Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкалдын жигити Нурлан: «САЙКАЛДЫН АПАСЫНЫН СЫНЫНАН ӨТПӨЙ КАЛАМБЫ ДЕП КОРКОМ»

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж

Сайкал Садыбакасованын жигити 17-сентябрь күнү элдин алдында ырчы кыздын колун сурады. Кучак толо роза гүлү менен бриллиант көздүү шакек сунган жигит ким деген суроонун жообу төмөндө. Окуя кызыгына батып, толкундоолор сыртка чыгып турган учурда жаштарды сөзгө тарттык.

– Сайкал, Нурлан сага айтпай сюрприз кылган экен, күттүң беле?
– Жок, «досубуздун туулган күнүнө барып келели» деген эле. Мындайды күткөн эмесмин. Тизелеп колун сурап, сүйүүсүн арнаган көз ирмемдерди кинодон, интернеттен эле көрчүмүн. Азыр сүйлөгөнгө сөз таппай, катуу толкунданып турам.

– Эми кепти Нурлан сен улантсаң, Сайкалды качантан бери билесиң, кайсыл жерден таанышкансыңар?
– Мен мурун Сайкалды ырчы катары билчүмүн. Бирок жакындан тааныгандан кийин сүйүү келди. Сайкал мени бир клиптен көрүп, «Сизге» аттуу ырына тартылууга чакырган. Биздин сүйүүбүз ошол клиптен башталып кетти. Көлдө 4 күн чогуу жүргөндө бири-бирибизге көңүлүбүз түшүп калды.

– Ырчы кыздын эмнесин жактырдың?
– Ачык-айрымдыгы, ичинде кири жоктугу, адамгерчилиги, сулуулугу, кыскасы, Сайкал турган турпаты менен мага уйку бербей калды.

– Ырчы кызды сүйдүм, колун сураганы жатам деп ата-энеңе айттыңбы?
– Ата-энемден эч нерсе жашырбайм, айттым. Ата-энем Сайкалды ырчы эмес, келини, кызы катары кабыл алат деп ойлойм. Мен азыр 25 жашка чыктым. Ошондуктан алар мага толук ишенишет. Клип тартууга Көлгө баратканда чыгармачыл топ үйгө кирип, даам сызган элек. Анда Сайкал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок болчу. Ошондо апам Сайкалды көрүп «жаркылдаган жакшы кыз экен» деп жактырган эле.

– Сайкалдын колун сураганга да көпкө даярдансаң керек?
– Эки жумадан бери даярданып, ушул күндү күтүп жүргөм. Сайкалга атайын бриллиант көздүү шакек алдым. Андан кийин клубду сүйлөшүп, сүйүктүүмдү туулган күнгө барып келели деп чакырдым. Тост айтуу кезеги келгенде залдагы чоң экрандан Сайкалдын сүрөттөрү көрсөтүлүп, менин «мен сени чексиз сүйөм, жүрөгүңдү сурайм» деген сөзүм кетти. Андан соң тизелеп колуна шакек салдым. Сайкал мага «макулмун» деп шыбырады. Эмки кадам ата-энелерибизде, алар кандай сүйлөшүшөт, эмне деп чечишет, билбейбиз.
Сайкалдын «апамдын сынынан өтсөң анан кыз-жигит болобуз» деген сөзү бар эле. Ошондуктан Гүлшайыр эженин сынынан өтпөй каламбы деп коркуп турам.

– Өзүң жөнүндө айтып берсең.
– 11-классты Москва шаарынан бүткөм, тегим Нарындан, ата-энем азыр Токмокто жашайт. Эки бир тууганбыз, менден улуу эжем бар. Учурда Москвада окуп, кошумча жеке ишкерлик менен алектенем.

– Рахмат маегиңерге, ойлогон максатыңарга жеткиле.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Сайкал Садыбакасованын жигити колун сурады

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(125)
23.09.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
алганчакты ушундай.....
23.09.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жигити аябай суйот корунот бактылуу болушсун
23.09.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырчыларда мода болду окшойт элдин козунчо колун сурап шакек таккан.бактылуу болушсун
23.09.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар Нурлан Сайкал)))
SUPER.KG видео
23.09.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ернест Жоошев калдыго артта......бул Нурлан деген жигит...Нияз Абдразаков менен бирге жургон N&N группасындагы ырчы
23.09.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жанагы сулуулугун ай деген ырды ырдаган бала эмесби?ал эмес дегилечи;'(
26.09.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
lyblyego, ошол бала окшойт го....))))
26.09.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
goodman02, ;( :'( :( :( :(
27.09.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
lyblyego, бул азион эмес.ошол клиптеги бала
23.09.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мм бактылуу болушса болду да
23.09.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
23.09.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо бактылуу болгула!!
SUPER.KG видео
23.09.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жигит жоош корунот экен, Сайкал башкарчудай. Бирок мен Сайкал тараптан чон суйууну коро алганым жок менимче бирге болушпайт ( мен ойлогонумду айттым)
SUPER.KG видео
23.09.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкалда эч кандай толкундануу деген жоккоо, кундогу корунуштой эле карап коюптур. Бала жаш баладай неме экен жанында Сайкал кыйла оор басырыктуу токтоо корунот
24.09.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Желаю огромное счастье!
24.09.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!!!!!!!
24.09.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
24.09.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cайкал молодец! бала кай жерлик болду экен? бирок аябай тарбиялуу корунот куйоо балабыз..
24.09.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сайкал негизи жакшы ырдайт
SUPER.KG видео
25.09.2014. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ сонун го, жигити азамат экен! Бактылуу бол Сайкал.
25.09.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мммммм вау

SUPER.KG видео
25.09.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын конулу жоктой сезилип атат мага апам эмне десе ошол болот дегендей.
25.09.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нурлан Москванын кайсы окуу жайында окуйт экен интересно...кандай жеке жумуш кылат экен...очень интересно...
25.09.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфо Нурлан жонундо кененирек маалымат жокпу???
26.09.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
solnyshko1212, саламатсызбы!
Азырынча маалымат жок. Бирок сурооңуз тууралуу тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
26.09.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan, рахмат!кутобуз...
26.09.2014. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкалдын апасынын сынынан өткүдөй сен кыз белең Нурлан? Наоборот Сайкал сенин ата энендин сынынан өтүш керек кыз болгондойун. Кичине арыдан берээк болуп, эркек болсоң. Ата энеңди эч качан экинчи планга койбой жүр. Сайкал обычная эле кыз. Мүмкүн катуу сүйүп көзүңө эч нерсе көрүнбөй аткандыр, но тем неменее будь мужчиной. Өзүңдү эч качан ылдый санаба ук
26.09.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tokish Сындан кыздар эле отот деп ким айтты?Чыныгы эркек керек болсо кун сайын сындан отуп турууга тийиш.Бул жерде намыска шек келтирчу эч нерсе жок,бул терен ыймандуулуктун,тартиптин белгиси.Же сиз кызынызды алдыныздан,сыныздан отпогон озун Мужчина сезген эркеке бересизби?Нурландын ата-энесинин сынынан Сайкал откон учун,эл алдында колун сурап жатат да.Озунузду ылдый санабаныз бирок аттан бийик болсонуз,коендон жапыз болунуз.
26.09.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо азион жонундо маалымат берип коюнуздарчы:(сураныч..
26.09.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lyblyego, саламатсызбы!
"Соңку кабар" бөлүмүндөгү "Спорт" рубрикасынан окуй аласыз:
http://www.super.kg/kabar/category/11/
SUPER.KG видео
26.09.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дагы бир пиар да. Ак коз кара коздорго корунуш учун жасалды да
26.09.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul balanyn aty nurlan emes azat!!!!
bir meimankanaga kelgende pasportun ozum registratsiya kylgam . i janynda sary chachtuu kyz mn kelchu 2 / 3 jolu kelgen le.
26.09.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
syrduu, кайсы мейманканага?качан?жанылбай атасызбы?точно ушул балабы?
26.09.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто кошо жашап атышкан.Нурлан берки баткенская девушканын карыздарын кутулбай Сайкалга шакек алып бергенин кут болсун)))Мейли бактылуу болгула.
26.09.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, видимо ошол баткенская девушкасынын акчасына алган шакек,гулдоруго...иметь бы совесть...
27.09.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurlan ,baikebiz jaw korunot go,ejeden

27.09.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болгула
SUPER.KG видео
13.10.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
21.10.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммдааа бактылуу болушсун!!! суйуу жашка карабайт дегендей буларда откон турмушу эске алынбайт деген го.....билип туруп макул болуп атабы Сайкал ошондо...*?
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо