ҮЧ КУРБУ (сериал)

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Караан жакын келгени менен колун тийгизгенден айбыккандай жанымда туруп калды. Селейип көпкө турду, мен да кылчайбадым.
– Үйгө кир, бирөө көрүп калат.
– Сагындым сени, бүгүн көрбөсөм чыдай албайт болчумун. Кечирип койчу мени. Бүгүн келериңди угарым менен Баянга жетип келдим. Мени минтип жазалабай жүрчү. Мен баарына
ыраазымын. Макул, качан кааласаң ошондо кел, бирок таптакыр жоголуп кетпечи. Бир жумада бир келсең да ыраазымын.
– Жок, эми бир жумада эмес, бир айда, бир жылда да келе албайм. Ушуну менен баарына чекит коёбуз!
– Дастан, мен сени сүйөм!
Ыйга муунган үнүн сезип турдум. Артыма кылчайып жүзүнө тиктесем, кабыл алган чечимимен артка кайтып кетемби деп корктум. Ал жанымда үнсүз турду да кете берди. Ошол менен бүтүп калдыбы биздин окуябыз? Жок, кайдан бүтсүн, ошол күндүн эртеси жумушума Жанара келди. Жактырбай тосуп алдым.
– Салам, эмне маанай жок?
– Жакшы эле маанай, сен келчү эмес элең...
– Келишке туура келди, сага бир ишим бар.
Сынай тиктеген көздөрүн тиктеп туруп, анын жөн келбегенин түшүндүм. Созуп аңдышып отургум келген жок, дароо эле ачык сүйлөшкөнгө өттүм.
– Сага эмне керек?
– Жакында рейтинги күчтүү бир телеканалдын директорунун орду бошойт. Мен ошол орунга баргым келет. Мага жардам бер, эгерде сенин колуңдан келбей турган нерсе болсо, сага убактымды коротуп келбейт элем.
– Ал иш менин колумдан келбейт.
– Келет, келтиресиң...
Демите сүйлөгөн аны таң кала тиктеп турдум.
– Сен соо эле катынсыңбы? Сага менин кабинетиме кирип антип сүйлөгөнгө ким укук берди?
– Дастан, мен Назик экөөңдүн мамилеңдин четин чыгарсам эле Баянды жана балдарыңды көргөнгө зар болуп каласың.
– А-а де, кеп ушунда дечи?
– Кеп ушунда, мага ошол орунду алып бер. Сенин таасириң, байланыштарың бар, колуңдан келет. Болбосо тынч жаткан дүйнөң ала салынып оодарылып кетет. Баян турат да басып кетет, мен аны кичинесинен билем го. Ал андайга чыдабайт.
– Силер дагы «курбусуңар», ээ? Баянда эмне өчүңөр бар силердин?
– Назиктикин билбейм, бирок менин...
– Токтот, кете бер. Сага жардамчыларым байланышат.
Ал чыгып кеткенден кийин жай отуруп ойлоно баштадым. Мен эч качан Назик үчүн Баяндан, балдарымдан кечип кетпейт элем. Андан көрө Жанаранын оозун жабыш керек. Ошентип Жанара менден эмне кааласа алып тынды. Бир ооз сөз чыкпасын, мындан ары менин үй-бүлөмө таптакыр тийишпей турганын айтып убада берди. Ал убадасына турабы? Назик жолумдан чыга калбай жайыма коёбу? Баян ошол боюнча билбей калабы? Үч жактан ачылган фронтко чамам жетпей, ого бетер түндөй түнөрүп калдым. Үйгө да, жумушка да батпайм. Баян мени өзүнө келет деп күттүбү же чыдамы ушунча беле, бир да ооз ачып койбоду. Чыдамдуум менин, кантип сенин баркыңа жетем, кантип сенин ишенимиңе балта чаптым, кечире алат болдуң бекен?
Ошол күндөрдүн биринде Назиктин кош бойлуу экенин билдим. Кол үзүшөлү деп жатканда мындай окуя чыга каларын кайдан билдим. «Боюмда бар» деген СМСти окуганда шалдайып отуруп калдым. Аргасыз буттарым Назиктин үйүнө алып барды.
– Кандайсың?
Арыктап, кыйналып калыптыр, боорум тилинип аяп кеттим. Боорума кысып алдым. Анын көздөрүнөн мончок жаштар агып кетти.
– Эмне болду?
– Боюмда болуп калыптыр.
Шылкыйган ал ваннага кирип колума тестти карматты. Тирүүлүктүн белгиси болгон эки кызыл сызык мени тиктеп, мен аны тиктеп көпкө унчукпай отурдум.
– Дастан, азыр чынымды айтайын, мен алгач чын эле сенин мансабыңа, байлыгыңа кызыккам. Кийин кандайча болуп кетти билбейм, сенсиз жашай албай калдым. Башында Жанара экөөбүз түзгөн план боюнча сени ушул ишке тушуктуруп, болгон акчаңды саап алуу эле болчу. Бирок ал планда мен сени сүйүп калышым мүмкүн деген пунктту карабаган экенбиз. Азыр ал кызматын ээледи, мен сенин жардамың менен бизнесимди жолго коюп алдым. Бирок мага азыр сенден башка эч нерсенин кереги жок. Кээде сени жөнөкөй эле жигит болуп калса кандай бактылуу болот элек деп сыздайм. Өзүңдү буга чейин байкайбы десем байкабадың. Мен сени чын эле сүйөм!
– Жанара экөөң баштаган иш экен. Демек, эми бул иштин акырына да өзүңөр чыгасыңар.
– Эми эмне кылыш керек дейсиң?
– Бул баш ооруну… Андан аркысын эмне дээримди билбей калдым. Кудай акы жалдырап турган ага боюңдагыны алдырт деп айта албадым. Назик менин сөзүмдү айттырбай түшүндү.
– Бул баш ооруну мага эле калтырчы Кудай жалгагыр.
– Бул эми экөөбүздүн баш оорубуз.
– Мен сага наристенин залакасын тийгизбейм, өзүм эле асырайм.
– Күнөөсүз бечаранын атасы болор болбосумду күн мурунтан менден эмнеге сурабадың? Же менин тагдырымды сыртыман чечип калдыңбы? «Атаң ким?» деген ар кимдин дейди суроосу баланы өмүр бою жер каратарын билесиңби?
«Апамдын баласымын» деп айтат.
– Атасыз бала деген баары бир атасыз.
– Атасы сен… Тирүү турасың го!
– Ата деген сен ойлогондой тийип-качып, келип-кетип жүргөн жолбун ит эмес. Ал да баланын маңдайынан сылап, тизесине алып отуруп эркелеткендей болуш керек. Билсең, ата
деген үй-бүлөнүн төбөсүндөгү түндүк. А биз үй-бүлө эмес, ойношпуз.
– Ойнош болсок ойношпуз да. А эмне, ойноштон бала төрөгөндөр жок бекен? Эгер баланы атасыз өстүргүң келбесе, анда сенин токолуң болуп тиеин. Көнөсүңбү? Анда үйүң бала
бакчага айланып, өзүң айткандай үстүбүздөгү түндүгүбүзгө айланасың. Андай сен мактаган Баяндын эстүүлүгү чын болсо, ал байбичең – кереге, мен токолуң – уук болом. Анан сендей түндүк кармап турса, кереге менен уук эмнеге кыйрасын?!
Назиктин бул чыны же тамашасы экенин билбедим. Ортобузда болгон жымжырттык биринчи жолу узакка созулду. Ал ыйлап жиберди.
– Эми мени эне болуу бактысынан ажыратар киши сен эмессиң. Сага анын эч залакасын тийгизбейм. Жаныма караан болор баламды өзүм асырайм. Мен да эне болуу бактысынан
кечиккенимди түшүнүп, тобокелге бардым. Менин жалгыздыгымды сен кайдан түшүнмөк элең? Күндөн күнгө сени күткөндөн жададым. Сен келгенде кучагым толо тосуп алып, кайра кетериңде мынабу босогодон узаткандан жададым. Мынабу бөлмөнүн ичиндеги жалгыз караанымдан, жалгыз жаздыкты кучактап жаткандан жададым…
Эмне дейм? Башымды шылкыйтып отуруп бердим. Бөлмөдөгү өзүм чеккен чылымдын түтүнүнөн башым ооруй баштады. Назик адатта тамеки көп чекчү эле, негедир бул кечте бир дагы тал чылым чекпегенин байкап, ичимден өзүмө өзүм суроо бердим: «Эмнеге чекпей калган?» Ошентип үзүлгөн жиптей кайра уланып мен кайрадан эки оттун ортосунда калдым...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(22)
29.09.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
чокун бет бак эркектерге ишенбей барам ушуларынан
29.09.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назикти ортош керек
29.09.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назик олуп калса экен
29.09.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Да ушундай окуялар менин фобуям. Кудай озу сактасын!
29.09.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назик деле адам да ал да бактылуу болгусу келет, ал учун башында Дастан Назике жакындабаш керек эле.
29.09.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт
29.09.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жашоого бир келген сон барык нерсени кору керек. ар кимдин жашоосу ар башка алалашбас керек
Bek.9211@bk.ru
29.09.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назикке чала болот. Татынакай кыз, бойдок эле жигиттен тапса болмок.
29.09.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уф эмне дешимди билбейм,ар бир окуган сайын журогум ооруйт го(((
29.09.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
e azyr andai bolboi kalgan buka jibin uzot anan kunajyn kozun suzot
29.09.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии Баянга кыйын болду. Дос душман деген ушул да.
29.09.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Uwundai chygarmany okuganda korkom,korkup ketem meni kandai tagdyr kutup turat dep......eh,erkekteeeer.........
29.09.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Keptin baary Janarada ,ortop ele salchu kyz ekenda!Uwundai dostordon saktasa eken,ALLA!
29.09.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай нерселерди окуп алып туз жургон эркектерден деле кумон санай берем
30.09.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вааай жарылып кете жаздадымгоо качан бутуробуз бул кинону чыдамым кетип барайтат
30.09.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул чыгарманы кутуп эле жашап келе жатат окшойм
30.09.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кантип тапсам болот бул китепти автору ким эле айтып койгулачы
30.09.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elnuram090, саламатсызбы!
Тилекке каршы, китеби чыга элек.
30.09.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
по моему ушу Назик олуп калса керек (
30.09.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
душманды алыстан издебе деген ушулда.Баяндын эки курбусу уй було ыйык экенин билишпейтго,байлык мансап учун куноо кылышты
01.10.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол учун кичине куу болуш керек жашоодо..
01.10.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооой ким билет, андай Назикке окшогондор живучий болушат. Менимче Баян кетип калса керек анткени деген Дастан аны "ай ишенчээгим" эле деп жатпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо