№621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
Бул жыл жылдыздардын тоюна бай болду окшойт. Элди көптөн күттүргөн Мирбек Атабековдун үйлөнүү тою 23-сентябрь күнү борборубуздагы ресторандардын биринде болуп өттү. Эки жаштын жакшылыгына 500дөй адам күбө болуп, тамадалык милдетти Эркин Рыскулбеков менен Бакыт Байсариев аткарышты.
Эстрада жылдыздарынын арасында «Жылдын тою» деген атка конгон бул мааракенин кандай даярдыкта өткөнүн сүрөттөй кетпесек болбос. Коноктор киргенде эле, аларды зериктирбейли дегенби, атайын «ММ» деген жазуусу бар таттууларды жасап, фуршет уюштурушуптур. Анан да конокторду Мирбек менен Мээримдин сөлөкөтү түшүрүлгөн чоң элестер тосуп алды.
– Тоюңуздар куттуу болсун! Мирбек, айтсаңыз, сиз тойлордо ырдап келесиз. Тойдун күнөөкөрүнүн ордунда отуруу кандай экен?
Мирбек: – Туура айтасыз, мен тойлорго барганда ырдап, каалоо-тилегимди айтып эле кетип калчумун. Бүгүн ошол каалоо-тилек угуп отурган адам катары үйлөнүп жаткан эки жаштын ичиндеги сезимин түшүнүп отурам. Той деген оңой нерсе эмес экен, буга дагы эки-үч күн уктабай даярданыш керек турбайбы (күлүп).
– Чогуу түтүн булатканыңарга 9 ай болуп калыптыр, кыз-жигит болгон кездегиден эмнелер өзгөрдү?
Мирбек: – Мурун бири-бирибизден уялып, тартынып турсак, азыр тартынбай калдык. Эл катары эле жашап жатабыз. Мурункудан да жакын боло түштүк.
Мээрим: – Билбейм, мага кыз-жигит болуп жүргөндөй эле туюла берет (күлүп). Болгону чогуу жашайбыз, чогуу тамактанабыз.
– Слайд-шоудон көрдүк, экөөңөр интервью убагында таанышкан окшойсуңар?
Мээрим: – Экөөбүз Мирбектин «Сени гана» аттуу алгачкы концертинде таанышканбыз. Башында жөн гана ага катары көрсөм, минтип убакыт өтүп сүйүктүү өмүрлүк жолдошума айланды.
Мирбек: – Ага-карындаш катары да жүрдүк, кыз-жигит да болдук, эми минтип түгөй болуп калдык.
Нуркыз Курманбек кызы
Андрей Шестаков
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |