Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРЧЫНДАЙ КЫЗДАР ТУРГАНДА СЕНИ МЕНЕН ЖАШАП ЭМНЕ КЫЛАМ?»

№621 26-сентябрь-02-октябрь, 2014-ж

«Ичимде азап, көзүмдө кайгы. Көп нерсе айтып бергим келди. Себеби эскергенге, көз жаш төккөнгө арзыбаган күн­дөр. Жүзүм жашка жуулганча ыйласам да бөксөрбөдү» деп кебин баштады орто жашап калган каарманым Жанара эже.
– Бул окуя мурунку Союз учурунан башталат. Айбек карапайым колхозчунун баласы эле. Өзүнө тартып турган жүзү, келбети, жүрүм-туруму деле жок. Ак кө­ңүл болгондуктан жактырчумун. Мектептеги балдар мыскылдашса аларды кө­ңү­лүнө албай күлүп кутулчу. Аны башка балдар сыяктуу кайрат­туу, сөзмөр, тарсылдаган чы­ныгы эркекке тийиштүү мү­нөздөргө ээ болгон мырза катары көргүм келчү. Ошентип мектепти бүтүп, мен шаарга окууга кеттим. Жайкы каникулда үйгө барып, Айбек экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук.
– Эптеп окуп алсаң болмок...
– Кайдагы окуу, улуусу болгондуктан үйдө калышым керек. Бөбөктөрүм менен төшөктө жаткан атамды жалгыз апама таштап кайда барам?
– Анда үйлөн да, келин­че­гиң апаңа каралашат, сен иш­тей­сиң.
Биздин ошондогу сүйлө­шүү­бүз мени көпкө ойлонтту. Шаар­да жүрүп Айбекке телеграмма жибердим. «Шаарга кел. Жу­му­шуңа жардам берем. Кыймылда да эркекке окшоп...» деп жазып жибердим. Көп өтпөй эле келип калды. Институттун буфетине жумушка киргиздик. Пирожки бышырып, чай ташып, буту бутуна тийбей иштеп жатты. Ошентип үй-бүлөсүн бага баштады. Кайда барсак да бирге барып, бир туугандай болуп калдык. 3-курсту аяктап жатканымда мени алысыраак тууганыбыздын баласына турмушка беребиз деп калышты. Бир күнү Айбек мас абалында келип, «Мен сени сүйөм! Сени алайын, мени таштап кетпечи. Мага баарын үйрөттүң, эми жашоомду сенсиз элестете албайм. Сен кетсең, мен кантем?» деп эжелеримдин көзүнчө ыйлап жиберди. Мени ошол учурда тилден калтырган анын «сени сүйөм» деген сөзү болду. Атам менен апам «Айбекке бербейбиз» дейт. Мен болсо кайсы жол менен кетишимди билбей башым катты. Айбекке болгон сезимим бар экенин байкадым. Көз алдыма ал экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз, ынтымактуу жашообуз гана тартылып туруп алды. «Өз жашоомду өзүм чечем» деген принцип менен туугандардын астында бетим кызарбай, «мен Айбекке турмушка чыгам» деп айта салдым. Той да бербедик. Тууган-урукту топтоп батасын алдык да, шаарга жөнөп кеттик. Күндүз окуп, кечинде Айбекке жардам берип буфетти тазалап, полдорун жууйм. Түн жамынып экөөбүз жетелешип, ар нерсени кыялданып үйгө келебиз. Кээде ачка-ток калып жүрдүк. Ошол учурда Союз тарап, биз эле эмес, эл да кыйналган күндөр башталды. Төшөккө чүмкөнүп жатып алып, «бир учурлар келип биз да жылуу үйдө май чайнап жаткан күнүбүз келет, мын­дай кыйынчылыктар бизди ажырата албайт, баарын биргеликте жеңебиз» деп сууктан муздаган илептерибиз менен араң үн чыгарып сүй­лөшчүбүз. Кудай бизди эч качан айрыбаса экен, балдарыбызды чоңойтуп, үй­лөп-жайлап койгондон кийин оору-сыркоосуз ушинтип жетелешип турган боюнча тиги дүйнөгө да бирге кетсек деп жашып алчубуз. Уулдуу болдук. Тиричилик деп кылбаган ишибиз калган жок. Бир күнү Айбек:
– Жанара, бизди бат байыта турган, туруктуу бизнес ачайын деп жатам,- деди.
– Кандай бизнес? Аны ачуу үчүн да канча чыгаша болорун билесиңби?
– Сен унчукпай тур, алдыда көрөсүң баарын.
Ошентип жолдошум базардын так ортосунан бир жай таап, ал жерге мончо ачты. Дагы кардар чакыруу үчүн сойку кыздарды алып келип иштете баштады. Кийин чоңойтуп сауна кылып алдык. Үйлүү, машиналуу болуп, бат эле бутка турдук. Бирок үйүбүздөн бакыт, ынтымак кетти. Жолдошум акчага көөп, мени көзгө илбей, жаш кыздар менен жүрүп алды. Муздак батирде бири-бирибизди кучактап, сууктан титиреп араң сүйлөп куру кыялданган күнүбүздөн башка бактылуу күндү эстей албайм.
Менин «эркекке окшоп» деп айткан сөзүм кайра өзүмө муш болду. Бир нерсе десем «мен да эркекке окшоп басып жатам, ичип жатам, жүрүп жатам» дейт. Канчалык күч­түү аял болсок да, биздин эң талуу жерибиз жолдошубуз болот экен, азыр баламдын келечеги үчүн гана жашап жатам. Бир күнү уулум ооруп калып, күйөөмө телефон чалсам «кырчындай кыздар турганда, сени менен жашап не кылам?» деп мас абалында ырдап жатат. Ары жакта каткырган үндөр. Ичим күйүп кетти, баланын ооруп жатканын айта албай ыйлап жатсам, ого бетер каткырып күлөт. «Сени бул даражага жеткирген ким эле?» деп көзүн ачкым келет, бирок... Күндөн күнгө жан дүй­нөм жанчылгандан жанчылып барат.

Жанара
Уулбү Каныбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
29.09.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх сабыр бере корсун куйонузго
29.09.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизге сабыр, кечириниз го бирок кок мээ куйонузго Аллахым хидаят берсин!
29.09.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сауна, мончолор ыпыластыктын башааты!
29.09.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Balangyzdy oylop jashay beriniz,uulunguz chongoyso,ozu ele sizdi bagyp alat!
29.09.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nege kopchuluk myrzalar kichine akcha taap kalsa ele,but duinonu bagyntyp algandai koop ketishet?Sizge sabyr tileim,joldoshunuzga kudaiym yiman,ynsap bersin!
01.10.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akylai_aktan,

Кеп мырзаларда эмес, кеп баарыбызда - кыргыздарда. Эмнегедир башка улутту корбодум акчага кооп кеткендерин. А бизде аялы деле, эркеги деле, ырчысы деле кичине тыйын таап алса же кичине атак-данкка ээ болсо эле бутту. Маданият, мыйзам, сыйлоо дегенди унутабыз. Мурдубуз шак эле асманды карап калат.
29.09.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам акчага байыпсынар да бактылуулука кедейипсинер.
29.09.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол мончо ачып сойкуларды иштете баштаганда неге ойлонбодунуз, сауна ачкан кезде, куйоонуз го эркек, сиз кой деп айтпайт белениз, эми кудай силерге сабыр берсин, баланыз оорубасын, сабыр кылыныз. Булоосун перзентин ХХХ алмашкан эркек эркек эмес!
Модератор admin_superstan түзөттү 29.09.2014 18:16
29.09.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet, этика нормаларын сактаңыз.
29.09.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaniet, чындыгында бар сиздин создорунуздо, акча деп алдыга жыла беришкен да(((((
29.09.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч сыгылбаныз, бул турмушта баары болот. Баарына чыдасаныз жениш сиздики. Бут баары жетиштуу, куйоонуз жумушта болсо озунуз алып бара бербейсизби ооруканага? Сиздикинен оор жашоону кечиргендер бар. Корбогондун коргону курусун болуптур да жолдошунуз!
29.09.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай арам жол менен табылган акча эчкачан бакыт алып келбейт,андан коро жолдошунузду намазга жыгыныз, аллаа жардам берсин.
29.09.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marra, намазга жыкканга алы жетсе.
Арам акчанын кесепети го
29.09.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектер бар, негизи эле коп .... Абдан коп... Окунучтуу...
02.10.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok,

Кошулам. Бирок азыркы кезде аялрдардын бузулганы кобойуп кетти. Аны да айта кетиниз... Бала чакасы туруп, Россияда жаш балдар менен ойноп жургондору бир кичинекей чети....
30.09.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондун коргону курусун дейт эмеспи куйоонуз да ошондойлордон болуптур.Бир куну бизнеси соолуганда гана озу Кичине соолукпаса,билбейм акчасы барда эч качан онолбойт.Бизнеси да туболукко болуп турбайт ошондо эсине келээр...
30.09.2014. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун айтат да эркек жаман журсо балага,аял жаман журсо куйоосуно урат кесепети деп эххх окунучтуу!!!
30.09.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок болгон сайын жонокой жургондор да бар
30.09.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
din jana din, bolso baktiluu bolot ar bir uy buloo. bul din ISLAM, duba kiliniz
30.09.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабырдуу болун, АТ айланып казыгын табат
30.09.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну окуп алып менда коркуп жатам,
01.10.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондун коргону курусун дегендей,дунуйону которо албаган адам ушундай иттик жолго барат оз уй-булосун тебелеп. Мындай адамдар карыганда кар,кор болушат,ошондо катын керек болуп алдына мышык болуп келишет. Келгенде озуно окшоп карабай коюш керек.
01.10.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр ушуну куйоомо окутуп жатып айтып алдым,мен бул аялга окшоп тилими тилиме кыса албай.Эмне болорун ошондо коросун,билесин ээ кооп баратасын сен дагы.Башында ким элен,азыр кимсин.Жайына коюп коем,мен башка аялдарга окшоп коз жашымы токпойм,жанада кылганынды мойнун менен башкача тартасын деп эле.Тим койсо откон кундору эстен чыгып баратат.
02.10.2014. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arisim эмне сенин куйоон да сауна ачтыбы?
02.10.2014. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
esmerallda кудаай сакта озундун куйооно кантип ошентип айттын?аял эркектен бир тепкич ылдый туруш керек а сен сатып алган кулга обращаться этип аткансып айтыпсын го?эми анын эмнесине мактанып жатасын?мактанаарлык деле соз айтпапсын куйооно
05.10.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козун май басып калган тура.Бир кун кудай каттуу жазаласа озуно келип калаар.Ошондо сиздин колоконузго зар болот.
06.10.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энени нааразы кылбашыбыз керек ошон учун.
11.10.2014. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой эрдин барынан жогу жакшы
11.10.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ушул кунго жеткиpген"-деген создун экинчи мааниси да баp. Баня ачсын биpок, кыздаpды киpгизгенге маакул болбош кеpек эле. Сизди тебелеп, тепсеген адам менен жабышып эмне жашап жуpосуз?
11.10.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнени эксен ошону жыясын деген соз бар, арамдан тамак таап тетири жолдо журсон аягы да ошол болот.... 90-жж бир силер эмес копчулук кыйналган, ошолор арамдан тамак таппай эле кыйналса да туз жолдо журуп жашап келди го... Куйоонуз сойку кармаган банянар бар экен, эртен аларга барбайбы деп ошондо арканды алыс таштап ойлонуш керек болчу, акылдуу адам ошондо эле мунун аягы эмнеге бараарын билмек... Баарына экоонор куноолуу болуп келип эмнеге мындай деп тагдырга нааразы болуп, озунузду аппак
11.10.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элестеткениниз болбойт, куноону озунордон издегиле, эгер окуп жаткан болсонор, эми тек жол, экоонор тен намазга жыгылып куноонордун кечирилишин сурангыла ар куну 5 маалдан. Арам жолго экинчи баспай, банянар болсо бузуп ордуна пайдалуу нерсе кургула... Башка жолу жок...
11.10.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир куну башка бироо менен кетет деген ой так мээмде орноп алган, анткени ал ойноок адам
13.10.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча баардыгын коптурот, откон кундорду унуттурат. Эгерде журогундо ыйман ары жагында бирдеме болбосо
03.11.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча колдун кири болот туугандар уй було алтынданда кымбат болот ошол нерсени унутпандар
28.02.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы атасы жок чонойбосун дейт да байкуш, бироонун баласын бирооо суйбойт да, азыр эми толтура да ажырашып балдарын ата энесине карматып койуп оздор жок, дагы эрге тийип кетишет, аял алып алат эркеги болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо