2 НАРИСТЕНИ СҮЗГӨН АЙДООЧУ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

Үстүбүздөгү жылдын 22-август күнү Баткен облусундагы Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылында 6 жаштагы Ираида жана 4 жаштагы Канзаада Авазова аттуу эже-сиңдилерди үйүнүн жанынан жүк ташуучу унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Канзаада ошол жерден жан берсе, Ираида ооруканада көз жумган. Ал эми наристелерди сүзүп кеткен айдоочу дале кармала элек. Бир заматта чырактай болгон эки чүрпөсүнөн ажыраган ата-эне көз жаш төгө окуя тууралуу буларды айтып беришти.

«КЫЗДАРЫНАН АЖЫРАГАН ЭНЕСИ ТӨШӨККӨ ЖАТЫП КАЛДЫ»
РУСЛАН АВАЗОВ, наристелердин атасы:
– Ал күнү күндүзү кечке курулуш иши менен алек болуп, кечке маал үйгө кирдим эле. Бир убакта агам чуркап келип «кыздарыңды машине уруп кетти» деди. Сыртка чуркап чыксам үйдөн 20 метр алыстыкта кичүү кызым Канзаада топуракка аралашып жолдо жатат. Дароо барып колума алып, башын кармасам сөөктөрү майдаланып кетиптир. Тыңшасам жүрөгү сокпогондой болду. Аңгыча эле агам жол боюндагы арыктан улуу кызым Ираиданы көтөрүп чыгып калды. Анын колу-буту кыймылдагансыды. Дароо эле райондук ооруканага алып бардык. Мени сыртка калтырып, кыздарымды жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Кичүү кызымдын абалын сурасам кошо баргандардын бири да эч нерсе айтышпады. Көрсө, кызым машина сүзгөн убакта эле жан берген экен. Улуу кызымды жакшы болуп кетет дешип, башын томографияга тартып, операцияга киргизип кетишкен болчу. Эртеси эртең менен анын да каза болгонун уктум (ыйлап жиберди).
Ошентип айдай болгон эки кызымдан бир заматта ажырап калдым. Келинчегим Орусияда эле, ал келгенден бир сааттан кийин кыздарыбызды жерге бердик. Кыздарыбыздан ажыраганыбызды көтөрө албай төшөккө жатып калды. Абалы оор, ооруканага да жатып чыкты. Эми үмүтүм орган кызматкерлеринде, кылмышкерди табышса, анын жүзүн карагым келип жүрөт. Кандай адам болду экен деги?..

«2 АДАМДЫН ЖАНЫН КЫЙЫП КАНТИП КҮН КЕЧИРИП ЖАТТЫ ЭКЕН?»
АЙПАРЧА АВАЗОВА, чоң энеси:
– Ушунча бала чоңойтуп мынчалык азапка баткан эмесмин. Уулумдун эки кызы бар эле. Эшиктин алдынан машина сүзүп кетип, чырактай болгон экөөнөн тең айрылып калдык. Эгиз козудай болуп ээрчишип эле жүрүшчү. Өмүрлөрү ушунча кыска беле?..
Неберелеримди сүзгөн айдоочу жаш бала окшойт. Болбосо эки наристени сүзүп кантип качып кетет. Ата-энесине айткан жокпу? Айтса же алар да унчукпай коюшту бекен?.. Эки адамдын жанын кыйып коюп кантип күн кечирип жатат? Милиция кызматкерлери тапса аны күчүмдүн жетишинче уруп алсам, кичине болсо да оорум бөксөрүп калат беле?..

«ООРУКАНАДАН ӨЛҮГҮН АЛЫП КЕЛИШТИ»
ГҮЛГАКЫ ЖУСУПБЕКОВА, күбө:
– Ошол күнү саат 17лер чамасында суу алганы сыртка чыккам. Кошунанын эки кызы жол боюнда келе жатып мага салам берип өтүп кетишкен. Эңкейип арыктан суу алып жатсам тарс деген үн угулду. Башымды көтөрүп жолду карасам ак түстөгү жүк ташуучу унаа тормоз берип токтоп, кайра эле жогорку ылдамдыкта жүрүп кетти. Унаанын артынан карасам токтогон жеринде эки кыз жатат. Кыйкырган бойдон жүгүрүп барып, ары жакта турган балдарды жардамга чакырдым. Бир заматта эле эл топтолуп, кыздарды ооруканага алып кетишкен болчу, кайра өлүгүн алып келишти.
Кадамжай РИИБинин жетекчисинин тергөө боюнча орун басары Алдаяр Имамназар уулуна байланышканыбызда ал «бул боюнча тажрыйбалуу кызматкерлер иш алып барып жатышат, кылмышкер жакын арада кармалып калат»,- деп билдирди. Наристелерди сүзүп, алгачкы жардам бергендин ордуна качып кеткен айдоочу кармалып, тийиштүү жазасын алат деген үмүттөбүз.

Айсана Паизова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
29.09.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
иии...адамдар эмне болуп баратабыз?Журогун сыздайтго...
29.09.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыздар..Кудай кырсыктан алыс кылсын
29.09.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чырактар десе мынча жайынар жаннаттан болсун ата-энесине сабырдуулук тилейм кудай буюрса дагы коп балалуу болосуздар ал Эми тиги коркок эркекти кудай озу жазасын берсин
29.09.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-енесине сабыр берсин кудайым,кыздардын жайлары жаннаттан топурагы торколуу болсун.(тарткылык)(кудайым ар бир пендесин бейажал олумдон,жаратылыш кырсыктан,курулай дооматтан сактасын)......
30.09.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайынар жаннаттан болсун Ираш,Канзаш...Таякем менен женеме Аллах сабыр берсин..Уруп кеткен Адам эч жакшылык корбосун,Аллах жазанды берсин....Кайгы тарткан адамдын каргышы жаман болот..Азыр деле кеч эмес,Ата энеси,аксакалдар менен келип кечирим сураса,Таякем менен женемдин куйуту женилдемек.....(((((
30.09.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх турмуш татаал Экен кыздардын жаткан. Жери жайлуу болсун окунучтуу
01.10.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай урат сузгон адамды!!!
02.10.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай жазанды берсин.Омур бою жакшылык корбой от.
04.10.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Угуп баарыбыз шок болдук. Жаш кеткен периштелердин жаны бейиштен орун алсын. Охнада жаш балдар катышкан кырсыктарды укканда журок тилине турган болду(((
04.10.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкер табылдыбы? Админ!
06.10.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sportsmen.boy, саламатсызбы!
Тилекке каршы, табыла элек.
04.10.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-энесине алла кайратын берсин,байкуш эне суту оозунан кетелек наристелер экен.кандай адамдык касиетин жоготкон неме болбу экен,сузуп кетип качкан.
04.10.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуя, кырсык болгондон бери 1,5 ай отуптур, ошол убакыттан бери кылмышкер табылбайт деген эмне кеп? Купкундузу эле адам уруп кетип из жашырган адамдын табылбай калышы биздин милиция иштебей жатат же тапса да акчага сындырып эми эч нерсени билмексен болуп отурат дегени.... Кылмышкер табылып жоопко тартылуусу керек!!! Эрежени бузуп катуу айдап келип адам олтургону чон кылмыш, ал эми жардам беруунун ордуна из жашырып кеткени 2-кылмыш!!! Кылмыш эле коп, 40-50 % гана кылмыштын бети ачылып калганы жок
04.10.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен ыйлап жибердим эркек болсомда менин кыздарым болбосода.кудай сактай кор мындай коркунучтуу жоготуудан.бактыбызга балдарыбыз аман болсун.баладан ажыраган эн кыйын жаман.
05.10.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
журокту сыздататко ата энесине кыйын болуптур бирдейинен 2 кызынан ажыроо эн кыйын эн оор жоготуу болсо керек. Кудайым ата энесине сабыр кайрат берсин. Наристелердин жаны жаннатта болсун.
05.10.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий жаман иш болуптур кайрат кылыныздар жалка эки кызга апасыда жакшы болуп кетсин айдочуну таап жазасын беришин милиция кызматкерлеринен суранабыз
06.10.2014. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rossiadan kelgen kyzdardyn apasynyn aldynda kuioosu ozun jaman bolup aykandyr.kyzdarymdy aman karai albadym dep.eh
02.11.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чырак экен эле го козулар.Мен да козумон жаш чыкканын сезбей калыпмын.Жанынар жаннатта болуп,бейиштин кушу болгула ылайым.Ата-энесине сабыр тилейм.Айдоочуну Аллахым озу жазаласын.
17.11.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай окунучтуу,аллахым кутуусуз кырсыктан сакта,ата энелер балдарды коздун карегиндей карашса
01.12.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле табылбай калсын? Бул жерде да акча биринчи рольду ойноп жатат да. Тиги кошунасы суу алып жаткан номерин корду да. Ошол номер менен эле машина кимге караштуу билип алышса болот да. Ата энесине кудайым куч берсин. Татынакай кыздар экен жандары жаннаттан болсун. А тиги уруп кеткен адамга айтаар элем кан узакка узабайт. Алла жазанды берет. Оз башына тушуп калбасын ушундай кун демекчимин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо