда чылым түтөттү. Аны менен алаксып жатып ортодон үч саат өтүп кетиптир. Тырышып бут кийимимди бербейт же эшикти ачпайт. Мындай тажаал аялды көрбөгөн жаным кашайып кетти.
– Болду эми, бер ачкычты.
– Бербейм дедим.
«Мына сага бербесең» деп жаакка тартып жибердим. Көптөн берки жыйылган кайгымды, бугумду, көңүлүмдү эзгилеп жаткан нерселерди ушинтип чыгардым окшойт. Учуп түштү.
– Алып кел деп жатам.
– Чөнтөгүмдө.
Шарт ачкычты алдым да, бурулбай чыгып кеттим. Көңүлүмдө ошону менен чекит койгон элем. Бир жума көрүшкөн жокпуз. Атайлап иштер боюнча чет өлкөгө кеткем. Учактан түшкөндө эле балдарым көзүмдөн учуп, тез эле үйгө жетип келдим. Кирип келип көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Назик, Баян, Жанара биздин үйдө отурушкан экен. «Бул аялдан амал качып кутулбайт экен го, эми эмне кылдым?» Аталап чыга калган балдарымды өөп-жыттап, алып келген белектерди чачып кирдик.
– Алтыным, бул сага!
Кийин эле берейин деген оюм бар болчу, бирок Назиктин көзүнчө атайын кылдым. Колумдагы алтын чынжырчаны Баяндын мойнуна тагып, жүзүнөн аптыгып өпкүлөп кирдим. Баян кызарып уялып кетти.
– Дастан, коё турсаң, уят эми.
– Кана, көрөлүчү, укмуш кооз экен,- деди Жанара. Анан мени кылчая тиктеп. – Адатта күйөөлөр аялынын алдында күнөөлүү болуп калышканда мындай белек тартуулашчу эле. Сенин да айыбың бар окшойт, ээ, Дастан?- деп калды.
– Эч кандай айыбым жок, сүйгөн жарыма жөн деле белек бере берем,- дедим мен жактырбай.
– Мага эч нерсе алып келген жоксуңбу?- деген Назиктин кебин угуп жүрөгүм токтоп кала жаздады. Үн ката албадым. Баян бизди түшүнбөй тиктеп турду да, жайдары жылмайып алды.
– Кыздар, болду эми, күйөөмдү жүдөтпөгүлөчү. Келгиле, тамак бышып калды.
– Жүзүңдөн кагылайын, чырайың чыгып калды. Ар дайым ушундай ынтымактуу болгула. Көзү жамандын, сөзү жамандын өзүнөн сактасын,- деп кайненем да божурай бата кылып калды.
Сыртка чыгып мончоктоп турган теримди аарчып алдым. Бул калпыс оюн кайда алып барат мени? Кере дем алып бакчага баса бергенимде артымдан кимдир бирөөнүн кадамы угулду. Артымды карабай туруп билдим ким экенин...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(22)
22.09.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча ааз(((
22.09.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oa koop koopton jazgylachy suranych
22.09.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назик менен жанара олумго ылайык
22.09.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектерге кылдын үстүндө, бычак мизинде жүргөн жагат да. Дастан деле ошолордун бири.
22.09.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума кутуп 3 минутада окуп койдум(((.
26.09.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biinura, айтпа кобуроктон жазса не болмок
22.09.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уффф ушу Назикчи... жаман жинге тийди качан жок болот бул, эки жаштын тынчын алган бузуку!!!
22.09.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачкыч менен бут кийимин бекиткен ,жаакка чаап копко келбей койгону. Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" чыгармасындагы Толкун менен Зулайканын образын элестетип кетти.
22.09.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai88, зейнеп болсо керек эле.
22.09.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке ооба Толкун менен суротчу Зейнеп, Зулайка эмес.
23.09.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке, оа,окуганыма коп болгон унута жаздапмын.
22.09.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А менчи, алар бир күн күтсө, мен сени канча күтүп жүрөм? Баяндын алаксыта турган балдары бар, а мен сенден башка эч кимди билбейм. Ааламда жалгыз сен болуп калдың мен үчүн Дастан.----ушул жерине келгенде жаным чыгып кетти. кыздар,бойдок кыздар еч качан еч качан ушиндай жолго барбагыла аруулугунарды сактагыла. бироонун коз жашына еч ким бакыт куралбай ишенгиле. менин да уй булоом балдарым куйоом бар. ошондуктан мен озумо да жана дуйно жу
22.09.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жузундогу бир дагы аялзатына мындайды каалабайм. енебиз бар ежебиз бар синдибиз бар кыздарыбыз бар ойлонгула. жашоо бул - бумеранг!!!!!!!!!!!!!!
23.09.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назиктин адресин ким билет? Уйуно барып колу бутун сындырып,ишенген сулуу бетин тилип салайын!!! Каалоочулар кеттик....
23.09.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан кошулам
23.09.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармада эми бул)
23.09.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы барам кеттииккк***
24.09.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы барам
25.09.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой жашоодо толтура мындайлар
25.09.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назиктей курбудан Кудай сактасын. Дайыма бир дем менен окуйм. Жан дүйнөм аңтарылып, көздөрүм чыңалып кетет... Байкуш Баян... ((( Жолдошу үчүн жашоосун арнаган Баянды Дастан аяп койсо болмок.
27.09.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жума кутуп 2минутада коуп даныг бир жум кутобузбу а
29.09.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откон сандарында жазбады беле,Дастанды созунон жазылат деп,демек чыгарманын каармандары бар болуш керек. Ошондуктан Назикти тапса болот болуш керек,издеп тапайлыбы,мен да бармакмын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо