Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Урмат Усенов: «БИЙЛИККЕ КЕЛГЕНГЕ БИЗДИН МУУН ДАЯР»

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматтан кетип, бош калган орунга ким барат деген суроо кабыргасынан коюлду. Аталган министрлик «Ар-намыс» фракциясынын квотасында болгондуктан, жетекчилик кызматка келүүнү каалагандар өз талапкерлигин көрсөтүшкөн. Алардын арасында 2-турга өткөн Урмат Усенов да болду. Министр болсом деген ой кандай максатта жаралды, эмнени өзгөртүүгө күчү жетмек, аны чогуу билели.

– Жаш ырчылар арасынан министр болууга белсенген адам биринчи сен болдуң, талапкерлигиңди бирөө көрсөттүбү же өзүң сунуштадыңбы?
– Министрлик – бул кичине мекеме эмес. Чоң жоопкерчилик, бүтүндөй мамлекеттин жүзү. Министр болом деген кадам бирөөнүн сунушу, бирөөнүн түрткөнү же үгүтү менен жасалчу кадам эмес. Болом деген адамдын максаты, аракети, ой-тилеги болуш керек. Бул менин кечээки же министрдин орду бошогондон кийин эле чыга келген оюм эмес. Бүгүнкү маданият тармагыбыздын абалын аягандан келип чыккан чечимим.
Учурда акча-акча деп көр-тириликтен башыбыз чыкпай калды. Акчанын айынан эмне деген гана иштер жасалууда, чиновниктер эл-жерин курмандыкка чалып коюп жатышат. Максатым акча артса маданиятка, адис артса маданиятка деген ойду четке кагуу эле. Бул менин атуулдук милдетим.

– Ар бир адамдын жанына барып «жан дүйнөңдү тазарт, жакшы ой-максаттарга умтул» деп айтуу мүмкүн эмес. Жан дүйнөлөрдө, маданиятта кантип төңкөрүш кылмаксың?
– Ошон үчүн коом башкаруучулардан жана элден турат. Багытты жетекчилер кандай берсе, эл ошол багыт менен агат. Илгери кыргын согушта да мен-мен деген башкаруучулар маданиятка көңүл бурууга убакыт табышкан. Жетекчилер жаш муунга кандай багыт берет, ошонун үзүрүн эртең эле өзүбүз көрөбүз. Эгемендүүлүктү алган жылы төрөлгөн бала азыр 23 жашта. Бир аз күтсөк, ошолор бийликке келишет. Мен аларды ата мекен үчүн күйгөн, патриоттук сезими күчтүү жаштар деп айта албайм.

– Кандай пландарың, программаларың менен фракциянын алдында өзүңдү тааныштырдың?
– Көпчүлүк талапкерлердин программалары менен таанышып чыктым. Көбү министрликтин милдеттерин, жоболорун, максаттарын көчүрүп коюшкан. Мисалы, айылдагы клубдарды, театрларды оңдоп-түзөө, заманбап технология менен жабдуу, мурастарыбызды кийинки муунга өткөрүп берүү ал министрликтин түздөн-түз моюнундагы жүгү, аны программа кылып кайрадан айтуунун, жазуунун кереги жок. Мындай баналдуу нерселердин эмне кереги бар? Министр бюджеттен бөлүнгөн акчаны таратып, калганына ийин куушуруп отурган адам болбош керек. Жеке көз карашын ишке ашырган, ашыруунун ыкмасын иштеп чыккан адам болуусу керек.
Менин программамда маданияттуу жаңы муунду коомго тарбиялап берүү, маалымат каражаттарынын башын бириктирип, өлкөнүн кызыкчылыгында иш алып баруу, китептердин баарын электрондук вариантка өткөрүү маселелери каралган эле.

– Саясатка таштаган биринчи кадамың эмеспи, өзүңдү кандай алып жүрдүң, балким, толкундандың, балким, сүрдөдүң?
– Толкундануу болду. Депутаттардан сүрдөгөнүмдөн эмес, командамдын алдындагы жоопкерчиликтен. Андан башка ашыкча сезим болгон жок. Киргенден тартып жыйынтыкты уккуча бир маанайда жүрдүм. Министр болбой калганымда капа деле болгон жокмун. Айткым келген нерселерди маалымат каражаттары аркылуу айтып калганыма сүйүндүм. Ой-максатыма жетпесем да, четине колумду тийгизгеним мага чоң канат болду. Мен ушуну менен эле токтоп калбайм, өзүм үчүн жаңы бир дарбаза ачылды. Мындан ары да күүлөнөм.

– Командам дейсиң, алар кимдер, кайсы бир партиянын бөлүгүбү?
– Эч бир партиянын курамында, канатында эмеспиз. Бизди саясий көз караш бириктирген эмес. Жаш муундан түзүлгөн тилектеш жаштар чогулганбыз. Өз иши менен жаңылык киргизем деген демилгеси күчтүү жаштардын курамы. Командада маданият өкүлүнөн мен элемин. Ичинде экономисттер, финансисттер, спортчулар, бардык тармактан бар.

– «Ар-намыс» партиясы министрдин креслосун адаттагыдай аукционго койду. Ырчылар тойлорго ырдап чогулткан акчасын берип өтүп кетем деп ойлошту деп да айтышты...
– Оозуна ээ боло албагандар айта беришсин. Мен аларды өзүнүн деңгээли деп түшүнөм. Кудай сактасын, эгер аукционго катышып акча сунуштагым келсе, мен эчак эле ал чөйрөгө аралашып алмакмын.

– Министр болуп калсаң иштеп кетериңе ишенесиңби?
– Албетте, ишенем. Мен киргенде эле депутаттарда «бул ким, эмнеге келди?» дегендей суроо болду. Ошону сезип, көзүңөрдөн ушундай суроону көрүп жатам. Ушул суроого жооп берүү менен сөзүмдү баштайын дедим. Келген себебим, мен Кыргызстандын атуулумун, маданият чөйрөсүндө кызмат кылып жүрөм. Өзгөртүүгө, өнүктүрүүгө салымымды кошо албасам, менин бул мамлекетте жашоого моралдык укугум жок дедим. Министр болуш үчүн эмнелер керек экенине акылым жетип турат. Мен да күйгөнүмдөн, ызаланганымдан бардым. Менин курагымдагы жаштарга мүмкүнчүлүк берилсе, өлкөнүн бир бурчун көтөрүүгө даяр. Депутаттарга ушуну көргөзгүм, элге жарыя кылгым келди.

– Өзүңдү дагы эмнелерге даярдап келе жатасың? Кандай ой-максаттарың бар?
– Өзүмдүн укугумду толук кандуу коргоп алыш үчүн юридикалык жактан билим алууну көздөп жатам. Диплому бар деген ат эмес, мага билим керек, ошондуктан күндүзгү бөлүмдө кадимкидей окуйм.

– Эми кепти ыр дүйнөсүндө эмне болуп жатканына бурсак...
– Угарман, көрөрманга жете турган деңгээлде иштебегеним менен үйдөн аракет кылып жатам. Жакын арада эки жаңы ыр жаздыралы деп турабыз. Ыр жаздырбай койсом, өтүгүн тааныбай кеткен адамга окшоп калбаймынбы. Убактым тар болгонун Неля деле көрүп турат, ошондуктан ал дагы качан деп шаштымды алган жок.

– Министр үчүн менеджерлик сапат, тажрыйба биринчи орунда. Алтынбек Максүтовду көркөм жетекчилик жагынан мыкты, уюштуруу жагын эптей албашы мүмкүн деп жазып жатышат. Сен уюштуруу жагынан даяр белең?
– Жаңы кызматка киришкен адамга иштей алат же албайт деп алдын ала жол тоскон болбойт. Иштетип көрүш керек. Мен өз үй-бүлөмдү ордуна койдум, эч нерседен кем эмес. Өзүн, жакындарын кем-каржысыз карай албагандан бир нерсе күтүүгө болбойт. Менин колумдан келет.

– Маегиңе рахмат!

«Өзүн, жакындарын кем-каржысыз карай алган адамдан бир нерсе үмүт этүүгө болот».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(42)
29.09.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урмат Усенов министр болуш керек эле. Алтынбек Максутовдун домкраты кучтуубу билбейм Урматты келтирбегенге аракет кылып жатышат.
29.09.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урмат молодец,келечегин кен баары алдыда,бирок Урмат отуш керек болчу
29.09.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа бул тууралуу ойлонгон да эмес элем, чындыгында татыктуу болчудай
29.09.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен Урматты колдойм
29.09.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен да Урмат байкени колдомокмун
29.09.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен урматы колдойм сулогон создору орунду
29.09.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менда колдойм,маданият учун куйгон, патриот адам.
29.09.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Урматтуу окурмандар, жон колдойм деп жаза бербей, кичине обьективдуу коз караш кылсанар! Урмат жакшы ырчы, оз чойросун билет, бирок саясат ал башка нерсе! Жон эле болом деген адамды колдойбербей!
29.09.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tito007, саясатчылар эмне туулганда эле саясат деп түшүптүрбү? Урмат жаш,бара-бара үйрөнөт.Баякы эле карт бөрү саясатчылар бири кетсе бири алмашып жүрүшөт,жаштарга да орун берсин.Жаштардын аң сезими,иштөө системасы башка,берилүү,алдыга умтулуу деген күч болот.Карт бөрүлөр,иштебейт,кресло ээлеп алгандан кийин болду,баякы көрүнүш жүрө беришет,у
29.09.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tito007, Ак соз Ак соз Маладес
01.10.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tito007,

Титого кошулам. Бул бала жаныдан чыгып келатканда, бир интервьюда саясатчы болом дегенин угуп, тан калгам. Ырчылык онору жакшы. Кыргызстандан чыкпай журуп, саясатка аралашам дегени кызык болду. Эгер андай болсо азыркы саясатчылардан айырмасы болбой калат. Бир аз сырт жактарда иштеп, опыт алып анан саясатка кирсе бир жон.
02.10.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., сыртан опыт уйронуп келгендерин кыйраттыбы .? Урмат Усеновтой жаштарды колдош керек картан чалдарды ....
02.10.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul.kg.ru,

Азыркы бийликте ким бар экен сырттан тажрыйба алган??? Баары эле тээ совет мезгилиндегилер журот самсаалап....
29.09.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болушуно каршы эмесмин.Дарак бир жерден когорот. Ырчы эле болуп жургону он го. Бул баланы ырчы эле катары тааныйм.
29.09.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kazdy tuuraim dep karganyn butu synyptyr. Kelechekte bolup
kalaarsyn
29.09.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмат Усенов министрликке татыктуу. Бир иш баштаса майнап чыгаары корунуп эле турат.Биздин менталитетте ырчыбы ырчы болуп,саясатчы саясатта журсун деген ой синип калган.Бир эле адам ар тараптуу кесиптин ээси болууга эмнеге болбосун. Албетте оз ишин жакшы аткара билсе.
29.09.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимин не десен дей бер! Мен колдойм.Урмат тарбиялуу акыл эстуу жигит,суйлогон созу орду ордунда.
29.09.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Урмат татыктуу болчу,аябай так жана даана суйлогон инсан.
29.09.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!! Буюрса ак ниеттер ишке ашат деп ишенем...
29.09.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Министр болуш оной иш эмес, урмат министр болом десе жок дегенде жонокой специалист болуп Министерстводо иштеп коруш керек, ошол жерден жок дегенде 10дой кишини башкарып коруш керек, анан иштеп кете алабы иштей албайбы корот эле. ошондо туура болот. Анан ценада ырдап журуп эле мен министр болом деген туура эмесго деп ойлойм. Эгерде кааласа азыртадан баштап Министерствого иштеп башташ керек.
29.09.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаштар барса жакшы болмок.У Усенов жаш дешсе керек.Чондор.
29.09.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ошо да министрликти бышырып койуппу эрте еще.адегенде ошол жерде кызмат отоп анан чонойсун.
30.09.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, министрликте бышырып койгон карт саясатчылар эмнени кыйратты ушу убака чейин.Маданият тармагыбыздын абалы такыр онукпой койдуго 23 жылдан бери,жаштар десе эле баары каршы болушат,жпштарды да иштетип коруш керек.
01.10.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kamarik, точно))) министр болгонго чейин коп эмгек кылыш керек, жон гана кооз суйлогонду баары эле билет. Министр болбой туруп деле долборлоорду откоруп, озун корсотсун "кыйын экенин". орусча айтмакчы "из грязи в князи" боло калгыдай эмне,министирлик оной бекен урматка.
29.09.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен Урматты кош колдоп колдойт элем.Урматтан коп ийгиликти кутсо болот Мен Урматты кайсыл жерде кандай иш жургузгонду билет.Эмне учун чыгаан уулдарды колдобойбуз.кайдагы эски боорулор акчаны очойто таштап креслого келгендер алардан балакетти да кутпойбуз алар жейт курсактарын эки чакадай кылып.
30.09.2014. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Спортчу Кабаева,Общага сериалынан бир актриса Думада отурушат. А эмнеге бизде болбойт? Орду менен суйлогон,акылдуу,билимдуу,эн негизгиси патриот Урмат.
30.09.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
urmattı universitetten beri taanıym ayabay chechkınduu toktoo jakshı okugan bala bolchu menımche koluna kelet go alga urmat
30.09.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ministr ne tuulganda ministr degen jazyyny koluna ala tu6upbu alar da bizdei elden 4igat . Ir4inin ir4i ele bolup jurgonu jak6i degender. Eger Urmat ir4i ele bolup jurgusu kelse juro bermek. Olkonun madaniatin onukturgusu kelgen adam mina u6intip e4 bir partianin kanatina kire kalbai 4igat u6intip ele
30.09.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тоборр. Какой президент -такая страна. Ушул чимирейгенди колдосонор , кайсыл жака кебебиз? Же жалан билимсиздер олтуратбы? Бул ырчыи точка.
Министирлике билимдуу адам керек. Не обязательно шоу тармактан.
Колдойм деп кобунун жазганын?!
Ошого кыргызстан онукпойт. Тили менен иштеген адамды колдогон учун
30.09.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы болсо эмне,керек болсо артист аким,министр,президент боло алат,ошол ырын ырдап эле тойлордо журсун дегендер артист боло алышпайтда анан суйлосо эле асмандан суйлошот,Ырчылык бул бир талант, Урмат Усеновду колдойм.
30.09.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Menda koldoit elem, kiyinki. Jawtarga iwtep owol duinogo aralawkanga mumkunduk berilse kop nerse ozgorulup,iwke awmak. Aantkeni alarda ideada, energiada kop. Maga kitepterdi elektronduk variantta kylmakkmyn degen ideasy abdan jakty owentiwsee bolmok.
01.10.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмат Усеновду колдойт болчум негизи татыктуу!!!
01.10.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмат мырза озу айткандай ушуну менен токтоп калбай аракетин уланта берсе аракетке берекет дегендей ошол министрликке барышы мумкун албетте ага жетиш учун далай тепкичтерди басып отууго туура келет болуш керек
01.10.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татыктуу болчу.Маданият министри болбой калса.Созсуз мамлекетке пайдасы тие турган инсан экендигин ишенимдуу айта алам!
02.10.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дегенде министрликтин бир бурчуна илешсин . Тажрыйба тoптoсo акырын барат министрлике.
03.10.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен бир нерсеге ото тан калдым Урматты колдоп,мактап жаткандарга бироо минусту эле баса бериптир комментарийлерди карасанар азыртадан эле бут тоскондор кооп экен Урматка так что бийик учурбайт мындай адамды учар замат канатынан кайрып алат ээх чондор озунордун тууган уругунар эле бала чаканар эле жакшы эч нерседен кем болбой жашап атсале калайык калк эмне болсо болсун дейт экенсинер да ушул Кыргызстаныбыз онолбогонунан канча кыргызмын дегендер чет жерде журот оз мекенини саагынып ойлонсонор боло
03.10.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштарга эч орун беришпейт ии ХХХ эмнени кыйратмак эле дешкенсип ушу жаман жиним келип атат менда азыр жыргаганыман чет жерде журбой атам эл оозун оозу багып еще мамлекеттин бюджетине кандайдыр бир салым кошуп мамлекетти кошо багып атат качан чондор онолот мен еще как колдомокмун Урматты молодец жигит турбайсынбы!с
Модератор admin_superstan түзөттү 03.10.2014 14:17
03.10.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka-zaika, этика нормаларын сактаңыз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо