Гүлзада Рыскулова: «УУЛУМДУН ШААРДЫК БОЛУП ӨСҮШҮН КААЛАБАЙМ»

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

Ырларынан да, кийиминен да кыргыз жыты урган ырчы Гүлзада Рыскулованын талантын баалагандар көп. Ошол себептенби, жакында Чолпон-Атада өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышында да, жабылышында да ырдады. Ал «мен жашоодон өзүмдү таптым, бактылуумун» дейт.

– Гүлзада, көчмөндөр оюнунда жакшы ырдадың, эл да жакшы кабыл алды. Ошол тууралуу кеп учугун баштасаң.
– Негизи биз, ырчылар кайсыл жерде ырдабайлы жакшы чыкканга аракет кылабыз. Аткарып жаткан ырыма кийимим, макияжым жарашсын, төп келсин деп башынан эле изденем. Албетте, элибиздин кол чапканы, кыйкырып сүрөгөнү мага угулду, сездим, көрдүм, ыраазы болдум.
Мен көптөн бери кыргыздын улуттук оюндарын көрө албай жүргөм. Бул сапар ушундай сонун шарт түзүлдү. Биздин спортчулардын күчүнө баа бердим, сыймыктандым. Жанымдагылар оюнчуларды сүрөп жатса менин да каным кызып, алар менен жарышып кыйкырып жатыптырмын, аны көптөн кийин байкадым. Чынында, сонун ырахат алып келдим.

– Майрамдык салтанаттын ачылышында, ортосунда, жабылышында да ырдадың. Гүлзада эле ырдай береби деп ырчылардын көз карашы өзгөргөнүн байкаган жоксуңбу?
– Мени уюштуруучулар чакырышты, барып милдетимди аткардым. Мынча жолу ырдаткыла деген сөз эмес, менде жадакалса ырларымды тандоо укугу да болгон жок, режиссёрлор өздөрү тандашыптыр. Программа боюнча, ачылышында, ортосунда ырдашым керек эле, жабылышында колдоп койгула деп бардык ырчылардан өтүнүштү.
Ырчылардын мага башкача карап, ичи тардык кылганын деле байкаган жокмун. Бирок интернет булактарында ыр ышкыбоздору, шоу чөйрөсүнө жакындар ушундай кеп болду деп жазышты. Албетте, ал жерде сүйүү темасындагы ырлардын өтүмү аз болду. Менин тематикам эл-жерди даңазалоо, ата-бабаларымды барктоо болгондуктан салтанатка бап келди.

– Бала кезиңден эле ырдайсың да, көмөкөй менен ырдоону алып кетүү сага ылайыктуу экенин кантип билдиң?
– Кичинекейимде эле атактуу ырчылардай болгум келип, аларды туурап ырдай берчүмүн. Кийин сенин ырдашыңа сырттан эч ким таасир бербеши керек экенин түшүндүм. Менин үнүм ийкемдүү, кимдин ырын ырдабайын, ошол аткаруучуга окшошуп калам. Азыркы үнүмдү бала кезден алыстан уккандай боло берчүмүн, кийин бара-бара ал үн жакындан угулгандай болду.
Адамдын денеси, акылы жана руханий дүйнөсү бир гармонияга келиш керек, ошондо адамда бир дух пайда болот дешет. Ушул үч нерсе кошулганда гана мен өзүмдү таптым, кандай үн менен ырдоо керектигин түшүндүм. Баягы алыстан угулган үн жан дүйнөмдүн үнү экенин билчү эмесмин. «Мен кыргыздын кызымын” деген ырымдын обону жаралганда өз үнүмдү таптым окшойт.

– Каныкейдин мурунку продюсери менен иштешип жаттың эле, эмне болду?
– Мамасадык (ред. Багышов) экөөбүз расмий түрдө иштешели дегенбиз, бирок ага жеткен жокпуз. «Жаз», «Толгонуу» деген ырларымдын клибин чогуу тарттык. Азыр ал чет өлкөдө иштейт, байланышып турабыз.

– Сенин ишиң күнү-түнү болушу мүмкүн, чет жерге гастролго көп чыгасың, балаңды караганга кантип жетишесиң, ким жардам берет?
– Балам Бишкектен музыкалык мектепте 1-2-классты окуду. Чыгармачылыкка байланыштуу анын сабагын көзөмөлдөгөнгө көпчүлүк учурда жетишпей калып жаттым. Бирөөлөрдүн кызматын пайдаланайын десем эч кимге ишенбейт экем. Баламдын жанында дайыма бирге болгонго шартым болбогондуктан, ата-энеме, Өзгөнгө жибергем. Уулум таптакыр эле шаардык болуп калышын каалаган жокмун. Анын үстүнө айылдын жашоосун билген бала эл-жерине жакын болот деп ойлодум.
Азыр Мейкин 6-класста окуйт. Бир, эки жылда өз алдынча болуп, акылына кирип калат, ошондо жаныма алып келем. Экөөбүз эне бала катары абдан жакынбыз. Бат-баттан телефондон сүйлөшөбүз. Жолукканда кечке сырдашабыз.

– Атасы менен сүйлөшүп турабы?
– Баламдын атасы менен катышышына каршы эмесмин. Кээде жолугушат же телефондон сүйлөшүп турушат.

– Кыз бала үчүн атадан мурун эне чыйпылыктайт эмеспи. «Көзүмдүн тирүүсүндө орун-очок алып ал, турмушка чыксаң болот эле» деп айылга барган сайын апаң айтып калабы?
– Ар бир эле ата-эне баласынын бактысын тилейт эмеспи. Мага дагы апам «турмушка чык, эртерээк бактыңды тап” деп айтып калат. Барган сайын айтпаса да менин турмушум жөнүндө ойлонуп жатканын көзүнөн көрөм.

– Колунда бийлиги, байлыгы бар төбөсү көрүнгөндөрдүн айрымдары артисттерге колдоо көрсөтүп келишет. Колдоо көрсөткөндөрдүн ичинде сенин сүйүүңө арзыгысы келгендер жокпу?
– Мага демөөрчүлүк кылгандар арасында андай ойдо мамиле кылгандар жок. Мен үчүн чыныгы сезим кымбат. Турмушта чыныгы сүйүүмдү таап, бактылуу өмүр сүрсөм дейм.

– Атың чыгып калган адамсың, көчөдө тартынбай эле жүрө бересиңби?
– Тартынбайм, элге жакын болгон жакшы да. Таанып, учурашышса сүйүнөм. Жөнөкөй эле ашканаларга кирип тамактана берем. Кээде ырчы экенимди деле унутуп калам. «Сиз Гүлзада Рыскуловасызбы?” десе анан ырчы экенимди эстеген учурлар болот.

– Рахмат маегиңе, чыгармачылык бийиктиктерди каалайм.

«Ат чапкандан анан парашюттан секиргенден коркчу элем. Ат чапканды үйрөндүм, бирок парашюттан секире элекмин».

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда милдетимди аткарып, элге ыр тартуулоодон сырткары, улуттук оюндарыбыздын күйөрманы болдум».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Gulzada: "Жүрөгүмдүн ээсин таптым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
20.09.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун жакшы чыгармаларды жеткирип майын чыгара ырдап берет...Гулзада эже ушунунузга терен ыраазымын. ..Сизге дагы да ийгилик каалайм! !!
SUPER.KG видео
20.09.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзада эжени суйом да суйом! мага аябай жагат, ийгилик каалайм сизге.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай эже,уну да жакшы,ырларынызды уккулуктуу,современныйраак кылып аралаштырсаныз да жакшы болот эле.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур. Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
20.09.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанилуу маек болуптур. Бодоно сойсода касапчы сойсун деген ушуда. Ар ким оз жумушун жогорку денгээлде аткарса, элдинда маданияты осот.
SUPER.KG видео
21.09.2014. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы маек болуптур ийгилик каалайм. жылдызы козунон жанып турат экен
SUPER.KG видео
21.09.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир бизнесменге токол болуп албады бекен?
SUPER.KG видео
21.09.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойго чакырбаганда тойдун ырчысы эмес элем,тойго чакыруулар болуп калды эле тойдун ырчысы болуп деле калдым деп койбоптур да.
SUPER.KG видео
21.09.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз озгондун кай жеринен болот айтып койгулачыы?озгондун кыздары орт деген чындаа
SUPER.KG видео
21.09.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Гулзада эженин фанаты эмесмин, бирок атам бул ырчынын талантын баалайт. Жакшы маек болуптур, мага жакты. Мындай ырчы КР.да жок, ачыгын айтыш керек. Уну керемет, сулуулугу чексиз! Аткарган ырлары сонун! Улуттук калоритте! Азамат эже! Ушунунуздан жазбаныз. Бирок аткаминерди чаппаныз)))
SUPER.KG видео
21.09.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур Гулзада эже азаматсыз сиздин чыгармаларыныз аябай жагат нукра кыргыздын ырларын ырдайс кыргыздын тарыхын чагылдырып аткарасыз сизге чоон чоон йигилик ден соолук каалайбыз эч качан жамандык корбонуз кыргыз эли сиз менен сыймыктанабыз бар болунуз сиздей ырчыларыбыз кобойо берсин
22.09.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онорун оркундой берсин,унунду,ырынды угуп аябай толкундандым,сендей ырчылар бар экенине Кудайга шугур,бактылуу бол
SUPER.KG видео
22.09.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkele,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк банга!
22.09.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз!!!
SUPER.KG видео
22.09.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Gulzada eje ynynyzgo bereke..... Ko4mondor oyununda soonun yrdadynyz... A4ylywyn jakwy bawtadynyz...
22.09.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жагат ушул эже.Чыгармачылык ийгилик каалайм.Оркундой берин,осо берин!
24.09.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feijipiao, өркүндөй бер ( бериңиз), өсө бер ( бериңиз)!
22.09.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamat.))
22.09.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mykty yrchy!
22.09.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон районунун Чымбай айылынан болот. Менин эжекем. Сиз менен ар дайым сыймыктанам. Атам мектепте сизди окуткан физика сабагынан. ТВдан коргондо менин кызым деп калат. Ишинизге ийгилик Гульзада эже!
23.09.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокойлугунуз башкаларга да улгу болсун эже!
23.09.2014. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat men Gulzada Rıskulovanın unun ozgocho stılın jaktıram talantınızga ıygılık baktıluu ene anan albette baktıluu jar bolushunuzdu kaalaım
23.09.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озгочо нукура кыргызга туура келген ырчы катары баалайм,жакшылыктар коштосун ар дайым.
23.09.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнү сонун да. Иним өзгөчө жактырат ырларын. Ийгилик каалайбыз! Аялдын бакты үй бүлөө дешет го, тезираак ордун тапсын. Жаркылдаган жар болгон жакшы, чем сахнада жаркылдагыча.
SUPER.KG видео
24.09.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы маек
24.09.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унуно соз жок....
SUPER.KG видео
24.09.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсыз...дагы коп-коп ийгиликтерди багынта бериниз!!!
24.09.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унун эчкачан озгорулбосун бактылуу бол
25.09.2014. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайбыз
26.09.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзада эженин уну сонун "Золотой голос" демекмин мага да, апама да жагат...чыгармачылык ийгилик..... Айтмакчы клиптериниз да озгочо....супер
Медиа-портал
05.04.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди туурабайм. Тойдун ырчысы эмесмин деп озун идеальный кыла берет. Тойго барган ырчы эмне экен. Эл жакшы коргон учун тойго чакырат. Буга окшогон шаманды ким чакырсын. Руслананы туурап ырдаганын танып койгонуна тан каласын. Озунчо эле ар кимдин жеке жашоосу бар кимди иши ар дейт. Озу ар кимдин жеке жашоосуна киришип тиги бул менен ал тиги менен деп ушакташканын унутуп койот. ушуларга окшогондор маданияттын май талканын чыгарышты. такыр сылабайм.Мен бул кызды лично билем.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо