Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бек Борбиев "ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР ЫРЧЫСЫ": «МЕНИ КЕЧИРИМ СУРАСЫН ДЕШЕТ, ӨНӨРҮМ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙМЫНБЫ?»

№621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж

Сахнада жүргөнүнө 25 жыл болгонун белгилеп, борбордо үч күн концерт берген Бек Борбиевдин тегерегинде болуп жаткан талкуулар токточудай эмес. «Качып кеткен президент Бакиевди туулган күнү менен куттуктап Бек Борбиев Минскиге барып ырдап келди» деген маалымат дуу дей эле түштү. Ал тургай «наамдарынан ажыратылсын, концерти токтотулсун» деп акция уюштургандар да болууда. Ырчы өзү бул тууралуу эмне дейт, кеп башын ушул суроого жооп алуу менен баштайлы.

– Сизди Беларуска барып, Бакиевдин алдында ырдап келиптир деп жатышат, өзүңүз эмне дейсиз?
– Бул боюнча интернеттеги баракчама оюмду билдиргем. Өнөр адамдары угарманын, көрөрманын тандабайт. Чымындан пил жасап жиберишти. Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да алдында ырдап келгем. Муну бардык адамдар туура түшүнүшү керек.

– Шоу-бизнести саясатка аралаштырып жиберишти деп ойлойсузбу?
– Негизи, бул ишке кызыкдар болгондор бар. Мени жаманатты кылуу ниетинде аракеттер жүрүп жатат окшойт, аларга деле капачылыгым жок. Алар өздөрүнүн ишин кылып жатышат. Менин жолум чыгармачылык, ага андай нерселер тоскоол болбойт, тескерисинче күчөтөт, чыйралтат. «Айкөл Ала-Тоо» коомунун жигиттери да сыналгыдан чыгып, мага каршы сүйлөштү. Окко учкан 90 баланын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун дейм. Айтарым, бийлик алмашканда 90 эмес, бир адамдын да каны төгүлбөш керек. Кандай кресло болбосун бир адамдын канына татыбайт. Ошончо адам шейит кетти, кана, бир нерсебиз өзгөрдүбү? Бардыгы ошол эле бойдон. Ок аткандар да, окко айдап барып салып бергендер да жоопко тартылышы кажет. Ошондо 90 адамдын арбагы жай алат. Жоопко тарта турган мен эмес, мамлекет бар, мыйзам бар. Мени кечирим сурасын деп жатышат. Мен кечирим сурагандан эч нерсе өзгөрбөйт. Мен өнөрүм үчүн, чыгармачылыгым үчүн кечирим сураймынбы?

– Концерт болуп жатканда да сыртта митингчилер турушту. Филармониянын терезелерин талкалаганга чейин барышыптыр, наамынан ажыратылсын деп да жатышат...
– Мен наамга байланган адам эмесмин, алып сала беришсин. Филармонияга концерт бербесин дешет, эгер өкмөт наамымды алабыз, концерт койбосун дей турган болсо, концерт койбой эле башка иштер менен алектене алам. Ошондон Кыргызстан оңоло турган болсо, коңшу өлкөгө барып деле оокатымды кылып турам.

– Эми кепти чыгармачылыгыңызга буралы, концертиңиз кандай өттү?
– 25 жылдык отчёттук концертимди берейин деген ойду бир жылдан бери ичимде бышырып келдим. Ырларымды аткарган таланттуулар арасында сынак уюштуруп, баш байгени бизден «Добулбас» тобу, Казакстандан келген Нурболот Абдулин алышты. Сынакты уюштуруудагы максатым – таланты барларга стимул берүү, чоң сахнага чыга албай жүргөндөрдү чыгаруу, Ата Мекен, сүйүү туурасындагы ырларыбызды даңазалоо, анан, албетте, ыр күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулоо.

– Ушундай чоң концерттерди уюштуруу сизге пайда алып келеби?
– 100дөй бийчилерибиз жүрөт, сырттан келген конокторубуз бар, аларды коноктойбуз. Аппаратура, залдын арендасы деген сыяктуу чыгымдарыбыз бар. Концерттен мен эч кандай пайда көрбөйм. Кеткен чыгымдар өзүн жапса – бул жагымдуу жаңылык.

– Кичинеңизде өзүңүздү ушундай адам болом, бийик деңгээлге жетем дечү белеңиз?
– Кичине кезимде ырчы болсом деп кыялданчу эмесмин. Өзүмдүн теңтуштарым сыяктуу эле курсагым ток болсо, ойноп жүрө берчүмүн. 7-класста болсо керек, түш көргөм. Эсимде, түшүмдө стадион сыяктуу ачык асман алдында ырдап жатыптырмын. Айланамдын баары ар түрдүү жарыктар, эл мага кошулуп ырдашты. Ал кезде стадиондо концерт берүү деген болчу эмес. Апама айтсам, «койчу, балам, капкаяктагыны айтпай, концерт деген маданият үйлөрүндө болот» деп койгон.

– Жаңы чыгып келе жаткан кыздар менен көп иштешчү элеңиз. Мисалы, Асел Турдалиева, Назми, Мая, Нуриса Абазова. Азыр кыздар менен иштешүү оюңузда жокпу?
– Кыргыз кайрыгын сүйгөндөрдүн көңүлүнө төп келе турган таланттуу кыздарды карап жүрөм. Үнү башкаларга окшобосо дейм. Жакшы дуэттерди жаздыруу оюмда бар.

– Киного тартылып актёрлук жүктү жон териңиз менен сезип көрдүңүз, сизден кандай актёр чыкчудай?
– Менден начар актёр чыгат. Бул жаатта билим албагандан кийин режиссёр айткан нерселерди аткаруу, күлүү, кайгыруу оңой эмес экен. Сценарийин өзүмө ылайыктап жазып алып эле кино тартпасам, актёр боло албайт окшойм.

– «Мен сүйгөн карагат» тасмасы чыгымдарын актадыбы, экинчиси тартылат деп жаттыңыздар эле?
– Экинчисин тарталы деп ойлогонбуз. Бирок чыгынбай жүрөбүз. Убакыт өткөн сайын ал кино өзүнүн актуалдуулугун жоготуп бара жатат. Тартылат, тартылбайт деп так жооп айта албайм. Убагында көп көрүүчү чогулткан кинолордун катарында болду. Чынында, бул режиссёр Руслан (ред. Машрапов) экөөбүздүн биринчи кинобуз болчу. Тажрыйбанын жоктугунан көп каражат жумшап алыптырбыз. Кийин ойлоп көрсөк, биз короткон акчадан 4-5 эсе аз каражатка деле бүтмөк экен. Ошентсе да өзүн-өзү актады.

– Акыркы учурда Орусияга, анан түштүккө көп гастролдоп жатасыз. Калган аймакты качан кыдырасыз?
– Айыл жергесине көп барбай жүрөбүз, аны моюнга алышыбыз керек. Жыйырма жыл мурункудай азыр айылдык клубдарда шарт жок. Түндүккө, түштүккө деп бөлүп барбайм. Чоң-чоң шаарларга коюп эле келе жатабыз. 25 жылдыктын шарапаты менен бардык шаарларды кыдырабыз деген планда турам.

– «Мен сени сагынган бойдон жүрөм» деген ырыңыз мага жакты. Ыр жөн жерден жаралбайт эмеспи, кимди сагынып жүрөсүз?
– Ырдын текстинин автору Бактыгүл Чотурова. Концерт туурасында эже менен сүйлөшүп отурсам, «менин деле ырларымды карап көрбөйсүңбү, мүмкүн, обондуу жакшы ыр жаралат» деп китебин берди. Үйгө келип барактап калдым. Ачканда эле ушул ыр туш келди, көңүлүмө жакты. Бирөөнү сагынып жүрүп анан жаралды десем өзүмдү да, силерди да алдаган болом. Ошол күнү обон жараттым, эртеси аранжировкачы балдар иштеп чыгышты, үчүнчү күнү үнүмдү түшүрдүм. Ошентип үч күндө жаралган ыр болду.

– Качан клип тартасыз?
– Менде ушундай оору бар, ырды жаратып коюп клип тартпай жүрө берем. Кыргызстанга турне кылардын алдында «Биздин тагдыр ушундай», «Мен сени сагынган бойдон жүрөм» деген эки ырга клип тартайын деп жатам.

– Небереңиз туурасында айтып берсеңиз, чоңоюп калгандыр?
– Ооба, неберем Жозефина чоңоюп калды. Жозефина Наполеондун сүйгөнү болгон эмеспи. Неберем төрөлгөндө кызым менен күйөө балам Францияда жашашчу, ошол өлкөдөгү белгилүү аттардын бири экен. Францияда жашаганыбыздан эстелик болсун деп ушул атты өздөрү коюшкан. Аны да мага байланыштырып, «Бек өзүнүн ысымына окшоштуруп небересине да капкаяктагы атты койду» дей беришет. Жакында экинчи жээн неберелүү болдум. Атын чоң атасы шарияттан алып Кадича койду. Алар азыр Бишкекте, чет мамлекетке кетпей турган болушту, үйгө бат-баттан келип турушат.

– Бектин атасы кийин башка аялга үйлөнгөн, эки карындашы бар дешет, ошондойбу?
– Туура, атамдын кийинки жубайынан эки карындашым бар. Бирөөнү турмушка узатканбыз. Экинчиси студент, менин колумда.

– Бир топ суроолорго жооп алдык. Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик.

"Карындашым, кызым, неберем. Өмүрлөрү узун болсун".

"Гүлчөтай" ырымдын клибин тартуу учурунда мына ушинтип көп адам жардам берген".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Өнөрүм үчүн кечирим сураймынбы?" дейт Бек Борбиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(150)
30.09.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ырдай бериниз Бек мырза,кыргыз эли сизди алаканына салып сыйлаган ырчылардансыз.Керек болсо Акаев чакырса да ырдай бериниз,себеби сиздин оз ишиниз.Бакиев чакырса дагы ырдай бериниз.Мындайда учурдан пайдаланып сизди шыбагысы келген душмандар четтен табылганы корунуп тур,аларга тукургонунуз барбы.Акаевге да Бакиевге да баа берчу мезгил келет.
01.10.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mi-li-na, kyrgyz elinin atynan emes, ozundun atyndan suilo!!!
01.10.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кечирим сураныз жана дагы акча толонуз за моральный вред ))
01.10.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KyrgyzstanTugoiloru, кудай Берген таланты учун акча толош керекби? Талантын болсо сен да ырдап берсен жарашат. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 01.10.2014 19:25
01.10.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lusi2013, сайттын башка колдонуучусун кемсинткениңиз үчүн 5 күн БАН!
01.10.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек байке,жаман адамдардын айткан созуно конул бурбаныз башынызды оорутуп,андан коро талантынызды оркундото бериниз.Биз сиздин тадантынызды,озунузду сыйлайбыз!
01.10.2014. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба туура айтасыз эмнеге кечирим сурашыныз керек жумурткадан кыр издеп эптеп сизби жа ан патту кылгысы келгендердин аракети конул бурбаныз ийгилик каалайм дагы коптогон ырларынызды кутобуз
01.10.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
пулун болсо кулунмун
SUPER.KG видео
01.10.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектин мындай кылганы туура эмес далай адамды жийиркентти ошол чыккындын тоюна барып ырдаганы, элита болуп элдин кадырында эле журсо болмок....
01.10.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Filarmonianyn syrtyndagy satylgandar bul jerge da keldinerbi a? Bek bayke bularga konul burbaniz,sizdi el baalayt bir eki kylarga iw tappay kalgandar emes!
01.10.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырда ырдаба деп айткандар маданиятсыз Жана маданиятты тушунбогондор. Именно ошол Бакиев андижанский покага тушкондо эч Ким айткан эмес бийлебе или кечирим сура деп. Бул дагы короалбастыктын Бир бурчу да.
01.10.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Певцам не до политики, деньги дают почему бы не спеть. ХХХ Бакиев тоскует по Кыргызстану, так ХХХ и проживет. Это наказание. Не судите певцов и музыкантов. Даже в концлагерях они играли для фашистов и узников, что тут поделаешь.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.10.2014 09:33
02.10.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guragan, этика нормаларын сактаңыз!
02.10.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бекке эмне жетишпейт,акча учун ошо кыргыз элдин душманынын алдына барып ырдабай деле койсо болмок экен.
(Ну эми озу билет да,озунун иши да)
02.10.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бек мырза талантынызга таазим! Таланттуу адамдарга наамдын дагы кереги жок. Эл озу баалап алат. Иши кылып саясаттан алыс болунуз! Таланты бар кишилерге ар-кандай соз айтыла берет. Конулго албаныз!
02.10.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
башкасына соз жок.... Ушул таланттуу байкебизге асылбай эле койушса болмок
03.10.2014. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бек,эн мыкты ырчы,эл ырчысы.Ырлары кылым кезээри айкын
03.10.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bek bek bolunuz,it uro beret kerben juro beret
03.10.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mitingge chikkandar 1 ishe arak uchun chikkan alkashtarga okshosh go :P
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
valina,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз! Кимдир бирөөнүн өздүгүнө асылып билдирүү жазууга тыюу салынат!
03.10.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке, эгер, апрель окуяларындагы шейит кендердин арасында сиздин бир тууганыныз болсо, барып, Бакиевдин алдында ырдайт белениз?
04.10.2014. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресиздерго туугандар апрель окуйасында бакиевдин эч кандай куносу жок ал окуйага азыркы бийликте отургандар куноолу бул жерде просто бакиевдин аты жаман болуп калды анткени мен оз кулагым менен уканымы айтайын.ошол окуйа болгон жерде бакиев чыгып кетип жатып эчким эчкандай ок атпасын калка карата деп кетип жатканын оз кулагы менен укан солдат балдар айтышты бакиевди коруктап кетип жатышканда айтылган бул жерде дагы бир жолу айтам бакийевдин аты жаманаты болду.
04.10.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде кимде ким бир адамдын жаман сапатын айтса баары ошол жака ооп жамандайт эгер жакшы жагын айтса баары макташат негедир ушул нерсе биз кыргыздарда салтка айланып бара жатпайбы тугандарым
04.10.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Бек байке эл эмне дебейт. Эшек эмнени жебейт дейтко айткандар айта берет.
Сизге чыгармачылык ийгилик
04.10.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek akege asylgandy koigula.men yrdaganymda bir gana Bek akenin yrlaryn yrdaim.antkeni yrlary aiabai jagat
04.10.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ne kylsada,ar bir adamdyn ozunun iwi!Bek baikenin naamyn alyp koisoda,ech kachan aty ochpoit.Sebebi elge yrlary sinip kalgan.Menimche kechirim surawtyn keregi jok!Bul talant,yrchy bolgon son bul alardyn jumuwu.Elder aitmakchy,asylbgan bir Bek baikebiz kaldy okwoit.......
04.10.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек ,байке туура айтасыз биринчи ХХХ ХХХ ХХХ ошолор кунолуу 80 баланын шейит кетишине онорунуз оркундой берсин

Модератор admin_superstan түзөттү 06.10.2014 11:57
06.10.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asa, провокациядан алыс болуңуз!
SUPER.KG видео
08.10.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bektashova_ayzada,
Этика нормаларын сактаңыз!
11.10.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге чыгармачылык ийгилик!!!! канкорлорду убагында эч ким жазалай албай качырып жиберип отурушпайбы. Бакиевдин алдына барып ырдадын деп эле наамдарынан ажыратылсын деген туура эмес. ошол канкор Бакиевдин куйруктары деле жон эле басып журушот беттерин табактай кылып алышып, ошолорду жазалашпайбы...........
SUPER.KG видео
14.10.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам болуу аста-аста, ХХХ болуу бир паста...
Модератор admin_media түзөттү 15.10.2014 10:25
SUPER.KG видео
01.11.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Menin en syiyktyy yrchym!!!
SUPER.KG видео
24.12.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту колдонуучулар 50жаш деген ырын жуктоп койгулачы кимде болсо сураныч
SUPER.KG видео
28.12.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят да чон эле кишинин качкындын алдына барып ырдап
25.04.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевди бутундой кыргыз эли колдойт,менимче кечирим суроонун кереги жок!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо