ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТАРДЫ БАГЫНДЫРЫП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ

№621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж

Акыркы учурда Айыма жана Аяна аттуу интернет жылдызына айланган жаш кыздарды көпчүлүк чет элдик сынактардан улам таанып калышты. Аяна Орусиянын «Артист» аттуу телешоусуна катышса, ал эми Айыма Украинанын «Х-Фактор-5» деген сынагынын 1-турунан өтүп, 2-турга жолдомо алды. Жаш ырчы кыздар тууралуу кененирээк маалыматты төмөндөн алыңыздар.

Аяна: «КАЛЫСТАРДАН СҮРДӨП ҮНҮМ БИР АЗ КЫСЫЛЫП КАЛДЫ»

Толук аты-жөнү – Аяна Касымова
Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 30-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – №29-мектептин 10-классында окуйт

– Аяна, ийгилигиң менен куттуктайбыз! Музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың?
– Кичине кезимден эле ыр-бийге жакын болуп, «Ак шоола» балдар хоруна барчумун. Азыр №6-музыкалык мектепте эстрадалык вокал бөлүмүндө окуп жатам. Ата-энем экөө тең музыканттар.

– Орусиянын «Артист» аттуу телешоусуна катышып, экинчи туруна өтүп келдиң. Ал жакка кандайча барып калдың эле?
– Бул жаңы ачылып жаткан шоу. Ата-энем интернетке менин ырдаган видеолорумду жүктөп коюшкан. Шоунун уюштуруучулары интернеттен менин видеолорумду көрүп, өздөрү бизге кат аркылуу март айында сынакка чакырышты. Сынак тууралуу айта турган болсом, катышуучулар ырдай турган ырларды сынактын уюштуруучулары тандап беришет. Калыстардын бирөөсүнүн добушу 7 пайызга эсептелет экен. Андан сырткары Орусияда жашаган көрөрмандар интернет аркылуу добуш бере алышат.

– Сени сынакка ким даярдады? Продюсериң барбы?
– Менин колдоочуларым да, устаттарым да, сынакка даярдагандар да ата-энем. Бул телешоуго башынан эле ата-энем чуркап, ал жакка барып да колдоп турушту.

– Экинчи турга өтүү дагы оңой эмес. Анан да ырдаганыңда калыстык кылган орус ырчылары Юлия Савичева, Лолита Милявскаялар өз добуштарын берип, аягында тура калып кол чаап, колдоп жатышты. Мындай атактуу инсандардын талантыңды баалап жатканы толкундануу жаратпай койбосо керек?
– Негизи, сахнага чыгарда эле толкунданып баштадым. Калыстар тобундагы атактуу адамдардын алдында ырдаш чоң жоопкерчилик болду. Башында жакшы эле ырдап жаткам. Аяк жагында гана калыстардын мени суктанып карап тургандарын көрүп сүрдөп кеттим окшойт, үнүм бир аз кысылып калды.

– Сынакта канча атаандашың болду? Жеңүүчүгө кандай байге берилет экен?
– Сынактын тандоосуна көптөгөн жаш таланттар катышкан. Бирок 15 катышуучу гана биринчи турдан өттүк. Эми кийинки турунда да калыстардын купулуна толсом, финалга өтөм. Тандоо октябрь айында болот. Бизге кат жиберишмек, ошону күтүп жатабыз. Буюрса, бул жолкусунда да ийгиликке жетем деген ойдомун.
Чынын айтсам байге тууралуу кабарым жок. Мен үчүн сынакка катышып, өнөрүмдү көрсөткөнүм деле чоң ийгилик.

– Жакында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышында ырдадың. Ушул тууралуу да айта кетсең?
– Көчмөндөр оюнуна режиссёрлук кылган Алтынбек Максүтов мырза мага «Насыйкат» аттуу ырды аткарып бер деп сунуштады. Мындай ири иш-чарада ырдаганыма кубанычтамын.

Аяна «Артист» сынагында ырдаганда калыстар туруп кол чабышты.

Айымжан: «КИЙИНКИ ТУРГА ӨТКӨНҮМӨ ИШЕНБЕЙ ЫЙЛАДЫМ»

Толук аты-жөнү – Айымжан Айылчиева
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – №6-гимназиянын 10-классында окуйт

– Салам, Айыма, 2-турга өтүшүң менен куттуктайм. Бул сынакка кантип катышып калдың?
– «Х-Фактор» сынагынын 3-сезонун көрүп отуруп катышууну аябай самаган элем. Апам да «катышканга аракет кылып көрбөйсүңбү» деп калды. Ырдаганымды видеого жаздырып 5-сезондун тандоо туруна жөнөттүм. Чынында мени кабыл алышат деп ойлогон эмесмин. Мага сынактын уюштуруучулары байланышып, тандоодон өткөнүмдү кабарлашты.

– Калыстар сага «өзгөчө кыз экен, таланттуу» деген мактоолорду жаадырышты. Калыстардын баарынын «ооба» деген жообу сендеги өзүңө болгон ишеничти бекемдесе керек?
– Албетте, мурун өзүмдүн талантыма ишенсем деле өтпөй калам деген коркунуч күч эле. Азыр өзүмө болгон ишеним ого бетер күчөдү.

– 2-турга өткөнүңдү укканда ыйлап жибергениңе караганда жеңишке көп деле үмүт кылбаган окшойсуң?
– Менин алдымдан 5-6 адам ырдады. Алардын вокалы, ырдаганы сонун болчу. Бирок кийинки турга өтпөй калышты. Ошого жүрөгүм түшүп, коркуп жатып сахнага чыккам. Анан мени өткөрүшкөндө сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым, ыйлабаска болбойт эле.

– Ырдаганың өзүңө жактыбы?
– Мен өзүмдү катуу сын көз караш менен карайм. Андыктан мага өзүмдүн ырдаганым жага бербеди. Бирок калыстардын мактоолорун угуп жүрөгүм жылып калды.

– Кичинекей кезиңде да чет элдик сынактарга барып жүрчү экенсиң...
– Ооба, 9 жашымда «Славян базары» фестивалына барып «Ой, комузчу» ырын аткаргам. Негизи, бала кезимден ушундай сынактарга катышканды жакшы көрчүмүн.

– Сенин чыгармачыл адам болушуңа ким түрткү болду?
– Мурун үйдө отуруп алып эле ырдап-бийлей берчүмүн. Бирок ата-энем мени эч бир ийримге катыштырчу эмес. Ошондо атамдын досу мени көрүп калып, «Сыйкырдуу
мекен» («Волшебная страна») аттуу сынакка катыштырды. Анда 8 жашта болсом керек эле, мына ошондон баары башталды. Атамдын досуна мага талантымды көрсөткөнгө мүмкүндүк бергени үчүн ыраазычылык айтам.

– Сенден жаңы ырларды, клиптерди күтөлүбү же чыгармачылыгыңда жалаң гана эл аралык сынактарга басым жасайсыңбы?
– Албетте, алгач өзүмдүн мекенимде ырчы катары таанылсам дейм. Анан гана чет элге мамлекетибиздин желегин желбиретип чыксам деген оюм бар. Азыр мага жакшы ыр жазып берчү акын издеп жатабыз.

– Мектепти аяктаган соң жогорку билимди музыка жаатында аласыңбы?
– Апам «музыка хоббиң бойдон калсын, билимди башка жаатта аласың» дейт. Музыка менен өмүр бою алектенүү кыйынга турат эмеспи, ошондуктан башка кесипти да окуп коюу керек.

«Х-Фактор-5» сынагында калыстардан оң жоопту укканымда сүйүнүп ыйлап жибердим».

Султан Төрөбеков,
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Эл аралык сынактар аркылуу таанылган Айымжан жана Аяна

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(35)
29.09.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыма азаматсын сага кошулуп мен да жашып алдым.
30.09.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иван Дорн жыргап кошулду го ырдын аягында
30.09.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун баарына ыраазычылык мекенибиздин жакшы жактарын корсотууго салым кошуп келе жатасынар.
30.09.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Аянага добушубузду берип сахнанын ачылышын тилеп отурдук))
01.10.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кэчее теледен Атайды,андан кийин Айымжанды корсотуу,АЗАМАТСЫНАР!!! чыныкы кыргыздын уул кыздары..силер менен сыймыктанабыз.
01.10.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ко0оп ко0оп ийгиликтерди каалайбыз. Азаматсынар!
01.10.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото кучтуу ырдаган жылдыздуу кыз экен
01.10.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо саламатсыздарбы! Атайдын Германияда бийлегенин жиктоп койсонуздар эгер мумкунчулук болсо , анан да Айпери Кубик кызын да сойко салып кетиптирго 26-сентябрда ушул тууралуу кабар бериниздерчи сураныч! Рахмат
01.10.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13, саламатсызбы!
Атай жана "Тумар КР" тобунун бийи:
http://www.super.kg/media/uservideo/127816/
Ал эми экинчи сунушуңуз тууралуу кабар жазылды: http://www.super.kg/kabar/news/83373/
01.10.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна жана Айымжан,эмне дешти билбейм силердей талантту кыздар бар екенине суйуном,Кыргыстандын желегин желбиретип журо бергиле ийгилик дагыда коптогон сынактарды багындыргыла супер.
01.10.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыманын ырдаганы абдан жакты мага жылдыздуу да кыз экен
01.10.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар карындаштар ийгилик сиздергее жакшы жетишкендиктергее жеткилее
02.10.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы бирок жаш кыздар экен. атактуулукка любой адам кооп кетет,силер андай болбой жакшы адам бойдон калгыла...онорунор оркундой берсин ийгилик силерге
SUPER.KG видео
02.10.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызча ырдаш албайбы
SUPER.KG видео
02.10.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsynar iiy iygilik baaryna bawka yr4ylargada ,
SUPER.KG видео
02.10.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Айымжандын ырдаганы english,суйлогону русс го.Эмне дейбиз ийгилик
SUPER.KG видео
02.10.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Ийгилик!
SUPER.KG видео
02.10.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы девчонки
02.10.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы admin_ кандай кылып сүрөт койсом болот? Мен жаңы кошулдум
03.10.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayas.07, саламатсызбы!
Аватарды төмөнкү шилтеме менен койсоңуз болот:
http://www.super.kg/superstan/index.php?app=core&module=usercp&tab=members&area=avatar
Ал эми өздүк баракчаңызга сүрөттү төмөнкү шилтемеден:
http://www.super.kg/superstan/index.php?app=core&module=usercp&tab=members&area=photo
02.10.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна менен Айыма ишенсе болчудай көрүнөт, ийгилик алып келишет буюрса. Ийгилик силерге
SUPER.KG видео
02.10.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоо тен азамат ийгилик Аянанын кыргызча суйлогону жакты
SUPER.KG видео
03.10.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтындай болгон азамат кыздар!!!! Ийгилик силерге
SUPER.KG видео
03.10.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяна мага кобураак жакты?кыргызча сонун маек куруптур азаматсын ийгилик силерге.
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары бир КЫРГЫЗча суйлош керек го, болбосо баардыгы жакшы, азаматсынар Кыргыз эли силер менен...
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!дагы дагы ийгиликтер коштосун.
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна азаматсын четтилинде ырдаганын менен кыргыз тилин жакшы суйлоп жакшы маек куруптурсун. онорун оркундой берсин ийгилик.
Айымжан дудаланбай кыргыз болгондон кийин кыргызча суйлобойбу.
SUPER.KG видео
03.10.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна сулуу дагы экен жакты бизге.
SUPER.KG видео
03.10.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аима жакты и голосу и ырдаган ырыда ценада озунун алып журуусу
03.10.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албан албан ийгиликтерди каалайм ушул татына эки кызга.Мындан ары да талантынар оркундой берсин.
SUPER.KG видео
04.10.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки кызга тен соз жок,Азаматтар!!!!
05.10.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!! Кыргыздын атын алыска тааныта бергиле, биз силер менен сыймыктанабыз. Онорунор оркундой берсин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо