Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дайыр Исмадияров:«АТАМДЫН 60 ЖАШЫНДА КӨРГӨН УУЛУМУН»

№621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж

Балалык кезди эскерүү кандай жагымдуу. Өткөн күндөр бизге кайрылып келбесе да, эскерип алып жеңилдей түшүп, өзүбүзчө кубанып калат эмеспизби. Анын сыңары, ырчылардын да өткөн-кеткендери баарыбызга кызык болсо керек. Бул ирет өзүнүн балалык чагындагы кызыктуу көз ирмемдерин Дайыр Исмадияров эскерет.

«АТА-ЭНЕМ 10 ЖЫЛ БАЛАЛУУ БОЛУШПАПТЫР»
-Бала кезимден жетиштүү турмуштагы үй-бүлөдө чоңойдум. Ата-энем тектүү бүлөдөн чыгышкан. Апам учурунда дүкөнчү болуп иштесе, атам эт комбинатынын директору эле. Андыктан бизде тамак-аш же кийим-кечеге муктаждык болгон жок.
Ата-энем чогуу түтүн булатышкандан кийин 10 жыл балалуу болушпаптыр. Улуу эжем төрөлгөндө да аябай кубанышкан экен. Мен атамдын 60 жаштан ашкандагы көргөн уулу, үйдүн эркеси болдум. Андыктан менин айтканым айткандай, дегеним дегендей аткарылчу. Азыр кара тору жигит эмесминби, кичинекейимде ак жуумал, болпойгон бала болгон экем. Мени жакшы көрүп кошуналар үйүнө уурдап кетип, көп издеп калышканын айтат апам. Эжемдер үйдү таза жыйнабаса же дагы башка туура эмес иш кылса апам кадимкидей чачынан тартып жазалачу экен. Агам экөөбүзгө катуу сүйлөгөн да жок.
Менин шоктугум жанда жок эле. Тентек балдар мектептеги тепкичтин кармагычтарын жылгаякка айлантып алгандыктан мык кагып коюшкан экен. 1-классымда 2-кабаттан ошол «жылгаяк» менен түшүп келатсам баягы мык бармагымды үзүп кеткен. Колумдун канжалаганын көрүп, бакырган бойдон үйгө жөнөгөн элем. Балдар менен мушташып баш, көз жарылган кез көп болду.
Үйдөгүлөр мени Кумарбек, Куму деп аташат. Атам атымды Дайыр деп койсо, апам биздин кумарыбыз болуп жүрсүн деп Кумар деп алган экен. Ошол боюнча Кумарбек болуп калдым. Үйдөгүлөр Дайыр десе башкача боло берем.

ТИЗМЕДЕ ЖОК ОКУУЧУ
-Боюм кичинекей болгондуктан «боюң өссүн, мектепке 7 жашыңдан барасың» дешкенине карабай, 6 жашымдан агамдын дептер, калем сабын уурдап мектепке барып алгам. Байкем 2-класска көчкөндө мен 1-класска келдим. 1-класстагылардын көбү фамилиясын билбейт эмеспи. Жагдайдан пайдаланып бир жумача тизмеде жок эле барып жүрдүм. Ошентип көгөрүп отуруп ошол класста окуп калдым. Окуу жылынын жарымына чейин орус класста окудум. Бир жолу үйгө мугалимдердин бирөө келип апама «бала орус класста окуса ата-эне, бир туугандарга күйүмү жок болуп калат» деп кетиптир. Ал кепти угары менен ата-энем кыргыз класска которуп коюшту. Ошого Жаңы жылда же ал жактан белек албай, же бул жактан албай аябай тополоң кылгам.
Окуучу кезимде апам менен атам ажырашып, жашоодон бир топ эле кыйналдык. Ошондо гана биз чыныгы турмуштун даамын таттык. Апам намыстанып атамдан жардам керек эмес деген принцип менен жашады. Ал кезде улуу эжем Бишкекке келип, иштеп калган эле. Ошол эжем баарыбызды бутка тургузду. Жетиштүү жашоодон жөнөкөй турмушка тез эле түшүп калган кыйын экен. Эжем ошол нерсе сезилбесин деп бизге таттууларды, кийимдерди жөнөтүп турчу. Мен өзүмө тиешелүүсүн жебей, эшикке алып чыгып сатчумун. Ал акчама шарап алып, аны бөтөлкөгө куюп жакшы эле акча иштеп алгам. Ошол чогулткан акчаларымды бир күнү капыстан дааратканага түшүрүп албаймынбы. Мээнетимдин текке кеткенине моюн сунгум келбей, жан талашып акчаларымды сузуп алып, суу менен чайкап, кургатканым эсимде.
Бир жолу эжемдин үйүнө барып калдым. Столунда бир сом турган экен, анда уурдаганды деле билбейм да, дароо чөнтөгүмө салып койдум. Ошону менен ал тууралуу унутуп калыпмын. Апам кир жууп жатканда чөнтөгүмдөн таап алып, «балта менен колуңду кесип салам» деп коркутуп, аябай урушкан. Ошол нерсе жүрөгүмдө сакталып калган экен, кийин бирөөнүн бир нерсесине кызыксам да албас болгом. Өспүрүм чактан эле ийгиликке жетишим керек деп көп эмгек кылдым. Эмгегимдин акыбети кайтып, кыргыз элине таанымал болдум. Буюрса, жакында Спорт Ордосунда жеке концертимди берейин деп жатам. Концертти Юлия Руцкая, Анжелика, Максат Давранов алпарышмакчы.

«ШААРДАН КЕЛГЕН КЫЗГА АШЫК БОЛУП...»
-7-класста аруу сезимдерге туш болдум. Классыбызга шаардан бир кыз келген эле. Чачын каре кылып кестирген, жарашыктуу кийинген кыз мага укмуш эле көрүндү. Ага арнап биринчи жолу кыйын болуп орусча кат да жазгам. Ал кыздын азыр атын деле эстей албайм, жакшы эле сүйлөшүп жүрдүк. Каникулга чыкканыбызда ал шаарга кетип, ошону менен кабарлашпай калганбыз.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Ата-энем ажырашып, турмуштун азабын чеккенбиз" дейт Дайыр Исмадияров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(53)
SUPER.KG видео
28.09.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бологой!
SUPER.KG видео
29.09.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Супер инфо Арсенден интервью алсаныздар жакшы болмок (Рахмат
SUPER.KG видео
29.09.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы дайыр
SUPER.KG видео
29.09.2014. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ... Чыкса эмне экен? Биринчи Дайырдын денгээлине жетип алгылачы... Дайырга ХХХ ХХХ анан суйлойсунор! Дайыр эл менен иштешти билет. Башка ырчыларда ал сапат жок!
Модератор admin_media түзөттү 29.09.2014 09:48
SUPER.KG видео
29.09.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул маек жакшы болуптур. Жашообуз да окшош экен...апана денс,омур берсин!
Nazi_18 Сен жактырган ырчыны башкасы жактырбоосу бул табигый эле корунуш.ар кимде ар башка табит.ар ким ар кимди суйууго мажбур да эмес бирок сыйлоого мажбур! Сенин оюна каршы чыкмак эмесмин. бары тен суйуп, бары тен жаман корсо дуйнонун аягы келмек)
Модератор admin_media түзөттү 29.09.2014 10:31
SUPER.KG видео
29.09.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazulya,ais9, tasnim,
Саламатсыздарбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же сунуштарыңыздар болсо, info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүздөр.
29.09.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Дайырдын интервьюсу эч кимге деле кызык болбой калды окшойт кайра, кайра чыга берип.
29.09.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай ачык анан тамашакөй бала экен)) Жасалмалуулугу жок окшойт ))
29.09.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырды баары жасалма деп билишет андай эмесго
29.09.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун ачык маек болуптур. Ийгилик.
29.09.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Дайыр гезиттин ар бир санында чыгып эле жатат го...Неля ырчыдан интервью алыныздарчы...
29.09.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nariste...12, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
SUPER.KG видео
29.09.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсенди да маекке чакыргылачы, супер инфо?
SUPER.KG видео
29.09.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун маек болуптур
SUPER.KG видео
29.09.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
экоо тен жакпайт, кыз дагы тиги Дайыр дагы жасалмалар...
29.09.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soOnun maek boluptur!turmuwtun a4yk tattuusun tartkan jigit turbaispy!myndan arky jawoonuzga iyGiLikterdi gana kaalaim!kyrgyzymdyn mykty jiGitterinen bolup juRO BERINIZ)))
29.09.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми баягы эле Дайырда. Уну деле жок. Же бул пиарбы..
29.09.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ жандуу унго катышпады беле мен деле кайра кайра жаза берейинчи
Модератор admin_superstan түзөттү 30.09.2014 10:31
30.09.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzy, кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
30.09.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ушул козу карынсыз супер окубай калдык го акыркы кундору
30.09.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур.Алдыдагы концертине ийгилик!!!
30.09.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер-инфо Омар, Б.Бадыева, Анжеликадан иинтервью алгылачы.Ырчынын уйундо конокто деп)
01.10.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jojolove, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
01.10.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр атасы 60тан откондо торолсо, окуучу кезинде ажырашса 70жаштан откондо да ажырашышат экен да э, тообо. 10жыл балалуу болушпаса да ажырашпай жашашыптыр, азамат киши экен деп эле окуп келаттым эле.
01.10.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырдын туулуп оскон кичи мекени кайсыл жер?
04.10.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZANIA-92,
Кичи мекени Озгон
SUPER.KG видео
02.10.2014. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо ырчысын да дума сайын гезитте теледен айтор ар тармакта атын жанырып турат эки жумада бири Дайыр пиар кылып чыгып турат го
SUPER.KG видео
02.10.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Иманбеков, Осор Эшматов жонундо да жазып койгулачы?
02.10.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сизге)))
02.10.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avtandildenn ech ele intervyu albapsynar,owol jigit mn kenen maek kurup koigulachy suranych
03.10.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melek1, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Эсибизде болот.
02.10.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Super infonun kaisy sany bolbosun daiyr ismadiyarovvv jetiwet!!!!!!!
04.10.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күлгөнүүн
Күлкүсү өзгөчө да элден айырмаланып
05.10.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишине ийгилик дайыр))))))))))))))))))))))))))))))))
06.10.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конешна атасынын учунчу аялынын баласы болсо 60 жашта корот да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо